Кандай доорго, кандай күнгө чалындык,
Азгырылып, кайсыл жерден жаңылдык?
Жараткандын же каарына калдыкпы,
Түркүн кырсык, апаттарга кабылдык.
Өзгөрүлүп пенделери кеттикпи,
Азгырылып адашууга келдикпи?
Бул дүйнөгө кыянаттык жаратып,
Же болбосо жетер чекке жеттикпи?
Берекесиз күндөрүбүз тар болуп,
Убакыт да үнөмдөлбөй аз болуп,
Өтүп жатат мезгилдердин агымы,
Күн чыккандан, кеч киргени бат болуп.
Татаалдашып тагдырыбыз баратат,
Ойго келбес күндөр менен таң атат
Кездешпеген окуялар кездешип,
Жан дүйнөңдү түпкүрүнөн канатат.
Адамдар да мерез болуп калгандай,
Сыйлоо да жок, өзүн-өзү чаңгандай.
Мурункудай бейпил жашоо көрүнбөйт
Өзүмчүлдүк өкүм сүрүп алгандай.
Жетимдер көп, ата-энеси таштаган,
Оорулуу көп, дүйнө жүзүн каптаган.
Жесир аял, карылар бар көчөдө,
Кайырчылык менен гана жашаган.
Намыс эмне, кыз ууланы түшүнбөй,
Же улуулар, улуулардай күтүнбөй.
Өзгөрүлгөн башка доорго келдикпи,
Чечилбеген сырлары көп түйүндөй.
Карап турсаң бирин-бири кордомой,
Жакшылардын жолун тосуп торомой.
Алдым -жуттум арабызда көп болуп,
Күчтүүлөрү алсыздарды тономой.
Ислам динди ыйык көрүп тутабыз,
Бирок аттиң амал кылбай жатабыз.
Аалымдардан сабак алар ордуна,г
Аны кайра арап кул деп айтабыз.
Эчак эле орусташып алганбыз,
Байкабастан бирок аны калганбыз.
Узун чачтуу кыз келиндер азайып,
Кыргыздыкты эчак эле чанганбыз.
Бүт денесин түрлүү кылып түздөткөн,
Боёк менен чачтарын да түрлөнткөн.
Сапаты жок кыздар чыкты аттиң ай,
Илептерин шишик кылып үйлөткөн.
Кийим кийсе бүт мүчөсү билинген.
Каштары да кыз сыяктуу чийилген.
Бүркүт көздү айбаты күч мырза жок,
Жигит эмес бийкеч болуп кийинген.
Жаш карысы телефонго байланган,
Көнүмүшкө анын баары айланган.
Соц тармакта жашоо жолун улантып,
Бүт өмүрү интернетке арналган.
АВТОР: МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ СВЕТБЕКОВНА
06.07.2024. АКСЫ РАЙОНУ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 17
Чыгарат аны акындар.
Чындыкты эч ким айтпаса,
Жүрөктөр нурсуз чаң басар.
деген кайнимдин ыр саптары бекер эмес экен..
Чыгармачылык ийгилик эже.
Сонун поэма.