Өткөндө шыпыргы жөнүндө ыр жазсам, окурманым эми пол жууганды жаз деди.
ПОЛ ЖУУГАНДЫН ПАЙДАСЫ.
Кандай жакшы пол жууган,
Тизелеп туруп отурган,
Колдоруң келип кыймылга,
Көнүгүү жагын болтурган.
Жылтылдап пол да тазарып ,
Жылытып жанды тазалык,
Жыйналып келип иретке,
Жыргалга келип баталык.
Күүлөнүп дайым дене баш,
Күч кубат менен өтсүн жаш.
Күжүрмөн кылат пол жууган,
Күнүгө керек кыймылдаш.
Тряпка сыгып күч менен,
Чыйралып турат бүт денең.
Ден соолук үчүн пайдалуу,
Машыгуу экен бүтпөгөн.
Кыймылсыз күндө жатпайбы,
Тряпка колго кармайлы.
Сезелик жандуу күндөрдү,
Сергектик өмүр баштайлы.
Жалкоолук жактан кетели,
Жакшылык күнгө жетели
Жаркырап турсун туш тарап.
Жашоого мыкты өтөлү.
Бакыт Асанов.
#полжуугандынпайдасы_элдик
Комментарии 3