Предыдущая публикация
Сен үчүн канча барак сыяладым ,
Сен болдун каарманым кыялдагым .
Жек көрүп унутамын деген менен ,
Жүрөктөн чыккыс болуп уяладың .
Азыр да калем сапта сыядасын ,
Мен учун аял заттан зыядасын .
Өмүрүм өткүчөктү унутулбайт ,
Билип кой ыр сабымда кыялашын .
Ак барак сен бар үчүн сызылгандай ,
Билбеймин сенин оюң чының кандай .
Адатка айлантырдым оюмдагы ,
Сап кылып ырга кошуп , сызып жазмай .
Кечирбейм сезимиме кыянатың ,
Калп менен махабаттан кыяладың .
Мейли кет , мейли билген өз жолуңда ,
Бирок бил ! бакытын да кыяматын .
18.09.2019 ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев