12-бөлүм.
КАЙРАДАН КАПАСТА
Айлана өлүү жымжырт, тымтырс болуп турду. Эмнегедир тигилер гараждын жарыгын өчүрбөй кетишти. Таманы цемент, сыз жерде он, он беш мүнөттөй жаткан соң Диана машиненин алдынан сойлоп сыртка чыкты. Тепкич менен көтөрүлө кайра экинчи кабаттагы мурунку ордуна барды. Алиги капкакты ачып төмөн жакка
көз жүгүрттү, электр жарыгы өчүп алиги үчөө эбакта эле кетип калышыптыр. Сыягы жанагы машинеге түшүп кетишкен ошолор окшойт. Капкакты чоң кылып ачып жиберди да темир шаты менен төмөн карай түшүп келди. Сактана айланасына бир сыйра көз жүгүртүп койду, эч кандай шектүү эч нерсе билинбейт. Алиги станоктун жанында жыйылып турган кагаздарга барды. Көзгө сайса көрүнгүс капкараңгы, кичине бөлмөнүн ичине үстүңкү бөлүнүп келген капкактан түшкөн жарык анча-мынча болсо сөлөкөттөрдү көрсөтүп турду. Караңгылыкка көзү көрбөй жатып бара-бара көнүп кетти. Айланасына көз жүгүртө ары жакта дагы бир эшик
бар экенин көрдү. Жер алдындагы үңкүрлөрдөй болуп терезелери жок, туюк дубалдар экен. Булар эмне болгон кагаздар деп стол үстүндөгү таңгакталып турган нерселерди текшерип көрдү. Караңгыда эч нерсе көрүнбөйт, акчабы, кагазбы айырмалап болбойт, бирок кагаздар станоктон жаңы гана өткөндүкүбү али жылуулугу тарай элек экен. Стол үстүнөн ширенке же кол фонарик сыйпалап издеп көрдү, колуна ар нерселер урунуп жатты, аркы бөлмөдө кокусунан бирөөлөр болуп калбасын деп бөлмөгө жылып барды. Ал бөлмө кичине дагы эшик-терезеси жок туюк экен. "Кызык тигил үчөө каяктан чыгып кетишти? Сыртка чыга турган эч кандай эшиги да тешиги да жок экен, же тигил алиги мен кирген үстүнкү капкактан чыгыштыбы? Менин оюмча алар гаражка тепкич менен төмөн карай түшкөндөй болушкан жок. Төмөн жактагы эле эшиктен чыгышты. Кайра берки бөлмөгө келип, столдогу сурмаларды ачып аңтарып жатып тамеки күйгүзгүч "зажигалка" таап алды. Аны күйгүздү да жарыгы менен стол үстүндөгү жыйылып турган кагаздарга барды. Акчанын беш-алты түрүн көрүп таңгакталганынан көздөрү бакырайа түштү. Казактын теңгелери, кыргыздын сомдору, орустардын рублдары, өздөрүнүн өзбектердин сумдары, атүгүл Америка долларлары турат өз-өзүнчө таңгакталып, жыйылып. "Тобоо, ушунча акчаларды кантип жасап чыгарып жатышат? Бир эле акча болсо бир жөн" ар бирин өз- өзүнчө жарыкка коюп кылдат текшерип жатты. Сыягы алар ар бир чыныгы акчаны компьютерден өткөрүп алышып, анан акча чыгаргычын станоктон жасап алышат окшойт. Ал эми бул кагаз менен боёктору каяктан таап алып атышат, же тааныштары барбы?… Сыягы булар өздөрүнчө чоң контрабанда же мафия окшойт. Болбосо булардын кагазы менен боёкторун табуу кандай гана кыйын… Аңгыча күтүлбөгөн жерден желкесинен катуу кармаган кимдир бирөөнүн колунан чочуп кетип бакырып жибере жаздады. Кандайдыр бир күчтүү кол моюнунан мыжый кармап туруп төмөн карай катуу силкти эле Диана жерге оңкосунан барып сайылды. Далдайган сөлөкөт алдындагы караанды тапатак көтөрүп туруп столго отургузуп койду. Диана каршылык көрсөтөйүн деди эле катуу соккуга шалдырай эси ооп калды. Көп өтпөй эле бөлмөнүн жарыгы күйдү. Алдындагы караан аялзат экен, болгондо да алсыз жаш кыз экенин көргөндө тиги таңкала карап туруп калды.
- Сен каяктан келип калдың сулуу кыз, асмандан түштүңбү? Диана да бул каяктан келип калды деп тигиге таңгалып жаткан болчу. Ордунан козголоюн деди эле далдайган киши чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыгып кыйкырып коё берди.
- Ордуңан былк этпе, кымындай эле кыймыл жасасаң атып салам! Тапанчанын сүрүнөн корккон Диана бир ордунда былк этпей катып калды. Алиги далдайган киши ары жактан жип алып келди да Диананын эки колун артына кайрып туруп байлап салды. Бир нерсеси болуп жүрбөсүн дегендей башынан баштап бутуна чейин жан жерлерин бүт сыйпалап аңтарып чыкты. Анан "сотовый" телефон аркылуу кимдир бирөөлөр менен сүйлөшө баштады.
- Билбейм каяктан киргенин, үстүңкү капкактан тепкич аркылуу түшүптүр. Ооба, ким билет милициянын адамдарынан да болуп калышы мүмкүн… Көп өтпөй эле Диананын оң жагындагы дубал эки жакка ажырап ачылып, эки-үч адам кирип келишти. Эки колу артына байланып турган жаш, сулуу кыздын жанына бардыгы жабыла басып келишти.
- Бул кайдан кирип кетти бул жакка. Биздин жашыруун бөлмөнү кантип билип алды?
Алиги далдайган жигит билбейм дегендей эки ийинин күйшөй жогорудагы капкакты көрсөттү.
- Үстүңкү капкагы ачык экен, зачит ошол капкагы аркылуу үстүнөн кирди.
- Болуптур үстүнөн кирди деп коёлу. Анда үстүнө каяктан келди? Алар үстүн дагы, гаражды дагы, короо ичин дагы бардыгын текшерип чыгышты. Шектүү эч кандай эч нерсе жок болучу. Толмочунан келген башын таптакыр жалтыратып алып салган такырбаш, ак жумалынан, сулуучумак келген такырбаш киши столдо байлануу отурган кызга кайрылды.
- Чыныңды айт сен жалгызсыңбы же кишилериң барбы? Эгерде биз курчоодо болгон күндө да баары бир сени "заложница" кылып кармайбыз. Биз туткунга түшөөрдөн мурун сени да өзүбүз менен кошо ала жатабыз.
- Чынымды айтам, мен милициядан эмесмин, силер жакка кокусунан кабылып калдым…
- Сүйлөгөнүңө караганда кыргыз окшойсуң. Та-ак, айта бер кандайча кабылып калдың? -Бардыгы сактанып, шек алыша анын сөзүн угуп, карап турушту.
- Бул жакка мен соода кылып келгем. Кече кечке жуук боз улан балдарга жолугуп калып, акчамдын баарын алдырып жиберип, болгон күчүм менен алардан качып жөнөгөм. Кокусунан көчөнүн бурчуна аппак машине келип токтоду. Ичинен бир адам чыгып арткы багажынан бир нерсе алып ары көздөй басып кетти. Багажынын бекитпегенин көрүп калдым да артыман кууп келатышкан балдардан жашынганы багаждын ичине кирип бекинип жашынып калдым. Ошол боюнча ал жакта жатып көзүм илинип кетиптир, бир кезде чочуп ойгонуп кетип көзүмдү ачсам машине эбакта токтоптур. Эптеп сыртка чыгып карасам көп машинелер
токтогон гаражда экенмин, эшиктериин баары бек экен. Түн ортосунан ооп калыптыр, эч ким жок. Сыртка чыкканга эшик издеп мунун ичинде адашып жүрүп, ушул жерге кандайча келип калганымды өзүм да билбей калдым. Бери жактагылар дале ишенишпей карап турушту.
- Демек багаж менен уурданып кирдим дечи, болуптур кайсыл машине, жүр көрсөтчү?
Алар Диананы ээрчитип алиги гаражка алып барышты. Ал дароо эле өзү жаткан аппак жумурткадай болгон машинени көрсөттү. Анын ичинде кантип жатканын, кантип ачканын атүгүл машиненин ичине кирип колбаса, нан жегендеринен бери көрсөтүп айтып берди. Бирөөсү дале ишенбегендей өзүнчө сүйлөнүп жатты.
- Мындай болушу мүмкүн эмес, бул деген шефтин өзүнүн машинеси да. Чыныңды айт, бул машиненин багажына кайсыл көчөдөн түштүң?
- Ме бул жакка биринчи жолу келишим, Ташкендин көчөлөрүн жакшы тааныбайм.
- Соода кылып өзүң жалгыз келдиң беле?
- Жок, кыздар бар болчу. Соодабыз бүткөн, алып келген нерсебизди жаңы эле сатып бүтүп кайра кетебиз деп жатканбыз. Анан дүкөн жакка үйгө бир нерсе алам деп бара калып, алиги топ балдарга кабылып калып жатпаймынбы… Диана баары бир канчалык жанталашса да тигилер ишенишкен жок.
- Болуптур, дагы шашпай сүйлөшөбүз. Эртең шефибиз келет, өзү шашпай сени менен "разборка" кылат. Кыскасы бул жактан экинчи чыкпас болуп каласың же өлүгүң чыгат. Биякка чоочун адамдардан бир да бирөө кирген эмес, а эгер кирсе кайра эч убакта сыртка чыкпайт, биздин шерт ушундай. Шеф эртең келет, ага чейин муну ушул жерде кармап тур…, -келгендер кайра кетүүгө камынышты.
- Жарайт, - алиги далдайган киши кызды кайтаруу милдетин өз мойнуна алып, тигилерди узатып барып келди. Станоктун алдындагы тегерек айлампаны айлантканда дубал кайрадан экиге бөлүнүп ачылып, тигилер Диананы бир карап алышып ар жакка өтүп кетишти. Далдайган киши тегерек айлампаны кайрадан айлантып койду эле дубал акырын жылып келип биригип калды. "Вот в чём дело, булар кантип чыгып кетишкен деп баш оорутуп жатса, көрсө дубал ачылат турбайбы..." Диана кеткендерди унчукпай узата
карап турду. Далдайган киши ырсалактай бери басып келди.
- Капканга алыстан учуп келип кабылган куш экенсиң го. Баса айтмакчы, кокусунан сен биздин шефтин ойношу эмессиңби ыя. Эртең анан ызы-чуу салып жүрбө бизге, ха-ха-ха! Кана айтчы бутуңду да таңып коёюнбу, же… тынч отурасыңбы? Болуптур тынч отурсаң ушул боюнча отура бересиң тигилер келгенче. Шефтер эртең менен саат тогуздарда келет. Али төрт саат бар. Ал азыр сен жөнүндө эч нерсе биле элек.
Анын тынчын алгыбыз келген жок.Сенин маселең чатак болуп турат, өлтүрүп коюшу да мүмкүн. Сендей
сулуу кыздар өлүп калса албетте жалка. Диана эмне кылар айласын билбей жатты. Биринен эптеп кутулса дагы бир экинчисине туткунга түшүп калганына жинденип отурду. "Мени эмне эле кырсык тороп калган, тигилерде качсам милициялар, милициялардан качсам булар. Эми булардан кантип кутулуп кете алам. Тигилерден да булар жаман да, жашыруун сырларын билип алдым. Чын эле алиги киши айткандай
менин жөн гана көзүмдү тазалап коюшу мүмкүн. Эми булардан кантип кутулам, же тигилердей кылып мени да пайдаланышабы? Же өткөндөгүдөй болуп качуунун бир жолун таап көрсөмбү?"
- Мен туалетке баргым келип атат.
- Я де… Бизде туалет жок, чыда шефтер келгиче…
- Жок, чыдай албайм.
- Болуптур жүрү, - ал Диананы колдон ала кайдадыр жетелеп жөнөдү. Кууш кичине эшикке келди да токтоду.
- Ушунун ичи туалет, бол кирип чык.
- Колумду чечпейсиңби?
- Болбойт эптеп жолун тап, же штаныңды мен шыпырып берейинби, ха-ха-ха, болуптур бери кел, - ал Диананын артына байланган колун чечип өзү сыртта калды.
- Бат чык, эшикти ичинен илбе!
- Ажаткананын ичине кирген Диана дароо эле качканга тешик бар бекенби дегендей терезелерди издеди. Эч кандай терезе жок, бек экен. Үмүтү үзүлө шалдая туруп калды. "Эмне кылсам?" Кокусунан бурчта тикесинен жөлөнүп турган темир түтүктү көрө коюп кайрадан үмүт оту "жылт" этти. Аны акырын артына ката сыртка жөнөдү. Далдайган киши бери жакка далысын сала ары карап туруптур, дабышка бери бурула бергенде Диана болгон күчү менен керилип туруп тигини баштан ары удаа-удаа эки-үч жолу басып-басып алды. Тигил сөз сүйлөгөнгө дарманы келбей жерге оңкосунан сайыла, кулап түштү. Дагы ордунан туруп келатканда керилип туруп темир түтүк менен дал төбөгө чапты, ошондо гана далдайган киши жерге кулаган боюнча былк этпей калды. Бир аздан кийин жарылган башынан сызылып кан ага баштады. Канды көргөндө Диана колундагы темир түтүгүн таштап жиберип, өзүнүн канкордугуна таңгала, көзүн алайта, артка кетенчиктеди. Бир аз дендароо боло туруп калды, анан бирөөгө ийне сайгандай "селт" эте түштү. Эсине келе дароо чочулай эки жакты карады. Саат беш жарым болуптур, эмнегедир куугунчулар келаткандай шашкалактай баштады. Эмне
иштээрин билбей ары жүгүрүп, бери жүгүрүп токтоп, өзүн-өзү кармоого аракет кылып көрдү. "Мен эмне эле шашкалактап жатам, али үч жарым саат бар го. Шашпай ойлонуп иш кылайынчы…" , ал бир аз турган соң биричи кезекте эле жерде башынан кан сызылып агып сулк жаткан кишини байлап салууну эп көрдү. Антпесе ал эсине келчү болсо иш чатакка айланмак. Ары жакта жаткан өзүн байлаган жипти алып, тигинин колун артына кайрыды да чече алгыз кылып катуу байлап таштады. Анан дагы жип таап келип буттарын да бириктирип байлап салды, эсине келсе кыйкырбасын дегендей оозун да чүпүрөк менен таңып таштады. Бул жактын кожоюндары келгиче көздөн кайым болуп кетиш керек болчу. Бери жакта турган тегерек айлампаны айлантып көрдү эле дубал экиге бөлүнө эки жакка ажырап ачыла баштады. Аркы бөлмөнүн эшиги бар экен, ошол эшик аркылуу чыкты. Анын эшиги болсо мурункудай эле бек, ал эми короонун ичиде болсо бош жүргөн дөбөт иттер. "Эх, эми эмне кылам?" - Ал кабагынан каар жаадыра башын мыкчып отуруп калды. "Кой урушта туруш жок, минтип шалдайып отура берсем, точно тигилердин туткуну болом, андан көрө аракетке берекет" дегендей аракет керек. Диана сыртка чыкканга эшик издей баштады. Терезелердин баары темир тор экен. Үстүнкү кабатка көтөрүлүп терезелерин тартып ачып көрдү, темир терезелерден өткөнгө мүмкүн эмес болчу. Капкакты ачып кайра мурунку ордуна төмөн түшүп келди, тигил дале былк этпей жатат, башынан сызылып аккан кан полго жайылып кетиптир. Диана ага көңүл да бөлгөн жок, эс- дартынын баары эле сыртка
чыкканга эшик же тешик табуу болчу. Бөлмөлөрдү, коридорлорду бүт кыдырып чыкты, темир каалгаларынын баары кулпулануу. Кулпуларын темир менен ургуласа тарсылдаган үн чыгып, иттер арсылдап үрүп, сырт жактан жетип келип кармап алышы мүмкүн болчу. "Чын эле балким бул короонун сыртында көзөмөлчү-кароолчулары бардыр, "сактыкта кордук жок", кой сак болоюн". Кууш коридорлорду, бөлмөлөрдү
кыдырып чыккан соң кайра үстүңкү кабатка шаты менен көтөрүлүп чыкты. Бул жерлерди бир сыйра текшерип чыккан болчу. Жогору жагындагы шыпкада чатырга чыкчу капкагы бар экен, кеминде эле беш метр бийиктикте. Төмөн жактагы темир шатыны тартып алды да жогору жакка коюп көтөрүлүп чыкты, акырын
астынан түртүп көрдү эле капкак көтөрүлүп, ачылып кетти. Жыгач жащикке бир нерселер салынып тизилип коюлуптур, ага көңүл бөлгөн жок. Караганга убактысы да жок болчу. Алардан ары өткөндө узун төмөн карай тепкичтер бар экен. Ошол тепкич менен кайра төмөн карай түшүп кетти. Бир топ төмөн түштү, анан кайра кууш коридор менен жүрүп отуруп кандайдыр бир ичи кенен залга кирди. Сыягы бул жер мурун цех окшойт, эски станоктор турат тизилип. Ал жактан да чыкканга мүмкүнчүлүк ала албай койду. Бул цех көптөн бери иштебегендики билинип турат. Анткени цехтин ичин, станокторду ч басып кетиптир. Эшиги болсо ичинен беш-алты кулпу менен бекилиптир. Кулпуларды сындырууга аракет кылып көрдү эле күчү жетпей койду. Тырмалаңдап ары жулкуп, бери жулкуп отуруп өзүнүн алсыздыгына ызалана колунун ооруганына карабай кулпуну эки-үч жолу чаап жиберди. "Сыягы даана капаска түшкөн окшойм. Тиги гараждагы машинелердин бирөөсүн от алдырып, дарбазасын талкалай сүзүп, айдай качсамбы?.. Биринчиден машинени от алдырганды, айдаганды билбейм, экинчиден анда бат эле кармалып калам, кууп жетип алышат. Эң башкысы тигилерге билгизбей, көрүнбөй качып кетиш керек болуп жатат". Кайра чатырга көтөрүлүп
чыгып, машинелер турган гаражка келди. Чет элдик жети машина тизилип турган. Бардыгын бир сыйра карап текшерип чыкты "буларды баары бир айдап чыга албайм" кокусунан ал чоң ак машинанын алдында турган
тегерек темир капкакты көрдү. Дароо жетип барып ичин кулагы менен тыңшады эле суунун шылдыраган үнү угулуп жатты. "Демек суунун түтүгү бар экен да бул жерде". Машинеден башы жумуру келген темир ачкыч алып келди да бир топко убараланып жатып эптеп ачып ары көздөй жылдырды. Суунун тамчылаган үнү
угулат, төмөн жагы көрүнбөйт караңгы. Тигил киши жаткан бөлмөгө чуркап барып, столдордун сурмаларын аңтарып жатып колфонарик таап алды. "Кудай буюрса ишим оңолот окшойт" ал өзүнчө сүйүнүп койду. Саатты
караса алты жарым болуптур, дээрлик бир сааттай сыртка чыкканга эшик издеп убараланыптыр. "Эми тигил жакта өткөөл болсо экен" кол фонариги менен төмөн жакка жарык берди эле жер алды менен эки кулачтай
келген чоң темир түтүк өтүптүр. Ичине түшүп эки жагына көз жүгүртүп көрдү. Темир түтүктүн үстү менен сойлоп жүрүп отурса болчудай экен. Түтүктүн үстү менен он кадамдай сойлоп барды, анан бир нерсе эсине түшкөндөй тык токтоду да кайра арты менен сойлоп ордуна келди. Үстүнө чыгып акча жасап жатышкан
бөлмөгө баш бакты. Тигил киши өлүп калган жокпу деп кол тамырын кармап, жүрөгүн тыңшап көрдү. Акырын дем алып жатканы билинип турду. "Демек тирүү экен да, кайра жакшы болду, киши өмүрүнө бөөдөдөн-бөөдө забым болуп кала жаздадым" . Эсине келсе айланасындагыларды көрбөсүн деп ары жактан башына кара баштыкты кийгизип таштады. Дагы бир кара баштыкты алып стол үстүндөгү ирети менен жыйылып турган акчалардын бардыгын батышынча кара баштыкка салып артына асынып байлап алды. Стол үстүндөгү
акчалардын төрттөн бир бөлүгү азая түштү. Алардын ичинде казактардын теңгеси, өзбектердин суму, кыргыздардын сому, рубль, доллар баардыгы аралаш болчу. Алиги тегерек айлампаны акырын бурап туруп, дубалдар бири-бирине жакындап жылып келатканда жабыла электе ары жагына жүгүрүп өтүп кетти. Дубалдар бири-бирине биригип жабылып калды. Диана артын бир карап койду да машинанын артындагы капкакка жүгүрүп келди. Анан шашыла төмөн түшүп үстүндөгү капкакты мурункусундай кылып жаап салды.
Заматта жер алды капкараңгы эле боло түштү. Кол фонаригин күйгүзүп алып өтө эле кууш кичинекей өткөөл аркылуу чоң темир түтүктүн үстү менен сойлоп жөнөдү.
ЖЕР ӨТКӨӨЛДӨГҮ ЫЙ
Диана эч бир тыным албастан темир түтүктүн үстү менен сойлоп кете берди. Өткөөл аябай кууш болгондуктан бурулганга, а түгүл баш көтөргөнгө мүмкүн эмес болчу. Анын үстүндөгү чаңдардан, кара сагыздан (смола) көйнөгү заматта карала-торала болуп чыкты, мунусуна да кайыл болчу. Эптеп эле тигилердин туткуну болбой ушул жер алдындагы өткөөлдөн чыгып кетсем деген анын бир эле максаты болуп атты. Ары-бери чыйылдашып чуркашкан келемиштер тажатып жиберди. Бирок алардан анча коркпой, чочулабай калган. Өткөн жолу деле келемиштердин асылганына,
тиштегилегенине карабай чыдап турбады беле. Канча жерге чейин сойлоп барганы
белгисиз, өзүнүн баамынча беш жүз кадамдай сойлоп кеткенсиди. Бир аз ошол көмкөрөсүнөн жаткан боюнча эс алып жатты. Түнү бою
уктабагандыкы уйкусу да келип атты. Бир аз жатып көзү илинип кетиптир келемиш колун тиштеп алганда гана чочуп ойгонуп, эсине келди. Кол фонариги колунан түшүп темир түтүктүн алдында күйгөн боюнча калыптыр. Колун созуп ала албай койду. Анын
алдына өткөнгө мүмкүн эмес болчу. Жер алдындагы өткөөл темир түтүк баткандай кылып гана төрт бурчтуу кылып бетон менен куюлуптур. Бактыга жараша анын үстүндө киши сойлоп өткөндөй орун бар экен. Колун созуп атып кол фонаригине жете албай койгон соң "мейличи" деп кол шилтей андан ары сойлоп жөнөдү. Дагы үч жүз кадамдай сойлоп барды. Улам эс алып, улам сойлоп жүрүп отурду. "Кудай буюрса сыртка чыкканга жол табылаар. Эң башкысы тигил каргашалуу жер алдынан кеттим.". Эртеден бери жер алды менен жети-сегиз чакырымдай жерге сойлоп барып, кайрадан темир түтүктүн үстүнө сулк жатып калды. Далысы үстүндөгү бетонго тиер-
тиймексен болуп турду. Отурганга анан башын көтөргөнгө мүмкүн эмес болучу. Түтүктүн ичинде эмне бар болду экен деп кулагын такап, тыңшап көрдү эле суунун кез-кез шылдырап агып жатканы билинип турду. Анын көйнөктөрү түгүл чачы-баштары, бети бүт карала- торала болуп калган болчу. Жер алдындагы караңгылыкка анча-
мынча көзү көнүп, кээ бир кара нерселерди көрүп атты. Өзүнүн баамынча жети-сегиз чакырымдай аралыкты сойлоп өткөнсүдү. Бир жерге келгенде үстү куушурулуп келип алдыга сойлоп өткөнгө мүмкүнчүлүк болбой калды. Темир түтүк анча-мынча өйдөгө көтөрүлүп калыптыр. Ары көздөй сойлоп өткөнгө башы батпай койду. Аябай аракет кылып көрдү эле баары бир эч майнап чыккан жок. "Эми эмне кылам, кайра артка кайтып ордума барамбы? Анда эле тигилер мени соо коюшпайт. Өзгөчө анын темир түтүк менен башка чаап эсин оодарган, башы жарылган далдайган киши мени кармачу болсо соо койбойт. Моюнумду толгоп туруп жулуп алат. Эми эмне айла кылам. Караңгы капастан чыга албай ушул жерде ачкалыктан келемиштерге таланып, жем болуп өлөмбү? Бул жерден менин дайынымды таба албай калат. Мени үйдөгүлөр, шаардагы эжем жоготту го, өлүп калды деп ойлоп жатышат да, эгер чын эле ушул жерде өлүп калсам эмне кылам? Ансыз деле өлө турган маалым, ажалым келди окшойт". Диана айласы кеткенде көз жашынан күчүн чыгарды. Чымырканы дагы бир жолу ары жакка өткөнгө аракет кылып көрдү эле болгон аракети талаага кетти. "Артымдан куугундар келсе эмне кылам? Кайра артка сүйрөп чыгышпайт, ушунун ичинен атып салышат же бычактап өлтүрүп кетишет". Улам- улам арт жагын карап коюп темир түтүктүн үстүндө соолуп жатты. Жатып-жатып кайрада көзү илинип кетти, канча жатканы белгисиз, бир кезде бир нерседен чочуп ойгонуп кетсе келемиштер үстү-башына чыгып ары-бери чуркап көбөйүп кетишиптир.
- Чиш-ш, жоголгула шайтан алгырлар. Мен али өлө элекмин, тирүүмүн!
Анын добушунан келемиштер туш-
тарапка чачыраша оолак боло беришти. Кээ бирлер эч нерсе болбогондой эле Диананын үстүнөн түшпөй ары-бери жүгүрүп жүрүштү. Ачык турган балтырын бирөөсү тиштеп алды эле ооруганына чыдабай бакырып жиберди.
- Чыщ-щщ, кыщ-щщ, жоголгула башкалар бүтүп, ушу силер жетпей жаттыңар эле! - Диана муштумун түйүп алып болгон күчү менен денесине жабышкан чоң келемиштерди ургулай берди. Келемиштер да алыс кетишпей кайра келип алып эле Диана жаткан чоң темир түтүктүн үстүнө чыгып алышып баш жагынан, бут тарабынан кол сала беришти.
- Жарыбагырлар булар кайдан келип калышты, жана эле аз эмес беле.
Келемиштер менен жарым сааттай салгылашып жатып аябай чарчады, бир тобун муштум менен цементке жапшыра уруп өлтүрүп да жиберди. Келемиштер акырындап суюлуп отуруп кайрадан жок болуп кетишти. Колдору, буттары келемиштердин тиштеринен кызыл-ала да болуп кетти. "Мен ушундай күнгө туш болдумбу? Азыр үстүмдөн элдер эч нерседен бейкапар ары-бери басып жүрүшөт. Кыйкырсам үнүмдү эч ким укпайт, уккан күндө да жардамга келген күндө да мен кайрадан тигилердин колуна түшүп берем. Ой Кудай ай, кайда барсам Мамайдын көрү, эми эмне айла кылам. Ушу күнгө туш келдимби" . Диана өзү менен өзү сүйлөшө жин даарыган немече өкүрүп-бакырып ыйлай берди. Бир кезде үстүнөн дүрүлдөгөн машине өткөндөй болду. Ошондо гана кайратына, эсине келди. "Жо- жок мен жөндөн-жөн эле өлүп берүүгө тийиш эмесмин үстүмдө элдер ары-бери өтүп жатышат, демек жашоо бар, кандай болсо да үстүнө чыгыш керек, бирок кантип?" Көмкөрөсүнөн жата калып колун ылдый жака шалактатты. Анан бир кезде оюна кылт дей түштү. "Баса, мунун үстү кууш болсо, асты кенен болот да, үстү кенен болсо асты кууш болот. Ушуну жмнеге ойлободум экен жанатан бери". Колу менен жоон түтүктүн астын сыйпалап көрдү. Чын эле арт жактагыларга караганда астында көңдөй бош кенен жер бар экен.
Күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир үмүт оту "жылт" этти. "Эми астына кантип өтөм, төрт тарабымдын баары тар, киши алдына сойлоп
өтө албайт", жоон түтүктүн астына түшкөнү кененирээк жер издеп кайра артка сойлоп жөнөдү. Он арыштай артка сойлоп өткөн соң
алдына түшкөндөй кененирээк жол таап, эптеп көйнөк-баштарын,
кийимдерин айрытып түтүктүн астына сойлоп түштү. Анан кайрадан алдыга карай сойлоп жөнөдү. Алиги үстүнөн батпай жаткан өткөөлдүн астынан өтүп кетти. Ошол боюнча бир тыным албай сойлоп жүрүп отурду. "Оо, Кудайым бар экен, али ичээр суум, көрөр күнүм бар окшойт" өзү менен өзү сүйлөшө сойлоп кетип бара жатты. Бирде төрт аяктап жылып, бирде жапыз жерден сойлоп баратып тизеси менен чыканагынан эч тамтык калбай калды. Жалкоотай тартып, муздак цементке тийген сайын катуу оорута берди. Бул жерде калууга болбойт болчу. Артта куугунчуларга кармалып калышы, келемиштерге жем болушу мүмкүн эле. Сойлоп жүрүп отуруп акыры чоң, кенен өткөөлгө туш келди. Бул жерде жоон түтүктөр беш-алты жакка бөлүнүп, беш-алты жакка өткөөл кетет экен. Үстүнөн кандайдыр бир жарыктын шооласы да кирип турду. Эки-үч сааттан бери сойлоп келатып тажагандыктан эми тикесинен тик турганга мүмкүнчүлүк алды. Кууш өткөөлдүн учу-кыйры, аягы жок, ушул жерден өлүп калам го деп ойлогон. Оор үшкүрүнө алдындагы жалпак, жылмакай темирге отура кетти. "Крот, сокур чычкандан айырмам жок болуп калды го… Саат канча болуп калды экен, менимче түндөтөн бери беш-алты сааттай убакыт өтүп кетти окшойт… Кой, урушта туруш жок, кандай болсо да үстүнө чыгыш керек. Баса бул кейпим менен кантип кишилерге көрүнөм көрдөн чыккандай болуп, дароо эле сырттагылардын көңүлүн өзүмө бурам. Өзгөчө милиционерлер ошо замат чап кенедей жабышышат мага. Артымдагы пачка акчаларды көрсө андан бетер иш чатакка айланат. Караңгы кирсин анан сыртка чыгып бир жерден суу таап жуунуп, өзүмдү калыбыма келтирбесем болбойт. Бирөөлөргө кабылып калып мынча акчаларымдын бардыгын тонотуп жибербейин. Баса, бул чыныгы акча болду
бекенби же… албетте, жасалма акча дечи, бирок соодага жарайт болду бекенби? Анда заматта миллионер болуп жатып калат элем. Бул жасалма акчалар соодага жарабаса жанагы кишилер бирден "иномарка" минишпейт эле го. Эх, ушунун баары соодага жаралган
акча болуп калса экен…" Диана өзүнчө кыялы менен байып алды. Улам убакыт өткөн сайын курсагы ача баштаганы кадимкидей билине баштады. "Манты болсо азыр, кандай гана ырахаттанып жейт элем" көзүн жума мискейдеги бууга бышырылган мантуларды элестетип шилекейин жутуп алды. Ал, тээ кичине кезинен эле мантыны жакшы көрчү. Апасынан же атасынан акча алса эле дароо көчөгө барып ашканаларга кирип манты сатып жечү. Өзгөчө сабактан кайтып келатканда автобекеттин сыртында манты саткан дунган кемпирдин мантысын жактырчу. Сабактан кайтып келатканда дайыма манту алып жеп жүргөндүктөн дунган кемпир да аны таанып калган болчу.
Алыстан келатканда эле кыйкырып учурашып, өзүнө чакырып алчу. "Азыр ал кемпир тирүү болду бекенби? Эгер дале манту сатып жүрсө атайын барып туруп жейт элем ошонун мантусунан…" , өзүнчө кыялдана кир болгон колдору менен чекесин сүртүп койду.
Үстүндөгү кичинекей жылчыктан түшкөн шоола акырындап жоголуп отуруп жер алдындагы өткөөл кайрадан капкараңгы болуп калды.
Бир сааттай аркы-беркини ойлоп отурган соң ордунан туруп темир түтүктүн үстүнө чыкты. Үстүндө турган тегерек капкакты түртүп көрдү эле аябай оор экен. Болгон күчүнө салып дагы түрттү, кичине көтөрүлүп барып бир нерсеге такалып калгансыды. Кайрадан төмөн түшүрүп экинчи жолу күч менен түрттү, кайрадан бир аз көтөрүлүп келип эле бир нерсеге такалып калып атты. Төмөн карай кайра түшүрүп туруп болгон күчү менен чымырканып катуу түртүп көрдү. Жанагыдай эле көрүнүш кайталанды. "Шайтан алгырдыкы десе , үстүнөн бекилүү же кулпулануу окшойт. Бир тоскоолдуктан өтсөм өчөшкөндөй экинчи тоскоолдуктарга кабылам. Как выберусь отсюда? Ушинтип азаптан азапка кабылып жүрө беремби?" - кабагынан кар жаадыра бир аз турган соң башын көтөрдү. "Кой, тоскоолдуктарга моюн сунуп бербей өзүмө-өзүм тың болбосом болбойт. Кандай гана кыйынчылык болбосун жеңиш керек. Жашоо бул
күрөш, муну менен өмүр бою күрөшүп жүрүп өтөбүз. Албетте күрөшүш керек бул капкак ачылбаса башка жактарында деле капкак бардыр. Кантип эле сыртка чыга албай калайын. Келемиштер деле жүрөт го темир түтүктүн үстү менен ары-бери жүгүрүшүп… баары бир тамак-аш таап жегени сыртка чыгышат. Алар сыртка кирип- чыгып жүргөндөн кийин аң-
сезимдүү мен кантип эле чыга албай калайын". Ордунан туруп кайрадан тегерек темир капкакты түрткүлөй баштады. Түрткүлөп, ургулап атып жедеп чарчаган соң чекесиндеги нымшып чыккан терин аарчый кайрадан отура кетти. "Кызык, жанатан бери тарсылдатып түрткүлөп атам, ургулап атам, дегеле сырт жакта тирүүлүктүн белгиси билинбейт го. Же бул капкак дагы кандайдыр бир мекеменин ичиндеби?.. Дагы бир жолу аракет кылып көрөйүн болбосо убакытты кетирбей башка жактан үстүнө чыкканга капкак издейин", - бир аз эс алып турган соң ордунан турду да капкакты ачууга аракет кылып болгон күчү менен катуу түрткүлөп кирди. Жедеп чарчап, алы кетип тажаганда үмүтү үзүлө шалдайып отуруп калды. Анан төрт жакка чачырап кеткен түтүктөрдү карап каяк жагына жөнөсөм деп ойлонуп турду. Көп өтпөй эле бет
маңдайындагы өткөөлгө түшүп алып төрт аяктап жылып жөнөдү. Өзү сойлоп келген өткөөлгө караганда бул жагы кененирээк экен. Тигил жактан башын анча- мынча көтөргөндө эле үстүнө тийип калып аткан, сойлоп жылганга караганда төрт аяктап жылган жеңилирээк болчу, анын үстүнө бат да жылып кетип баратты. Бир далай жерге барып эс ала темсир түтүктүн үстүнө чалкасынан жата кетти. Эмнегедир келемиштер да ага көнүп калышкандай жолобой калышты. Кез-кез ары-бери чуркап өтүп кетип атышканын сезип жатты. "Өзүм ушунчалык чоң болуп туруп, кичинекей жандыктардан,
макулуктардан эмнеге коркмок элем", Диана өзүнө-өзү кайрат бере бир аз жаткан соң кайрадан ордунан кохголуп, жылып жөнөдү. Ошо боюнча эч бир тыным албай жылып жүрүп отурду. Бир далай жерге чейин барган соң дагы төрт тарапка бөлүнүп кеткен түтүктөргө келип такалды. Анын үстүндө да капкак бар болчу. Бир нерседен үмүттөнө ага дароо жетип барып астынан түртүп көрдү эле дегеле ордунан солк этип койгон түрү жок. Чымырканып болгон күчү менен түртүп көрдү, баары бир эч майнап чыгара албай койду. "Муну сыртынан сваркалап ташташканбы, эмне кылам?"Эч ойлонбостон андан ары жөнөдү сойлоп. Бир нерсе эсине түшкөндөй дароо токтой калды да түшүп калган жокпу дегендей артындагы
баштыкты сыйпалады. "Өх" деп жүрөгү ордуна келе бир аз тыным алды. "Ушундайда алиги кол фонарик болгондо эмне, айланамды көргөнгө мүмкүнчүлүк алат элем. Баса, жер алдындагы шахтёрлор кантип иштейт болду экен, тимеле адам баласы көпкө чыдай алчудай эмес. Ошо себептен алардын эмгек акысы көп, пенсияга да эрте чыгышат да" - өзү менен өзү сүйлөшө канча жерге чейин жөргөлөп барганы белгисиз, бир кезде дубалга келип такалып калды. Темир түтүктүн айланасын атайын кирпич менен тосушуптур.
Болгон күчү менен түртүп, дубалды козголто албай койду. Цемент аралашып коюлган кирпич тим эле таштай катуу экен. Эртеден бери
бирде жөргөлөп, бирде сойлоп жүрүп жука көйнөгүнүн тамтыгы кетип тизелери, колдору айрылып, канап аябай жүдөтүп жиберди. Кайкайып түз турайын дейт, мүмкүн эмес. Бөк түшүп төрт аяктап басып жүрүп тажап да кетти. Дубалдан өтө албай шалдырап жатып калды, бирок бул жолкуда ыйлаган да жок, ыза болго да жок, тек гана кантип чыгуунун жолун ойлонуштуруп жатты. "Жашоо - күрөш… мен бул дүйнөгө жашаш үчүн, күрөшүш үчүн келгем. Өмүр бою күрөшүп жүрүп өтөм. Күрөш токтосо ичер суу дагы токтойт. Ичээр суум түгөнүп, такыр эле тоскоолдуктарды жеңе албай калганда, тамырымдын акыркы каны соккуча күрөшөм. Мен жөндөн-жөн эле турмуш тоскоолдуктарына моюн сунуп бери койчу адамдардан эмесмин". Темирдин муздагы денесине өтө баштаганда оң жак капталына оодарылды. "Кой кайра артка кетүүгө туура келип калды, "Урушта - туруш жок" бир аз эс алып жаткан соң ордунан козголуп,
кайра артка жөнөдү. Тизелери менен алакандары кадимкидей жалкоотай болуп, ооруп жөрмөлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей жатты. Ага болбой эле өзүнчө сүйлөнө акырын жылып кете берди. "Жок дегенде жөрмөлөбөй тикеден басма болсо эмне, минтип кыйналбайт элем…, жок анда да болмок эмес, анда артымдагы бул акчанын кожоюндары кууп келишип, мени кармап алышмак. Бир эсептен ушул да жакшы болду. Кудайым мени сынап жатат болуш керек. Ушул тоскоолдуктардан чыгып кетсең жакшы жашайсың деп. Ошондуктан аракет кылыш керек. "Аракетке - берекет" бул жер үстү эмес, "алма быш - оозума түш" деп кебелбей жата бергендей, кандай болсо да жер үстүнө чыгыш керек. Жердин жети кабат түбүнө түшүп кеткен Эр Төштүк деле чыккан. Ушул үч-төрт метр тереңдиктеги жер алдынан чыгалбаймынбы. Болуптур тереңдиги ашып кетсе беш метр деп коёюн. Кантип эле ушундан чыга албай калайын, үстүндө
канчалаган миң, он миңдеген адамдар басып жүрүшөт, кантип эле жер алдында өлүп калайын. Мен бул жерде дайынсыз өлүп калыш үчүн тигил жактан качып чыккан жокмун. Эркиндикке чыгып, жашаш үчүн качып чыктым. Мен али жашмын, он гүлүмдүн бир гүлү ачыла элек. Келечегим али алдыда…" ал өзүнчө сүйлөнүп жылып отуруп төрт тарапка кетүүчү түтүктөрдүн жанына келди. Үстүндөгү бекилүү капкакты үмүтсүз бир түртүп койду да шалдая отура кетти. "Саат канча болуп калды экен, түн ортосу болуп калды болуш керек. Баары
бир азыр эч майнап чыкпайт, эс алайын. Күн чыгып, таң агарганда кайрадан аракет кыла баштайын. Эртеден кечке анан түн ортосуна чейин ары-бери жөрмөлөп жүрүп катуу чарчагандыкта темир түтүктүн үстүнөн төмөн жакка жылмышып түштү да кумдун үстүнө отура кетти. Анан кыйшайып барып көзүн жума жата кетти, катуу чарчагандыктан көп өтпөй эле уктап калды".
ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШ
Аны дагы кайрадан келемиштер ойготту. Айланасында үч-төрт келемиштер чуркап жүрүптүр. Көпкө уктаса керек, дене-башы ооруксунуп, кабыргалары ооруп кыймылдатпай калыптыр. Кыйналып ордунан араң турду, кечөө ары-бери тыным албай
сойлогондуку дене-бою кыймылдаган сайын ооруп жатты. Жайдын саратан мезгили болсо да бир топ үшүп калыптыр. Көзүн ушалай шалдайып бир топко отурду. Курсагы аябай ача эмне тамак болсо эле жегиси келип турду. "Тигил машинадагы тамактарды жебегенде эмдигиче кыймылдай албай калмак экенмин да. Бир жарым же эки сутка болуп кетти окшойт. Кызык, азыр саат канча болду, сыртта күнбү же түнбү? Улам уктап туруп атып күн-
түндү чаташтырып да алдым. Же сырттан жарыктын шооласы жок, же кишилердин дабышы, машиналардын үнү угулбайт. Тигил жактан машинелердин дүрүлдөгү кичине дем бергенсип жатты эле, бул жактан болсо тигил дүйнөдөн ажырап, таптакыр башка дүйнөгө келгендей болдум го". Ордунан козголуп темир түтүктүн үстүнө чыгып жөргөлөйүн деди эле тизеси менен алаканы таптакыр эле оорутуп, тоскоолдук кылды. Кыймылдайын деп эмнегедир башы айланып, жер айлан-көчөк болуп атты. "Эмне ооруп калдымбы же тамак ичпей курсактын ачкандыгыбы.?
Уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1