3-бөлүм.
" Таң атып буйрук болсо дегени кандай? Өлкөдө бытыранды болуп жатса таң атышын күтүп жата беришеби? Андай болсо устатымдын сөздөрүнүн дагы бир далили ушул болуп жатпайбы" деп койду өзүнчө көздөрүн ачып терезеге карап. Анда таң үрүл атып калганы менен күн толук чыга элек эле. "Бул жайда буйрук берүү үчүн канча убакыт талап кылынат болду экен, буйрук берүүчүлөрдүн түшүнүгү боюнча таң качан атышы мүмкүн." Ар ойду үзүл кесил ойлоп бөлмөнү тегерете карап жатып көзү керебеттин маңдайында турган күзгү текченин ичиндеги китептерге урунду. Туруп барып колуна кирген бир китепти алып ачып көрсө чындап эле устаты айткандай кедейчилик сүрөттөлгөн, кыйналган турмуш жөнүндө окуя камтылган чыгарма экен. Андан кийинкисин ачса ал да ошондой, канкор адам, анын жубайы менен жаш жигиттин ортосундагы мамиле, көр кыз анын сүйүүсү жана өлүмү тууралуу жазылыптыр, андан башкаларын ачкан да жок. "Бул китептерди эмне себептен бул жерге тизип койгонуна таң калды, эгер бул менин жашоомо жардам бербесе, мээмдин орчуусуно салымын кошуп жаңы маалымат бере албаса эмне кереги бар убактымды кетирип", деди. Кайра атасынын ал кылыгын актап койду, "муну мен үчүн эмес устатыма окшогон чакырылбаган коноктор үчүн койсо керек, менин абалымды жашыруу ниетинде" . Андан ары кийим илинчуу шкаф турат дубал менен бир болуп. Чындыгында кооз жасалгаланган батир экен, атам бай адам болсо керек жөнөкөй жүргөнүнө карабастан. Чындап эле эмнеге ал ушундай күчкө ээ болуп туруп өтө жупуну кийинет, дегенче шкафты ачса ичинде кыскадан эң узунуна чейин болгон койноктор, шым, курмонун түрү. Бирок бардык кийимдер бир гана ысык абага ылайыкталган. "Демек мен бул жайда көпкө кармалбайм" деп койду. Ал жерден тандап өзү ыңгайлуу деп эсептеген жеңил ак фудболка менен спорт шымын алып кийип алды, кийимдер атайын ал үчүн тигилгендей ашык кеми жок денесине чак түштү. Ушундай майда бөлүктөргө чейин көңүл бөлгөн болсо атасы ал ойлогондон да көбүрөөк эсепке так.
Аңгыча каалга такылдаганын жетип барып кичине тешикчеден карап жылмайып турган Мелисти көрдү. Бөлмөгө жүгүрүп өзүнүн куржунун жонуна артып жетип келип каалганы ачып,
-даярмын, деди ал саламдашпай туруп.
-жакшы, кеттик. Мелис да сөздү кыскартып алдыга басып кетти.
-байкашымча ак түстү жактырасын, кийимдерин жада калса куржунун да ак же башка түстөрдүн жыты жакпайбы, деп күлүп койду ал басып баратып. А баса ал куржунунда эмнең бар? эч эле ажырабайт экенсиң.
Таттыгул жооп берүүнү ойлонуп да койгон жок.
Дагы бир аз жүргөн соң дагы бир деме деди, бирок бул ирет аны түшүнгөн жок Таттыгул.
-Демек мындай, Сулайман тоонун боорунда жүргөндө зерикпей сөздөрдү тескери окуганды уйронгончо жүр, жана ар бир төртүнчү тамгасын калтырып сүйлө.
-Демек мени зеригиштуу жайга алып бара жаткан экенсиз да, деди.
-сен үчүн ошондой сезилиши мүмкүн, бирок мамлекет үчүн оор учур болуп калды окшойт.
Таттыгул кечеден бери Мелистин көп жоруктарынан көрүп, эрдиктерин баалаган менен өтө эле акылдуу боло берген сапатын анча жактыра бербеди. Ошондуктан сөздү кобойтпош үчүн ундобой катар басып акыры вертолёттор турган жайга да жакындап келишти . Ал жерде эки вертолёт катары менен турган экен.
-сен кызыл сызыктууга барып жайгаша бер, мен азыр деп кол саатын кармалап ордунда токтоп калды.
Анын кимдир бирөөгө отчёт берээрин айтпаса да түшүнгөн кыз айтылган тарапка көздөй кете берди. Эң кыйналган жери ал үчүн кызыл сызыктуу вертолётту таап баруу эле, катар турган эки окшош учактын сызыктары ал үчүн бирдей боз тусто көрүнөт. Тобокелге салып он тараптагы оозу ачык турганына чыгып барса сегиз кыз бар экен, алардын арасынан түндөгу учакта өзүнүн кийимин чечтирип кийип кеткен кызды жазбай тааныды. "Аны кармап кетишти дебеди беле, демек Мелис бошотуп улгургон экен же бул деле жөн эле айтылган сөз беле" деп ойлоп койду. Алардын эч бири менен саламдашпастан чыгып катардан орун алып жайгашып калды, кыздар да ага көңүл буруп карашкан жок, кыязы алар деле бири бирин таанышпайт. Аңгыча Мелис келип кыздарды текшерип эшикти жаап жатып Таттыгулго көзү чагыла түштү.
-сен түш!
Таттыгул түшүп баратканда көз тааныш кызы көзүнүн кыйыгы менен карап койгонун байкады.
-сага кызыл сызыктуу деп айтылбадыбы, деди жигит учактын эшигин бекитип жатып.
Таттыгул жооп кайтарган жок, эмне дээрин да билбейт эле. Андан ары кийинкисине барып экөө жайгашаары менен жердеги чөптөрдү жапыра жаткырып эки учак бирдей абага көтөрүлүп жогорулай беришти. Таттыгулдү таң калтырганы, алар бир вертолётту экөө гана ээлеп баратканы эмес, ал Мелисти атанын оң колу деп өзүн анын кызы болгону үчүн артыкча мамиле жасалып жатат деп ойлоп жатпайбы, анын таң калганы эмнеге экинчи учакта бир гана кыз балдар баратканы. "Эмне себептен түндө Мелис айткан алардын бар экенин кээ бир эле адамга белгилуу болгондор жалаң кыздар. Же ушундай жол менен жашыруундукту сактап калабыз дешеби. Анда эмне көчөдө жүргөн ар бир эле эркек бала кумондуу көрүнүш керекпи башкаларга. А балким бул жолку тапшырма жеңил болгону үчүн кыздар бара жаткан болуш керек, карапайым элди кыздар менен да тынчытса болот, эркек балдарды балким ооруурак маселе жаралган жактарга жонотушуот" деп ойлоп койду. Анын түбү жок оюн бооруна урулган Мелистин чыканагынын түрткүсу бузуп жиберди. Ал карта сунуп жаткан экен.
-Бул Сулайман тоонун картасы, андагы кызыл чекиттер сен убак убагы менен кабар алчуу жайлар, ал эми ток кызыл менен белгиленген жайлар кайда болсоң да көзүндүн кырында болсун. Ошондой эле тоого келчүү жолдор толук корунчу дурбулор орнотулган жайлар бозомук кызыл чекиттер менен белгиленген, ал жерден шаарды карап сен тарапка бараткан кыймылды көрсөң болот.
-сиз мага чекит менен эмес чоң кичине колом менен белгилеп берсеңиз, билесиз боекко ишенич жок, суу тийсе түсүн өзгөртүп жибериши мүмкүн.
Таттыгулдун чоң көйгөйу бар, ал көп түстү анын ичинде кызыл түстү айырмалай албайт боз кылып көрө турган "дальтоник" деген өзгөчөлүгү бар эле. Бирок андай экенин бир устатынан башка эч ким, жада калса жанында 12 жыл бирге жүргөн кыздардын, атасынын да кабары жок эле. Ошондуктан устаты мээнин жыт сезүү бөлүгүн жакшы орчутууго жардам берген. Ал бул кемчилигин эч ким билбестиги керектигин жакшы түшүнчүү, эгер башкалар билишсе өзүнө каршы пайдаланаары анык эле. Башкалар кандын түсүно карап аныкташса ал жытына карап адамдыкы же башканыкы экенин айрымалайт, өлүмдүн канча убакыт алдын келгенин билет.
Мелис кызга сырдуу тигилип,
-Бул боектор түсүн озгортпойт, деп койду.
Ушундай жооп уккан кыз ичинен "андай болсо бара жатып короормун, бирок бардык белигиленген жайларды кыдырып чыкканымча убакыт кетет, ал убакка чейин көзүмдүн кырында болчуу жайлар кароосуз калып жатат" деп ичинен бушайман жеп баратканы менен сыртынан билдирбегенге аракет кылып картаны спорт шымынын чонтогуно салып койду.
Таттыгул эч бир тапшырманы оңой олтон кабылдабайт, а азыр болсо ага кандай байлык экени айтылбаганы менен алып кетчүү адамдар жөнөкөй элдин ичинен эмес экенин жакшы түшүнүп турат. Абалким атайын ошол үчүн бул башаламандык уюштурулгандыр, алып кетчуу адамдар андан эки эсе күчтүү жана катуу даярдыкта да болуулары мүмкүн. Ушуларды ойлоп Мелиске көзүнүн кыйыгы менен карап койду.
Ал да өз ойлору менен алек болуп бараткан...Ордолуу Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан Сулайман Тоонун үстүнө келишкенде аркан тепкичти түшүрүп кызды анда калтырышты. 30-40 секунд тоону тегерене учкан учакты карап туруп алар алыстаганда Таттыгул дароо ишке киришти. Өзү турган чокудан тоонун күн чыгыш тарабына ылдый көздөй 300 метр басуу керек, ушул чекиттен баштоону туура көрүп жүгүрүп төмөн түшүп келсе чоң тамгалар менен "музей" деп жазылган, айнектен үстү жарым тегерек оозу бар алды атайын жылтырак таштан тизилип жасалган жай экен, анын алдында дурбу да орнотулган. Дурбу менен бир аз ылдый шаар тарапты карап туруп ал чекитти тегерек кылып белгилеп койду да андан ары башка белгиленген чекиттерди издөөгө киришти. Дурбу коюлган төрт чекитти таап белгилегени менен калган ток кызыл менен кызыл чекиттердин айырмасын биле алба койду. Кайсы бир бөлүгү дайым көз алдында жана кайсы бөлүгү убак сааты менен текшерилчуу жайлар экенин ал эми эч качан биле албайт, анткени Таттыгул бул тоодо жалгыз эмеспи, түстөрдүн айырмасын сураганга жан адам жок. Андыктан ал эч бир ордунда турбай ар дайым кыймылда болууну туура көрдү, бактыга жараша белгиленген чекиттер бир биринен алыс эмес, тоону тегеренип чуркоого туура келбейт. Дурбу менен алаксыбай эле коюуну чечти, ансыз да колунда түндү күндүз кылып көрсөтчу снайпер мынтыгы бар. Куржунун ачып атайын даярдалган сүрүп тепсе капталдарынан учтуу шиштер суурулуп чыкчуу чокоюн сууруп чыгып кийип алды, чачын өйдө кылып түйүп куржунда катылган жыгачтан жасалып учу учтуу темирден болгон шиштерди чачына сайып, жүз метрлик аралыкта болгон кыймылдан кабар берчүү кол саатын тагынып өзүн толук коопсуздап алды. Мына эми башканы да коргоого болот. Бир жайда беш муноттон ашык турбай экинчи чекитке жүгүрүп ал жайда беш мүнөт тыныгып кийинки чекитке жүгүрүп жаны тынбай, ал аралыкта утуру мынтыктан шыкаалап ылдый шаар тарапты карап коюп жатты. Эмнеге катылган байлык кай жерде экенин айтып коюшпайт, бир гана белгилүү жайды кайтаруу жеңилирээк жана ишеничтууроок болбойбу. А балким андан да күмөн санап жатышкандыр, алып чыгып кетет деп эмес башкаларга кабар берип коёт деп. Жок андай болуусу мүмкүн эмес, эгер Таттыгул билүүнү кааласа белгиленген ар бир жайды антарып болсо да таап алмак да. А балким эч кандай байлык жоктур, анда эмнеге кызды бул жайга коюшмак. Ушул ойлор Таттыгулго тынчтык бербей жатты. Чындап эле ал шаарда эмне болуп жатканын жакшылап тушунгусу келип кетти, жанатан бери тынчтай эле көрүнөт, эч кандай тарсылдап атылган октун үнүн угуп же бытырап ары бери жүгүрүп качып жүргөн адамдарды көрө алган жок. Бирок чынында качып эмес шашпай ары бери чайкала баскан да жан көзгө урунбайт. Албетте бул шаарда бир нерсе болуп жаткандыгы анык, көп жыл согуш жүрүп калкы кыйрап калгансып көчөдө бир адам жок. Аңгыча анын мынтык дурбусуно төрт эркек бала урунду, алар тоодон анча алыс эмес көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан бир дукондун жанына келип токтошуп, ары жак бери жагына өтүшүп тепкилеп көрүштү да колдоруна бир нерселерди көтөрүп ургулай башташты. Бир аздан соң дүкөндун айнектерин сындырышып ичкери кирип жок болуп кетишти. Таттыгул андан ары кийинки жайга барып кабар алганча төмөн караса бир чоң унаа келип көп кабаттуу үйдүн алдына токтоп үйдөн адамдар чыгып унаага жүгүрүп кирип кетип жатышты. Канча адам киргени белгисиз 18 адамдык унаага кеминде 38 адам жайгашты окшойт акыры эшиги жабыла бергенде үйдөн шаша кичине баласын бооруна кыскан бир келин чыгып келип жетишпей калды. Келиндин колундагы бала Таттыгулго өзүнүн элесинде жашаган 3-4 жашар баланы элестетти. Анда да эч нерсени түшүнбөгөн, кыбыр эткен жандан коркуп ошол эле учурда жардам да күткөн көз караш. Охх! Таттыгул мынтыгын түшүрүп колун тамагына сойлотуп мойнун сыйпалап бир нерсе муунтуп жаткандай кысылып кетти. Азыр эле барып аны көкүрөгүнө кысып бул коркунучтуу жайдан бейкапар жашоого алып чыгып кеткиси келди. Бирок ал жакшы түшүнөт өзүнө тоскоол жаратпаган абалда жана да ага таандык болбогон чек арага кийлигишууго акысы жок. Шаарды көзөмөлдөп жаткан башка адамдар бар. Бирок ал кичине баланын алсыздыгынын күчү анын үстүнөн буйрук берип жаткан күчтөрдон да таасирдүү эле. Кайрадан мынтыгын колго алып, азыр эле келинди албай кетип калган унаанын алдын торой ок жаадыра берди. Унаа дароо токтоп артка чегине берип башын буруп башка көчөгө айдаганда ал тарапка да ок атып келген жолуна тушуусуно аргасыз кылды. Качан унаа келген жайына жеткенде дагы алды тарабына ок атып ошол жайга токтотуп күтүп турду келинди чыгып жайгаш деп үнүн жеткире кыйкыра албай. Ок атуу токтоп калганда унаадагы адамдар жерге жайыла түшүшүп чыккан жайларына жүгүрүп кирип кетип жатышты. "Адамдар кызык" деп ойлоп койду кыз, "эмнеге эң жонокой нерсеге акылдары жетишпейт, унаадан түшө жүгүргөндорду бирден кырып койсом эмне болмок, аны ойлонбой кайрадан ачык жайга чыгып беришкендерин. "
Бул жөнүндө атасы укса эмне болот аны көп кызыктыра бербеди, адатта ал устаттары айткан тапшырманы чегинен чыкпай так аткара турган бул учурда эмне болуп кеткени белгисиз. Болгону ал ушундай болгону жакшы деп койду, алсыз аял жаш баласы менен жалгыз болгончо жанында башкалар да болсун деди да андан кийинки жайга жөнөдү. Ошондон баштап анын оюн бир гана нерсе ээлеп алды, өзүнүн жашоого келген максаты эмне. Башкалардын буйругун күтүп тапшырма аткарып жүрүү үчүн гана жаралбагандыр. А балким так азыркы учурдагыдай кичине балдарды коргоо үчүн келсечи. Алардын ата энеси болот эмеспи коргой турган жана аларды кандай коркунуч кутмок эле эч кимге зыяны болбосо, дейт. Кайра эле болбой ушул ой акылына келе берди, бобокторду коргоп гана эмес алар үчүн кек да алгысы келет. Кимден? Эмне себептен антет өзү да түшүнө бербейт. Анын жүрөгү бир гана жаш балдарды көргөндө тирилгендей башка учурда андай сезимге кабылбайт, жада калса атасын көргөндө да андай элжирей албайт. Ар өзүнө тийишсиз иштер менен алек болуп жатып кароолдогу жайлары аз убакытка кароосуз калып кетиптир, качан гана колундагы сааты чыкылдап киргенде оюн жыя айланасына карап саатын төрт тарабына каратып кыймыл кай тараптан келип жатканын издеп баштады.
Тободон келип жаткан экен белги. Ал тарапка карай жүгүрүп өзүн көздөй түшүп келе жаткан Мелистин алдынан чыкты. Колундагы мынтыгын ага такаганча Мелистин тапанчасы өзүнө карай такалды.
-убара болбо! улгурбойсун.
Таттыгул аны көрөору менен түшүндү, өзүнүн ар бир кыймылы алардын козомолундо, кай тарапка багыт алганы, кай чекитте тураары белгилүү болгонун. Терисинин сыртында эч кандай аспаб жок, видео көзөмөл орнотулуп учуп жүрчүү дрондор да байкалбайт, демек терисинин ичинде датчик орнотулган болушу керек.
-албетте, деди ал. Теримди сыйрып сала албайм, демек сиз ар дайым биринчи тапанча көтөргөнгө улгуросуз.
-сен да сырынды айтпагансын мага. Компас кыймылдуу саатын бардыгыны мен да билген эмесмин, деди тапанчасын түшүрүп жатып Мелис.
Таттыгул учурдан пайдаланып жигитке кол салууга өттү. Тоонун боорунда кыймылдаган ага абдан жагат жана ыңгайлуу. Мелис да бардык ыкмаларды колдонуп аны менен чын дилинен алышып жатты. Бул көрүнүш сырттан караганда гана эмес алардын өздөрүнө да жагып жаткандай, ар бир жыгылуу рахмат тартуулап жаткансып утуру бутуна турган сайын мурункудан көбүрөөк кучтонуп жатышты. Таттыгулдо болсо чарчоо деген сезим такыр жоголду, ал кезектеги жыгылуусунда ууртундагы уячасын көргөзө көздөрүн тунартып Мелиске карап коюп ордунан секире туруп анын артына өтүп кетти. Жигит ага карай бурула бергенде көздөрү коюулана түшкөн экен. Бүттү деди Таттыгул, эр болсоң да эркек адамсын, кандаш тууганым болбогондон кийин арам ой акылынды аралап өтпөй коймок эмес. Айтканындай эле аз өтпөй Мелис жыгылып жерде жатты. Шиштери чыккан чокою менен анын үстүндо турган кыз чачына сайылган шишин сууруп чыкты эле узун чачы жайылып далысын жаба бергенде андан бетер ажарына чыгып жатып калды. Өзүнөн көзүн тартып кете албай жаткан Мелиске эңкейип колундагы шишин анын мойнуна сойлото берди, анын азыр эч нерсеге алы келбесин жакшы билет.
-Эгер муну туура кекиртекке сайсам дароо олосун, жок он капталыраак киргизсем жоон кан тамырынды тилип өтөт, анда жарыктыкта бир аз да болсо кармалууна мүмкүндүк болот. Бирок ал мүмкүндүк сага жакпай калуусу мүмкүн, себеби жан чыгуу азабы чыдаткыс болот дешет. Ал канча узакка созулса ошончо оор.
-а сен антпейсин, деди Мелис коюланып бараткан көздөрүн жума шыбыр үн менен.
-а эмнеге? Бул менин чек арам, бул тоодо менден башка кыбыр эткен жан болбошу керек.
Таттыгул сүйлөп сөзүнүн акырына жеткенче Мелистин алдында калды.
-себеби мен азыр андай өлүмгө даяр эмесмин. А сен Гейшалардын өнөрүн мыкты өздөштүрүпсүн. Айтчы мен билбеген дагы канча өнөрүн бар. Эгер чындап эле мен өз атамдын баласы болбогондо азыр бул өнөрүндүн курмандыгы болуп бермекмин, деди Мелис кызды колдон ала өйдө тартып жатып.
-а сиз да мени таң калтырууну токтотпойсуз. Чындап эле сиздин тузакка тушконунузго ишенип бараткам. А сиздин атаныз ким? деди Таттыгул маңдайында көз ирмебей өзүнө карап турган Мелиске тик карап.
Жигит бурулуп аркасын салып туруп алды, кыздын андай жалындуу көз карашына туруштук бере албай кеттиби же чындыкты айтуу кыйын болдубу.
-мен эч кандай буйрукка баш иймек эмесмин эгер ал буйрук берүүчү өзүмдүн атам болбогондо.
Таттыгулдүн тамагы кургап кетти. Эгер ал туура түшүнгөн болсо бул тескери карап турган жигит өзүнүн агасы.
-Көз кырында болуучу жайлар узак калды, ансыз да сен өзүңө тиешелүү эмес нерсе менен көп алектенип койдун, текшерүүнү улант, деди Мелис өзү да алдыга карай басып баратып, кыздын онтойсуз абалын байкагандай же алдыда бериле турган суроолордон качтыбы.
-жок! Таттыгул анын алдын торой жугурду. Бул маалыматыныз баары бир эч нерсени озгортбойт. Бул тоодо экөөбүздүн бирибиз гана калышыбыз керек, эгер сиз азыр бул жайды таштап кетүүнү каалабасаныз демек атабыз бүгүн бир чурпосунон айрылат.
-Демек эс тутумунда көйгөй жок, бир гана дүйнө көрүү озгочолугундон башка. Анда айтчы неге байкуш өзү да коркуп турган карапайым калкка дүрбөлөң салып жатасың. Эмнеге менин сага шаар ичине көзөмөл жүргүз, анан да андагы болуп жаткан кыймылга аралаш деген буйруктан кабарым жок. Же кенжеси каалагандай эркелесе боло берет деп жатасыңбы? Эсинде болсун биздин милдет өз алдынча иш алып баруу эмес, сен жана мен үчүн баары ойлонулуп бүткөн, биз ошол ойду гана ишке ашырабыз. Мындан кийинки катачылыгынды жашырбай коюушум мүмкүн, деди да тоонун боорундагы таштарды өлчөп жаткансып биринен улам бийигине секирип чокуга карай жүгүрүп кетти. Ал так чокуга жетип тоонун аркы тарабынан которулуп келген вертолёттун аркан тепкичине жармашаар замат учак көздөн кайым болуп Таттыгул тоодо дагы жалгыз калды.
"Менин дүйнө көрүүмө эмне кылды, ал түстөрду ажырата албаганым тууралуу айтып жатса керек. Албетте бир эмес эки жолу шек алдырып жатсам анан байкабай коймок беле же устатым бар маалыматты жеткирип турганбы. А баса демек Мелис атамдын уулу, ошондо биз бир тууганбызбы? Эмнеси болсо да ага мага караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилген. Машыгуу ыкмасы чыгыш жана батыштыкын бирдей жакшы оздоштургон, сезимтал ой жүгүртүүсү тибеттики." ушундай ойлор менен жүрүп ал күндү өткөрдү. Экинчи күнү да ал ошол жайда калды, баары тынч, чындап эле зээриге баштады, шаарга карап коёт утуру, эми көчөлөрдө БТРлер жүрө баштаган кечээгиге караганда кичине кыймыл көбүрөөк, шаарга унаа кирбегени менен шаардан сыртты көздөй чыгып бараткандар көп. Өзүнө тийишсиз болгон кыймылды күзөтүп отуруп уйкусу келип көздөрү жумула баштады, чындап эле 3 күндөн бери уйку бетин көрө элек.
Бул учурда Мелис атасынын буйругу боюнча шаарда калган чет элдик жарандарды вертолёт менен алып чыгып кетип жаткан. Колундагы саатынын айнегине шыкаалап шаарда калтырган кыздардын акыбалдарын бирден карап жатып Таттыгулго жеткенде беш муноттой токтоп калды жылдырбай. "Байкуш кыз канча күндөн бери уйку бетин көрө элек, ургулоп араң калыптыр. Азыр барып атамдан уруксат алып 2 саатка анын ордун алмаштырып туруу керек, деп баратып сүрөтүн чонойтуп карап калды. Кызык биздин окшош жактарыбыз чындап эле көп экен, ал да мен сыңары тусторду ажырата албайт, ойлоп тапкычтыгы күч. Ожорлугун айтпайсынбы, менин ыкмаларымды көрүп туруп да каршы чыгууга даяр. А балким чындап эле биздин байланышыбыз бар болуп жүрбөсүн. " Бул оюнан өзү чочуп кетип, дароо экранды соомойу менен жылдырып башка кыздарды көзөмөлдөөгө өттү. Алар да ар кай жерде кимдир бирөөгө таандык болгон мулкторду кайтарууда турушат.
Өзү тан алгысы келбегени менен ичинен ою тастыкталбай калуусун, Таттыгул да башка кыздардай эле ага эч байланышы жок болуусун тилеп жатты. Бул жанакы караган көз караштан кийинби же биринчи көргөн күндөн тарта акылына киргизип алганбы. Ооба чындап эле жанына жакын эсептеген, өзү менен бир тайпада машыгып аны ээрчип булардын арасына жалгыз өз эрки менен келген кыздын жанын да аябай ушул кичине Таттыгулдүн ордуна курмандыкка чалууга даяр болуп отко таштабадыбы. Эгер аны куткарып чыгууга улгурбой калганда эмне болмок, көп болсо азыр Ош шаарында ал турган орунду башка бирөө ээлемек жана Мелис өзүн бир аз күнөөлүү сезип калмак. А Таттыгулчу? Эгер ага бир нерсе болсо эмне болот? Жок! Ал оюнан өзү чочуп кетти, андай болуусу мүмкүн эмес. Андайга жол коё албайт. Керек болсо аны өз атасынан да коргоого даяр, ал качан эле тапшырманын чегинен чыккандарды жашырып койчуу эле, а азыр эмне болуп турат. Ушул 3 күндүн ичинде эле бүтүндөй көнүп калган адаттарын алмаштырып жибергидей ал ким? Балким бул чындап эле....
Ал ойдун артында чындап эле бир туугандык сезимби деген толуктоо бар эле, бирок эмнегедир оюнун акыры өзүнө жакпай баратты...
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12