(Галлюцинация)
(аңгеме)
Жумуш столунда күнгүрөнүп олтурган бул бала, өзүн-өзү тааныбай олтурат... Бир кездердеги кыйындын кыйынымын деген өзүнө болгон корстондугу, чыгармаларым менен дүйнөнү багындырып жиберем деген укмуштуудай дымагы азыр жок! Ал дымак барында бул балада бир гана “адабият” деген гана дүйнө боло турган, ага экинчи дүйнөнү кошуп жиберем деп адашкан экен. Көрсө, ал эки дүйнө менен жашоого азыр даяр эмес болчу... Ал азыр алсыз, экөөнү бирдей алып кеткенге алы жетпей олтурат... Бирок, муну кеч түшүндү! Ар дайымкыдай өзүн шумдук сезип кетпедиби... Эмнесине мынчалык чиренген экен бул чунак?!.
Мына, ак кагазды тиктеп олтурганына үч күн болду. Үч күндө жарактуу бир да сүйлөм жаза алган жок!.. Кээде турап “а!” дейт, бир укмуш жазып жиберчүдөй сезилет өзүнө... Үч күн бою уйку көрбөй канталаган көздөрүнө заматта жымыңдап жан кирип кетет андайда, биртике кагазга үңүлүп бир нерселерди чиймелейт, бирок көп эмес, бат эле түнөрө түшөт, “жазуучулук шыгымды ошол жаңылыш кошкон экинчи дүйнөм менен кошо жоготкон экем го...” деген ой кайра эле шылкыйта коёт да, жаза салган кагазды мыжыгып ары ыргытат...
Азыр да бир нерсени чиймелеп кирди, көздөрү кайрадан жымыңдап, кагазга “менин эркем, менин аруу кызым..,” деп жазды да, жазганын саамга тиктей калып, анан сырттан бирөө көрсө кыжыры келээрдей адаттан тышкары каткырып, башын чайкап жиберди... “Менин эркем! Ха! Менин эркем!.. Оюмда, мага өзүн багыштаган, мендик гана болгон деп айткым келди да, э?! Ха!” Деп өзүнө-өзү суроо берди, кайра башын чайкап, ырсалаңдады. Столго башын жөлөй калды эле көзү илинип кеткенин өзү да сезбей калды, үч күндөн бери биринчи ирет уйку көргөнү ушул болду...
Сырттан кирип келген сөлөкөт эшикти катуу жапканда, бала чочуп ойгонуп кетти. Уйкулуу көздөрү ачышып, эки жакты караганча кирип келген неме столдун аркы башына олтуруп, бир китепти барактаганга да жетишти. Бала анын бетине карагандан мурда колундагы китебине карады, ал Есениндин тандалмаларын барактап жатыптыр. Мурда-кийин китепканасына кирген, өмүрү китеп окубаган досторун эстей калды. Бир нерсени түшүнчүүдөй китептерин кармалап көрүшүп кайра ордуна коюшканда, аны окуп түшүнүш үчүн баш керек, а баш сенде жок деп ойлойт эле ичинен. Азыр да тиги неме эң жакшы көргөн китебин кармалап жатканын көрүп, ошентип ойлоду.
- Мени өмүрү китеп окуган эмес, жөн эле барактап жатат деп ойлоп жатасыңбы?, – деп сурады тиги неме китепти бетине кармап. Анан бала жооп кайырганча китепти жүзүнөн алып койду.
Баланын араң ачылган көздөрү умачтай ачылып, чанагынан чыгып кете жаздады. Ордунан атып туруп, артка кетенчиктеп кетти...
- Кантип!? Сен кимсиң!?, – деп жиберди.
Тиги неме келекелегендей сүйлөдү:
- Кимсиң?.. Эмне болду байкушум, коркуп кеттиңби? Ким эле Есениндин “Черный человегин” сүйүп окуган? Ким эле Некрасовдун “Поэт и гражданинин” сүйүп окуган?.. Мен деген сенмин, тагыраагы үч ай мурунку сенмин...
Бала тигини дагы бир аз таңыркап карап турду, анан, “ а, сенсиңби” деп, тааный албай жаткан таанышын эми тааныгандай кайра ордуна камырабай келип олтуруп, маектешинин кебетесин шашпай карады. Чын эле өзүнүн кебетеси... Болгону азыркысынан анча толук, булчуңдуу, көздөрү жымыңдап бир нерсеге ышкылуу, ошол көздөрүнөн эле бул адамдын жашоодо койгон максаты анык экенин, жана ал максатына жетүүгө кубат-алы да бар экенин, чайнаарга таш таппай турган абалда экени даана көрүнүп турду. Ооба, бул чын эле үч ай мурунку өзү, бул бала мына ушундай өзүнө тың, максаттуу адам эмес беле, эми эле минтип калбадыбы...
- Ии, Шекспир, – деп сөзүн баштады тиги неме баланын жүзүнө сабыр келгенин байкагандан кийин. Анын ар бир сөзүндө кекээрлик, шылдың бар эле, канчалык чымыр, өзүнө ишенимдүү болгону менен бир башкача, өлүктөрдүн ааламынан келгендей түнөрүңкү, адамга бир жакшылыгы жок мерездей аурасы бар эле. – Уйку көрбөгөнүңө канча болду? – деп сурады. Хмм... Аз эле калыптыр...
- Эмнеге аз калат?, – деп эмне айткысы келип жатканын билип турса да сурап жиберди.
- Эмнеге болмок эле, өлүшүңө!.. Сен өзүңдү өзүң ичтен жеп жатасың, мындан өткөн азап барбы?.. Айтор, сен өзүң жакшы билесиң эмнеге экенин...
Бала унчукпады. Тиги болсо бир колун стулдун жөлөнгүчүнө артып, бутун учкаштырып кайра бир нерсе айтчудай шымаланды. Ошол учурда жерде жаткан кагаздарды көрө коюп, бирөөсүн колуна алды. “ Мунуң эмне, сен жазуучу болушуңа дагы эле үмүтүң барбы, кыялкеч?,” деп балага суроо узатып, өзү колундагы кагазды окуп кирди.
- Эй, Шекспир, мунуң эмне? Ха-ха-ха!
- Тим эле, коштошуу каты, – деди бала.
- Коштошуу каты? Аруум дейт, эркем дейт! Ха-ха! Эй, ары жогум, сен билесиңби, сенин бул үч күн бою жазып жаткан катың каяка иштетилет?.. Айтканга оозум барбайт... Сен элге окшоп сүйө аласың деп ким айтты сага? Сени бирөө сүйөт деп ким айтты? Сен ким элең?! Эсиңдеби, бала кезиңде сен өзүңдү үй-бүлөөңдө ашыкча сезчү элең, сага баары туура эмес мамиле кылгандай сезилчү, сен өзүңдү өгөйдөй сезчүсүң. Ошол туура ой болгон! Эми эле чоңоюп, жазуучу болом деп, бирөөнү сүйгүч болуп алганыңчы. Эй ары жок, ал бирөөнү сүйө алган, сүйдүрө алган, максат койгон адамдар башка адамдар, сага эмне жок?! Сен эч ким эмессиң...
- Бирок ал мени сүйөт болчу! – деди бала. Башка сөздөрүнө жооп кайыра албады, ушул сөзүн гана ишеничтүү айтканга жетишти.
- Ошодойбу? Анда эмнеге ажыраштыңар?
Бала эч нерсе дей албады.
- Мен айтам сага эмнеге ажырашканыңарды! Анткени ач бала менен ток бала ойнобойт! Билдиңби?! Сенин кээде автобуска жол кире кылганы акчаң жок, а ал кыз такай таксиде жүрөт, керек болсо, жүзүңдү бурбай туруп ук мени, керек болсо жакында ата-энеси машина сатып беребиз дешиптир. Эй, байкуш, сен эмес, сенин жашы элүүгө чукулдаган атаңда болгон эмес машина... Ырысы жогум, кимди алдап жатасың?..
- Бирок ал кыз үчүн булар маанилүү эмес болчу, ал мени чындап жакшы көргөн, – дегенде баланын көзүнө жаш айланып кетти. Муну байкаган берки адам ансайын табасы канып турду.
- Ооба, - деди жеңил гана. – Сен аны жакыр жашооң менен кыйнабайын деп, өз сүйүүңдөн да анын келечегин артык көрүп, ал сени таштап кетсин үчүн көп шылтоолорду таптың, жана максатыңа жеттиң... Бирок, сага дагы бир нерсе айтайынбы? Бул сенин баарынан да кетирген эң чоң жаңылыштыгың. Мен жашоомдо мындай келесоолукту такыр көргөн эмесмин... Эсиңдеби, Москвада жүргөндө досуң менен акчанын жашоодо канчалык маанилүү экендиги жөнүндө талашып тартыштыңар, сен ошондо да китептерге сүңгүп жүргөн кезиң эле, мурдуңду көтөрүп акчанын орду жашоодо өтө аз орунду ээлерин тастыктап берген эмес белең...
- Мен ал меселеде азыр да ошол эле көз караштамын.., – деп жиберди бала.
- Сөзүмдү бөлбөй тур, - деди берки. – Эми кара, сенин теңтуштарың, сенин досторун жашоосу үчүн акча таап, келечегин куруп башташканда, сен китебиңди тиктеп, убактыңдын баарын ушуга жумшадың, күлкүм гана келет, өзүңдөн Айтматов жасап алганыңа кантейин, гений сездиң да ээ өзүңдү?! Ха! Чыгармаларым менен адамдардын кулк-мүнөзүн өзгөртөм деп, кыргыз прозасына жаңы стиль киргизем, жандандырам деп, аягы эмне болду?.. Токомбаевди сындачу эмес белең, ал “атың чыкпаса жер өрттө” деп жүргөн акындардан деп айтчу эмес белең... Дагы кимдерге гана сын такпадың... Эми эмне болду?.. Же чыгармаң жок! Жазганга алың да жок. Сен азыр эмне жазаарыңды да билбейсиң! Мына үч күндөн бери эки сөздү кошуп жаза албай отурасың. Же акчаң жок, же жаныңда сүйгөнүң жок. Өзүңдөн чилистен жасап албаганыңда, кезинде эл катары оокат табуунун айласын кылганыңда, азыр акчаң болмок. Ошол акчаң жоктугунан айрылган сүйгөнүң да жаныңда болмок... Эми айтчы, элге окшоп эле жашап, эл сыяктуу акчаны маанилүү деп жашаган туура экенби?
- Жок! – деп кесе жооп берди бала. – Мен өз оюмдан кайтпаймын! Болгону эми сүйбөй жашайм! Эми сүйө да албаймын! Жазуучулук жолумдан танбаймын...
Тиги киши “ өзүң бил” дегенсип жылмайып ордунан турду. Анан мындай деди:
- Айтматовдун сөзү эсиңдеби? Кыяматы чыккандан кийин мындай айткан сөзү бар: ар бир адам жашоосунда “плахага” (баталгага) бир канча ирет көтөрүлөт деген, бирок ким канчанчы жолу көтөрүлгөндө өлүшүн, багынып беришин, жок болушун атайын айткан эмес эстүү киши, анткени ал ар кимге ар кандай... Сен ошол плахага биринчи жолу көтөрүлдүң, эгер экинчи жолу дагы көтөрүлсөң, мага ишен, тамам болгонуң ошол...
Ал ошол эле бойдон кетпеди, эшиктин алдына жетип токтоду да кайра балага кайрылды.
- Билесиңби, эмне келди оюма? Мындай сөз уккам: Кудай жакшылык каалабай калган адамдар болот экен, андай адамдардын белгиси кандай болот десе, өзүнө тиешеси жок иштер менен убара болуп калган инсандар делинет экен... Сен канча, үч жылдан бери бул жаатта жүрөсүң да ээ?! Кудай сага үч жыл илгери эле жакшылык каалабай калган экен...
Бала бул сөздү укканда жүзү купкуу болуп кетти... Башын кайра столго жөлөдү. Беш мүнөттөн кийин жанакы жанына келген ким экенин, аны менен эмнени сүйлөшүкөнүн таптакыр унутуп койду... Анан эшик ачылып дагы бирөө кирип келди, аны менен да аябай кызуу талкуулашты. Анан ал кетип, кийинкиси кирди, бала эми бул окуялар же түшүндө көрүп жатканын, же өңүндө болуп жатканын да биле албай турду...
Илимбек Бакиров
"Матисаков мектеби"
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук
университеттин журналистика институтунун алдындагы "Матисаков мектебинин" мүчөсү
#мендегенсенсин_элдик
Комментарии 2