Текебер, Ичи тар жана Налыгыч деген үч ынак достор болгон экен. Бир күнү Текебер менен Ичи тар Налыгычтын үйүнүн жанынан өтүп бара жатышып, үйүнүн маңдайындагы арыктын жээгинде кейип-кепчип отурган Налыгычты көрүшүп, басып барышып жанына отуруп калышат.
--Ой Налыгыч, бары жайында элеби?- деп сурашканына:
--Иий... Кайсы бирин айтайын деги... Ой арман деген толтура... Армандар аттын башындай го чиркин... Деги эмнеге мынчалык бактысызмын ыя? Ой деги башкалардан эмнем кем? Эл катарында, деги бир ойдогудай болуп эч бир жарыбай койдум го ыя... Деги кандай эле адамдардын тапкан - ташыгы ашынып, телегейлери тегиз болот десең?! - деп адатынча өзүнчө оор үшкүрүнүп, айтоор аба - ырайынан баштап, асманда учуп жүргөн чымчык, чымын, чиркейлер менен бүтүрүп бардык нерсеге нааразыланып налып отурду. Аңгыча Налыгычтын кошунасы Жагалдангыч да үчөөнү көрүп калып, жандарына шыпылдап басып келип, Налыгыч менен Ичи тарды көзгө илбестен алардан аттап-буттап өтүп барып, Текеберге ийилип кош колдоп саламын берип жатып, Текебердин күрмөсүндөгү жабышып калган кылдарды жанталашып тазалап, өзүнүн үстүндөгү күрмөсүн чече калып:
--Ой айланайын, садагаң болоюн Текеберим, эмне сыз жерге отуруп алгансың? Суук тийип калса кантебиз? Кой андай болбойт, тура гой тур. Бул менин күрмөмдүн үстүнө отуруп алчы!! - деп ой - боюна койбой жатып, Текеберди ордунан тургузуп:
--Кагылып кетейин Текеберим!! Жаман күрмөм сенден айланып кетсин!! - деп күрмөсүн калыңдап төшөп берип үстүнө отургузуп, Налыгычтын үстүндө кийип турган жалгыз көзгө басар жемпирин да үстүнөн сыйрып алып,Текебердин үстүнө кымтылап, жылуулап жаап коёт.Текебер болсо өзүн ого бетер укмуштай сезип, боюн түзөп, бети башын сылап, такыр эле мойнун койкоңдотуп, жанындагыларга мурдун чүйрүп, жийиркеничтүү жактырбагандай тур көргөзүп, өйдөдөн ылдый карап көздөрүн сүзүп отуруп калат. Ошол эле учурда Текеберге көрө албастык кылып Ичи тардын да ичи ого бетер от болуп туталанып күйүп, өзүнүн ичинен чыккан жалынга өзү куйкаланып отурган эле... Налыгыч болсо үстүндөгү жемпирин тарттырып жибергенине армандап, бетин эки колу менен басып алып ого бетер наалып, өңгүрөп ыйлап баштайт. Ошол учурда алардын жанынан өтүп бара жаткан Ток пейил ыйлап отурган Налыгычты көрүп токтоп калып, жанына басып келип нааразычылыгын уккандан кийин, өзүнүн үстүндөгү эскилиги жеткен, 40 жеринде жамаачысы бар чапанын Налыгычтын үстүнө жылмайып жаап жатканда Текебер:
--Ой телтейген мусаапыр десе.... Тим эле кыйратып койгонсуп эмне ырсаңдайсың? Чөнтөгүңдө кокон тыйының жок болуп туруп, берешендигин кантесиң?! Мендей кыйын, акылдуу, колуңда бар болгон болсоң тим эле баарыбызды кууратмак экенсиң го ыя? Ой ары жок десе?!-деп чыйт түкүрүп каткырып калды. Жагалдангыч дагы кулакка жагымсыз угулган чыйылдаган үнү менен:
--Ихи-хи-хи - деп Текебердин каткырыгын коштоп күлүп:
--Ой айтпа айланайын Текеберим! Сенин алысты көрөгөчтүгүң, билгичтигиң, акылыңдан тегеренип кетейин! Тим эле өзүңдөн, карегиңден куштай болуп чарк айланып учуп кетемин го!-деп шилекейин чачыратып сүйлөп шымаланып, Текебердин ары-бери жагынан чыгып үзүлүп - түшүп, болушунча жабышып кылган кошоматынан тажай түшкөн Текебер, Жагалдангычты өзүнөн оолактатып, боорунан түртүп жиберет. Жагалдангыч өзүн кармай албай кетенчиктеп барып, баткак, ылай аралашкан көлчүккө жыгылып, жатып калат. Бирок Жагалдангыч калп күлүмүш болуп көлчүктөн туруп, тизелеп кайра жанына келип чөгөлөп отурган калыбында Текебердин колдорун жанталашып өөп жатканын карап турган Ток пейил башын чайкап:
--Ээх жашоо... Жагалдангычтын дүнүйөнүн кулу болуп калгандыгын карачы... Текебердин болсо жүрөгүн дат, көздөрүн май басып кеткен... Ичи тар, сен болсоң ушунчалык ичиң тардыктан өзүңдүн бир колуң кармаган нерсени экинчи колуң көрө албастык кылып, алоолонуп күйүп кетет болушуң керек ээ... Сенчи? - деди Налыгычка бурулуп карап:
--Налыгыч, сенчи? Эмне үчүн дайыма бардык нерсеге нааразы болуп, наалый эле бересиң? Мисалы төртөөңөргө тең мени салыштырганда, араңарда эң карапайым, кедей, жакыр жашаганы менмин... Мага караганда ар бириңердин үстүңөрдө уйңөр бар. Меникине окшошкон 40 жеринен жамаачысы бар болгон кийимдерди кийбестен, үстүңөрдө кийе турган жаңы, жылуу кийимдериңер бар. Кенен - кесир каалаганыңарды ичип - жеп, кардыңарды тойгуза турган тамак ашыңар да бар. Жакындарыңар, өзүңөр аман - эсенсиңер! Сокур, дүлөй, мунжу эмессиңер. Көзүңөр көрүп, кулагыңар угуп, бутуңар менен койкоңдоп басып, тилиңер болсо буудай кууруйт... Жагалдангыч! Сендей болуп колунан бир нерсе чыга тургандардын артынан аркалап чуркап, жата калып, тура калып чөгөлөп кызмат кылып жүрүп, эптеп тапкан ташыгың өзүңө сиңимдүү, берекелүү болобу, айтчы? Ойлончу? - деп үнүн өкүмдүү чыгарып сүйлөп жаткан Ток пейилди Налыгыч карап:
--Чындыгында эле мен сага таң каламын... Эмне үчүн дайыма жүзүңдөн жылмаюуу кетпей, барына бирдей жакшы мамиле кылып, жылуу сөздөрүңдү айтып, өзүңдүн колуңда ашып - ташып турганың жок болсо дагы, колуңдан келгенин муктаждарга кайрымдуулук кылып, каралашып турасың? Өзүңдү дайыма абдан бай, бардар, бактылуу адамдардай алып жүрөсүң го? Же сен барын жашыруун кармап, балким эң бай адамдардын биридирсиң? Же болбосо ач жылаңачтын, жөө - жалаңдап муктаждыкка белчесинен батып азабын тартып жүргөндүн кантип эле сендей көңүлү ток боло алсын? -деп сураганына Ичи тар да шекший түшүп, кабагын чытып бүркөп, көзүнүн кыйыгы менен Ток пейилди сырдуу карап:
--Мммм... Мында биз билбей, байкабай жүргөн бир мандеми бар. Айтоор, кыскасы мунун катылып жаткан бир чоң сыры бар болуш керек?! Эй Ток пейил, тезирээк бизге бардыгын төкпөй - чачпай айтып бергиниң?! - деди күпүлдөп көздөрү жылтырап чыдамы кеткен Ичи тар. Анда Ток пейил аларды жылмайып карап сөзүн улады:
--Ооба, силер туура айтасыңар, менин көңүлүм дайыма ток! Мында катылган эч кандай сыр деле жок. Болгону менин жүрөгүм таза, пейилим кенен -деп сүйлөп жатканда, артынан Шүгүр басып келип, Ток пейилди эки ийнинен бекем кучактап:
--Ооба, силер туура айтасыңар! Бул жерде силерге маалим болбогон, катылып жаткан бир чоң сыр бар! -деди жылмайып. Анда тиги төртөө тең бир үндөн сөөмөйлөрүн кесешип:
--Ой кытмыр?! Шыпыр... Митайым десе... Бир сырың бар экенин биз шекшип жүргөнбүз да! - деп калышканда Шүгүр:
--Анда эмесе бул сырды мен ачыктап айтып берейин, кунт коюп уккула.Ток пейилдин чоң сыры, бул дайыма бир сындырым катыган нан жеп, карандай чай менен отурса дагы, эч бир наалыбастан кайра бардык нерсеге тобокел кылып, ыраазы болуп, шүгүрчүлүктөрдү көбүрөөк айтканында! -дегенде Текебер жактырбай:
--Ой кочу-ай, каяктагы бир жөө жомокту кулакка куйбай... Кантип эле ушундай болсун?!- деп бой көтөрүп, жактырбай сүйлөнгөнүнө эч маани бербестен сөзүн улантты:
--Бул ШҮГҮР деген сөз, сыйкырдуу сөз болот!!☝️ Канчалык шүгүрчүлүктү көбүрөөк айтсаң, ошончолук ырыскы, кут, берекелер эбептен- себеп болуп өзүлөрү эле келип, колуңда бар нерселериңдин берекесинин эки эселенген куттуу берекесин көрөсүң- дегенде:
--Ой анда эмне, байып кетебизби? -деп башын тырмап сурашканына Шүгүр:
--Кеп алтын, акча, байлык, бийликте эмес...Ооба, эгерде жүрөгүң тазарып, куу кекиртектин напсиси тыйылып, эч кимге көрө албастык кылбай, ушак сүйлөбөй, сынтагып, кектебей, текеберленип дүнүйөнүн кулу болуп, дүнүйөнүн артынан куубасаң, алибетте көңүлүң ток болуп, чоң бактылуулуктун жана байлыктын таттуу даамын татасыңар! Мен Ток пейилдин эң жакын жан досу боломун. Менин Ыйман деген агам бар, үчөөбүз бири - бирибизден айрылбай, дайыма чогуу жүрөбүз! Биз ар кимибиз өзүбүзчө ички дүйнөбүздө абдан бактылуубуз да байбыз да! - деди жылмайып. Эки ортодо жымжырттык өкүм сүрүп, ар кимиси өзүлөрүнчө ойго батып отурушту. Жагалдангыч Текебердин алдында чөгөлөп отурган жеринен туруп, Налыгычтын үстүндө жамынып турган Ток пейилдин чапанын өзүнө кайтарып берип, Налыгычтын үстүнөн сыйрып алып Текеберге жаап койгон жемпирин кайра Налыгычка сунуп жатып:
--Налыгыч, жемпириңди ал. Мени кечирип койчу... - деп кечирим сурап, Текебердин алдында төшөлүп турган өзүнүн күрмөсүн сууруп тартып алып, чаңын күбүп кийип, башын жерге салган бойдон ойлуу басып кетти. Көнүп калган адатынча дагы наалый баштаган Налыгыч да бир саамга токтоп калып, бир топко чейин үнсүз отургандан кийин, бир убакта башын көтөрүп Ток пейил менен Шүгүрдү көзүнүн жашын кылгыртып карап:
--Тереңирек ойлонуп көрсөм, чындыгында эле өзүмдүн жашоомо ыраазы эле болчудай экенмин... Тобоо!! - деп жакасын кармап:
--Шүгүр - деди үнүн акырын чыгарып. Бир гана Текебер менен Ичи тар экөө бири-бирин үнсүз тиктешип карап отурушкан эле. Бир убакта Ичи тар да Текебердин жанынан туруп кетип, алысыраак жерден орун алып отуруп:
--Текебер, мындан ары экөөбүздүн жолубуз эки башка...- деди. Анда ачуусу келе түшкөн Текебер ордунан жулунуп тура калып, Ичи тарга тап берип муштум кезеп калганда, шашып келип калган Ыйман ортого түшүп арачалап, Текберди карап:
--"Уурунун жолу кууш"- деп айтылгандай, сага окшогон текеберлердин дагы аягы жанга баткан жалгыздык менен аяктайт... Өмүр бою байлыгыңа чиренип, өзүңдү төшүңө "менменсиреп" каккылап бой көтөрүп жүрүп, акыр аягы эң бактсыз бир байкуш экениңерди кечирек гана түшүнөсүңөр... Өзгөчө колуңдагы байлыгыңдан кол жуугандан кийин гана өмүр бою сага ийилип, сени айланчыктап, сагалап жүргөндөрдүн бирөөсү дагы кабагым-кашым деп боор тартпастан издери сууп, өзүңө карата бир гана жек көрүү болгондугун өзүң түшүнүп, май баскан көзүң чайыттай ачылганда гана, сенин өмүр бою сапарлашың Өкүнүч болорун эсиңден чыгарбагының... Ошондон сактан -деди.
*Адам заты үчүн эң кыйыны, бул өзү менен өзү күрөшүүсү... Жана дагы кандай жашоодо өмүр сүргүсү келгендиги да бул ар бир адамдын өз каалоосу жана өз тандоосу. Бирок замандашым, жогоруда айтылган сыйкырдуу сөздү эстен чыгарбай, дайыма айта жүрсөк ашыкча болбос.😊
Чыгарманын автору: Нуржамал Бектенова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2