Предыдущая публикация
Сен үчүн канча барак сыяладым ,
Сен болдун каарманым кыялдагым .
Жек көрүп унутамын деген менен ,
Жүрөктөн чыккыс болуп уяладың .
Азыр да калем сапта сыядасын ,
Мен учун аял заттан зыядасын .
Өмүрүм өткүчөктү унутулбайт ,
Билип кой ыр сабымда кыялашын .
Ак барак сен бар үчүн сызылгандай ,
Билбеймин сенин оюң чының кандай .
Адатка айлантырдым оюмдагы ,
Сап кылып ырга кошуп , сызып жазмай .
Кечирбейм сезимиме кыянатың ,
Калп менен махабаттан кыяладың .
Мейли кет , мейли билген өз жолуңда ,
Бирок бил ! бакытын да кыяматын .
18.09.2019 ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 32
Билсем да жамандыкты ойлобосмун.
Конулдун назиктигин билгенимен,
Башканы ойлоп озумду коргобопмун...
Боорукерлик менен жанылдым,
Токтоп калган жашты агыздым.
Назик конул, алсыз жан элем
Очуп барам, тийбей жарыгым...
Баш тартышты, даагы жалгызмын,
Куноо менде, тоодой айыбым.
Эптей албай оздук жашоомду,
Оксук болду бутпос жазыгым...
Чоочулачуу болдум кундо тушумдон
Албоо учун сени кокус жоготуп
Кыялдарды бакытым деп тушунгом
Айла канча баардыгына кайылмын
Бактын учун баардыгына дайынмын
Жузундогу бир жылмаю мен учун
Тундорумо бергени жарык айымдын
Ырларымда калем сапта жашадын
Каалайм дагы туболуктуу жашаарын
Сага менин тийбеш учун залакам
Баарысына кылдат кыймыл жасадым