Куран бул жаратуучунун сөзү деп айтылат.
Куран 604 беттен туруп 114 сүрө бар.
Курандын 20 бети бир пара деп аталат анда 30 пар бар
Куранда эң алгач түшүрүлгөн сүрө Аль Алак сүрөөсү "Окуу" деп башталат.
Курандын жүрөгү Ясин деп айтылат, жүзү Фатиха ал эми эң узун сүрө Аль Бакара 286 аяттан турса эң кыска сүрө Аль Каусар 3 аяттан турат.
Куран Мединада жана Меккеде түшкөн үчүн Мекке жана Медина сүрөлөрү деп экиге бөлүнөт.
Куранда 6 сүрө пайгамбарлардын атынан аталган алар Юнус, Юсуф, Худ, Ибрахим, Мухаммед, Нух.
Куранда сүт эң мыкты ичимдик, ал эми бал эң мыкты тамак деп айтылган.
Куранда бир гана аялдын аты жазылган ал Марьям. Иса пайгамбардын апасы.
Куранда күндөрдөн бир эле күн айтылган ал "Жума" күн.
Куранда Жөргөмүш, Кумурска, Уй, Пил, Аары, Жаныбарлар деген сүрөлөр бар.
Куранда "Бактылуулук" сөзү бир эле жолу айтылса
"Күн" деген сөз 365 жолу айтылса, "Күндөр" деп 30 жолу ал эми "Ай" сөзү 12 жолу айтылат.
Куранда 136 жолу Муса пайгамбардын аты,
43 жолу Нух пайгамбардын аты,
29 жолу Иса пайгамбардын аты,
4 жолу Мухаммед пайгамбардан аты айтылат.
Куран жалпысынан 23 жылда толугу менен түшүп бүткөн.
Куранга байланышкан бардык зат улук болот.
Жабраил алейхиссалам Куранды алып түшкөн, периштелердин төрөсү болду жана *Руухул Амиин* деп аталды.
Мухаммед САВ га Куран түшкөн, жана ал пайгамбарлар менен элчилердин төрөсү болду.
Мухаммед САВ дын үммөтүнө куран түшкөн жана ал үммөт эң жакшы үммөт болду.
Куран кадыр түндө түшкөн жана ал түн түндөрдүн эң жакшысы болду.
Рамазан айында Куран түшкөн жана рамазан айы айлардын төрөсү болду.
Кимдин жүрөгүндө Куран орногон болсо анда ал адамдардын эң жакшысы.
Пайгамбарыбыз САВ айтты:
*Силердин араңардан эң жакшыңар Куранды үйрөнүп жана башкага үйрөткөндөр*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1