Тилектерим кесилгенден тамырынан,
Тизелерим бүгүлүүдө талып улам.
Табитим эч тартпай калып жалаң гана,
Жан кейиткен арман менен азыктанам...
Үмүттөрүм көчүп кеткен конушунан,
Көңүлүмдү жооткотушат ооз учунан.
Мурдараакта кубанычка курдаш болсом,
Азыр санаа сагалайт көп кочушуман...
Билбейм деги ,кандай күнгө туш болгонум,
Күйөм көрүп, кайгы муңдун жыш толгонун.
Ыйлатат, ичи -тышым соо жери калбай,
Ызанын көк түтүнүнө ыш болгонум...
А балким, башынан кайра тазарамын,
Талдап алып кетирилген каталарым.
Күн бир күчтүү тийип койсо илебинен,
Эрип кетээр кайыштырган капаларым...
Ишенемин , кемтигимен толукталам,
Жашоо, сүйүү кумарына толук канам!
Сербеңдеген сезимталдуу назиктигим,
Баалап алчу, барктап алчу ,жолук,
адам!
НАЗИК 2017-ЖЫЛ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 62
Калемине береке
Рахаты бар билсең эгер кемибеген
А жүрөгүм талдап келээр тереңдигин
Ким бирөөлөр ал сезимге жетишпеген.
Далил болсун, чын жүрөктөн чыккан кебим.
З. БЕЛЕК.