4-бөлүм.
-Баары жайындабы?
-Баары жайында ата, эл дурбоп жатканын эске албаганда.
-Эч нерсе эмес, бир аз дурбоп тынчып калышат.
-Бирок эки эле күндүн ичинде шаар бир кыйла жоготууга учурап калды окшойт, эгер көбүрөөк созулуп кетсе шаардын абалы начардан да төмөн түшүп кетуусу мүмкүн.
-Сен эмне кыздардан күмөн санап жатасыңбы? Алар коргой албай калышы мүмкүнбу?
-Жок! Азырынча кыздарга тең келчүү күчтөр жок. Алар турган жайга эч ким жакындай албайт. Мен шаардын жалпы абалын айтып жатам, деген Мелис атанын алдында азыр учуп келген жайы тууралуу маалымат берип турду. Атасы отурган ордунан туруп ага жакын келип,
-кана ортого ташта, эмне айткын келип турат? деди.
-Биз айтылган чет элдик жарандардын акыркыларын алып келдик, азыр алар Манаста өз учактарын күтүп камданып жатышат.
-мындан кабарым бар.
Атанын үнү октом чыкты бул ирет, создуктурбай максатка өт дегендей.
-Таттыгул... Ал кыз үч күндөн бери көз ирмей элек.
-кийин.
-ал турган жай эң кооптуу жайлардын бири, кокустук болуп көзү илинип кетип...
-сен ал жөнүндө ойлонбо. Ал кай жерден, кимдин тарбиясынан чыгып келгенин унутпа. 3 күн эмне болуп калыптыр керек болсо дагы ушунча жүрө алат көз ирмебей, деп бурулуп баратып бир нерсени эстегендей токтоп калды. - А баса анда кандай сезимдер болду шаарга түшкөндө?
-ал шаарга түшө элек да тоонун башынан.
Башын ийкегилеген картан киши, көзүн көтөрүп терезе жакты тиктеп койду.
-ошонусу жакшы, тоо боорунда эч ким өзүн Таттыгулдөй эркин сезе албайт.
Мелис ойлонуп калды, "ал шаар эмне үчүн кыздын сезимдерин козгой алыш керек" ушул сөздөн кийин эмнедендир үмүт оту жангандай боло түштү. Ал көп жылдардан бери атаны жакшы билип калгандай болгон, ал киши себеби жок эле сөздү сүйлөй бербейт. "Демек Таттыгулдүн ал шаар менен байланышы бар, андай болсо ал экөөбүздо байланыш жок". Бул ой анын кыйла көңүлүн ачып койду. Бирок атасынан ал жөнүндө түз сурай албайт.
Мелистин жүзүндөгү күтүлбөгөн өзгөрүүнү ата байкабай койгон жок. Кылым карыткан картан киши кайдан муну көз жаздымда калтырмак. Өлкө ичинде сыр катуу жана сыр ачуу жагынан бул киши эч кимди алдына өткөрбөй келет көп жылдан бери, жана ал тирүү турганда ал орунду башка бирөө ээлеп калат деп айтуу кыйын. Бирок азыр ал ката кетирип алганын түшүндү.
-Уулум, деди ал Мелисти далыдан таптап. Менин он балам болот дечуу элем ага да жеттим, азыр бир уул тогуз кызым бар. Менин жашоомдун маңызы силерсинер. Ар бириңер мен үчүн кымбатсынар, силердин жанынарга тете бул дүйнөдө эч нерсе жок мен үчүн, болушу да мүмкүн эмес. Бирок силер менин гана балдарым эмес мамлекеттин да балдарысынар, мага караганда мамлекет силерге көбүрөөк муктаж, силердин билиминер күчүнөр, өзүңөр бүтүн ушул өлкөгө таандыксынар. Ар бириңер үчүн жаным курман, десем албетте сени ишендире албайм. Бирок билип кой бул сөздөрдүн ичинде чындык да бар ал кандай сага тиешелүү болсо Таттыгулго да ошондой абалда тийиштүү. Сен менин жүрөгүм болсоң ал менин көзүмдүн кареги. Билем менин эскертүүмсуз да сен кыздарды көзүндүн карегиндей сактап келесин, бирок сенден суранаарым Таттыгулду корго, бут ааламдан керек болсо өзүңдөн да, анткени ал сенин бир узумун, бир боорун.
Акыркы сөздөрдөн кийин Мелистин тамагы буулуп, оозу кургап кетти.
Аркага бурулуп ордуна отуруп жаткан ата жигиттин азыркы абалын көрүп өзүнө ыраазы болуп койду, "жеткире алдым".
-Айтмакчы өткөндө учакта тиги Пери эмнеге Таттыгулду уктатмакчы болуптур?
-ал Таттыгулго түшүндүрүп убакыт кетирип отурбай ушул жол менен оңой орун алмашып алам деп ойлогон экен, деди Мелис азыркы абалынан сыр бербештин айласын кылып.
Ата жылмайып өзү отурган эскилиги жеткен столдун кармагычын колу менен сылап койду .
-Көрдүңбу кыздар эмне кылышат? Биз ача элек китепти алар эчаак окуп коюшкан. Бир гана Пери сени ага катары эмес эр жигит катары тааныйт, ошол эле бизге жетиштүү болуп жатат. Эми элестетип көрдүңбу башка жети кыз да сени ал тааныгандай тааныса эмне болмок. Алар эчаак бири бирин кырып коймок, эркектерден айырмаланып аялдарды акыл эмес сезим көбүрөөк башкарат жана дагы бир нерсе, алар бизге караганда көбүрөөк берилген адам боло алышат. Эми мени түшүнүп жатасыңбы эмне себептен бардык кыздар сени бир тууган катары таанышаарын. Чындыкты сенден башка эч ким билбейт, ошондой экен Таттыгул сенин чыныгы бир тууганын экенин да эч ким билбеши керек. Пери дагы көп өнөр көргөзөт ага, албетте карындашын өзүнө окшоп сымбатту, андан кызганбай коюуга мүмкүн эмес. Бирок жүрөгүн тынч болсун, алардын арасына кийлигишпе кыздарды бири биринен болуп караба, Таттыгул өзүн андан коргой алат. Эгер тескерисинче болгондо кыжаалат болууга себеп болмок.
Мелистин жооп айтууга акыбалы келбей турду.
-сени Япониядан бери күзөтүп келгендер СНБга кызмат көрсөткөн балдар экен. Алар да артыңдан катуу түшүшөт болуш керек, бизге караганда алардын эсебине сан жетпейт, кечээ эле канча адамынан айрыдын аларды. Макул ал жагы өздөрүнүн көйгөйу, кандай уюштурса ошондой жыйнап алышсын, байкуштар өлкөнү көзөмөлдөп туруучу жалгыз кучпуз деп түшүнүп алышса керек. Биз өкмөткө кызмат кылуучуларбыз, албетте биздин ордубуз алардан бийик. Барып бир аз чырым этип ал, жогору жактан кабар болоору менен аркетке киришебиз, деп ата сөзүн жыйынтыктады.
-Эгер уруксат болсо буйрукту өз жеринде кутсом.
Мелис кандай болсо да азыр Ош шаарына жеткиси келип турду. Эмнегедир так азыр кыздарды аяп, баарын өз канатына калкалагысы келип жатты. Жада калса ар дайым өзүнө болгон сезиминен пайдаланып оор тапшырмаларды аткарткан Перини да курал катары эмес аял катары тааныгандай. Бул эмне болгон сезим эле, мекенди сүйүүдөн да күчтүү. Ал качан кимди аячуу эле, керек болсо өз өмүрүн коркунучка коюп канча жолу кыл үстүндө жүрдү, канча адамдын жанын көзүн ирмебей туруп өлкөнүн келечеги үчүн деп денесинен ажыратты. Азыр мына эң маанилүү учур келип турганда моминтип өлкөнүн эмес саналуу адамдардын, болгондо да өлкөнүн келечеги үчүн курман болууга даярдалган кыздардын кызыкчылыгын коргогусу келип турат.
-азырынча уруксат жок. Билесиң да вертолёттун абага көтөрүлүшү эле эки миң долларды чапчыйт. Биздин өлкө азыр бир адамдын кызыкчылыгы үчүн андай чыгымды өзүнө ыраа көрө албайт.
Мелис башын чайкай мыйыгынан кытмыр жылмайып артына бурулуп кетүүгө камданып калганда,
-Мелис! деген атанын үнү токтотту. Өкмөт адамдарын жаман көрүүгө сенин акын жок. Сен алардын ордуна болуп көрбөгөнсүн, билесинби аларга кандай кыйын өлкөдө тең салмактуулукту сактап туруш. Алардын биринчи максаты мамлекеттин кызыкчылыгы, жеке бир инсандардын эмес. Чет элдик жарандарга жөн жардам берип жаткан жок, ооба ал өлкөлөрдүн элчиликтери төлөйт өз жарандарын куткаруу үчүн кеткен чыгымды, бирок бул жерде жөн гана чыгым тууралуу кетип жаткан жок кеп. Маселе ушунда, эгер ошол дүрбөлөңдө бир эле чет элдик жаран жабыр тартканда өлкөнүн тагдыры эмне болмок билесинби. Өзү араң турган бизди туш тараптан талап кетмек, дүйнөнүн маалымат булактары биздин элди адам жегич эң мыкаачы адамдар катары суроттошмок. Ошондон кийин ойлоп көр бул өлкөгө башка жактан адам келеби жана биздин адамдарды башкалар кабыл алышабы? Жок! Адам жегичтер менен эч ким мамиле кургусу келбейт. Бүт дүйнөдөн бөлүнүп калмакпыз. Азыр сен куураган шаарга күйүп жатасың, ал жерде өзүбүздүн жарандарды ойлоп жатасың, Ооба бул жаман мындан өткөн жамандык болбойт. Бирок уулум ал нерсени кайра калыбына келтирсе болот. Урушкан эки тарап табышат, аларды элдештирем деген үчүнчү тарап жапа чексе эч качан башка жардам колун сунбайт, ушуну эсинден чыгарба.
Бир аз жоошуй түшкөндөй болуп үнүн басандатып кийинкилери кошумчалап койду. - - Азыр кандай бытыранды болсо да бизге эч ким кийлигише албайт, бул биздин өлкө жана башкаларга эч ким арызданып барбайт. Биз болгону азыр даттанчуу жактардан арылдык. Өкмөттө да жөн отурушкан жок, ойлонуштуруп жатышат, кантип эң аз жабыр менен кыска мөөнөттө тынчтык алып келүүнү. Өзүн көрүп тургандай бул жагдай кутулбостон болуп кетти, чечимди бир эле адам чыгарып коё албайт, алар кенешет. Билесиң азыр туруктуу бийлик жок, бардык бийликке жооп берчуу адам да жок, убактылуу бийлик убактылуу өкмөт. Азыр бизде кутуудон башка арга жок.
Мелис ундобой туруп угуп
-Кечириниз, дегенден башка сөз айта алган жок. Атасы анын оюн окуп койгондой ичиндеги ар бир суроосуна так таамай жооп берип отподубу.
Ата колун көтөрүп бара бер дегендей ишаарат кылып эшикти коргозуп койду.
Мелис кыйчылдаган оор темир эшикти ачып чыгып баратып үйдүн сырткы келбетине карап ойго батып кетти.
Шаардын четиндеги Кызыл аскер районунда жайгашкан бул үй сыртынан айланадагы башка үйлөрдөн эч айрымаланбайт, жада калса алардан алда канча начарыраак абалда. Көчөдөн өтүп бараткан адамдын көзүнө уруна бербеген жупуну көрүнүштогу бул үйдүн ичинде ким жашаары эч кимди кызыктырып деле койбосо керек. Эсинде мындан туура он жыл мурун өзү 20 жаш курагында бул өлкөгө келген, ошондо эле бул үй ушул абалда эле. Андан бери эч жери озгорбоду, сырткы дарбазасы бир ирет сырдалганы болбосо. Ошондо атасы аны алып келип ушул үйгө киргизгенде Мелис аябай таң калган. Ал оюнда атасы аябай бай адам болсо керек, чоң үйдө жашайт деп ойлоп жүргөн да. Бирок үйдүн ичине кирип баратып баарын түшүнүп жетти, бул жайдан өткөн тынч, бейкут жай болбостугун. Каалгасын онойлук менен ачып болбойт, оор ок өтпөгөн темирден, айнек терезелерин лом эмес Англиялык эсепте 45-калибрдеги ок да теший албагандай бекем, үйдү курчап турган дубалдын эки тарабы кыш болгону менен ортосу каалганын материалындагы темирден турузулган, үстү да ошондой, эң негизгиси бул үйдө шыбыртсыз жүрүүгө мүмкүн эмес учуп эле журбосон, аяк койгон жерин кыйчылдап кармаган жерин шарактайт, эч бир нерсе үнсүз ордунан жылбайт. Ушундай абалда өзүн коргоп алган бул киши, иши кылса үйүнө өзүнүн уруксатысыз чымын учуп кире албагыдай, кирсе да тирүү чыгаары күмөн, анткени каалгалар бир гана карыянын уруксаты менен ачылып жабылат.
Бирок атасы аны бул үйгө бир түн да туноткон жок, качан кааласан келип турушун мүмкүн анткени бул сенин дагы үйүн деп ачкычын бергени менен дароо эле азыр өзү жашап турчуу шаардын ортосундагы батирге алып барып жайгаштырып койгон. Андан бери да көп келтирген жок, келсе да жарым сааттан ашык кармалбайт, атасы айтаарын айтып болуп дароо каалганы коргозуп коёт кудум азыркыдай кылып.
Мелис өзүн эс тартып билгенден 15 жашка чейин Тибетте болду, андан кийин океандын аркы тарабы болгон Куба мамлекеттинде, акыркы эки жылда Кошмо штаттарда катуу даярдыктан өттү. Ошол жылдардын аралыгында жалгыз жакын адамы атасы болду, алысты алыс дебей ар эки айда бирден кабар алат. Жөн гана эркелетип өзүнүн сүйүүсүн гана коргозуп тим болбой Кыргызстан деген мекенинен салам ала барат ар барганда жана аны абдан улуу, сулуу кылып сүрөттөп жүрөгүнө басат. Ошондой жерди тепсеп жүргөн жаман адамдарды эң жийиркеничтүү кылып коргозуп жүрөгүнө жек көрүү орнотот, эгер алдынан чыгып калса көз ирмебей атып гана койбостон аларды жок кылганы үчүн ырахат да ала турган даражага жеткирип койгон. Ошол келген күндөн бери он жыл аралыгында Мелистин аткарган жумушу ушул, өзүнүн жүрөгүнүн төрүндөгү мекенин жийиркеничтүү адамдардан тазалап келет. Чыныгы буйрукту ким чыгырат көргөн эмес, анткени ал өзү жашыруун керек болсо өлкөнүн эсебинде жок адам, кандай иш жасабасын жообун тартпайт, ошон үчүн буйрукту атасы аркылуу алып анын гана көзүнө көрүнөт. Бир билгени атасы өкмөткө иштейт, ал өкмөт канча ирет алмашса да мындай кишилер алмашпай кызматын көргөзө беришет. Бул жаңылык эмес, мындай жашыруун күчтөр, адамдар бир гана биздин мамлекетте эмес дүйнөнүн эң бай да эң кедей, эң чоң да эң кичине өлкөлөрүндө болот. Алар армия аралашууга акысыз учурларда, көп чыгым сарпталбай бүтүрүүчү жумуштарда, ачыкка чыкпай турган масалелерде катышат.
Атасы уулум деп сүйлөгөнү менен эч качан ага эркин ооз ачып сүйлөөгө уруксат бербеген, апасы тууралуу да айтпаган. Болгону өкмөттүн буйругун жеткирип кимди, эмнени жок кылуу керектигин кимди эмнеден коргоо керектигин гана айтып турат. Бирок өз уулун отко таштап койду деш да туура эмес, кандай гана кыйын учур болбосун айттырбай билип жардамга келет, канча жолу өлүмдүн кочушунан куткарып кетти, ким кантип куткарганын көрбөсө да билет атасы экенин, же өзү же башка бирөөлөр аркылуу куткарат. Өзү келгенден бир жыл өтпөй катарына кыздар кошула баштады, арасынан көбүн ажал ар кандай абалда сууруп кетти, улам ордун жанылары толуктап турат. Ал кыздар да ар кайсы өлкөлөрдө тарбияланган, өзүндөй эле атайын өкмөттүн тапшырмасын аткарууга даярдалган кыздар. Алардын арасында жалгыз Пери деген кыздан сырткары баары өздөрүн атанын кызымын деп билишип Мелисти бир тууган ага катары таанышат, бирок бири биринин сырын билишпейт, өз ара сүйлөшүүгө уруксат жок. Кыздар албетте билишпейт бардыгынын ою бирдей экенин, ошон үчүн кызганыч ичи таарлык жок араларында, алардын ар бири өзүн атанын кызымын деп башкаларды коргоо милдетим деп түшүнүшөт. Булардын баарын бир гана Мелис билет, ал дайым ата менен бирге барып кыздарды алып келчүү ар кайсы өлкөдөн . Мынча кыздын баары өзүнүн карындашы болушу мүмкүн эмес экенин түшүнөт деген атасы ага ачыгын айтчуу, ал кыздар ата энеси жок атайын балдар үйүнөн алынып өлкөнүн келечеги үчүн тарбияланган экенин. Таттыгулдү да ошондой деп ойлогон бирок атасы башкача айтып жатпайбы, ишенбей коюуга да болбойт, атанын жалган айтуусуна себеп жок, кийин алардын арасында бир туугандарга таандык окшоштуктар болуп жатпайбы.
"Балким жүрөгүм бир туугандык сезимди туйгандыр" деп койду Мелис өзүнүн тоодон түшүп келе жаткан атанын жанындагы кичине арык кызды көргөндогу абалын эстеп. Ал ошондо эле эмнегедир элжиреп кеткен, көрүнүшү бир алсыз назик көрүнгөн өзү коргоого муктаж кыз өлкөнү коргоочусу болобу деп биринчи ирет мекенди эмес жеке адамды аяган. Азыр да кудум ошондой сезимде, анын Сулайман тоодо чекиттерди айырмалай албай тынымы жок ары бери жүгүрүп жүргөнүн эстегенде өзүн коерго жер таппай кетти. Кимге-кимге Мелиске эң жакшы маалым, тусторду ажырата албай адамдар көргөндөй көрө албаганы аз келгенсип ал жөнүндө ар дайым жашырып жүрүү кандай оор экени. "Кызык" деди оюнун ушул жерине келгенде "атам бул жөнүндө билеби? А менин көрүүм тууралуучу? Билсе эмнеге бир ооз ундобойт. Эгер андай болсо атамдын да көрүүсү биздикиндей болуусу керек же апамдан өткөнбү". Ушундай ойлор менен ал дарбазадан чыгып кетти.
Мунун баарын терезеден күзөтүп отурган ата Мелис чыгып кетээри менен ордунан туруп отургучту алдыга түртүп дубалдын тобосундогу кичине айнекчеге көздөрүн такап карап койду эле дубал жылып барып дагы бир ушундай болгон чоң бөлмөгө эшик ачыла берди. Ичкери кирип келип дубалда илинип турган көп сүрөттөрдү колу менен сыйпалап кудум тирүү адамды эркелетип жаткансып кармалап келип эң жогоруда турган суротко жеткенде бир аз карап ойлонуп туруп аста басып койду эле сүрөт дубалдан бөлүнүп китепче болуп чыга келди. Ал азыр эле чыгып кеткен Мелистин китепчеси эле. Туулгандан берки өмүр баяны, кыял жоругу, ден соолук жана ойлонуу өзгөчөлүктөрү, адаттары бүт баары жазылган, туулгандан берки сүрөттөрү менен толукталып жасалган китепче. Аны ачып карап отуруп "бул сүрөттө кандай тусто кийимде болду экен" деп ойлоп койду биринчи Тибет тоолорунда тартылган сүрөткө карап. Кийин Таттыгулдүн ошондой эле баяндагы китепчесин сууруп алып анын да ар бир барагын карап чыкты. Экөө бири эркек бири кыз эле болгону болбосо бири бирине куюлган кумуштой окшош, сулуусунан келген сырткы келбетинен тарта өжөр, шайыр мүнөздөрү ошол эле учурда түнт ичиндегисин сыртка чыгара бербеген сезимдерин сездирбеген айта турган сөздү алдындан түшүнүп таамай жооп айткандары, чыныгы каалоосун акыл менен басып жогорку деңгээлде ой жүгүртө алгандары, берилгендик менен гана эмес чын көңүлдөн тапшырма аткаргандарына чейин бирдей. Эки китепчени колуна кармап отуруп терең ойго чомулуп кетти киши башынан өткөн ар бир күнүн эстеп.
Ал көп күндөрдү өткөрдү башынан, туулгандан бери эмнелерге гана күбө болбоду. Эң негизгиси эки жашоодо кайчылаш жашады, азыр да ошондой, бир жашоосундагы адамдар анын экинчи жашоосунан кабарлары жок. Биринде мамлекеттин эң башкы адамдарынын бири, сыйлуу орундун ээси, кадырлуу ата кадимкидей бир үй бүлөнун башчысы, балдары жогорку кызматтарда неберелери билимдүү болуп чоңоюп келе жатышат. СССР убагынан бери чоң кызматтарды ээлеп келе жаткан инсан союз кулаганча эле билсе керек ушундай болоорун, союз кулап мамлекет эркиндикке жеткенде мурдакыдан да күчтонуп алган. Мамлекет башында турбаса да алардан жогору турду ар дайым, алардын кеңешчиси болду, азырга чейин ал орунда. Бирок анын өнөрү ал гана эмес экенин, акылы башчыларга кеңеш берүүгө гана эмес аны аткарууга да жөндөмү барлыгынан эч ким шек санабайт. Ал эми бул бөлмөнүн ичинде сүрөттөрү илинген адамдар ал тапшырма аткарып ортодо буйрук берчуу адам гана эмес ошол чыккан буйруктун түпкү ээси экенинен кабарлары жок. Бул менен ал эки жактан тең бирдей өзүн коргой алат, эч качан эч нерсе жоопкер эмес жана чыгым чонтогунон кетпейт. Анын мээси кандай иштесе денеси андан кем калышпайт, колунан өткөн жигит кыздар бирден эмес баары биригип каршысында турса да жыга алышпай турган даражада өнөрү бар. Ушундай жашоодо көп жыл жашап эч кимден, эч нерседен сестенбеген бул киши азыр эмнеден уркуп турат, качан ал өзүнүн артта жасаган иштеринен күмөн саначуу эле. Азыр мынтип беш манжасындай билген маалыматты карап текшерип отурганын кандай түшүнүүгө болот. "Каарылык тороп калдыбы" деп койду өзүнчө. Ал эми акылына келип жаткан ойду өзгөртүүгө туура келээрин түшүнүп жаткан, өкмөттөгулор андан бир ооз сөз күтүп отурушканы түшүнүктүү, бирок ал кайдан билди бир адам болгондо да эң ишеничтүү жакын адамы мындай өзгөрөорун. Азыр Мелистен баарын кутсо болот, а балким өзү айткандай буйрукту өз жеринде күтүп туруусу да мүмкүн, а балким такыр буйрукка баш ийбей коюусу да толук ыктымал. Аялды сезим башкарат деп өзү айтпадыбы, бирок ал жакшы билет жүрөгүндө андай сезими бар эркекти да башка бирөө башкара албайт сезиминен ээсинен башка...
Азыркы айтылган сөздү текшерип көрөт ал сөзсүз, андай кылбоого жигиттин сезимдери жол бербейт эгер ал чындап эле өзүнө окшогон болсо. Маселе ал текшерүүнү качан баштайт...
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2