18-бөлүм.
АЛГАЧКЫ СЫНОО
Кандайдыр муздак нерседен чочуп ойгонду. Тээ жогору жакта аны карап ырсайып кечөөкү Карлсонго окшош киши өзүн карап туруптур. Ал бөтөлкөдөгү муздак сууну Диананын үстүнө чачып жиберди. Өзүнүн кылган ишине өзү ыраазы боло каткырып күлүп койду.
- Турбайсыңбы, уктап эле жата бересиңби. Эбакта эле таң атып, тирлик башталган. Чын эле айланасы кадимкиде жапжарык болуп калыптыр. Өткөн жолку жер алдында адашып жүргөндөгүгө караганда бул жак жер төлө болгону менен күндүн, түндүн айырмасын билип турса болот экен. Эртеси түшкө жакын эки-үч адам болуп кечөөкү кишилер келишти. Капкакты ачып шаты менен бардыгы тең төмөн карай түшүп келишти. Араларында чоочундар да жүрөт.
- Кандай, биздин мейманканабызда жакшы эс алдыңбы. Түнү бою тырп этпей уктап жакшы эс алганың көзүңдөн эле билинип турат. Кечөө кыйналып жаттың эле бүгүн аябай бодрый болуп калыптырсың… Чынында эле кечөө аябай чарчап көздөрү үлдүрөп араң турган болчу, түнү бою тырп этпей уктап жатканда булар акырын келип байкап кетишсе керек. Диана алардын тамаша, какшык аралаш сөздөрүнө жооп берген жок.
- Курсагың ачкандыр, тамак бериштиби булар? Диана ага да жооп бербей унчукпай тура берди.
- Сыягы тамак ичпесе керек, ысык тамак алып келип бергиле, курсагыңды биринчи тойгуз анан сүйлөшөбүз. Көп өтпөй эле бирөөсү ары жактан калай мискейге ысык тамак алып келип берди.
- Шашпай тамагыңды ичип ал, биз жарым сааттан кийин келебиз.Алдагы айрык көйнөгүңдү чечип сал, сага башка көйнөк алып келебиз.
Алар бардыгы кайра жабылыша сыртка чыгып кетишти. Диана өзүнчө тамак ичип отуруп ойлонуп койду. "Булар эмне мынча сылык болуп калышты мага, же мендеги акчалар ушунчалык көппү буларды бөжөңдөткөндөй. Ооба, андай болушу да мүмкүн болчу. Түн ичинде жыйылып турган акчаларды баштыкка салып атканда жалаң миң сомдук бир таңгак акчаны көзү чалып калган. "Эгер чын эле таңгак акчалардын бардыгы миң сомдуктар болсо, анда ошол баштыкчада эбегейсиз көп акча болушу мүмкүн. Анткени ал жакта долларлар да бар, "алдаса болот жаш башты" дегендей мени алдап, жатышкандарын карасаң. Ме буларга жөндөн жөн эле алдата койбосмун. Же чын эле мени өлтүрүп коюшса эмне кылам, жок өлтүрө коюшпас. Биринчи кезекте аларга акча керек. Акчанын дайынын билишмейинче мени өлтүрүшпөйт. Азырынча өткөн сөзүмдү айтып эле кайталап тура берейи, балким мага ишенип алышаар. Анда эле тигил кишисинин ишинин бүткөнү, ошондон көрүп калышат". Көп өтпөй эле тигилер кайрадан пайда болушту, өздөрү менен кошо кыпкызыл болгон аялдын көйнөгүн алып алышыптыр.
- Анан биз кеткенден кийин муну которунуп кийинип ал. Сыртка эркиндикке чыкканда кереги тиет. Кана кандай чечимге келип токтодуң, жакшылап ойлондуңбу кечөөгүнкүнү…
- Ойлонгондо эмне, мен болгон чындыкты кечөө күнү эле айттым го, эч кандай акчаларды мен алган эмесмин. Болгону кечөөкү кишиңер мен дарбазадан сыртка чыгарып жиберген. Бир таңгак түгүл, бир сом акча да берген эмес, болгон күнөөнүн баарын менин мойнума илип, өзү сүттөн ак, суудан таза болуп чыга келди. Эгерде менде акча болгондо ушинтип жүрмөк белем. Мен чынымды айтып жатам, алган жокмун силердин акчаңарды.Диананын бет маңдайында тургандарынын жүздөрүнө өзгөрүү кирип, мостоюп калышты. Бир аздан кийин такырбаш, мурутчан кишиси акырын кабагын чытый үн катты.
- Болуптур, сени менен жакшылыкча сүйлөшө албайт окшойбуз. Акчаларды кайда катканыңды кийинчерээк өзүң сайрап айтып бересиң, - ал артына шарт бурулду да шаты менен өйдө карай чыгып кетти эле калгандары анын артынан ээрчишти. Өзүн кайтарып турган томолок киши башын чайкай кейип койду.
- Бекер кыласың сулуу кыз, баары бир айттырып алышат. Аябай көрбөгөн азап-тозокторду көрүп, анан айтканча азыр эле айтып койсоң болмок, өзүңө жакшы кылмаксың. Менин дагы бир жолу эскертээрим сага, пока кеч боло электе айтып кой, болбосо өзүңө эле жаман болот, - ал чыгып баратып өзүнчө сүйлөнө тор капкакты кулпу менен бекитип жатты. Ошондон кийин алардын мамилелери өзгөрдү. "Ойлондуңбу? " дешип кез-кез бир келет, анан жоопту укпаган соң кайра кетип калышат. Диана да көк беттенип камалып жата берди. Тигилер да ачууланыша тамак бергенди уламдан-улам азайтып баратышты. Мурун бир күндө үч маал берсе, бара-бара эки маал бергенге анан бир күндө бир эле жолу бергенге өтүштү. Анан суу менен нандан башка эч нерсе бербей калышты. Алар акырындап коркутуп-үркүтүп сынаганга өтүштү. Бир күнү түн ичинде уктап атса тигилер он чакты килейген келемиштерди үстүнөн таштап жиберишиптир. Эмне кылар экен дешип акырын үстүлөрүнөн акмалап турушту. Алар Диананы азыр бакырып, бизди жардамга чакырат деп ойлогон, бирок андай болгон жок. Диана келемиштерге көнүп, алардан коркпой калган. Ордунан атып туруп, жакын келгендерин эле буту менен жалпайта, былчырата тээп атты. Эки саатка жетпей баардыгын өлтүрүп салды да эч нерсе болбогондой кайра жатып алды. Эртеси келемиштердин бардыгын чогултуп, бурчка үйүп койду. Өзүн ар кандай нерсе менен коркутуп-үркүтүп сынаарын сезген Диана бардыгына даяр болуп турду. Эки-үч күндөн кийин жыландарды ыргытты эле матрацты алардын үстүнө таштап үстүнөн жалпайта тебелеп таштады. Нервин текшергени чыйылдак нерселерди бир күн кечке чыйылдатып коюп коюшту эле кулагын басып, көзүн жумуп жатып алды. Булардан майнап чыкпасын сезген тигилер эми айдан ачык эле коркутуп-үркүтүп, сабап, башына желим баштык кийгизишип, тумчуктурушуп адам көрбөгөн кордуктарды көргөзө башташты. Бир күнү үч адам келип аз жерден зордуктап да коё ташташты. Алиги такыр баш кишиси келбегенде зордуктап коюшу да мүмкүн болчу. Ал келе калып тыйып койду. Же атайын жасаштыбы ким билет. Коркутуп-үркүтүп атып акыры тажашкан соң аны жайына коюшту. Ага келип эч кимиси көңүл да бөлбөй калышты. Алиги томолок киши кез-кез келип итке ыргыткансып үстүнөн тамак ыргытып коёт. Ошол боюнча эртеки же эки күндөн кийин келет. Ошентип Диана ордун ичинде эки жарым айдан ашык жатты. Төрт
тарабы бирдей болгон бетондордон башка эч нерсени көрбөйт. Ар кайсыларды ойлоп атып тажап да, жүдөп да, кыйналып да кетти. "Чын эле мен эмнеге өзүмдү өзүм азапка салып кыйналып атам, андан көрө алдап, булардын өздөрүнүн баштарын айлантып көрбөймүнбү, балким ошонумдан бир натыйжа чыгаар". Диана акырын ордунан тура, алиги топтоголок болгон кишини кыйкырып өзүнө чакыра баштады. Эки жарым айдан бери жер алдында жатып ушунчалык тажап, жүдөп, арыктап, аябай кыйналып кеткен эле. Бир маал тамак алып келгени болбосо ага эч ким келчү эмес, өзү менен өзү сүйлөшүп эле ар кайсыларды ойлоп отура берчү. Тажаганда өзүн алаксытмакка уктачу, бирок күндүзү уктап алса түнкүсүн уйку жок болчу. Төрт тарабы кыбыла бетон жер төлөдө отуруп айласыз ары-бери басчу. Баскандан тажаганда отурчу, анан тигилер таштап кеткен матрацтын үстүнө жата ар кайсыларды ойлончу. Акыры баарынан тажаганда ушундай чечимге келген. Жер үстүндө эмне жаңылык болуп атат эч нерсесин билчү эмес. Жарык дүйнөдөн таптакыр алыстап башка дүйнөдө жүргөндөй болчу.
- Ээй, ким бар ары жакта!
Анын кыйкырыгына эч ким жооп берген да келген да жок,баары тымтырс, сыягы бул жер төлө кандайдыр бир чоң үйдүн ичинде ал эми үй болсо сыртынан кулпуланып бекитилген окшойт. Диананы бул жер зынданга алып келатышканда көздөрүн да колдорун да таңып ташташкан. Кандай киргенин билбейт. Кыйкырып атып тажаганда кайра шалдайып отуруп калды. "Чын эле акчалар каякка жашырылды болду экен? Мен өзүм билбейм да аны. Ташкендин кайсы бир люгунан издейм аларды, булар менин арамзаланып айтканымды билип калышчу болсо эмне кылам. Анда ого бетер өчөшүп, ого бетер көрбөгөн кордуктарды көрсөтүшү мүмкүн. Дегинкиси аябай аяр, сак болоюнчу өзүмө-өзүм балээни үйбөй".
АЗГЫРУУ
Жер төлөдө эки-үч сааттай жаткан соң жогору жактан кандайдыр бир дабыштарды угуп, ордунан атып тура калып, катуу кыйкыра баштады.
- Ээ-эй, ким бар ары жакта?! Тээ бир топтон кийин гана алиги эргежээлдей болгон топтомолок болгон кишинин башы көрүндү.
- Эмне кыйкырасың, ажааткана керек болуп калдыбы, турбайбы горшогуң ары жакта.
- Мага силердин шефиңер керек…
- Ага эмне айтмакчысың мага деле айта бер, мен шефке айтып барам. Шеф азыр жок, эки күндөн кийин келет, мага деле айта берсең болот…
Диана өзүнчө ойлонуп калды "балким мунун тамырын тартып, алдап көрсөм кандай болот. Ушунун өзүнүн башын айландырып анан бир жолун таап качып кетпейминби. Эгер бул көнбөсө айла жок тигилердин башын
айландырам" . Диана бир аз турган соң жогорудагыга акырын үн катты.
- Сенин жаныңда ким бар, же жалгыз элесиңби?
- Менин жалгызмынбы же дагы кишилерим барбы сенин кандай жумушуң бар ыя? Эмнеге чакырдың айтпайсыңбы? Бол ылдам, айтчуңду айтып кал, менин зарыл иштерим бар кетем азыр…
- Жалгызсыңбы, адегенде ошону айтчы, анан айтам?! Жогорудагы башын көтөрө айланасына бир сыйра көз чаптырып алды да кайра төмөн жакка үңүлдү.
- Болуптур жалгызмы деп эле коёюн, эме айтайын дедиң эле?
- Бул өтө важно, жалгызсыңбы чыныңды айтчы?
- Өтө важно дейсиңби, жалгызмын, айта бер важно нерсеңди?
- Эгер жалгыз болсоң анда мындай… Азыр шефиң да жок экен, эки күнгө бир жакка кетти деп атпайсыңбы. Акчаларды кайсыл жерге катканымды мен гана билем, аны караңгыда эч ким жокто, элдин баары уктап жатканда ишенимдүү жерге жашыргам…
- Жашыргам дейсиңби, каякка жашырдың эле, бардыгы канча сом эле?
- Шашылба, ал экөөбүзгө өмүр бою жетет. Андан көрө шефиң келе электе мени бул жактан бошотуп, үстүнө алып чык. Эч кимге көрүнбөй экөөбүз акча катылган жерди табабыз да тээ алыска, булар бара албаган жакка качып кетебиз…
- Анын сөзүнө тиги боору эзиле каткырып күлө баштады. Бир топко күлүп алды да дароо тып басыла кабагын бүркөй кайра төмөн карай үңүлдү.
- Балким мени алдап жаткан болсоңчу, сенин эмнелерди ойлоп, пландаштырып койгонуңду мен кайдан билем?
- Анда өзүң бил, бир жакшы шанс берип атам, ошону колуңдан чыгарып жибергени жатасың. Мындай шанс өмүрүңдө бир гана жолу келет, келбесе таптакыр эле келбейт. Макул болбосоң мага баары бир, эки күндөн кийин шефиң келет анан ага акчалардын каякта экенин көрсөтүп берем. Өзүмө тигилер беришкен долямды алам да өз жолума түшүп кете берем, а сен баарынан куру жалак каласың…
- Сен менин көп башымды айлантпа сулуу кыз, баса атың ким болот, ушунчадан бери сурабаптырмын да?
- Айсулуу…
- Айсулуу-уу? Демек мындай Айсулуу, менде үй-бүлө, бала- бакыра деген бар ошолор эмне болот. Алар мага ишенишип сени кайтартып коюшту, бул үчүн жакшы акча төлөшөт. Мендей айлык алган Ташкент түгүл Орто
Азия боюнча да жок болуш керек. Кудая шүгүр оокатым жаман эмес, керек болсо ме деген ушулардын аркасы менен жашап жатам. Эгер чын эле акчалар каякта катылганын айткың келсе шеф эки күндөн кийин келет, ошонун өзүнө айт. Балким алар сени бошотуп жиберишээр туткундан, кыскасы көп менин башымды айлантпа. Болуптур, башка айта турган сөзүң жокпу, кеттим анда, - ал ары көздөй басып кетип калды. "Биринчи аракетимден эч майнап чыккан жок, экинчи тигилерге жасаган аракетим кандай болоор экен. Балким алардан да майнап чыкпай калса эмне кылам? Анда эле менин шорум шорподой кайнады дей бер, акыры менин түбүмө жетип тынышат. Эмне кылсам, кандай амал ойлоп тапсам. Акчалардын кайсыл жерге катылганын эстей албай жатам, анткени Ташкентти жакшы билбейм деп тигилерди үмүттөндүрүп, издеттирип убакытты чоё берейин. Анын ортосунда дагы бир амал ойлоп таап, качып кетээрмин" . Эртеси таң атпай алиги киши баш
бакты. Көздөрүн жалжылдата жылмайып күлүп да алыптыр. Калай мискейге бир нерселерди салып, жипке байлап төмөн карай жөнөттү. Ичин ача салса колбаса, куурулган тооктун эти, жумуртка, быштак, нан, суусундук ичимдиктер бар экен. Эки жарым айдан бери ал мындай тамак жеп көргөн эмес болчу. Анын үстүнө таң атпай эле мындай даамдуу тамактарды алып келгенине таңгалып калды. Тамакты түшкө жакын шылдыраган суу шорпо менен эки-үч кесим нан гана алып келчү.
- Көптөн бери мындай тамак жебей, аябай арыктап, сөөктөрүң эле калды. Жакшылап тоюп, жеп ал, эч кимге билгизбей, көргөзбөй алып келдим.
Диана эч сөз айткан жок, алдындагы даамдуу тамактарды сугалактык менен жеп кирди, тигил болсо үстү жакта өзүнчө сүйлөнүп жатты.
- Абайлап же, өзөгүңө түшүп кетет, кичинеден же. Баса, айтмакчы, акчалардын каякта катылганын чын эле билесиңби? Диананын сүйлөгөнгө оозу бош эмес болчу, тек гана ооба дегендей башын ийкегилеп тамактарды жеп жатты,
- А эгер мени алдап качып кетсеңчи, буга кантип гарантия бере алам?
- Өзүң деле көрүп турасың качып кеткенге дарманым да жок алсызмын, кантип эле мени качырып жибере аласың. Сен деген эркексиң а мен болсом али эне сүтү оозумдан кете элек жапжаш кызмын…
- Канчадасың?
- Он сегизде…
- Он сегизде-ее-е? Койчу, мен сени жыйырма, жыйырма бештерде экен деп атпаймынбы.
- Кордук көрүп, өзүмө карабай жүдөп, арыктап жүрсөм албетте ошондой көрүнөм да.
- Болуптур, кана айтчы кызым, акчаларды каякка жашырдың эле? Диана унчукпастан алдындагы тамагын шашпай жей берди. Үстүндөгү кишинин чыдамы чыгып кетти. Эмне унчукпайсың айтпайсыңбы, акчаларды каякка каттың эле? Диана шашпастан тамагын жеп бүтүп, оозу-башын тазалап анан өйдө жакты карады.
- Биричиден ме анын каякта экенин айтпайм, экинчиден өзүм барып көргөзүп берейин. Мындай айта албайм кайсыл жерде катылганын, Ташкентти жакшы билбейм. Мен көрөгөзүп бермейинче таба албайсыңар.
- Таба алам айта бер…
Анын куулугуна, ачкөздүгүнө, аңкоолугуна Диананын бир жагынан жини келсе, экинчи жагынан күлкүсү келип атты.
- Адегенде мени бул жактан чыгар, анан акча катылган жерге экөөбүз чогуу барабыз. Эскертип коёюн, артык баш адам болбосун, алардын экөөбүзгө тоскоолдук кылгандан башка пайдалары тийбейт. Керек болсо экөөбүздү тең өлтүрүп салышып акчаларыбызды алып кетиши мүмкүн. Кана, алдагы капкакты ачасыңбы? Тиги да дегеле шашып койгон жок, Диананын ар бир кыймылын сынай карап турду.
- Жок ачпайм, сен мени алдап качып кеткени турат окшойсуң. Бул жакка чыкканда өзүңдүн кишилериңе кабар бери мени өлтүрүп кетсеңчи?
- Биринчиден мен деген бул жерлик эмесмин, экинчиден бул жактагылардын бирөөсүн да тааныбайм. Эгер бирөөсүн эле тааныган болсом, эбакта бул жактан көздөн кайым болмокбуз, үчүнчүдөн…
- Болуптур үчүнчү, төртүнчү деп мага түшүндүрүүнүн кажети жок, качып кетүүгө аракет кылсаң өзүңө өзүң кыласың. Менде тапанча бар, желкеге атып салам да кете берем.
- Ал чөнтөгүнөн ачкычын алып чыгып тор темирдин кулпусун ача баштады. Капкакты ары оодарып салып бери көтөрүлүп чык дегендей белги берди. Диана темир шаты менен жогору карай көтөрүлүп чыкты. Эки айдан ашык жер төлөдө камалып жаткандыктан кадимкидей өзүн эркин сезип, абаны кере-кере дем алып жатты.
- Кыскасы мындай, сыртта менин машинем турат. Акырын чыгып эки жакты абайлап карап, эч ким жок болсо акырын белги берем, сен үйдөн атып чыгып чуркаган боюнча машиненин ичине кирип кетесиң. Мен болсо шашпай бул үйдү бекитип анан артыңан барам. Ага чейин машиненин ичине былк этпей отур. Айланадан бирөөлөр көрүп калбасын, түшүндүңбү? Диана түшүндүм дегендей башын ийкегиледи. Ал акырын сыртка чыгып кетти дагы эки жагына көз жүгүртө эч кимдин жок экенине чындап ишенген соң кайра үйгө кирип тигиге белги берди. Диана сыртка атып чыгып өзүнөн беш-алты кадамдай жерде турган жигулинин ичие кирип кетти.
Айтканындай эле ал шашпай чоң ак үйдүн эшиктерин кулпулап бекитти. Анан машинесин айдай чоң темир дарбазадан өтүп, короодон сыртка чыкты да дарбазаны сыртынан кулпулап бекитти. Чын эле бул жакка эч ким баш бага алчудай эмес, короо аябай бийик экен.
- Кана, Айсулуу машинени каякка айдайын айта бер?
- Өзүм да билбейм, каякка айда дээримди. Жаңы салынып аткан үйлөр бар болчу.
- Ой андай үйлөр толуп атпайбы калаада. Жакшылап эстечи, кандай үйлөр эле?
- Канча кабаттуу экенин билбейм, сыягы сегиз-тогуз кабаттуу болуш керек. Караңгы болчу, жакшы эстей албай калыптырмын, бирок көрсөм дароо эле эстейм.
- Шаарда жаңы салынып жаткан, бүтпөй калган үйлөр көп, кайсы бирине барабыз эми?…Болуптуранда бир жак четинен баштайбыз, мен кайсыл жерде кандай үйлөр салынып атат жакшы билем, кеттик анда…
Тигил жигулисин от алдыра жеңил машине ордунан козголду.
Уландысы бар.....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев