Предыдущая публикация
Көөдөндү тилип турат ошол сезим,
Кайда кеттиң жаштыгым баё кезим?
Ал күндөрдүн баарысы башкача эле,
Күтпөгөм тагдырымдан мындай чечим.
Чарчап турам алсырап алдан тайып,
Койгон үчүн махабат торун жайып.
Аз болсо да бактылуу болгум келген,
Кетээрмин мен бир күнү изсиз кайып.
Дербиш дешти, мен сүйүүнүн дербишимин
Келиши бир болсо да келбеши миң.
Жүрөгүмдө онтогон үмүт жашайт,
Мен азаптуу армандын жердешимин.
Timurlan
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев