Предыдущая публикация
Турмуш көчүн бөтөн жерден баштаткан,
Жашоо тура тагдыр жолго баш баккан.
Бүлө болдум мага буйруп Жараткан,
Эне деген ысым менен бак тапкан.
Шүгүр болсун, Оо ыйыгым Жараткан,
Орунум бар айырма жок жанаттан.
Кайын журтум кең пейилдүү баарынан,
Кур эмесмин мага сунган бакыттан.
Бир өмүргө түнөгүм бар жарашкан,
Урмат-сыйдын кучагында жайгашкан.
Таштай катып суудай сиңип түбөлүк,
Болсом деймин жакшы келин баалашкан.
АВТОР: МЫРЗАЛМЕВА РАХАТ
"ПОЭЗИЯ-ОРДОСУ" көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү.
17.06.2020.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 61
Жат болбосо Оз кызындай эркелей
Керсейбесе кагылайын ийкемдуу
Кайсы кайын кагып силкет басмырлайт
Балдарына Бакыт каалайт ар убак
Бекемдетет араларын ар убак
Экоо турса жетелешип сыйлашып
Мына ошондо Ата эненин бактысы
Кагылайын тороп берсе небере
Кылыгына тойбой тура эч эле
Аппак жоолук шыпырылбай башынан
АК жолтойлуу кызы экенин ал билсе
Кайын журтка бир өмүргө бүлөмүн.
Очор-бачар, өнүп-өсүп бакыттан,
Бөлүнүп сый-урматтан жүрөмүн.
Чоң рахмат эжеке Сонун ыр саптар үчүн калемиңизге таазим.