9/10 -бөлүм
ДИАНАНЫН ИШЕНГЕН КОЖОСУ
Короо ичинде турган темир кранга барып суу агызып, келемиштер тиштеп канаган сандарын чүпүрөк менен тазалап, буттарын жууп, жүзүн чайып, өзүн бир аз иретке келтирди. "Эмне кылсам бул жакка турганга баары бир болбойт экен. Бул жерде жашынып тура берсем акыры жакшылык менен бүтпөйт, тиги мадыра баштарды алдаса айтып коюшу да мүмкүн. Анда акырын аңдып келишип кармап алышат. Дагы бир сыйра келип текшерип калышы да ыктымал. Кандай болсо да жергеме жетүүгө аракет кылышым керек. Түз эле Кыргызстан тарапка барууга мүмкүн эмес. Ташкенден келген автобустардын бардыгын тигил жактан көз салып тосуп турушат. Алма-Ата же Душанбе жакка кетиш керек, ал жактан эптеп Кыргызстанга жетип алам. Баары бир биринчи кещекте акча керек, анча болбосо эч нерсени чече албайсың. Баса, айтмакчы эмне эле көрүнгөндөн качып, коркуп жүрөм. Түз эле милицияга барбаймынбы. Болгонун болгондой айтып, кайра тигилердин өздөрүнө куугунтук жасатпаймынбы. Алардын көзүнчө тигилер мени эч нерсе кыла алышпайт да, беш-алты күн бою бул жакта ачка кыйналып жатпай ушуну эмне убагында ойлободум экен. Алардын жардамы аркылуу, кайтаруусу менен өзүбүздүн жерге
аман-эсен жетип албаймынбы. Алар болсо биздин милиционерлерге мени тапшырышат, мен аларга да болгонун болгондой айтып берем. Анан тигил түрмөнүн быт-чытын чыгарышат, кор болуп жатышкан кыздардын бардыгын туткундан бошотом. Ушуну башында эмне ойлободум экен кеңкелес башым", - Диана өңү-башын бир сыйраоңдоп, акырын эки жагын сактана карай көчөгө чыкты. Көчөдө бараткан ар бир машинени, ар бир кишини шекшинип карай берди.
- Кечирип коюңуз жакын арада милиция бөлүмчөсү барбы? -көчөдө кетип баратка улгайып калган кемпирден сурады эле ал билбейм дегендей башын чайкай ийнин күйшөп койду да жолун улап кете берди. Жашыраак жигиттен сурады эле ал токтой калып бир нерсени эстегендей ойлонуп калды.
- Ушу көчө мене түз жүрүп отурсаңыз Хамза деген көчө туурасынан кетет. Ошол көчөгө түшүп оң жакка бурулуп жүрүп отурсаңыз "милиция" деген жазуусу бар чоң үйгө кезигесиз. Мына ошолорго кайрылсаңыз
болот.
- Рахмат.
Жигиттин айтканы боюнча эки жагын элеңдей карай кичирээк, машине аз жүргөн көчө менен жүрүп отурду. Ар бир өткөн машинелерди чочулай карап өтүп кеткиче далысын сала калат. Машинеден атырылып чыга калып
колун толгоп, оозун басып машинеге салып кетчүдөй сезип жатты. Кокусунан көчөдө кетип бараткан милиционерди көрө коюп өзүн куткарчу кишилерин көргөндөй кубанып кетти. Арышын кенен таштай аны кууп жетип токтотту. Ал артына бурула татынакай жаш кыз менен тиктеше түштү. Диана эмнегедир анын көз
карашынан бир нерсени сезгендей жүрөгү болк этип барып оңолду.
- Кечирип коюңуз жакын арадан милиция бөлүмү барбы?
Ал жооп бербей Диананы бир топко тигилип турду.
- Айта бер, в чём проблема?
- Мени бөлүмүңөргө жеткирип коюңузчу, анан айтам.
Ал Диананы бир топко көзүн албай тиктеп турду.
- Болуптур, айткың келбесе жүрү алып барайын. Сага көмөк бергенге менин деле колумдан келет. Так что мага айта берсең да болот.
- Жок, бул секрет, бөлүмгө барганда гана силердин чоңуңар менен сүйлөшөм…
- Ыя де, ошондой де… Кокусунан алтын таап алган жоксуңбу, аны мени менен бөлүшсөң деле болот, тамаша. Жүрү мени ээрчи. Бою узун толмочунан келген милиционер өзү алдыга жол баштап жөнөдү. Өзүн бардык
кокустуктардан сактап кала турган киши ушул милиционер болчудай Диана мурункудай болуп чочулабай өзүн кичине эркинирээк сезип калды.
- Сүйлөгөн, баскан-турганыңа караганда башка улуттан окшойсуң, же жергиликтүү элесиңби?
Диана унчуккан жок. Экөө көп өтпөй эле "милиция" деген жазуусу бар анча чоң эмес үйгө келишти. Өзүнчө бакылдай алдыда келаткан алиги далдайган киши Диананы алдыга өткөрүп өзү артынан ээрчип кирди.
- Бул жерге отуруп туруңуз. Мен азыр…, - ал ары жакта турган милиция менен өз ара бир нерселерди сүйлөшүп калышты. Экөө бөлмөнүн ортосун чоң айнек бөлүп турат экен, айнектен бардыгы көрүнүп турду. Алиги киши Диананы көрсөтө жанындагысына бир нерселерди айтып бери жатты. Анан экөө тең Диананы карап калышты. Ары жакта столдо отурган, чини капитан жигит ордунан дароо тура калып Диананын жанына басып келди.
- Сиз начальникке келдиңизби, анын жумушу биз аркылуу бүтөт. Бизге деле айта берсеңиз болот.
- Жок, мен жекече өзү менен гана сүйлөшөм.
- Болуптур, анда күтүүгө туура келет, анын колу бош эмес азырынча. Мындай отуруп туруңуз. Капитан ары басып кетти дагы толмочунан келген кишиге бир нерселерди айта башын ийкегиледи. Эмнегедир Дианада
шектенүү пайда болду. Акырын ордунан жыла капитандын телефондон сүйлөшкөн сөздөрүнө кулак төшөдү.
- Алё, силердин жоготкон кызыңарды таптык. Ал бизде отурат, бизди издетпей эле шамал айдап өзү келди. Келип алып кетсеңер болот, баса айтмакчы вознаграждениеңерди унутпагыла… Бул сөздү укканда Диана өз кулагына өзү ишенбей турду. "Мындай болушу мүмкүн эмес, неужели баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Демек булар да тигилердин кишилери экен да" Диана аркы бөлмөдөгүлөргө билгизбей акырын жылып жөнөдү. Эшикти ачып сыртка атып чыкты да айланасына көз жүгүрттү. Болгон күчү менен бет алды чуркап жөнөдү. Анан курулушка жетип бурулуп кетти. Артынан бирөө кууп келаткандай артын карабай катуу
чуркады. Тээ бир далай жерге чуркап барып, чоң дарактын далдасына анча-мынча демин жыйганы отура калды. Ошо маалда өзүнөн анча алыс эмес жерге аппак жумурткадай болгон жалтыраган чет элдик машине
келип токтоп, андан бир киши чыкты. Эки жагына көз жүгүртө машинесинин арткы багажын ачып чоң сумка алып чыкты да аны көтөргөн боюнча жанында турган дүкөнгө кирип кетти. Көз ачып жумганчалык убакыттын
ичинде Диананын мээсине бир ой кылт эте түштү. Эки жагына көз жүгүртүп алып, чуркаган боюнча алиги машинанын арткы багажын ачып жиберип ичине кирип, жашынып калды. Арадан көп убакыт өтпөй эле алиги киши келип машинесин от алдырды да кайдадыр жүрүп кетти. Бөлүмдөн сыртка атып чыгышкан милиция
кызматкерлери көз ачып жумганчалык убакыт ичинде Диананы жоготуп, жер сыйпалап таппай калышты.
ЖАСАЛМА АКЧАЛАР
Машинанын арткы багажынын ичи көзгө сайса көрүнгүс болчу. Дүрүлдөгөн мотордун гана үнү угулат. Диана каякка баратканы белгисиз, көзүн жумуп кете берди. Түнкү суукта ээн, сыз бөлмөдө үшүп жакшы уктай албагандыкы жарым саат убакыт өткөндөн кийин көзү илинип кетти. Канча уктаганы белгисиз "тарс" эте
машиненин каалгасынын жабылган үнүнө "селт" эте чочуп ойгонуп кетип, каяктамын дегендей айланасына көз жүгүртүп алды. Сырттан кобурашкан адамдардын үнү чыгып жатты, бирок эмне жөнүндө сүйлөшүп жатышканы анча угулган жок. Бир кезде айдоочусу кайрадан машинеге отуруп от алдырды да каяккадыр жай айдап жөнөдү. Сыягы короонун же гараждын ичине киргендей болду. Ары жактан иттердин арсылдап үргөнү да угулуп жатты. Машие жай жылып барып токтоп, үнү өчүп дымып калды. Анын ээсинин сыртка чыкканы билинип турду. Машинесинин эшигин жаап ары көздөй басып кеткенсиди. Ошол боюнча айлана жымжырт боло түштү. Диана сыртка чыккандан коркуп көзүн жумуп жата берди. Алысыраак жакта кез-кез иттердин
үргөнү кулагына угулуп жатты. Сыягы алар короонун ичинде байлануу окшойт. "Эмне кылсам, сыртка чыксамбы, же жата турсамбы?" Сыртка чыкканда каякка барам, кайрадан эле милицияларга кармалып калам да. Баса, айтмакчы милициялар менен тигилердин байланыштары барбы, же мен жаңылып уктумбу? Жок
дапдаана эле уктум. Алиги милициянын телефондон кимдир бирөөлөр менен сүйлөшкөнү кайрадан кулагына жаңырды, "Ал бизди издетпей эле шамал айдап өзү келди. Келип алып кетсеңер болот. Вознаграждениеңерди
унутпагыла" . Анын айтканын даана эле өз кулагым менен укпадымбы, булардын баары бир мафияда. Тигилер тургай милициялардын өздөрүнө да көрүнбөш керек болуп калды. Тобо, заман эмне болуп
баратат. Эч кимден коркпогон өзүн өзү билген бөрү заман болуп баратабы?" Каякка келгенин билгени акырын көз жүгүртө багажды ачып сырт жакты карамакчы болду эле аны ичинен ача албай койду. "Ушинтип
камалып каламбы, анда эртең эле мунун кожоюну багажды өзү ачканда кармалып калам. Анын кандай адам экенин ким билет, мени ууру деп кайрадан милициялардын колуна карматып, салып бери коюшу ыктымал. Жок, кандай болсо да бул жактан чыгышым керек. Сыягы машинесинин оозун ачкыч менен бекиткен жок окшойт. Бах, чиркин машинесинде акча болуп калса кандай гана жакшы болот эле, дароо бул жактан безип жоголот элем…" Багаждын эшигин түртүп көрдү эле ачылбай койду. Бекиткен жерин колу менен акырын
сыйпалады. Кулпусу катуу бекилиптир, бирок бир нерсе менен ачса болчудай экен. Колу менен жан жерлери сыйпалап бир нерсе издей баштады. Ары бурч жагында сумка бар экен, ичин ачса толтура машиненин ачкычтары салыныптыр. "Кудай берди деген ушул" Диана сүйүнүп кетти. "Мунун ичи түрмөдөн да жаман экен, ушу боюнча камалып жата берсең капастан айырмасы жок. Кой, кандай болсо да чыгыш керек", -колу менен сыйпалап бир ачкычты таап алды дагы алиги кулпунун илгичин күч менен түртө баштады. Илгичке илинбей эки-үч жолу колу тайып кетип ары жактагы темир уруп алды. Ачкыч темирге тийгенде эки-үч жолу "тарс" деген
үн чыгып кетти. Эч ким уккан жокпу дегендей токтоп калды да дымын чыгарбай сырт жакка кулак төшөдү. Сырт жак тымтырс сыягы машинанын ээси гараждын оозун бекитип ары жактагы үйгө кирип кетсе керек. Диана кайрадан тырмалаңдап кулпунун илгичин ачууга аракет жасай баштады. Ошо маалда кандайдыр кишилердин сүйлөшкөн үндөрү угулуп, сырт жактан дагы бир машине киргендей болду. Андан соң ага удаа эле дагы бир машине кирди. Көп өтпөй экөөнүн тең мотору өчүп, эшиктери биринин артынан бири удаа "тарс" этип жабылды да кобурашкан адамдын үндөрү ары карай алыстап кетти. Кайрадан жымжырттык, сыртта кез-кез иттердин үргөн үндөрү угулуп жатты. "Сыягы короодо чынжыр менен байланган эки-үч ит бар окшойт. Эгер бар болсо кантип чыгып кете алам короодон? Ие, башка салганды көрөрмүн, андан көрө бул капастан чыгайынчы" . Алиги чоң ачкычты алып кайрадан кулпуга асыла баштады. "Кой бир аз жата турайын, али эрте чыкканга, сыртка караңгы кирсин, анан эл тынчыганда муну эптеп ачып алам да бул жактан чыгып кетем". Диана сол жак капталына оодарылып жатты. Бутун сунуп көрдү эле мүмкүнчүлүк ала албай койду. Керилип-чоюлуп, бутту кенен сунуп жатканга эмес болчу. Ошентсе да эптеп ыңгайын таап уюган буттарын жазып алып атты. Эптеп убакытты өткөрүш керек эле. Тээ мектепте окуп жүргөндөгү жаш кезин эстеди. Анда төртүнчү класста окучу, эжеси экөө уруша кетип, ага таарынып сандыктын ичине кирип жашынып калган. Анда да дал эле ушундай болуп капкараңгы болчу. Бирок буга салыштырмалуу алды
жумшак жатканга ыңгайлуу эле. Энеси өзүнө жаккан ар кандай чүпүрөк-сапырактарды сатып алып, кийин кыздарым күйөөгө чыкканда ушуларды берем деп чогултуп сала берген. Сандыкка жата бери, жата бери дал эле азыркыдай болуп уктап калыптыр. Ошол боюнча таңга жуук барып бир ойгонгон. Уйкусурай сандыкты ачып алып төшөгүнө жатканы келатса эжеси, апасы менен атасы бул каяктан келатат дешип
ооздорун ачып өз көздөрүнө өздөрү ишенишпей таңгалып калышыптыр. Анткени аны жоготуп ийишип түнү бою айылды түп көтөрө издешиптир. Кошуналарга барып алардын тынчын алып, чуңкурлардын баарын карашып, элирип кетпесин дешип айыл четиндеги мүрзөлөргө чейин барышыптыр. Короо-сарайларды бүт эч нерсесин калтырбай тинтишиптир. Үйдүн ичиндеги залдын бурчуда турган сандык дегеле ойлоруна келбептир. Чачы-башы уйпаланып уйкусурап келаткан кызын көрүп үчөө тең бакыра басып калышкан. Түнү бою укташпай үчөө тең жинди болуп кете жаздашыптыр. Атүгүл эжесин да апасы аябай урушуптур. Бул окуяны көпкө чейин унутушпай эстешкен сайын күлүп жүрүштү. "Ооба анда караңгы болгону менен
запросто чыгып кетсе болот болчу, азырчы, кыйын болсоң эми чыгып көр… - анын оюн машиненин дүрүлдөгөн үнү бузду. Гараждын дарбазасы ачылып сырттан кандайдыр машине кирди. "Бул
эмне гаражбы же автостоянкабы? "" Диананын башы жетпей турду.Машиенин газы катуу-катуу басылды да анан тынчып калды. Кишилердин кобурашкан үндөрү чыгып, акырындап алар да жоголуп кетишти. Диана жарым сааттай жатты, акыры чыдай албай кетти, алиги чоң ачкыч менен ачылбасына көзү жетип кайрадан колу менен сыйпалап учу шиш отвёртка таап алды. Аны кулпунун башына кийирип туруп өзүн карай күч менен тартып жиберди эле "тарс" этип багаждын капкагы ачылып калды. Ордунан акырын көтөрүлүп айланасына көз жүгүрттү. Алиги гараж дегени үстү аябай бийик, ичи кенен, чоң зал экен. Айланасына бир аз көз жүгүртө акырын багаждын ичинен сыртка суурулуп чыкты. Үч-төрт чет элдик машие тизилип турат. Багажды акырын
жаап машиненин ичинде бир нерсе болуп калбасын деген ниет менен эшигин тартып көрдү. Бактыга жараша ачкыч менен бекилбептир, акырын ачып ичине кирди. Алдыңкы орундагы майда барат буюм-тайым салгычын ачып көрдү эле желим баштыкчада салынган бир нерсе бар экен. Ичин ача салса жумшак нан, колбасасынын кесиндиси, жумуртка, быштак бар экен. Аларды көрүп энеси эркек төрөгөндөй сүйүндү. "Оо Кудайым, чын эле мага боору ооруду окшойт. Ыракмат сага. Эми дагы жолумду бере көр" бир жарым
суткадан бери оозуна наар албагандыктан колундагы гүлазыкты бирөө келип колунан жулуп алчудай шашкалактай чала- була чайнап жутуп кирди. Ошо маалда күтүлбөгөн жерден гараждын залы күйүп ары жактан эки-үч киши кирип келишти. Диана машиненин ичине жашынганга араң-араң үлгүрдү. Тигилер өз ара
бир нерселерди сүйл-шүшө четте турган машиненин багажын ачып, желим жащикке окшогон төрт бурчтуу бир нерсени бир бирден көтөрүштү да кайра кетип калышты. Электир жарыгы кайрадан жалп этип өчтү. Сыягы
айланага эбакта эле караңгы кирсе керек, Диана машиненин артында канча саат уктаганын, канча саат жатканын эстей албай койду. Желим баштыктагы гүлазыкты арыдан бери мойсоп таштады да жумшак отургучка бир аз жата кетти. Бул жактан кеткиси да келбей, таң атканча ушул жерге жатып түнөгүсү келип турду. "Түнү бою жатып эртең менен кайрадан багаждын ичине кирип алсамбы?" көзүн жума бир аз ойлонуп турду. "Кой болбойт, кармалып калышым мүмкүн, анда кайрадан милициялардын колуна түшөм. Андан көрө ушундай кырдаалдан пайдаланып түн ичинде качып чыгып кеткеним оң. Бул жерде дагы бир-эки сааттай жата
турайын элдин баары тынчып уйкуга киргенде сыртка чыгууга аракеттенем" . Көзүн жумуп бир топко жатты.
Уландысы бар..
11-бөлүм.
Арадан жарым саат өткөндөн кийин кайрадан электир жарыгы күйүп жанагы үч киши кайрадан киришти да алиги машинеге барышып, дагы бир бирден үч жащикчени көтөрүп ары жакка чыгып кетишти. Электир жарыгы
кайрадан өчтү, гараждын ичин караңгылык каптады. Диананын көзү караңгылыкка көнүп калгандыктан гараж ичиндеги нерселердин бардыгын кадимкидей көрүп турду. "Менимче уже түнкү саат он экилерден өтүп бирге чукулдап калды го дейм, булар эмне уктабай жүрүшөт. Баса, мен азыр кайдамын? Балким бул круглосуточно иштеген бир организациядыр? Андай болсо жакшы болбойт беле, короодон запросто чыгып кетмекмин…"
Машиненин ичинде дагы бир нерсе бар бекенби деп эч нерсеси калтырбай бардыгын аңтарып чыкты. Эркектердин кол саатын таап алды. Саат экиге жыйырма беш мүнөт калыптыр. Аны алып туруп колуна тагып алды. "Кой, уже пора, бул жактан кетпесе болбойт". Ал акырын сыртка чыкты да машинелер кирген дарбаза жакка барды. Ал ичинен ачкыч менен ачылма экен. Бери жактан алиги отвёртканы алып келип аны ачууга
аракет кылып көрдү, бирок ача албай койду. "Балким тигил жагынан чыгып кетсе болот чыгаар?" алиги үч киши жащик көтөрүп чыгып кеткен эшик тарапка барды. Түртүп көрдү эле ал жак да ачылбай койду. "Демек
машинелер кирчү жакты киши киргиз кылып бекитишкен экен да". Бир аз туруп айланасына көз жүгүртө тээ бурч жакта өйдө көздөй кетчү аябай бийик көтөрүлүп кеткен темир тепкичти көрүп калды. Дароо ошол
тепкичтер менен өйдө карай көтөрүлүп чыгып жөнөдү. Тепкичтин бийиктиги кеминде эле он беш метрдей экен. Көтөрүлүп барып темир эшикти түртүп көрдү эле эшик ачылып кетти. Анын үстүндө узунунан кеткен кууш коридор бар экен. Ошол коридор менен жүрүп отуруп кичине бөлмөгө кирди. Ары жактагы эшигин тартып көрдү эле ачылбай койду. Терезелери болсо бир карыштан жыш кылып темир менен тордоп салышыптыр. "Демек бул жактан да чыгууга мүмкүн эмес экен да". Диананын көңүлү чөгө эмне кылаар айласын таппай, башын тырмай туруп калды. "Канткенде бул жактан чыгып кетем, кандай болсо да бир жолун табыш керек". Аңгыча төмөн жагынан кандайдыр бир жарыктын шооласын көрө койду. Акырын барып караса капкак экен. Илгичин ары тартып ачып жиберди да чочуп кетип кайра жаба салды. Төмөн жакта кишилер жүрүптүр. Бир аз эсин жыйып отурган соң кайрадан акырын ачып төмөн жактагыларга көз жүгүрттү. Өз көзүнө өзү ишенбей өңүмбү түшүмбү деп ажырата албай таңгала карап туруп калды. Тээ төмөн жакта алиги үч адам кандайдыр бир станок, аппараттар менен жасалма акча жасап чыгарып, ары жакка жыйып жатышкан болчу. Капкакты анча чоң ачпай анча-мынча көтөрө төмөн жакта иштеп аткандарга кунт коюп карай баштады. Үчөө тең бири-бирине окшош көк халат, колдоруна жука мээлей кийип алышыптыр. Узунунан кеткен рулон кагаз жай жыла станоктун ичине кирип, аркы жагынан жыбырап акчанын сүрөтү болуп чыгып жатты. Анын сапатын текшерип, кунт коюп караган көз айнекчен киши кылдат көтөрө экинчи станоктон өткөрүп, анан үчүнчүсүнө алып барды.
Үчүнчүсүнөн кадимкидей бөлүнүп-бөлүнүп кесилип, ары жагынан акча болуп чыгып, өзүнөн өзү ак кагазга ороло таңгакталып ороло берди. Бирөөсү акчанын сапатын текшерип, начар болуп жакпай калгандарын ары жактагы жащикке брак кылып ачуулана ыргытып жиберди. Диана алардын ар бир кыймыл-аракеттерин жарым
саатка чейин былк этпей карап турду. Ушул жарым саат аралыгында алар бир да жолу сүйлөшүшкөн жок, өз кызматтарын билгендей бири-бирине көңүл бөлбөй иштей беришти. Капкакты акырын жаап Диана өзүнчө ойлонуп калды "булар акчаларбы же…, жөн эле кагаздарбы? Жөн эле кагаздар болсо уурданышып түн
ичинде иштешпейт эле го… Бирөөсүнөн кутулуп, эми экинчисине тутулдумбу, булар кимдер? Контрабандага
кабылдымбы, деги эмне болуп баратат мамлекеттер? Ушул убакка чейин катуу тартип болуп келген Союз чачыраганы мыйзамга жакпаган, өкмөткө баш бербеген көп нерселер пайда боло баштады, керек болсо буларга милициялардын өздөрү да аралашып кетип жатышпайбы. Мафия эч убакта токтобойт да жоголбойт. Мындай нерсеге чоң кызматтагылардын өздөрү да аралашып кетиши мүмкүн. "Дүнүйө пайгамбарды да жолдон чыгарыптыр" дегендей байлык, акча кимдерди гана азгырбайт да, кимдерди гана кутурттурбайт…" Диана эңкейе кайрадан капкакты ачып төмөн жакты карады. Экөө эле калышыптыр, бирөөсү таңгакталган акчаларды бирден алып компьютер менен текшерип кайра башкача кылып таңгактап жатты. Экинчиси күтүлбөгөн жерден акчаны өйдө көтөрө жарыкка карады, шашып кеткен Диана капкакты жаба салды. "Мени ал байкап калдыбы?… Жок байкашы мүмкүн эмес. Алар өтө эле берилип иштеп жатышат. Акырын артынан келип кармап калбасын деп сактана айланасына бир сыйра көз жүгүртүп алды. Эч дабыш эч кандай шек билинбейт. Акырын барып эшиктерди жаап келди, " Баса, машиненин арткы багажын жаптым беле?" Эстей
албай койду. Эстей албай койду. "Эгер ачык боюнча калса шек алып калышып, дароо эле кармашат мени, кой кеч болуп кала электе текшерип коёюн". Диана ордунан атып туруп бутунун учу менен кайра сыртка жөнөдү. Басканда дабыш чыкпасын деп бут кийимин колуна кармап алган болчу. Тепкич менен төмөн карай түшүп,
жабылбай калга машиненин эшигин акырын дабыш чыгарбай жапты да арткы багажын текшерип көрдү. Жабык экен. Ошол маалда күтүлбөгөн жерден гараждын залы "жарк" дей түштү. Диана дароо машиненин артына калкаланды. Кимдир бирөөлөр өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүшө ары жактагы машинеге барышты да арткы багажын ачышып бир нерсе алышкандай болушту. Анан өз ара кобураша машиненин жанына туруп калышты. Бирөөсү чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып , "зажигалкасы" менен тамекисин күйгүздү. Бул мезгилде Диана машиненин ары жагына өтүп, астына акырын сойлоп кирип кеткен
болчу. Көп өтпөй эле бардыгы машинеге отурушту да от алдырып гараждан чыгып кетишти. Гараждын эшиги кайра жабылып калды. Сырткы короодон иттердин үргөнү, машиненин үнүнүн алыстап баратканы угулуп турду.
Уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1