8-бөлүм.
КАЧУУ
Диана Ташкентке келгени бир аптадай катуу кыйналды. Анткеи аларды күндүзү кечке үй түрмөдө камашып, түнкүсүн болсо көрүнгөн эркектердин коюндарына салып беришет. Көзөмөлчүлөр кыздарды качага соодалап жатышканын эч кимиси билишпейт. Бөлмөдө чогуу жатышкан кыздар менен таанышып чыкты. Ача чоң эмес бөлмөдө жатышкан төрт кыз адегенде сүйлөшүшчү эмес, сүйлөшкөнгө убактылары да жок болчу, түнү менен катуу кыйналып чарчап келгендики кроватка баштары тийери менен эле сулк жыгылышчу. Анын үстүнө көпчүлүк учурда ичип келишчү, кээде туалетке барып кусушуп, баштары ооруп катуу кыйналышчу.
- Мынчалык деңгээлде ичпей эле койбойсуңарбы, өзүңөрдү өзүңөр кыйнап… - бир жолу ооруп жаткан кыздарга ушинтип кайрылган Диана.
- Кантип ичпей коёсуң тигилер кыйнап жатышса. Ичпей моюн толгой берсең көзөмөлчүлөргө айтып коюшат, аны өз көзүң менен көрдүң го өткөн жолу жаңы келген кызды кандай сабашканын. Ал ошол боюнча дайыны чыкпай калды, өлтүрүп коюшту болуш керек же Бишкекке алып кетишти. Аны тигил жактан кайрадан перевоспитывайт этишет.
- Бул жактан качан кетебиз, кыйналып ушунчалык тажап баратам…, - Диананын сөзүн жанында турган уйгур кыз бөлүп кетти.
- Бул жактан кеткенде эле жыргайм деп ойлоп жатасыңбы. Баары бир кайра эле Алма-Ата, Душанбе, Ашхабад, Россиянын ар кайсы жерлерине алып кетишет. Көрбөгөн кордуктун баарын ошол жактан көрөсүң. Кээде жалгыз өзүңдү беш кишиге бир түнгө сатып жиберет. Алар сени аяшмак беле, тем более акча төлөп жатышса. Бир же эки эркек менен болгон эч нерсе эмес, чыдасаң болот, ал эми жанагыдай беш-алты эркекке салып берчү болсо мына кордукту ошондо көрөсүң. Керек болсо тияк жактарын жалаттырып оозуңа салдыртып мажбурлайт. Чоң суммадагы акча төлөп жатышкандан кийин өз билгендерин жасашат. Макул болбосоң сабап, тепкилешет. Аларга ушундай улуксаат берилген. Бөлмөдө Диана өзүн кошкондо төрт кыз жатышчу. Бирөөсү уйгур, экинчиси тажик, үчүнчүсү болго кыргыз, жердиги Таластык, аты Замира экен. Айтып отурушса
үчөөнүн кандайча биякка келип түшүп калган тагдыры үч башка болуп чыкты.
- Мен бул жакка кандайча келип калганыма өзүмдүн да башым жетпейт, - Замира башынан өткөнүн айтып кирди. Чогуу жүргөн жигиттерим эле сатып коюшту мени. Туулган күндөн үч жигит эки кыз болуп түнкү саат экилерде чыкканбыз, баарыбыз тең кызуу болчубуз. Жеңил машине менен кетип баратканбыз, мени үйгө жеткиришмек, анан өздөрү кетишмек. Мединститут жакта үч кыз болуп квартирада турчумун. Жолдон дагы бейтааныш эки жигит кошулушту. Алардын да чет элдик жеңил машинелери бар экен. Бир жерге токтоп дагы вино, арак ичтик. Мас болуп уктап калдымбы, же тигилер ичкиликке бир нерсе кошуп коюшканбы билбейм, айтор эс-учумду билбей уктап калыптырмын. Ойгонсом эле чоочун бөлмөдө уктап жатам, жанымда эч ким жок. Туруп сыртка чыгайын десем сыртымдан бекитип коюшуптур, көрсө Марат Исабековдун менчик түрмөсүнө алып келишиптир. Сыягы алар мени акчага сатып жиберишти окшойт. Алар шаар ичин
кыдырышып, сулуу кыздарды издешип, кароолго илинишкен жаш, сулуу кыздар болсо, көпкө чейин сыртынан акмалап жүрүшүп, кандай жол менен болсо да өздөрүнүн кылтактарына илишет экен. Бүттү кылтакка илингенден кийин ал жактан бошонуп чыгууга өтө кыйын. Мына мен бул жакка келгениме дээрлик бир жылга чукулдап бара жатат, менин кыз сапатымдын эмнеси калды. Канчалаган гана эркектер менен болдум, канчаларынын уйпаландысына калдым, канчаларынан тепки жедим, токмок көрбөдүм. Мен көргөн кордуктун сен чекесин да көрө элексиң. Мурун кордукка чыдай албай күндө көз жашымды көлдөтчүмүн, өлгүм келчү, мени куткара көр деп Кудайдан жалынып жардам сурачумун. Адам көнбөгөн эч нерсе
жок экен, мына бара-бара көнүп, бышып, бардыгына моюн сунуп берүүгө туура келди. Кимдир бирөөлөр келип куткарып кетчүдөй үмүт менен жашап жатам. Менин жашоом али алдыда, бул жашоодон эч нерсе көрө элекмин кордуктан башка. Мен быйыл он тогузга чыгам, он гүлүмдүн бир гүлү али ачыла элек, канчалардын гана тебелендиси болбодум. Мындан көрөкчө көчөдө өз денесин саткан сойку болгонум жакшы болчу, зато алар эркин жүрүшөт. Кетем десе каалаган учурларында кетип калышат. Жок дегенде өз денесин саткан акчасынын жарымын алышат. Баса, эмне себептен кыздар кээде топ-тобу менен дайынсыз жок болуп кетишүүдө, билесиңби? Алардын бардыгын өлтүрүп, көздөрүн тазалаганга мүмкүн эмес да, аларды чет өлкөлөргө бай адамдарга сатып жиберип жатышат…
- Буларды бийлик өкүлдөрү кандайча билишпейт таңгалыштуу.
- Таңгала турган эч нерсе деле жок, алар бардыгы өз ара чоң мафия да. Булар менен сотуң да, прокуроруң да, атүгүл милицияларың да бүт байланышта. Жада калса жөнөкөй эле жергиликтүү участковый милицияларды дагы колго алып
коюшкан. Ай сайын аларга өздөрүнүн "ставкаларын" төлөп турушат. Тигинтип бийлик өкүлдөрү өздөрү көрмөксөн-билмексен болуп, көз жаздымынан кетирип жатышса булар кутуршпаганда анан кимдер кутурушат. Буларга бизден бир түндө эле элүү, алтымыш миң прибыль түшүп турат, аны бир айга эсепте, анан бир жылдыкын эсепте канча киреше болот. Чыгаша же банкрот болуу деген дегеле болбойт. Минтип отурушса булар акырындап бардыгын өз колдоруна алып отуруп,
мамлекеттик бийликти дагы талашып калышпаса болду.
- Баса, башка жерлерде дагы ушундай түрмөлөрү барбы?
- Азырынча жок, борбору Бишкекте, башка өлкөлөрдө болсо кичине мыа ушул сыяктуу отделдери бар. Жашыруун түрмө ачышкандан чочулап жатышат го сыягы башка өлкөлөргө, бирок бардык жерлер менен байланыштары күчтүү. Кыргызстан тынч, ошол себептен ачышса керек жашыруун менчик түрмөнү. Марат Исабековду башка өлкөлөрдөгү бай кишилер да колдоп, көмөк көрсөтүп турушат. Тигил башка улуттагы кыздардын бардыгын ошолор жөнөтүшкөн кыздар да. Бул жашыруун уюм жөнүндө биздин Президентибизге же чыныгы Бийлик өкүлдөрүнө жетпей жатпайбы, билсе чоң сенсация болуп, булардын таш-талкандарын чыгарышат эле. Азырынча мүмкүн эмес, бирок балким жетип калабы деп үмүттөнүп отурбайбызбы. Ошол күнү беш кызды кеч кире электе эле эрте алып кетишти. Каякка алып кетишти эч кимиси кызыгышкан деле жок. Анткени өздөрү деле ошолордой болуп каякка барышарын билишпейт болчу. Бул түнү Диана баштаган беш кызды кайрадан өткөн жолку саунага алып келишти. Эки аптанын ичинде бул саунага Диананын экинчи жолу келиши. Буга чейин дагы башка сауналарда, кафе, бар, ресторандарда болуп, бай адамдарды "камсыздандырып" жүрдү. Бул саунага келген сайын түн ортосунда туалетине кирет да терезедеги айнекти акмалайт. Сауна башкалардан өзгөчө жасалгандыктан бул жакка жалаң чет элдиктер келишчү. Бул жолкусунда да Германиядан келишкен чет элдиктер бар экен. Саунага кирген беш кызды тең бүт сатып алышты. Алар кыздарды жылуу кабыл алышты. Тизилип турган кыздарга жылмая карашты.
- Неймен зи битте пляц, - дешип алакандарын жайыша алдыларындагы ичкиликтерден куюп киришти, - тринкен зи шнапс?
Кыздар эч нерсе түшүнүшкөн жок, -Эншулдигинзе бите, шпрехен зи дойч?
- Найн, найн - кыздардын бирөөсү аларга анча-мынча жооп бергенсип жатты. Немецтер өздөрүн өтө сылык, джентельмен жигиттердей алып жүрүштү, кыздар да тартынбай иче беришти. Бардыгы кызып калышкан болчу, бир эркек бир кыз болуп эки экиден жуп болуша саунага кирип чыгышып кайрадан столду тегеректеп отурушууда. Кайра-кайра арак ичип атышып, эркектердин бир тобу кызып калышты. Түнкү саат экиден өтүп үчкө чукулдап калганда ар кимиси өздөрү менен өздөрү болушуп бака-шака түшө башташты. Ошо маалда Диана акырын эч кимге билгизбей ордунан туруп туалетти көздөй жөнөдү. Өзү менен кошо эч кимге билгизбей бычакты алып алга болчу. Туалеттин эшигин дароо жапты да ичинен илип алды. Анан дароо эле жогору жакка көтөрүлүп бычак менен терезенин айнектериндеги мыктарды кайрып чыгарып кирди. Мыктарын чыгарып болуп, айнегин акырын алды да жерге койду. Бир киши кенен батчу аңырайып ачылып калган терезеге тартынып чыга баштады. Тартынып келатып кайра түшүп кетип көпкө убараланды. Каалганы болоор-болбос ачып акырын сыртын тыңшады эле тигилер өздөрүнчө кыздар менен бака-шака түшүп жатышыптыр. Кыздардын каткырган үнү угулат. Кайра дароо эшикти жапты да ичинен илди. Болгон күчү менен тартынып терезеге жетти, башын сыртка чыгарды. Төмөн карай
түшүү кыйын, ичине караганда бир топ бийик экен. Терезеден сойлоп өтүп, боюн, бүткүл денесин төмөн карай таштады эле катуу цемент жерге келип түштү. Көйнөгүн бир нерсе илип айрып кетти, жерге катуу түшкөндүктөн өзөрүп да калды. Дем алалбай өпкөсү куушурула бир топко жатты. Сауна ичиндеги каткырган кыздардын үнүн уга коюп эсине келе дароо ордунан атып турду. Анан темир торду секирип өтүп көчөгө чыкты да эркин дем ала болгон күчү менен бет алды чуркап жөнөдү.
САУНАДАГЫ ЫЗЫ-ЧУУ
Кыздар да чет элдиктер да бардыгы тең кызып калышкандыктан көзөмөлчүлөр аларга анча деле көңүл бөлүшкөн жок. Анын үстүнө саунага бири кирип бири чыгып атып кыздарды толуктаганга да мүмкүнчүлүк жок болчу. Түн ортосунда качып кетет деп эч ким ойлогон жок, эшиктер болсо бекилүү, ар бир бөлмөдө аларды үстүлөрүнөн карап турушкан көзөмөлчүлөр бар.
Диананын байкатпай жок болуп кеткенин эч кимиси таңазар алышпады, Замира гана бир нерсени сезди. Анын туалет жакка кеткенин жалгыз гана ошол байкаган, артынан барып туалетти тартса ичинен илинүү экен, ичи бурап, же кусуп атат экен деп кайра ордуна келди. Арадан жарым саат өткөндө "эмне болду?" деп чыдай албай сары санаа болуп кайра барды. Эшигин тартса ичинен илинүү эле боюнча экен, акырын тарсылдатып "Диана! " деп үнүн жай чыгарды. Экинчи жолу дагы тарсылдатып, "Диана" деп чакырса ич жактан эч дабыш чыккан жок, жымжырт. Диана өз тамырын өзү кыйып, же асынып өлүп калдыбы деген ага дароо эле жаман ой кетти. Эшикти болгон күчү менен булкуп, илгичин сындырып, ичине кирип барды. Ичинде эч ким жок экен, бурчта турган төрт бурчтуу айнекти көрө коюп, дароо терезе жакты карады. Терезе аркылуу өткөнү дароо эле билинип турат, анткени кандын тактары бар экен. Замира дароо эле айнекти ала коюп терезени ордуна салып мыктарды кайрып мурункудай кылып бекитип салды. Кандарды билгизбей сүртүп, туалеттин сынган илгичин жулуп алып, раковинанын ичине салып таштады. Анан билмексен боло кайра ордуна келип тигилер менен аралашып калды. Чет элдиктер бир топ эле кызып калышкан болчу, йген эле бассейнге сүйрөп кирип атышып, ким бар ким жок анча маани да беришкен жок. Жалгыз гана Замира "эртерээк эч кимге билинбей, кармалбай көздөн кайым болуп кетсе экен" деп Кудайдан тиленип жатты. Аракты кайра-кайра ичип жаткан чет элдиктердин бирөөсү диванга кыйшайып жата үргүлөп кетти. Эч ким шек алалбайт болчу, анткени төртөө эки-экиден жуп болуп калышты. Акырындап таң ата баштаганда ого бетер тынчы кетти "Ээ Кудайым ал кармалбаса экен…" Эртең мененки саат сегиз болгондо көзөмөлчүлөр өз кыздарын алып кетишчү, анткени кечки саат сегизден эртең мененки саат сегизге чейин гана соодалашат. Сырттан көзөмөлчүлөрдүн экөөсү кирип келишип кызуу болуп отурушкан кыздарды түгөлдөй башташты. Замира атайылап эч нерсе билбеген, аябай мас болуп калган киши болуп калды. Төртөөнү катар отургузуп Диананы издей башташты. Саунанын, бассейинин, мончосун, туалетине, эс алчу бөлмөлөрүн бүт кыдырышып чыгышты. Аны эч жерден таппай коюшту. Бирөөсү бери кыздарга жүгүрүп келди да кыйкырып бир тийди.
- Диана кайда?!
Замира аябай мас болгон эч нерсени билбеген киши болуп башын шылкыйта отура берди. Көзөмөлчүлөр мас болуп калган
кыздарды улам бирден тургузушуп жаакка чапкылап, сабап Диананы сурай беришти. Чындыгында да берки кыздар аябай мас болуп калышкан болчу. Алардан оңдуу жооп ала алышпаган соң саунанын ичин түп көтөрө тинтип издей башташты. Эч жерден таппай коюшкан соң дароо сыртка короого чыгышты. Ал жакта да жок болчу. Аны кандайча качырып жиберишкенине өздөрү түшүнбөй жатышты. Эшик-терезелердин бардыгы тордолуу, сыртка чыкчу эшик кайтарылууда, ар бир бөлмө көзөмөлдө болчу. Бирөөсү дароо эле "сотовый" телефону менен кандайдыр бир жакка телефон чалды. Көп өтпөй эле ак мерседес машине саунанын короосунун ичине кирип ичинен жабылыша беш-алты киши чыгышты.
- Эмне, бирөөнү качырып жибердиңерби, кимиси качып кетти?
- Диана деген кыргыз кыз… Бардыгы жабылыша саунаны айлана издей башташты. Бирөөсү саунанын туалетинин терезесинен төмөн карай сүрүлгөн кадын тагын көрдү. Айнеги ордунда болчу. Терезедеги мык анын бир жерин тилип кеткени билинип турду. Кан бир топ эле агыптыр. Кандын изи менен кууп жүрүп отурушту. Көчөгө чыгышып бир чакырымдай жерге чейин барып кандын изи жоголуп кетти, же машинеге отурганы же каны токтоп калганы белгисиз. Саунанын сыртындагы беш-алты киши өздөрүнчө дүрбөлөң түшүп калышты. Ошол маалда чет элдик кишилер саунадан чыгыша ары
жактан келип токтогон машинеге отуруп жатышкан болчу. Бардыгы тең кызуу болушчу, алардан сураганда биз эч нерсе билбейбиз дегендей ийиндерин күйшөштү. Бир түнгө акчасын эки-үч эселеп төлөп беришкен, алар үчүн бул окуянын ысык суугу деле жок болчу.
Уландысы бар.....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1