(аңгеме)
Айылдын тоо этегинде ылай шыбактан тургузулуп, терезеси теменин көзүндөй жер үйдө Байыш чоң энеси менен жашайт. Короосу толгон жашылча-жемиш. Байыштын чоң атасы айылдагы аты чыккан багбан болуптур. Өмүр суусу түгөнүп, жарыкчылык менен кош айтышкан соң, бул өнөрүн уулу, Байыштын атасы Бердибек улантып кеткен. Бирок, Байыш эки жашка чыкканда, ата-энеси жол кырсыгынан каза болуп, чоң энесинин колунан тарбия алды. Турмуштун катаал сыноосуна жаштайынан урунган Байыш, а-бу дегичекти, быйыл мектепти бүтүп, жогорку окуу жайдын бирине тапшырууну чечкен. Ал атасын тартып, бою узун, мурду кырдач, көздөрү ботонун көздөрүндөй жанып турат. Жылдызы жанган бул жигиттин чачтары коюу, каш-кирпиги да кудум эле апасыныкы. Чоң энеси аны бармактайынан мээнетке бышырды. Алыстан караанын көргөн жандар бул Бердибек го деп жоорушат.
- Ээ, балам, сен окууга кетем дейсиң, кетсең кантем, өзүм жалгыз болсом бул үйдө. Андан көрө, атаңдан калган таберик бак-шак менен эле тирилик кылбайсыңбы? Кошуна Жаныбектин баласын көрдүң го, окууга тапшырам деп Маскөөгө кетип эмне болду-, деп күрсүнүп, башындагы бахмал жоолугунун эки учун бири-бирине кайчылаштыра байлап.
- Чоң эне, мен врачтын окуусуна окуймун. Кыйналсам да бутума туруп, шу кесиптин аркасында сизди да дарылап, шаарга алып кетем. Сизге азырынча шерик болуп Катча жеңем келип турам деген.
- Мени шаарга алып кетем дейсиң. Анда экөөбүздү тең чоң атаңдын арбагы кечирбейт. Кана эми ошол врач болуп, айылда Сейилдин небереси доктур болуп келиптир, күчтүү дарылайт экен деп жүрүшсө, менин төбөм көккө жетпейт беле. Ал күн эми каякта! Кой, андан көрө ушул багбанчылыкты колго ал, балам,- деп Сейил апа сыртка оор үшкүрүнө чыгып кетти.
Багбанчылык демекчи, эшик алды толо алма, андан бир аз ары бассаң өрүк менен кокон гилас. Үйдүн каптал жагына картөшкө менен сабиз эгишкен. Жыл сайын булардан жакшы түшүм алып, аны күүжүм сатуучуларга өткөрүшөт. Түшкөн каражатка Байыш жер тамды оңдоп-түзөйм деп жан алакеттенип жүрөт. Бирок, ага чоң энеси такыр макул эмес. “Чоң атаңдын колу тийген бул үйдү качан менин көзүм өткөндө бузасың”- дейт. Андан бери канча убакыт өттү…
Бүгүн күн салкын. Мээлүүн соккон шамалга Сейде апанын жеңил, сары-ала көйнөгү желбиреп бийлегендей айланадагы мамакаймак гүлдөрүнө куп жарашып калды. Айылдагылар Сейде апанын эптүү уз катары жакшы таанышат. Жашы алтымышка таяп калса да, баягы элүүдөгүдөй эпилдеп жүргөн Сейде апанын баскан-турганы жеңил.
Күн көтөрүлүп калганда Байыш чөгүндөгү жылуу сууга бетин жууп, тапчандагы жайылган дасторконго келди. Бул күнү Сейде апа дагы демейдегиден эрте турган. Түнү менен көз ирмебей чыкты. Небересинин тагдырына санааркап, ойлонбогондо... Эне да.
“Өзүм таяк таянып карылыкка алдырбасам, бар болгон ушул жалгыз неберемди кантип окутпай коёмун. Андан көрө Бишкекке барып окуп, доктур болсо жаманбы. Бул багбанчылыкты өзүм деле акырындан эптештирээрмин, мейли көксөгөн жагына барсын”- деп чечти. Күн көзү көрүнө элек нанын тандырга жаап, чайын демдеп койду. Самоордон ысык чай куюп, бетине сары май сүйкөлгөн нандан сындырып Байыштын алдына койду.
Эртеси Сейде апа Байыштын айтканына макул экенин билдирип, баягы атасынан калган сөрүдө кобурашып олтурду. - Байыш, барсаң бар балам. Жетериңменен мага чалып, кайда жайгаштың, курсагың ачпы-токпу айтып тур. Мен да сарсаана болбой бул жактан сага тамак-ашыңды салып турам, каралдым. Ата-энеңди оюндан чыгарбай, көчө балдарына кошулбай окууңду жакшылап окугун мынча болду. - Куп болот,эне! Баары айтканыңыздай болот,- деп солдатча чоң энесинин алдына тура калды. Сейде апа күлүп жиберди.
ХХХ ХХХ
Арадан эки-үч күн өтпөй өпкөсү-өпкөсүнө батпаган Байыш ссар мененки нанүштөдөн кийин Сейде энесин шаштырды.
- Эне, мен даяр болдум. Документтеримди алдым, кийим-кечемди да. Жанбыл аке да келиптир, ак батаңызды бериңиз, жолго чыга берейин-, деп шаарга барып эле баардыгын кыйратчуудай болгон Байыш.
- Ой, шашпачы! Каякка шашасың. Өз үйүнөн качкан ушу сени көрдүм. Ал жакта сага берер ашын даярдап турчу энең жок, Байыш. Мынабы өрүк кыям, бул гиластин кыямы. Отун өзүң жагып бергенсиң, эсиңдеби? Ошо жашаган жериңде муздаткычы болсо салып коюп, маал-маал чайга салып ичип атканыңда мени эстеп кой…
- Сизди эстебегенде!, -деп, Байыш күйпөлөктөп жүргөн энесин кучактай калып.
- Сагынам го, сөзүңүздү, саар-кеч урушканыңызды, ширин тамактарыңызды сагынам эми. Ага чейин Жамбыл аке да сөзгө кошулду.
-Сейде энеңден көп кыжаалат болбо, биз бар, эл бар, коңушу-колоң каралашып турабыз. Энең дагы ончо-мунчага моюн бербейт. Бейбаш балдардан алыс бол дегенине мен да кошуламын, Байыш. Көп эле боорукерсиң. Катуу болбосоң болбойт, ал жакты шаар дейт. Бышык бол, Байыш,- деп алакан жайды.
Сейде апа бышаңдап алыптыр. Көздөй көргөн жалгыз караан небересин алыс жакка узатуу оңой дейсиңби. - Кимге болсун жылуу сөзүңдү аяба, колуңдан келген жакшылыгыңды жасай бер, сообу атаңа, апаңа анан мага тиет,- деп Байышты эңкейтип чекесинен жыттап алды. Байыш эр жетсе да балалыгы кала элек да. Энеси менен кечинде кайра көрүшчүдөй болуп, үйүнөн шатыра-шатман узады.
ХХХ ХХХ
Жолу болуп көксөгөн окуу жайына студент болуп кабыл алынды, жатаканадан да орун тийди. Бир бөлмөдө төртөө жашайт. Кимиси каяктан дебей тез эле тил табышып кетишти. Сабакка бирге барып, чогууу кайтышат. Байыштын энесине караганда берки үчөөнүн ата-энеси кыйла жаш. Айтымдарына караганда оокаттуу үй-бүлөлөрдөн. Иштеген иштерин биринен-бири өтүп мактанып айтып калышат, балдары. “Силердин жаш апаңар болсо, менин карыган энем бар. Мен кемпирдин баласымын”- деп тигилерди күлдүрмөккө кобураган менен Байыштын ичи ачышып, кейийт. Сейде энесин сагынганын аябай туят. Шаар деген шаар да анын шартына бат эле көнүп кетти. Эч ким менен эч кимдин иши жок бу жерде, “Алыбек алы менен, Жаныбек жаны менен” дегендей, ар ким өз арабасын тартып, күн кечиришмей. Адам менен адам тааныш эмес болсо учурашпайт. Аялдамада турган улгайган адамга Байыш баш ийкесе, анысы “мени кайдан тааныйт” дегенсип, кыйлага тиктеп калат. Байыш да бара-бара бу жердегилердин адатына салып, “буларга саламдын кереги жок окшойт” дейт да сүзө качырып жүргөнгө көндү.
Бөлмөлөштөрүнө да Сейде апасы бирөөлөрдөн берип жиберген тапкан-туткан оокатын ошол эле күнү ортого коюп, “келгиле, айылдын тамагына бир тоюп, “кедейдин бир тойгону орто байыганы” деп, аларды да келген тамак-ашын ортого койгонго үйрөттү.
Кыштын кычыраган чилдеси. Жатакана ичи да сууктай түшкөн. Байыштар жаткан бөлмөнүн ар кайсыл бурчтарында бирин-серин желелер байкалат. Терезелерде аяз чийген бубактарды ээриткенге күн нурунун күчү жетпейт. Кечкисин бороон-чапкын болуп турат.
Байыш кечинде “Анатомия человека” деген китети маңдайына коюп, конспект жазып отурду. Группалаш жигиттер эртең сабакка турушубуз керек деп, жука көрпөлөрүнө оронушуп жатып алышкан. Аларды карап, чоң энеси экөө жамынчу кызыл чийде көрпөсү эсине түштү. Ичине төөнүн жүнү салынган, кыштын менмин деген ызгаарында жамынсаң да суукту тоготпойсуң.
Сааттын жебеси кечки тогуздан өтүп калганда, Байыш жаткан балдардын сааркы нанүштөсүнө жей турган бир нерсе алып келгени сыртка чыкты. Чөнтөгүндө болгону бырышкан эки жүз сом бар экен. Келишинче балдарга нан, айран алмакка жатаканадан бир көчө ары турган дүкөнгө бет алды. Мына жабылат деп турган учурда жетип келди. Дүкөнчү кавказ улутундагы курсагы чампайган, мурутчан байке. “Күндүзү кечке кыздар менен шынаарлашып, эл жатканда нан издеп каласыңар”дегени Байышты жемелегендей угулду. “Китепке алаксып түндүн киргенин билбей калдым. Экинчи жолу кайталанбайт” деп Байыш жылмая карап, чөнтөгүнөн эки жүз сомду алып чыкты.
Дүкөндөн чыгып, түн киргенге саал ээндей түшкөн көчө менен келатып, жол чекесиндеги эски орундукта жер тиктеген аксакалды көрө коюп, көрмөксөн салып кете албады. Үстү-башына караганда бомжга да окшоп кетет. Сыртындагы тытылып пахтасы чыгып, эскилиги жеткен чапаны, төбөсүндө күнгө өчкөн калпагы, бутунда маасыбы, караңгыда анча байкалбайт. Үндөбөй өтүп кетсе энесинин сөзүн унуткан болот. Ага дити да бармак эмес. Байыш аксакалга эңилип учурашты.
- Эмне отурасыз, ата? Адашып кеттиңизби, караңгыда? Каякта жашайсыз? Байыш эки-үч суроону бир берип күтүп калды. Аксакал адам шашкан жок. Байышты таанып жиберчүдөй үзүлө бир топко карап, анан ичи күйүп аткандай оор үшкүрдү.
- Ээ балам, мени сурай турган да адам бар экен. Ушул жерде отуруп таң атырсамбы деп калгам. Үй- жай, бала-чака, үй- бүлө деген менде деги эле болгон эмес. Көрүнгөн жерде жүрүп күн өткөрмөй. Өзүм бу жердик эмесмин…
- Каерден болосуз? “Оштук окшойсуз” деп сурап жиберейин деп барып токтоду, Байыш.
- Курдайдан болом. Анда-санда Бишкекке келип, бир айча жүрүп жанымы багып кетем. Бу жерлик кыргыздар кайрымдуу. Ана кетем, мына кетем деп атып, кар түшкөнчө жүрүп калбадымбы. Таң атса, Курдайга туугандарыма кетем.
- Каякта жатып аттыңыз буга чейин? Байыш абышканын жанынан орун алды. Сууктан үшүй баштаганын сезди. Бирок кеткиси келген жок. Кантип жалгыз таштайт атасындай кишини.
- Жатаканаңар жарык, жылуубу? Абышка көптөн бери жылуу жерди көрө электей муңайып сурады. Бүткөн боюн суук чеңгелдеп, ага өзү да көнүп бүткөндөй, көкүрөк башы жагжаят.
- Андай деле суукту сезбейбиз. Айылдагы кышты көрө элекпиз бу жерден,- деп жиберди Байыш. Айыл дегенде абышка башын көтөрүп;
- Өзүң каерден болосуң, балам?,-деди.
- Түштүктөн, “Кара-Суу” деген жерди уккан белеңиз? Байыштын көз алдына дуулдап күйгөн печке бооруна эки колун калкалап, жылытып олтурган энеси элестеп кетти.
- Жо-ок, ал тарапка өтө элекмин, эли жакшы деп угам.
- Сиз көчөдө түнөп жүрөсүзбү?,- деп Байыш кайра сурады.
- Аламүдүн базарына жакын гараждар бар. Бирөө бош. Ошондо орус селсаяктар менен жашап аткам. Алар тапкан акчаларын күндө чогултуп ичишет. Чыдабаска арга барбы… Көрөөр күнүм ушул болсо. Бүгүн дагы алар өлөрчө ичишип, мени көчөгө чыгарып коюшту,- деп оор үшкүрдү. Байыш аны аяп кетти. Куду жанында атасы олтургандай болду. “Таң атса, Курдайыма, туугандарым кетем” деген сөзүн эстеп, кокустан эле “ата, бүгүн менин бөлмөмө түнөп кетесиз, жүрүңүз” деген сөз оозунан кантип чыгып кеткенин өзү да сезбей калды. Абышканын көздөрү жайнай түшкөнүн көчө жарыгында даана көрдү Байыш.
- Мейли балам, айтып калдың, бүгүн силердикине конуп, Кудайы конок болуп кетейин. Андан көрө мендей чалды киргизеби? Ал айтарын айтып, кайра Байышты бүшүркөй карады.
- Киргизет, кана туруңуз, жүрүңүз! Байыш абышканы колтугунан сүйрөп тургузду эле, ал дене-буту уюганга мас адамдай чалыштай басып оңолду. Экөө ата-баладай ээрчишип, жатакана оозуна келишти. Абышка жатыркай аяк таштады. Биринчи кабаттын коридорунун башында стол кучактап, бир нерсе окуп отурган вахтерша көз айнегинен шумдук нерсе көргөндөй селейип карап калды. Байыш оозунду.
-Кутман кечиңиз менен, Мария Жанышовна! Мен Исламов Байыш, 17-бөлмөнүн жашоочусу, 2-кабат…
- Эмне дегиң бар, Байыш? Бул ким?! Кимди жетелеп жүрөсүң?! Эшик тоскон “чычканга кебек алдырбаган” өтө сак, татар аял эле. Ээрчишип кирген чоочун менен баланы алмак-салмак карап, астанадан ары коё берер түрү жок. - Бул атанын барар жери жок, көчөдө калыптыр. Эшиктеги суукту көрүп турасыз, уруксат болсо биздин бөлмөгө бир түн баш пааналап кетсин. Таң атса Курдайга кетет экен. Соопчулукка…
Мария эшик тоскучтун үнү чыңырыкка окшоп чыкты.
- Сага окшогондор көчөдөн бирден бомждарды жетелеп келе берсе, бул жер эмне жайга айланат, билесиңби?!
Байыш мындай жооп угаарын билген. Бирок мындай мерез сөздөр кулагында жаңырып, өзүн күнөөкөрдөй сезип, көөдөнүндө буулуккан ызаа бүт денесин калтыратып жиберди. Абышканы караса, эми эле үмүттөн жалжылдап чыккан көздөрү тумандай түшүптүр. Дүйнө тарый түшкөндөй сезилди Байышка. Шагы сынган ал эриксизден абышканын чөгө түшкөн көңүлүн жубатмакка бурулганда, татар вахтер кетет дедиби;
- Жөнө, каяктан ээрчитип келсең ошол жакка жеткирип ташта! Экинчи көрбөйүн! Заардуу мамилеге деми сууса да Байыш дагы бир жолу;
- Мария эже, сиздин атаңыз барбы?!,- деди. Байыштын үнү буулугуп,жаны какшагандай чыкты. Суроосуна жооп болобу дегендей бир тыным кыймылдабай туруп калды. Кабагын карыш салган татар аял көшөрө берген Байышка мыскылдуу карады. Ара-чолодо Байыштын анын атасын сурап жибергени таасир эттиби, жанатан демитип, албууттанган жатакана кайтаргыч аялдын деми кайтып бир аз суугансыды. Татар аял эми Байыш менен абышкага бир аз жумшаргандай.
- Бул атаңды ордуңа жаткызсаң өзүң жатаканада түнөбөйсүң,уктуңбу?!,-деди, Байышты бул оюнан кайтып кетээр деген үмүтүнөн дагы эле үзүлө албай. Ушуну эле күтүп турган Байыш шашып кетти. Үстүнөн баскан жүк жеңилдей түшкөнгөбү, “менден камтама болбоңуз, жатканга бара турган жер бар. Автовокзал жакын...” деп жиберди. Азыр эле оозго алгыс сөздөрдү айткан вахтерго көңүлү да жибип кетти. Абышканын жабыккан жүзүнө кан жүгүрүп, бечаранын көзү кайра жалжылдайт. “Сени мага Кудайым жиберген экен” дегенчелик элжиреген сөзүн айтмакчы болгондо, Байыш “кана жүрүңүз” деп алдына салып, экинчи кабатка көтөрүлүп кетишти. Түн жарымдан оогонго коридор менен баскандар көрүнбөйт. Бөлмодө жаткандар да кызуу уйкуда. Эшиктин кыйчылдаганына баш көтөргөн Азизбек бөлмөдө аксакал киши жүргөнүнө айран-таң калып, көзүн ачып-жумуп жиберди.
- Бу киши ким? Атам жок деп жүрбөдүң беле?!
- Бизге Кудайы конок келди. Түнөп, таң атпай чыгып кетет. Азиз, сен беймарал уктай бер,-деп Байыш үнүн шыбыр чыгарып, керебетин ары-бери аксакалга оңдоп жайды.
- Сиз эми беймарал демала бериңиз,ата. Таң атпай өзүм келем. Бу жерден чогуу чыгабыз,- дегенден бөлөк ашыкча сөз айтпай Байыш калын жүн курткасы менен айылдан ала келген, кийилбей турган кашкулак терисинен тигилген тумагын алды да шырп алдырбай чыгып кетти.Вахтерша ордунда үргүлдөп олтуруптур. Байышты көрө коюп,ордунан тура калды.
- Жоктон тапкан атаңды ордуңа жаткызып, мудааңа жеттиңби? Экинчи мындай кылбай жүргүн, сен бир кембагал студентсиң! Бирөөгө жан тартканды ким коюптур сага...
Байыш анын тушуна келгенде токтой калды.
- Мария эже, мен энемдин колунда өстүм. Энемин “адамга адам жакшылык кылат” деген аманат сөзүн эки дүйнөдө да унутпайм! Колуман келсе дагы жасайм. Өзүм көрдүм го, сиздин энелик жүрөгүңүз да мусапыр адамга жибип кетти! Соопчулук кылдыңыз, Алла ыраазы болсун! Жакшы түш көрүп жатыңыз!
Байыш сыртка чыгып, эки жагын элеңдей карап, автовокзалды көздөй салды. Энесин эстеди. “Эртен мунун баарын төкпөй-чачпай айтып берем” деп оюндагы ишти бир жаңсыл бүтүргөнүнө ичинен кудуңдап, бети-башын тызылдаткан аязды тоготпой баратты.
Нуриза Пайзидинова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10