Предыдущая публикация
Агарган тандын атканы майрам билгенге,
Кубансак болот жараткан өмүр бергенге.
Жаныбыз аман тирүү жан болуп ойгондук,
Шүгүрлөр болсун дал ушул күнгө жеткенге.
Түркүн куш тынбай таң эрте мына сайраган,
Айлана укмуш кооздолуп гүлдөр жайнаган.
Кулактар угуп, көзүбүз көрүп турбайбы,
Тирүүлүк күндүн баргын ачып кайрадан.
Уланды жашоо үзүлүп калбай сабында,
Жүрөк да согот токтолбой улам кабында.
Бакытка балкып, жашоонун даамын сезели,
Бар экен күндөр буйруган бизге дагы да.
АВТОР: МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ СВЕТБЕКОВНА
ТЕГЕНЕ АЙЫЛЫ 02.07. 2024-ЖЫЛ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 10
Маанилүү саптар жазгансыз.
Ар бир сап сонун угумдуу,
Окуган түздөйт жашоо нугуну.