Предыдущая публикация
Изденген акылдан көп ойлор арбын.
Мезгилдер сызып учкан жолдо бармын.
Кудайым кошуп берген бирге бол деп.
Досторум мен силерге карыздармын.
Бул жашоо доосун доолап күндөрдү алды.
Ай чыгып кайталанып түндөрдү алды.
Жыл өтүп коом өзгөрсө жаңыланып.
Өзгөрбөй достук сезим орноп калды.
Балалык күндө бирге оюн курган.
Талаада ошол достор күтүп турган.
Жуурулуп ошол байоо сезим менен.
Досторум аман болсун күлүп турган.
Нурмат Осмонакунов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2