Предыдущая публикация
Келбесин билем дүйнөмдү менин жаз кылып,
Сезимим койбойт эркиме ырлар жаздырып.
Мендеги тунук махабат жашайт түбөлүк ,
Кыялда гана озүңдү мага жар кылып.
Уйкусуз менин өтүүдө узун түндөрүм,
Сен жоксуң бирок үмүтү такыр үзбөдүм .
Кезигип калсак кокустан тагдыр жолунда,
Жүзүңдү буруп көрмөксөн болуп жүрбөгүн.
Өзүң жок менин дүйнөмдү каптап караңгы,
Билдирбей келем ичтеги өксүк санаамды.
Сөз кылсын мейли түшүнбөс жандар кайылмын,
Энчим деп билем сүйүүдөн калган жарамды.
Timurlan 26.12.19
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1