Предыдущая публикация
Булбулум бар, миң түрлөнтүп сайраган,
Мукам үндөн каректерим жайнаган.
Сугун артса ,суктанышып башкалар,
Кызганычым вулкан сымал кайнаган...
А булбулум ааламда жок ак таңдай,
Таңшыганда таң сөгүлүп аткандай.
Арууланам ,авазына чайынып,
Асманымдан шаң төгүлүп аккандай.
Турмуш татаал, туруксуз кээ сезимдер,
Сенин бийик секичеңден сезилбээр.
Аралашса араздашуу арзууга,
Айгай салып жүрөк кургур безилдээр.
Алыстасам добушуңдан алсызмын,
Айланамда караңгылык, айсыз түн...
Тирүүлөрдүн тизмегинде жүрсөм да,
Жан-дүйнөмдүн түпкүрүндө жансызмын...
Өтүнөрүм алмаштырбай талыңды,
Арнай бергин мага гана сансыз күү.
НАЗИК 2017-ЖЫЛ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 54
Браво Назик,браво!)))
Жылуу сөздөрүңүз эргүү берип турат.
Мукам үндөр коштоосунда күндө жүр.
Баш айланткан бакыт нурга чулганып,
Бактың менен бактылуулук күндөр сүр.
адам баласы катуу ойлонгондо ыр саптары мончоктой тизилип чыга келет
Айлансаңчы кубулжуган булбулга
Ар күн сайын сени күтүп чыгаар элем.
Сайрап келчи ар бир аткан таңыма.
Булбулу болуп сайраган
Буйдалып сөздөн калбаган.
Кылычтан өткүр калеми
Кыйшайганды жайлаган