Шыпыргы эске түштү биз шыпырган
Пайдасы айткым келди мен учурдан,
Бел үчүн көнүгүү экен ойлоп көрсөм,
Күн сайын керек болгон эң кыймылдан.
Эңкейсең дене башың ийге келчү
Эгерде ырдап койсоң бийге келчү
Эмне үчүн чаң соргучка алмаштырдык,
Элеткр тырылдак үн жинге келчү.
Шат кылып өмүрүңдү бара жаткан
Шыпыргы үй короонун көркүн ачкан,
Татына кыз келиндер колго кармап,
Тазартып ар тарапты көңүлдү ачкан.
Өзгөчө жакшы экен ээ түштүк салты,
Шыпыргы кармап тоскон аткан таңды.
Салкында дене башка кыймыл келсе,
Айыгып тура турган белдин дарты.
Шыпыргы кармай албай намыс болуп,
Дени сак биз жашоодон алыс болуп.
Мертинип бел да катып бараткансыйт,
Кыймылды ойлоо жагы тайыз болуп.
Шыпыргы кармабаган бел да ооруп,
Шып эле ойлогонуң дары болуп.
Кыймыл жок дене башка кан айланбай,
Билинбей бараткансыйт дене соолуп.
Келгиле ар күн сайын шыпыралы,
Аз кыймыл оорусунан кутулалы.
Жашайлы сергек өмүр бул жашоодо,
Шат менен келечеке утурлайлы.
Эңкейип отуралы кайра туруп,
Эрк менен бул өмүрдө турмуш куруп.
Элимдин ден соолугу мыкты болсун.
Эринбей бекем жүрсүн бели буулуп.
Бакыт Асанов.
#шыпыргы_элдик
Чын эле. Көп нерсени чанып,көп ооруну чакырып алдык. Жерге олтуруп тамак ичкенде гимнастика болчу тура. Заманбап жашоого ашыгып, салаңдап столго отуруп, азыр жерге олтуруп туруу оор болуп,жаш туруп кемпирден кары болдук. Колго кир жууп,арыктан суу ташыган күндөр сонун экен да көрсө. Азыр эмне? Баары даяр,балдарга айтсаң жомок.
Комментарии 4
Көп нерсени чанып,көп ооруну чакырып алдык.
Жерге олтуруп тамак ичкенде гимнастика болчу тура.
Заманбап жашоого ашыгып, салаңдап столго отуруп, азыр жерге олтуруп туруу оор болуп,жаш туруп кемпирден кары болдук.
Колго кир жууп,арыктан суу ташыган күндөр сонун экен да көрсө.
Азыр эмне?
Баары даяр,балдарга айтсаң жомок.