Базар аралап бара жатып жетелешкен жаш жубайларга кезиктим. Келиндин Ак жүзүнө ак жоолугу жарашып үлбүрөп өтө эле назик көрсөтөт . Ак көйнөгү боюна кыналып ого бетер ажары ачылып көргөн адамды суктандырбай койбойт . А Жигит элдин суктануу карашын билгендей бир колуна күрмөсүн алып , а бир колу менен колуктусун койо бербей алдыда барат . Алар бут кийим саткан дүкөндүн жанына токтоп , келинге ылайык бут кийим тандап жатышты . Жаккан бут кийимдин бирөөсүн келинге сунду . Келин кийип көрүп Жигитке жылмайып карады . Жигит отура калып бут кийимдин боосун байлап , келинге жылуу тиктеди да бут кийимин аяр сылап жарашты дегендей ишаарат кылды . Келин күлмүңдөп жигиттин колунан тартып тургузуп экөө акчасын төлөп басып кетишти . Бактылуу жаш жубайлар экен .
А мен жолумду уладым . Дагы эл көп базарда Бир Колунда баласы , бир колунда көтөрүнгөн баштыгы бар келин барат . Алдыда бир колун чөнтөгүнө салып колтугуна оролгон бош баштык кыстарып , тамекисин түтөтүп күйөөсү барат . Тез бас дегендей аркасында бара жаткан аялына олурая карап тиктеп койот . Аялы жайма базардан өзүнө ылайык кийимдерди кармалап койот . Токтой калып шашылып баласын жерге койуп , бир көйнөктү бойуна өлчөп көрдү . Көйнөк жакты көрүнөт . Алмак болуп баштыгын оодарып тыйынын эсептеди . Күйөөсү аялына карап :
- Ушул сенин кыялың жаман да . Койо турбайсыңбы эми . Кайсы акчага аласың ? - деди жактырбай тээ алысыраак туруп алып .
Аялы соодагер менен соодалашып жатып арзаныраак баага алды да баласын көтөрүп күйөөсүн аркасынан жетүүгө ашыкты . Күйөөсү аны күтпөй дале алдыда барат .
Бул базардагы элестер мени ар ойго чөгөрүп, санаага салды .
Эми турмушта ар кыл тагдырлар кезигет го .. Аял күйөөсүн , күйөөсү аялын теңсинбей көңүл ооруткан ирмемдер көп .
Бир ирээт ооруканадан чоң жолду көздөй чыгып унааларга кол көтөрсөм токтободу . Жөө басып жол арбытып турайын деп жол чекесине салдым . Ойго тунуп келе жатсам бир жаш жигит саат сурап кайрылды . Карасам уктабаган көздөрү шишиген абалда экен . Телефонун , буюмдарын ушул жол чекесиндеги кафелердин биринде жоготконун айтты да :
- Билесизби түнү ызалыктан көп ичип алыпмын . Ошого өзүмдү билбей буюмдарымды алдырып жибердим - деди . Мен унчукпадым . Оюмда акча сурайт го дедим . Ал сөзүн улап :
- Билесизби эмнеге ичтим ..Аялым Москвада күйөөгө тийип кетиптир . Мен намысыма чыдабай кечээ ошого ичтим . Карыган апам балдарды карап үйдө . Мен курулуш иштеринде иштейм . Аялым кеткенине бир эки жыл болгон . Кечээ коштошкон сөзүн айтып , балдарды бага бер деди . Мени оной эле чанып кетти - деди .
Мен ага карап :
- Сен кимге .. Таштап кеткен аялга ачууландыңбы .? Ошого өзүңдү билбей ичтиңби ? - дедим .
- Ооба балдардын тагдыры эмне болот . Мен эмне кылам билбейм - деди .
- Кызык экенсиң . Сени баалабаган адамга эмнеге кайгырасың ? Өзүңдү тааный элек экенсиң .
Жигит суроолуу карады. .
- Өзүңдү таанысаң андай пас аялга кайгырбайт элең . Ичкилик ичпейт элең . Адам бактылуу болууга өзү аракет жасайт . Эч кимден бакыт күтпөйт . Өз бактысы үчүн өзү күрөшөт . Жашоонун мыйзамы ошондой . Бакытым Ошол Аялда дегениң жаңылыштык . Бакытың өзүңдүн колуңда . Эгер билсең Анда Пас Аялга кайгыруунун кажети жок .
Жигит башын шылкыйтып ойго батып кетти
. Мен жолдогу бирөөгө унчукпай эле баса берейин дегем . Унчукпастык адатым го ... Бирок бу жолу бу жолоочуга кеңешимди айттым . Кайдагы Арсыз аялга өз дүйнөсүн оорутканы , балдардын алдыдагы келечеги мени тынчысдантты бейм .
- Эгер өзүңдү жакшы таанысаң ачууңду кармана билет элең Сени күткөн апаңа айлык акча алып барып , балдарыңы сүйүнтөт элең . Эми үйдүн башчысы, кожойуну сенсиң . Сен Акылыңдан тайсаң карыган апаңдын балдардын күнү эмне болот . Ошону ойлон - дедим .
Ал ойлонуп :
- Ооба туура айтасыз . Бирок аялымдын кылыгын эстесем ызам батпай баратат - деди .
Жол боюндагы Мечитти көрсөттүм .
- Бир гана адамдын ызасын басып , жан дүйнөсүн дарылаган ушул жер . Кирип жайнамазга башыңды койуп , Кудайга болгон сырыңды айтып ал . Жеңилдеп каласың . Адам өзүн өзү Кудай менен байланышканда гана тааныйт. Адамдын арыз муңун Кудай гана угат . Туура жолго багыт берет . Өзүңдү колго ал - дедим да жолум менен басып кеттим . Ал мечит жакты ойлуу карап коштошту да . Ошол тарапты карап кала берди .
Адамдар жашоодо бакыт издеп жашайт дешет . А чынында өзүн өзү издеп жашайт . Өзүн жакшы тааныбаган үчүн башкалардын кылыгына кайгыра беришет . Башкаларга жөлөнүп таянып алышат . Биз пенделер ушундайбыз . Өзүбүзду өзүбүз издей беребиз . Өзүбүзду тапканда гана туура жолго бет алабыз . Башкалардын кыял жоругуна капаланбай калабыз .
Эр Аял тирүүлүктө түбөлүк сапарлаш жолдош болот . Карап көрсөң өмүр жашоо биргеликте өтөт. Экөө бирин бири толуктап турат . Талдап көрсөң Эр аял бири бирине азап кайгы Ошо менен бирге Жыргал бакыт дагы тартуулайт. Бир кылымдык чогуу өмүр бактылуубу бактысызбы аягы белгисиздик сыңар .
Бир эл арасында болгон окуя бар эле . Жол боюнда эр аял урушуп жатат дейт . Күйөөсү аялын башка көзгө койгулап уруп жатса жолдогу өтүп бара жаткан жолоочу чыдабай бөлүштүрүп ,аялга боор ооруп күйөөнү уруп кирди дейт. Келтек жеген Аял кайра жолоочуга асылып күйөөсүнө болушуп кетти.дейт . Экөөлөп жолоочуну уруп жатканда Жолоочу таңданып :
- Эй аял мен сага болушуп жатам - десе анда аял :
- Эй башы жок . Биз деген Эр катынбыз . Уркшабыз , жарашабыз . Бизге арачынын кереги жок дептир .
Жашоо ушундай . Бир күлкүлүү да аялуу да аянычтуу.
Ойлоп көрсөм эң аярлуу мамиле ошол эр аялдык мамиледе экен . Бир өмүрлүк жашоодо бар болгону Эр Аял бири бирине болгон мээрими , Жылмайуу көз карашы, жылуу мамилеси менен бактылуу экен . Ошол ирмемдер аларды бактылуу кылып көрсөтөт экен . Ошол жылуу мамиле менен Кыска өмүрдү пайдалуу колдоно билуу жолдору бар экен . Жашоону биргеликте түшүнүшүү кечиришүү менен пайдаланса болот экен .
Бирок биз адамдар бу мүмкүнчүлүктү көп колдоно бербейт экенбиз . Кекенүү , ызырынуу , түшүнбөстүк менен бири бирибизди кыйнап койот экенбиз . Түшүнбөстүк болсо кечирим менен абалды жеңилдетүүнү билбейт экенбиз . Адамдын ден соолугу эмнеден начарлайт десе оорудан дейбиз . А оору кайдан келет десе ой санаадан дейбиз . А ой санаа кайдан десек үй бүлөөлүк түшүнбөөчүлүктөн келет дейбиз . Көрсө адамды кайра эле өз жакындары оору кылат экен .
А ооруну , санааны басаңдаткан , көңүлдү көтөргөн жөпжөнөкөй жылуу адамдык мамиледе экен .
Ой баракчалары .
Автор Кадыралиева Ж.
Адыр айылы.
#жубайлар_элдик
Ооба жубайлар турмуштун даңгыр жолуна жетелешип бирге аттанганыбызда, ушул көңүл деген нерсени аярлап, асырап алууга терең маани берсек жакшы болмок. Тилекке каршы андай болбой калды. Мерездик, кайдыгерлик деген жаман адаттар каныбызга сиңип баратканы мени өкүндүрөт.
Комментарии 2