Предыдущая публикация
Ким билет кездешпесек ошол кезде.
Баркы жок болот беле бакыт бизге.
Баа берип калыс болду сезимибиз.
Болгону ээ болбодук энчибизге.
Ким билет азыр болсо кандай болмок.
Жүрмөкпүз күн кечирип баарын ойлоп.
Жүрөктөр сүйлөшө албай жабыркамак.
Жүдөтүп жүгүн артып тагдыр ойноп.
Ким билет жолугушчу жолдор болсо.
Таңдоодо бирибизден баш тартмакпыз.
Анткени кыйбай жүргөм мен өзүңдү.
Сен мени сүйбөй эле сыйлагансың.
Автор Нурмат Осмонакунов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2
Ырлар жазып сиз мага таарынбаңыз
Сунушума көңүл койбой менменсинип
Таттуу сөзүм көп болгонун укпадыңыз
Сый сүйүүдөн жөн гана урмат артык.
Капа эмесмин тек гана тагдыр экен.
Энчи кылбай сүйүүмдү менден тартып