Автор "Кыргыздар ,эмнеге тентип жүрөсүңөр, жооп бергилечи?"деген суроону узатыптыр.
ОШОЛ АДАМГА МЕНИН ЖООБУМ:
Кыргыздарды тентип кеттиң дебегиле!
Кытмырланбай, кыйыр сөздү элегиле!
Тентимиш бул мааниси жок маңкүрт өңдүү,
Башы оогон жакка баскан майып неме.
Кыргыз болсо, эң татыктуу жашоо үчүн,
Жанын сабап, сарптап жүрөт бардык күчүн.
Сага окшош саясатчы сагызгандар,
"Сасык тумоо"каптаса дейт калктын ичин.
Эсиңе бек түйүп алгын ,замандашым,
Эпсиз күндө мамлекетти жамандашың.
Эл өзүнүн камылгасын көрө берет,
Эч ким оозго салып бербейт даяр ашын.
Кыргызымды тентимишсиң дебегиле!
Күйгөн болуп,кур убайым жебегиле!
Кыйналса да, кысталса да чегинбеген,
Тээ байыркы баатырларга теңегиле!
Колдон келсе, камкордукка бөлөгүлө!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 91
Грипп болуп үйгө жатып алып, жакпаган нерселерге чабуул жасап баштадым.
Ичи бузук кандай неме жийиркенткен.
Лакылдатып кебин айтып кыргызга.
Ошол акмак ооз кадырын билбеген.
Биз кыргыз эли бирдиктүү болсок эч ким эч нерсе кыла албайт.
Жакшы акындардын сөзү бар
Төбөлдөр чыккан орустан төкмөсүн эч ким уга элек.
Бир жарым миллиард кытайдан бир манасчы чыга элек деп .
Кыргыз бул негизи байыркы эл. Акмактардын айтканы эч нерсени өзгөртө албайт
Эч качан тентибейт Кыргызым!
Иштесек тиштейбиз ак эмгектен
Балдар учун,келечектуу кыргыз учун!
Тентиген кулсун дешет акылсыздар,
Кулдарга урмат менен ким кайрылган!
Жасаган эмгегинди баалап туруп,
Кайсы кулга кожоюну шартты курган!
Ай сайын эсептеп айлыгынды
Кечиктирбей учурда берип турган!
Бакубат жашоодобуз иштегендер,
Бекерпоздор, асылышып ушак кылган!
Коро албас оозу бузук суйлой берсин,
Кыргызым,талыкпастан иштей бергин !
Мекенди онуктуруп,завод курчуу,
Кыргызга чындап куйгон Ажо келсин!
Ырларын окуганда эс алдырат!
Ажайып сонун кызсын,Чынар сулуу,
Сунган гулго,Чын журоктон чон рахмат!!!
Соткандын клавишалары ар дайым шар журсун.
эки созду дал келтирип ыр саптарын кураган элим баарыныздар эле акын экенсиздерго ия?
Кай жерде болбонуздар алты саныныздар аман, алтын башыныздар сак жадырап жайнап журо бериниздер омииин омииин!!!