Предыдущая публикация
Оорубасын, бир да инсан оорубасын,
Өсүп турган бүчүр дарак соолубасын.
Ооруу сыркоо эл жеримден эрте кетип,
Кайгы салган сыноо тагдыр тоорубасын.
Көздөн жаштар мөлтүр суудай агылбасын,
Жаза басып оор сыноого кабылбасын.
Дуба кылып жай намазда колум создум,
Жаман оору бизден кетсин, жайылбасын.
Көк асманды кара булут каптабасын,
Мүшкүл түшүп, кыргыз элим чайналбасын,
Мунун баары түш сыяктуу жок болсунчу,
Элден кетип жаман илдет сакталбасын.
Тилек кылдым, мен бүгүн тилек кылдым,
Ыр саптарды кыргызыма белек кылдым.
Жакшылыкты мен силерге каалаймын деп,
Жараткандан таң эртеден ниет кылдым.
АВТОР: МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ
"ПОЭЗИЯ-ОРДОСУ" көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү.
06.07.2020.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2