Бир күн сунат бизге арнап шыбага,
Аз көрүнсө , топук кылгын буга да.
Башкаларга неге көбүн бөлдүң деп,
Тарс айрылып, тагдырыңды "шыбаба."
Бир күн келет кейпин бузуп түнөрүп,
Көөдөнүңдү таштай кысып тирелип!
Аалам тарып , алапайың таппайсың,
Таалайыңды тарттыргандай түбөлүк...
Бир күн жарк-журк! Жарыктан көз жалтанат,
Жан-дүйнөңдө бакыт куруп салтанат.
Жерге батпай көктө учуп каласың,
Кубанычтан жаралгансып кош канат!
Бир күн сүрөйт алдастатып шаштырып,
Кайсалайсың , кара жаның карч уруп.
Көр тирликке бел курчооңдон батасың,
Бардан жокту , кайра жоктон бар кылып.
Бир күн алдайт чаалыккандай илкип жай,
Калбагандай коркутканга сени шай.
Бошоңдобой даяр тургун баарына,
Баса электе байкатпастан көздү май.
Бир күн берет бизге жалаң арманды,
Ажырат деп чындык менен жалганды.
Адам өзү өтө күчтүү зат тура,
Көтөрө алган Кудай башка салганды...
Адамзатым , бир күн менен жашаба!
Көк түтүндү кууп салат таза аба.
Ар бир үйдө жазуусу бар ҮМҮТ деп,
Желге ыргалып, желбиресин асаба!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 11