“Атка жеңил, тайга чак”, жайдары досум бар. Бирөөнүн кубанычына сүйүнгөн жалаңтөш. Жаңы конуштан бирге жер алып, түтүн булатып келатканыбызга көп болду. Үйүнө барсам, кабагына кар жаап, өң-алеттен кетип отуруптур.
- Өзгөрүш керек!.. – деди маанайы суз. Оозуман сөзүм түштү.
- Тынччылыкпы? – дейм жаман кабар укчудай корунуп.
- Мен мине... көрүнгөндүн жонун жышып жүрө беришим керекпи?! – деп ордунан туруп ары-бери баса баштады. – Бирөөнө окулист көрүнөм... Дагы бириси “Проктологсунбу?..” дейт.. Деги мен киммин, өзү?!. Жок, болду, өзгөрөм!.. – деген досум чын эле өзгөрө түштү.
Баягы жайдаңдаган мүнөз жок. Заматта мерез жанга айланды. “Бет кабын сыйрыды...” дедим ичимен. Чейрек кылымдан ашык бирге жүрүп, мындай адам экенин такыр билбегениме өкүндүм, чынында. Сүкүт тартып отурабыз, экөөбүз эки жерде. Жибий турган түрү жок.
- Мончо курсам кутуламбы!.. – деди ортодогу тынчтыкты бузуп.
- Кутуласың... – дедим. Бирок, минеге антип айттым түшүнбөй калдым. Досуму эки жакка жумшап көнгөн жаным, азыр ал кайда жумшаса “тыз” коюуга даяр элем. Бир нерсеге жаны ачып тургандай. Жубатар сөз таппайм.
- Мончого барсам, “жонуму жышып коёсузбу, байке...” деп келип калышат. Бирөөнү жышыйм, экөөнү жышыйм... Мен мине жышыгыч белем!.. – сигаретин тутандырып мага суроолуу кадалат.
- Ошол элеби... “Жок” деп койсоң эле кутуласың да... – дедим орундуу жооп тапкандай.
- Кантип “жок” деп айтасың?.. “Жок” деп коюш оңойбу... Эй доске, адамдын көңүлүн кыюу текеберлик да... – дейт.
- Бир жолу “жок” деп көрчү... – дейм анын эркин сынагандай.
- Өткөндө “жок” эле дейм деп баргам мончого. Кудай жалгап, “Жонуму жышып бер” деген эч ким болбоду... Парда терге чыланып отурсам, “Байке, шыпыргы менен чаап бересизби?..” деп так маңдайымда бир жигит турат го... Эми “жонуму жышы” деген жок да, туурабы?.. “Макул” деп шыпыргы менен чаап бердим. Анын артынан бирөө келди, ага дагы жардам бердим... – деп унчукпай отуруп калды.
- Мине дейсиң эми?.. Өзүң “жок” дей албасаң... – дейм элпектигине ичим жылып.
- Анан эми ойлонот экенсиң да... Канчалаган киши отурат, ошонун ичинен мени гана тандап келишет... – деп нааразы болгондой жер карады.
- Ээ, досум сен деген маңдайы жарык кишисиң да... Ак көңүлсүн... Ушундан улам сага кайрылышат... – дедим көңүлүн жубата.
- Жок эй, бу менин чабалдыгым эле... Ушу мүнөзүм мени бирөөгө барымтага салып берет да... Жок өзгөрүү керек!.. – деди ишенимдүү. – Өткөн жумада светофордон өтүп баратсам... – деп сөзүн улап: - Жеңимен эле бирөө тартат десең. Карасам, биз курактуу бирөө, “Пиво каякта сатылат, билбейсиңби?” дейт. “Дүкөндө...” дейм шашыла жолдон өтүп баратып. “Жок, жанагы сары бочка менен сатылган пиво болсо жакшы болот эле” деп айтпайбы, жолумду тороп... Мен мине ага пиво ичкич көрүнүп атамбы?.. Ушунча адам өтүп баратса, мага келип сайылат... – деди капа болгондой.
- Эми сенин курсагыңды көрүп сурап жатса керек да... – дедим тамашалай.
- Ой, курсагы дамбрадай болгон адамдар толуп атпайбы... Ошолорго барбайбы, пиво сурап... Кызык эй... – деди досум чычылагандай.
Муз ээрип, досумун азыркы бет кабы сыйрылып, баягы жайдаңдаган калыбына келаткандай туюлду мага. Бирок, сыр бербейт.
- Азыр сага бир нерсе айтсам, кулайсың... – деди ууртунан күлкүсү бүлкүлдөп.
- Кана айтчы?.. – дейм.
- Кулайсың... – дейт.
- Атпайсыңбы эми... – кызыгуум артып, угууга ашыгам.
- Маршруткада баратсам бир жигит, “Байке сизде бир суроом бар эле?..” дейт. “Айта бер...” дедим... Азыр айтсам кулайсың... – деп күлүп карап турат досум.
- Болбойсоңбу эми... – дейм аны шаштырып.
- Андай суроону мага гана беришет... Болгондо дагы маңдайыма келип алып сурашат... өчөсүң азыр... – дейт мага табышмактуу тигилип.
- Айт эми... – деп чыдамым кетип баратты.
- Кулайсың азыр... – деп сигаретин тутандырып, жаныма келип: - Тиги жигит, “Байке, ит менен мышык канча саат уктайт...” деп атпайбы... – дегенде эртеден берки тумчуккан күлкүнүн арааны ачылып, каткырык таш жарды. Досум менден мурда бүлкүлдөп күлүп жатты.
Чынында ишим түшүп келдим эле. Эми не дээримди билбей калдым. “Чын эле өзгөрүп алса, иш чатак экен...” деп атам өзүмчө. Аңгычаң бир нерсени унуткандай мага тигилип:
- Айта бер эми... Ушинтип отура беребизби?.. – деди сырымды билгендей.
- Эми доске, чай ичип отурганча, бедени орун койсокпу дегем... – дедим маселенин четин чыгарып.
- Ошол элеби... Баягы “чоң катындын көчүгү батпаган жерби?.. Азыр, чалгыны алып келейин... – деп эч нерсе болбогондой, бейкапар басып кетти.
Мен аны узата тиктеп, элдин ишеними пешенесинде шамдай жанган досумдун кимге болбосун кол сунуп, жалын тоскон аргымактай жароокерлигине суктанып бүтпөй келем. Ушундай ток пейил адамдар көп болсо, кана?
А балким ар бирибиз, “Мен киммин өзү?..” деп өзүнө суроо берчү учур келгендир?.. Жок, өзгөрүшүбүз керек окшойт!..
09.07.2024ж
Шекербек Калыков.
#токпейил_элдик
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4