Анда эки көзүңүздү жумуп,он кадам басып көрүңүз.
Адамдын көзүнүн салмагы 8 грамм.Бирок аны менен эң татаал фотокамераны да салыштырып болбойт.Көз 10 млн. түстү ажырата алат.
Адам түндүк уюлга барса ал жерде кыш мезгилиндеги температура - 70°С түзөт.Суукта тоңуп калбоо үчүн калың кийинип,башын ороп алат.Буттарына калың өтүктөрдү,колуна болсо кол кап кийип, сууктан коргонот.Бирок көздөрүн жашыра албайт.
Мындай суукта көздөн чыккан суу дароо тоңуп, көз көрбөй калуу керек эле.Бирок ушундай температурада да тоңуп калбайт.Неге?Анткени Алла таала көздүн суусун тоңдурбай турган затты кошуп жараткан.
Эгер көзүбүзгө назар салып карай турган болсок Алла таала аны көптөгөн коргоочулар менен камсыздап койгонун көрөбүз.
Мисалы,кирпиктер көздү топурак менен шамалдан коргоп турса,кабак көздү тез ачып-жумуу үчүн кызмат кылат.Көз баш сөөктүн көз кесеси деп аталчу жеринде,ичкериде бир аз батып турган абалда жайгашкан.Бул - сырттан боло турган ар кандай соккудан көздү коргоо үчүн.
Ошондой эле көзгө бир нерсе кирип кетсе (мисалы бактерия,микроб ж.б.) көз өзүнөн лизосома деп аталган атайын суюктук бөлүп чыгарат.Бул суюктук ошол кирген зыяндуу нерселерди майдалап жок кылат.
Булардын баары Алла тааланын кудуретин эске салып турат.
Каттабек Шамшиев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3