Таң агарып, татынакай атышы,
Күн кылкылдап кызыл чоктой батышы.
Көргөндөрдүн көз нуруна чагылса,
Көөдөн жарган бакыт деген так ушу!
Жамгыр төксө көйнөгүңө көнөктөп,
Кургак жайды чуркап тапсаң сен эптеп.
Андан өткөн бакыт барбы айткыла,
Кубанычты кучактайсың челектеп.
Ооруп жатсаң обдулалбай онтолоп,
Жакындарың жарданышса энтелеп.
Телегейиң тегиздигин сездиң да,
Бактысызмын деп айтууңа не себеп?!
Борс-борс күлүп бөбөк турса кашыңда,
Болбогон бир көйгөйлөрдөн жашын да.
Бооруңа бек кысып алып жыттасаң,
Тоодой бакыт ал отурган башыңда.
Өмүр сүрсөң өз теңиңдин жанында,
Үй-бүлөңө көрүп күндө камылга.
Очогуңдан от алоолоп өчпөсө,
Ошол сенин чектелбеген багың да!
Бакыт деген нерсе ар кыл тараптуу,
Ал өзүңө коюшуңдан талапты.
Бакытты түз багытыңа бурбасаң,
Карап калат сага каршы тарапты...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 64
Кыйкырык жок тынчтык болсо уйлордо.
Бакыт деген ушу болот турбайбы.
Намаз окуп, корксо дозок отко куйгонго.