Предыдущая публикация
Аралап түндүн койунун.
Ыр жазат жаштар аздектеп.
Бул талант экен өчпөгөн.
Асыроо керек бапестеп.
Акындар жазган сап ырдан.
Махабат, сүйүү шаң курган.
Талкуулап кезде тагдырды.
Жашоого өткөн кайгырган.
Шыктанып турат ар качан.
Шырылдап ыры булактай.
Сөздөрүндө айбат бар.
Жипсиз салган тузактай.
Аңтарып аалам кыдырган.
Түркүн ойду сыдырган.
Жашоодо ойчул мугалим.
Акындар болот окурман.
Автор Нурмат Осмонакунов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев