Чалы ооруп турбай калды төшөктөн
Согуп сокпой талма кармап жүрөктөн
Уул кыздары кабар алып келгиче ,
Байкуш кемпир күн түн карап күзөткөн .
Эми уулу , кызы карап күн түнү
Кезек менен алмашышат утуру
Тууган урук абал сурап келишет ,
Эне курган бир нерсеге купулу
Толбой турат уул кыздарын сынаса
Келген элдер оорулуунуу сураса
Уулу да бош , кызы да бош тың эмес ,
Эл көзүнө көрүнгөнсүйт караса .
А бир кызы кымбат кийим кийинип
Орусиядан келгендиги билинип
Кызыл тазыл чачы турат бойолуп ,
Эне курган кайсы жерде тиргилик
Өтсө болду деген бирок балдары
Каада салтты жакшы билбей калганы
Өкүндүрүп турат азыр карачы ,
Түшүнүүгө келсе дагы баралы
Өлдү Чалы , чынар терек кулады
Аска тирек , жөлөнөөр тоо урады
Ызы чуулар , ый аралаш кыйкырык ,
Кемпир курган кошок кошту сыягы .
Кошок кошту чалы менен коштошуп
Сүрөттөдү бүркүт кушка окшотуп .
Өлүк көркү кошок тура тындасаң ,
Бүткүл кыял жоруктарын жоктотуп .
А кыздары уңулдашат сөз айтпай
Эне курган өзүн сезет кызыктай .
Кошок ырын койбой мурун үйрөтүп ,
Көрбөй аны жаман кылык жоруктай
Көрсө мурун түшүндүрүү керектей
Бу дүйнөгө түркүк болоор тиректей
Сезинсе да акыр Өлүм бар тура ,
Жакшы өлүм болсо деген тилектей .
Өмүр Өлүм ортосунда тиргилик
Кайсы жерде болгон менен ийгилик
Улутуна тиешелүү каада салт ,
Ыйыктыгын , бийиктигин билдирип .
Акыл насаат айтуу керек турбайбы
Башка түшүп , эми билип мындайды
Эне олтурат үшкүрүгү таш жарып ,
Эми муну айтса Бала тыңдайбы .
Үчүлүгү өтөөр менен балдары
Ишим калды , ишим бар деп тарады
Аза күтүп жалгыз кемпир соксойот ,
Мазар болуп , базар үйү баштагы .
Өмүр бою үйгө үйүп толтуруп
Кыял оюн үмүт менен болтуруп
Бала үчүн жүк көтөргөн турбайбы ,
Ойлоп көрсө кемпир жалгыз олтуруп .
Эми кара тирүүлүктөн алаары
Барбы жүрөк жарасына жагаары
Барбы кана ? Эмне алды жашоодон ?
Эне олтурат түгөтө албай санааны .
Жылдар учат , кемпир карып бүкчөйуп
Жоолугунан ак чачтары үксөйүп
Жүдөп барат , аттиң карып карылык ,
Жашап эптеп өлөөр өлбөс күн көрүп .
Кошуналар кирип чыгып турушат
Колдо барын тамак кылып сунушат
Ушул тура карып кылган карылык ,
Арыз кылсаң балдар кайдан угушат .
Өлдү кемпир өлгөндө келди балдары
Ушул тура жашоо деген жалганың
Көмөөр менен таркап барат шашылып ,
Бүтүрмөккө тиргиликтин калганын .
Ата салган чоң үй калды каралбай
Ат токуган эр токуму чачылып .
Тээ илгери базар болчуу бу эшик ,
Азыр турат куурай чөпкө басылып .
А Аталар неге Уулду тилешет ?
А анткени мурасым деп билишет .
Акылдуу бар ,акылсыз бар уулдардан ,
Акылсызы өз Мекенин жеришет .
************
Өмүр Өлүм ортосунда тиргилик ,
Кайсы жерде болсо дагы ийгилик
Журт таштабай ,Ата журтту унутпай ,
Адам болуу сапат тура бу бийик .
Автор : Кадыралиева Жазгүл .
Адыр айылы .
#жашоодогубирирмем_элдик
Комментарии 1
Авторго ийгилик