1-бөлүм.
Автор - Димедра.
Жанр-детектив, криминал.
-Каралдым, сен мага жөн эле кыз эмессин, андан алда канча көп нерсемсин. Сен бир гана менин эмес кичине болсо да бүтүндөй бир өлкөнүн келечегисин, үмүтүсүн . Биздин өлкө азыр абдан алсыз, билесинби эмнеге?
-Билем ата. Анткени ал жерде жаман адамдар абдан көп, алар артка тартып жатышат. Мен өлкөнү ал адамдардан тазалашым керек.
-керек эмес, милдеттүүмүн! Мына ушундай деп сүйлө кызым. Сен милдеттүүсүн. Кана анда сени мекенин күтүп жатат. Мен сага ишенем, сенде баары бар, акыл, ажар, билим, өнөр, өжөрлүк, жана сенде башкада жок сапат жөнөкөйлүк бар. Сен ошол мен айткан акыркы сапатты ар дайым колдон, утуш сеники. Эң негизгиси мен тастыктамайынча эч кимдин буйругуна баш ийбе, унутпа сен менин кызымсын!
Кыз адатынча он колун муштум кылып туйо сол колунун алаканына тиреп көкүрөк тушуна алып ийилип койду.
-Ах каралдым, бул кылыгынды устатына көргөзөсүн мен сенин атанмын, келе жыттап коёюнчу, деп кучагын жая туруп калды ата. Бул кишинин жашы канчага барып калганын эч ким билбейт, кайда жашайт, эмне менен алектенет, эмнеге өз кызын бул Японияга алып келип таштаган жана аны эмнеге даярдап жатат белгисиз. Болгону көп жылдар аралыгында ар келген сайын кыздын кулагына акыл насаат куя берет, алыста Кыргызстан деген мекени бар экенин, ал мекенге акылдуу, күчтүү адамдар абдан керек экенин айтат. Анын тарыхын бүт баяндап берет, ал тарыхта ар дайым журт башында тургандардын айланасында саткындар, жаман адамдар болот, мына ошондойлордун айынан журт артка кетип турган. Алар менен бирге эле башчынын айланасында жакшы адамдар да болгон, алар жардам берип келишкени үчүн гана калк кырылбай ушул күнгө жетип келген дейт. Бул көрүнүш эч качан токтобосун, жердин жашоосу бутмоюнчо уланаарын да айтат. Ар замандын өз жамандары жана жакшылары болоорун түшүндүрүп, ошол жаман адамдардан өлкөнү арылтып турчуу бир күч болуусу керектигин айтып келет.
Атанын оозунан чыккан ар бир сөз оор, маанилүү угулат, ал жүрөккө жеткирип сүйлөй алат. Анан кызын сөзсүз эркелетип саамайынан сылап, “Сен өзүң ойлогондон да күчтүүсүн” деп кулагына шыбырап кетет. Мунун баарын көз алдынан өткөрүп жаткан
кызы атасынын кучагына бой урганча көзү жашылданып кетти.
-Ай катугун бул эмнеси? Көздөрүн сууланышып.
-Ата сенин өлкөно барууну каалап турам, бирок бул жайлар да мага жакын. Кантип бул жайды таштап кетем.
-Татынам менин, бул жай сага жакканына кубанычтамын албетте, бирок сен эч нерсеге, эч кимге көнүп калбашын керек, эч качан! Сенин жүрөгүндө да акылында да бир гана ой болуш керек, келечек үчүн күрөш. Биз бул жерге 12 жылды калтырдык көп болсо, а келечекте Кудай буйруса мындайдан дагы он экини жашайбыз. Алдыда ар кандай нерсе болот, сен бир гана кыздар менен эмес эркек адамдар менен да жүрүп каласын, алар менен баарлашууна туура келет. Биз адамдар каалайбызбы жокпу жаратылыштын мыйзамдары бар, жакшы көрүү, сагынуу, көнүп калуу, ишенүү ошону менен бирге эле жек көрүү, ачуулануу, иренжуу деген. Жаратылыш үчүн баары бирдей, ошон үчүн сени да мындай сезимдерден куру калтырбайт. Бирок эсинде болсун, сен ал сезимдерден күчтүү болушун керек, сени эч бир жан жана эч бир жаратылыш кубулушу жеңе албай тургандай күчтүү бол. Бул үчүн сен 12 жыл сарптадын кызым. Азыр мага коргозуп жаткан көз жашын жашоондогу акыркы жаштар болсун, жашоо сенин көз жашынсыз да туздуу. Сени сезимдер башкаруусуна жол бербе, өзүңдү өзүң башкар, бул жалганда жок дегенде өз жашоондун ээси бол! деп жанакы эле жылмайып мээрим төгүп турган көздөрүнө каар ала сүрдүү карап кыздын далысынан силкип койду.
-а баса сенин атың Шик болот мындан ары.
-жок! деди кыз кесе. Менин атым озгорбойт, мен Таттыгулмун!
Маңдайында турган ата аны бир азга сырдуу карап, кыздын көздөрүнөгү жалындын учкунун көргөндө оозун кен ача жылмайып,
-айтпадымбы сен өжөрсүн, макул Таттыгул боюнча кал. Бирок бул да акыркысы болсун, мындан ары менин айтканыма каршы чыгып тартышпа, менин айтканым талашып тартышуу үчүн эмес аткарылуу үчүн! деди.
Таттыгул тез башын ийкеп түшүнүктүү дегендей ишаарат коргозуп койду, бул жагына да ыраазы боло.
Ал үчүн өзүнүн ысымы эң ыйыктай сезилет, жан дүйнөсүнө жакын кымбат нерсеси жалгыз өзүнүн аты. Кандай күндө да бул кымбат нерсесин тарттырып жибермек эмес.
Атасы башын ийкеп кеттик дегендей алдыга карай жол баштап басып кеткенде, Таттыгул өз бөлмөсүнө жүгүрүп дайым даяр турчу куржунун жонуна асынып атасынын артынан жетип келди.
Бул жайда аларды эң биринчи шамдагайлыкка үйрөтөт, кандай кырдаал болбосун бардыкка даяр турууга. Аларда азыр, күтө тур деген сөз колдонулбайт, тапшырма айтылган учурдан кечиктирилбей аткарылышы керек, жана айтылгандай так. Эгерде аткаруу учурунда күтүлбөгөн кыйынчылык жаралып калса ал да актанууга себеп боло албайт, ошондуктан ар бир көз ирмемди баалап, айланада болгон көрүнүштү бир караш менен ийне жибине чейин изилдеп улгуруштору керек. "Эң башкысы акыл, аны эч качан эс алдырууга болбойт жана азыркы учурду ойлонуу менен гана алек болуусу шарт, ага бир эле көз ирмем эркиндик берип койсоң кетет ааламды кезип, өткөндү эстеп келечекти кыялданып, бул азыркы учурдан алаксытат." Устаты дайым ушундай дей турган. Кыскасы “джиу джитсу” деген бул жөн гана мушташуу ыкма эмес денени аң сезимди тарбиялоочу катуу тартип.
Тоонун чокусунан ылдый карай созулган ийри түз жолдор менен эки караан ээрчишип бара жатышты. Качан гана төмөн түшүп тоонун түбүнө жетишкенде Таттыгул чокуну карап демин ичке тартып катуу дем алып алды.
-Ооба кызым бул жай сендей азаматтардын канчоосун уясынан учурду, дагы алдыда канчоосун учурат ким билет. Алдагы куураган жыгач тамдар мен кичине кезимде эле ушундай абалда боло турган, бүгүн эртең кулап түшөт го деп ойлочуумун, карабайсынбы андан бери кылым өттү дагы да ошол ошо бойдон турат, али алдыда дагы ондогон кылымдарды каарытат бул жайлар. Жүрү кызым эми тикесинен тик туруп темирдей каткан, жүздөгөн кылым туруп берет деген жалган жайлар менен таанышуу учуру келди, деди ата кызын ийининен тарта кучактай. Ал айтпаса да сезип турган кыздын бул жайдан сыртка чыгууда коркуп жатканын.
-а эмнеге жалган жайлар? деди кыз басып кеткен атанын алдын торой басып.
-анткени алар жүз эмес бир кылымга да жетпей кулап калат.
-себеп?
-кызым ушуну бил. Озун турган жердин катуулугуна ишенип курчап турган ааламга таянба, сенин күчүн ичинде, өзүндө гана болот. Эгер өзүнө эмес сени курчаган адамдарга ишенсен анда жолуңдун бүткөнү. Сен жаса, алдыга умтул, эч кимге ишенбе, ар дайым жалгызсын, жанында ким болбосун алар сенин жан дүйнөндү ээлеп сага күч болуп бере албайт, ал жерди эмне менен толтуруу өзүңдүн гана колунда. А баса эч качан атымды чыгарам, ааламга таанылам деп аракет кылба, ал жол алдамчы. Сен пайгамбар эмессин кылымдар ооздон оозго алынгыдай, баары бир бир күн унутта калчуу жөнөкөй өлүүчусун. Ошондуктан азырын менен гана алек бол!
Атанын оозунан чыккан кезектеги акылман сөздөрүн талдап ундобой калды Таттыгул.
Алар арыда токтоп турган унаага жете бергенде аса таянган бир дербиш келип кубуронуп бир демелерди сүйлөп кирди.
Анын сүйлөгөн тили кызга түшүнүксүз болгондуктан кунт коюп тыншап калган. Ал ангыча артынан чыккан көлөкө артындагы куржунунан тартмакчы болуп колун созуп келе жатып жерге кулап Таттыгулдүн аяк астында калды. Жерге карап атасы экенин көргөндө кечирим сурап колдон тарта өйдө тургузуп жатып артында өзүнө карай буту шилтенип келе жаткан дербишти буттан чала жерге жыгытты.
-Эми жанагы айткандарыны япончо кайтала, деп кекиртектен кармаганда тиги дербиш андан бошонуп тап бере аякка тик туруп калды. Ал жерде дербиш менен Таттыгул кыйла алышып биринен бири өтүп онорлорун коргозуп жатышты. Албетте дербиштин күчү үстөмдүк кылат экен, кантсе да эркек эмеспи, кийин ал джиу джитсудан башка кикбоксинг, кунг фу менен алектенгенин да коргозуп жатты. Таттыгулдун өзгөчө шамдагайлыгы болбогондо алда качан мурду башынан кан агып жерде кулап жатмак. Терге чомулгончо салгылашкан экөөнүн тең чарчагандары билинип турду. Такыр алдан тайганча өзүн колго алуу керектигин эске алган Таттыгул эми дербиштин арка тарабына өтүүгө умтулуп жатты. Оң келди болуп анын аркасында өтүп алган кыз учурду бошко кетирбей эки согончогу менен катар санга тээп өттү эле тиги тарамышы туйулуп комкорусунон сулай жыгылды. Эки соомойу менен омурткадан кыса кармаган Таттыгул,
-омуртка сөөгүн үзүлүп кетишин каалабасан, ачык айт, кимсин? сага эмне керек? деди демиге.
Дербиш бир демелерди сүйлөп жалынгандай болуп жатты, бирок анын тили кызга түшүнүксүз эле.
-япончо сүйлө!
-коё бер кызым, ал япончо билбейт, деди арыда турган атасы.
-Бул кайсы тилде сүйлөп жатат? Таттыгул ордунан козголбой туруп атасына суроо узатты.
Анткени ал чындап эле таң калып турган, эч бир сөзү ага тааныш эмес эле. Өзү болсо англис, орус, фарси, немец, япон, кытай, корей, араб, француз, испан, түрк элдеринин тилдерин биле турган. Башка тилдердин сөздөрү да жок дегенде ушулардын бирине окшош болушу керек эле.
-ал менин тилимде сүйлөп жатат, сандар менен. Үйрөтүүчүн менен таанышып ал, деди атасы.
-Таттыгул, деди кыз тигинин омурткасын коё бере.
-Азаматсын! шамдагайлык жетиштүү бул жакшы бирок сенде күч жетишсиздик кылат, ошондуктан каршылашына эч мүмкүндүк бербе сага кол салуусуна. Болушунча тез аны жыгытууга аракет кыл жана анын бошонуп кетүүсүнө шарт түзүп бербе, антпесе көп алышсан бат чарчап каласын. Шамдагай адам күчтүү адамга караганда бат чарчайт, эсинде болсун.
Дербиш кейпин кийген адам ордунан туруп жатып ушуларды сүйлөдү да кызга колун сунуп,
-Мелис, деди жылмая.
Таттыгул жөн гана аны баштан аяк карап койду, аларды кол сунуп учурашууга уйротпогон бул жайда. Жигит жылмайып колун түйүп тартып бара жатып кызды ич талаштыра бир муштап өттү. Күч менен урулган муштанбы же кутулбостуктонбу Таттыгул тайсалдап артка кетенчиктей түштү да ага жооп кылып абага каалгый секирип эки согончугу менен моюн талаштыра тээп өттү, ошентип кайра экөөнүн согушу башталды ал жерде. Бир убакта көкүрөкко урулган оор соккудан улам экөө бирдей жерге кулай жыгылышты. Ата экөөнүн арасына түшүп эки алаканын экөөнө жумшап бирдей катуу сокку урган эле.
Таттыгул атасында мындай өнөр бар деп ойлобогон десе тиги да мындайды күтпөгөнго окшойт, таң калганы көздөрүнөн билинип турду.
-эч качан унутпагыла, үчүнчү күч ар дайым жандап журоорун, деди да басып барып унаанын арканкы эшигин ачып отуруп алды ата.
Бири бирин караган экөө күтүп турбастан унаага жетип бири ролго отуруп кыз анын жанынан орун алып жөнөп кетишти.
Унаада үчөө тең үн сөзсүз келип Ниигата шаарынын аэропортуна келип токтошкондо гана арканкы орундукта отурган ата Таттыгулдун далысынан таптап, колуна көк сыртында Кыргыз паспорту деп жазылган документти карматты.
-Бул сенин паспортун, Москва шаарында аэропорттон өтүп жатканда керек болот, япон паспортунду ал жерге жеткенде ыргытып жибер.
Паспортту колуна алып дароо ичин ачып ысымы деген жерин карап өзүнүн аты жазылып турганын көрүп эс ала түштү, оюнда жанагы айтып жаткан жаңы ысым боюнча жасатып койбоду бекен деп ойлоно кеткен.
-жактыбы? деди атасы.
-албетте.
-айрыкча ысымын жакты ээ, чочуба кызым кыргызча документке кантип башка ысым жазып коймок элем мына бул жерде жазылган ысымдар башка, учуру келгенде ирети менен бирден таанышып аласың, деп топ болгон ар түстөгү паспорторду таптап кайра төш чонтогуно салып койду.
-Эми жакшылап тында кызым, азыр сен бара турган жайда сени окуу күтүп жатат. Сен кайдан келгенинди эч кимге айтпашын керек, каалаган адамын менен достош эч кимден качпа ааламды кезип ушак курсан болот бир гана өзүнө сөздү жакындатпа. Кийин ал жерде сен тендуу кыздар сенин деңгээлинде эмес, ар бир сабак өткөндө мугалим сураса дароо туруп жооп бере бербе, керек болсо ал жайдын мугалимдери да сен билгенди билбейт. Кыргызча орусча аралаштырып сүйлөсөн болот, кааласан англис тилин кош бирок кээде гана, башка тилди эч качан колдонбо. Түшүндөн ойготсо да кыргызча сайрай турган бол, бекеринен мен сени менен жалгыз ал тилде сүйлөшүп жүргөн жокмун. Кийин сен үчүн атайын батир даярдалган, ал жерге өзүңдөн башка эч ким кирбеши керек, ошентсе да ал жайда ашыкча буюм сактаба. Көчөдө же окуу жайда бирөөлөр менен тартышып мушташпа, эгер чоң кыздар күч көргөзсө жооп кайтарба. Дагы бир нерсе ал жайда кыздар заманбап кийинишет, сенде баары болот, эң мыкты кийинип мыкты жасанып жүрөсүң, жөнөкөй болсоң бирөө жарым катуу сүйүп калуусу мүмкүн, сен андан сактан. Жигиттер сени кол жеткис перидей сезиштери керек. Жаштар чогулчуу жайлардан калбай бар, кыскасы кадимки 18 жашаар кыздын жашоосун жаша.
-он сегиз? Таттыгул көздөрүн чоң ачып жиберди.
-унутупмун, сенин жашын 18де болду. Бирок бул деген сен эки жыл эрте каарыйсын дегени эмес, дагы эки жылдан соң кайрадан 18 жаш куракта паспорт алабыз.
-түшүнүктүү, деп отуруп калды.
-а сага кайсы окуу жайга барарын кызыктырбайбы? деди атасы.
-билем, деди Таттыгул. Чет тилдердин окуусуна окутасыз.
-Азамат, мугалимдер сенчелик билбейт дегенимден сездин да ээ, бирок биздин мугалимдер бир гана тилден сенден артта эмес, аалам таанууудан бардык жактан, мисалы биологиядан адамдын денесиндеги кайсы чекит кайсы орган үчүн жооп берээрин билишпейт, химиядан кайсы элементтерди бириктирип жардыруучу зат жасоону эч ким ойлонуп да көрбөгөн ал эми техника менен иштөөнү айтпасам да болот, мугалимдер роботтун сулуулугуна суктанып бүткөнчо сен ал роботту өзүнө баш ийдирип улгуросун.
-жок, деди кыз артына бурулуп. Сиз же мени ашыра акылдуу кылып жибердиниз же ал адамдарды баалабай жатасыз. Каршылашынды ар дайым турпатынан жогору баала дейт эмеспи. Бирок мен тилди жакшы билгеним үчүн антип айтпадым, болгону мен чет элге көп чыга турганга окшойм көкүрөк чотогунуздогу докменттерге караганда, ал үчүн бир шылтоо керек эмеспи, а тил үйрөнүү бул эң оңой шылтоо дүйнө кезүүгө. Дагы мен ойлоп жатам мени чыгыш тилдерин окутуучу жайга алып бараарынызды.
Ата ордунан обдулуп алдыга жакын келип кызга бир деме деп суйломокчу болуп кайра ундобой калды.
-а баса сени менин жанымда көп корбоштору керек, ошондуктан бул агаң сени окууга алып барат. Андан сырткары да көп жолугуп турат, жанагы тилди үйрөнүүн керек, бирок мындан бир нерсе сурайм деп убаралнба, экөөнө эркин сүйлөшүүгө уруксат жок.
Ушундай деди да унаанын эшигин ачып түшүп кетти. Кыз да артынан түшүп бара жатканда ролдогу жигит колун көтөрүп керек эмес дегендей ишаарат кылып, унааны ордунан козгоп андан ары жолун улай беришти...
-Кардын ачтыбы деди жигит бир кыйла жүргөндөн кийин.
Таттыгул мындай суроону биринчи ирет угуп тургандай ага таң кала карап коюп терезе тарапка бурулуп отуруп калды. Ал жүргөн тоонун башында эч ким антип суроочу эмес, качан алдыларына алып келгенде гана карын жөнүндө ойлонушат. Кийин канча дур дуйум тамак болсо да ченелген өлчөмдөн артык жешпей турган, себеби тамактан кийин тыныгуу берилбейт дароо машыгуу менен алек болушат, көп жеген тамак кедергисин тийгизет. Бир ирет керектен көбүрөөк жеп алып азабын жакшы эле тартты окшойт, тамактан кийин сыртта болгон ышкырыктан улам атып чыгышкан кыздарга жаанын жебелери жаай берди, кээсин колу менен тутуп кээсинен буйтап араң жетишип жатышкан көп тоюп алган Таттыгул шамдагайлыгын жоготуп көп жебени денесине өткөрүп жиберген. Дагы жакшы жебенин учтарына желим капталган экен териге сайылбай жөн гана катуу сокку уруп жерге түшүп калып жатышты. Ошентсе да денедеги когоргон тактар кыйлага чейин кетпей жүргөн. Ошондон бери таттуларды оозуна алып бара жатып ал учурду эстегенде кайрадан ордуна коюп койчу. Дагы бир ирет аябай катуу карды ачып жанындагы кызга айтып алганы үчүн 3 күн ачка койгон. Ушундай катуу тартиптен кийин абалга арызданып же өзүңдөн башка адамга ишенип көр.
Мелис да баарын тушунгондой ундобой айдап барып бир ашканага токтоду.
- Чочуба биздин учак 4 сааттан кийин учат ага чейинки убакыт өзүбүзгө таандык, деди да эшикти ачып түшүп кетти.
Таттыгул да анын артынан түшүп ичкери кирип, бирок жигит отурган орундуктан башка жайга отуруп алды. Бул кылыгын көрүп Мелис падносун көтөрүп анын жанына келип жайгашып,
-менден качып жатасыңбы. Кепилдик берем бир аптада менин аркамдан калбай, бекинсем издеп таап көлөкөдөй ээрчип кааласын. Ошондуктан убакытты текке кетирбей азыртан мага эмне жагат эмне жакпайт талдап башта.
Таттыгул ага карап да койгон жок, кудум жанында отурган адамдын сөзүн укмак турсун анын бар экенин байкабай жаткандай. Терезеден сыртты карап күндүн турган жайын кийин батыш тарапты карап алды да,
-биз толук 4 сааттан кийин учабызбы? деди. Мелис кол саатына карап туруп,
-3 саат 45 мунотубуз калды, деп жооп берди.
-Демек саат 16_15те учат экенбиз да, деп алдында турган тамакты жыттап койду. Тузун ашыкча салып жибериптир.
Жигит тамакка созуп бара жаткан колундагы таякчаларды бир бирине кагыштырып токтоп калды.
-сен эч качан саат колдонбойсунбу?
Кыз адатынча бул суроосун да жоопсуз калтырды Мелистин.
-күндү карап убакыт билгенин го маалым, бирок жытынан тамактын даамын билгенин укмуш экен.
-жыт сезүү начарлашы бул мээнин өз нугунда айланбай жатышынан кабар берет. Бул деген же мээден башка нерсе орун алган же ал четинен өлүп баштаган, рак, альцгеймер, паркинсона…
-токто, токто. Мен туулгандан эле ушундаймын. Жок мен жыт сезем бирок өтө күчтүү орчугон эмес.
-мен сизди айткан жокмун.
Ушуну менен алардын сөзү аягына жетти. Мелис канча суроолорду берип сөз баштоого аракет кылганы менен жоопсуз калып кетип жатты.
Таттыгул алдына келген тамакты ооз тийип да койгон жок, четте турган чөп чайдан гана бир уурттам ичип тим болду.
-эмне жебейсин? А түшүнүктүү, жакпаган нерсе ичке киргенче сыртта эле калганы жакшы дегенин да бул. Анда башка тамак айттыр, биз абада көп жүрөбүз кардын ачып калат.
Мелис өзү сүйлөп өзү жооп берип убараланып жатканда Таттыгул чыныны четке жылдырып колун түйүп алаканына такап өзү билгендей ыраазычылыгын билдирип ордунан туруп кетти.
-эй сен кайда?
Укмаксан боло чыгып кеткен кыздын артынан шаша туруп баратып акы төлөөнү да унута жаздаптыр, кайра келип столго япондордун иенасынан керегинен ашыкча калтырып рахматын айтып чыгып кетти.
-эмне чыгып кеттиң? Мен тоё элек болчумун.
-биз ал жерде 15 муноттон көп отурдук. Бир жайда анча кармалуу кооптуу.
Таттыгул унаанын эшигине жөлөнүп туруп ушундай деди.
-а сенин сабагын 90 мүнөткө созулаарын билесинби? Бир жайдан жылбай 90 мүнөт отурууна туура келет, деди Мелис ролго отуруп жатып.
-12 жылга караганда бул бир кыйла аз, деп койду кыз.
-сени түшүнүп болбойт, 15 мунотту көп дейсиң 90 мунотту аз дейсиң.
-өз ыктаярын менен болгон жай үчүн 15 мүнөт көп, ыктыярсыз кармалган жайда убакыт эсептелбейт, анткени ал сенин колунда эмес.
Жылтыраган күрөң түстөгү Митсубишинин ачкычын бурап жүргүзгөну жатканда аркадан тарс эткен катуу добуш чыгып унаа бир силкинип токтоп калды.
-мына мынтип жетип келдик көрүнөт. Менин артымдан эшиктерди бекитип ал, унаадан башыңды чыгарба, деди да кыз отурган орундуктун алдынан эки тапанчаны колго алып сол көзүн кысып коюп түшүп кетти Мелис. Бир буту түшүп экинчиси көрүнө электе өзүнө карай келе жаткан октон буйтоого туура келип жерге томолонуп кетти. Таттыгул ал айтканындай эшиктерди бекитип жигиттен көзүн албай карап отуруп калган. Аңгыча аркадагы унаадан түшүп келген эки жигит Мелиске алмак салмак кол сала башташты. Бир мүнөткө да жетпеген убакытта экөөнү бирдей жайгарган жигит аларды судуроп өздөрүнүн унаасына жүктөп коюп кайра жетип келди.
-кеттикпи.
-булар кимдер эле?
-билбейм. Мен билген адамдар мени өлтүрүүгө келмек беле.
-а балким бул да сизге окшогон атайын жөнөтүлгөндор болуп жүрбөсүн.
-андай болгондо менин кабарым болмок биринчиден, кийин мен эч кимге окшобойм.
-байкадым, ошондуктан тоонун түбүндө мени жөн эле жаш баладай алдаган турбайсызбы.
-жаш бала эмей кимсин анан, деп мурдунун учуна сомойун тийгизип коюп жылып кетти.
Таттыгул бир жагынан анын мынчалык өзүнө ишенген менменсинип эч кимди тенебей сүйлөгөнүн жактыра бербей баратса бир жагынан анын жанагы эле коргозгон өнөрүно таң калып отурду. Тоонун түбүндө жөн эле өзүн ойнотуп жаш баладай мамиле жасаганына да ачуусу келет, мындай өнөрү менен оңой эле чарчап анын колуна түшүп бере турган адам эмес экенин көрбөдүбу.
Алар так өз маалында аэропртко келип каттоодон өтүп учакка отурушуп 13 жарым саат дегенде Москванын Шереметьево аэропортуна келип конушту.
-биз бул жерде канча болобуз?
Жанагы унаада сүйлөшкөн боюнча ушул биринчи ооз ачышы болду Таттыгулдун. Учакта бир ооз сөз сүйлөмөк турсун, ордунан козголуп оозуна наар алып койгон жок.
Мелис саатына бир карап алып кыздын суроосуна жооп бербестен,
-жүрү деп алдыга карай жол баштап, бир бурчта ашкана деп жазылып турган жайга барып, Таттыгулдон сурабастан эки адамга ылайык тамак менен кара чай алдырып четтен орун алып отуруп калды. Бул ирет аны же, ич деп кыстаган да каалайсын бы деп сураган да жок. Балким кыздын кыялын билип калдыбы. Таттыгул таякча ордуна коюлган вилканы колуна алып тегеретип карап кайра ордуна коюп койду.
-жалгандан өнөр көргөзбө. Силерди вилка эмес кепкир менен да тамактанганга үйрөткөн керек болсо, деди Мелис кызды дагы тамак жебей коёт экен деп чочулагансып.
-Ооба, болгону мында хлордун жыты бар экен, жакшы чайкалбаганбы деп карадым.
Мелис бырс күлүп жиберди.
-сен жыттабай жүрө аласыңбы? Бул жерде суусу ошондой жыттанат.
Күлкүсүн тыйып,
-бирок анын зыяны жок, деп кошумчалап койду.
Таттыгул бул ирет да алдына келген тамакка колун тийгизбеди. Аны бир карап саатына бир карап коюп ордунан козголду Мелис,
-убакыт болду кеттик.
Таттыгул да ордунан козголо бергенде айнек дубалдын сыртынан өздөрүнө бир карап өтүп кеткен кара чачтуу адамды байкап калды. Өзүнүн бутуна чалыштап жыгылып бара жатып Мелистин колуна түшө бергенде,
-сиздин артыныздан калышпаптыр, деди.
-Ооба, алар биз менен Япониядан бери келе жатат. Менимче менин эмес сенин артыңдан түшкөндөр.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15