Предыдущая публикация
Мезгилдин сынындамын.
Башкадай болбосом да.
Күрөштүм жыгылбадым.
А бирок мезгил кыйын.
Канчасын сыныңа алдың.
Тагдырдын ийри жолун.
Уладым сапар алдым.
Закымдап өткөн күндөн.
Чындыкты таба албадым.
Чыркырап чындык жүрөөр.
Ааламды таба албадым.
Түн катып көп сырыңды.
Түйшөлтүп түндөр өтөөр.
Кубантып кучак жайып.
Нур тийип күндөр өтөөр.
Ар күнүң ар башкача.
Окшошпос түрдө өтөөр.
Күн санап ай жаңырып.
Артынан айлар өтөөр.
Жашылдан кымкап кийип.
Бир далай жайлар өтөөр.
Тарыхтын жок жерине.
Ысымын байлап өтөөр.
Автор Нурмат Осмонакунов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев