Көрбөй туруп көөнүм түштү жамалыңа,
Көлдөй терең көздөрүңө камадың да,
Чөгөрүп салдың сансыз эңсөөлөргө ,эх!
Ээлик кылып шилтенген ар кадамыма.
Жүздөшкөндө , жүүнүм бошоп калтаарыдым,
Унуткарып айтар сөздү апкаарыдым.
Эсим жыйып эриндерим кыбыр этти:
"Оорукчанмын,сакайтуучу сенсиң дарым..."
Оролгондо оттой ысык илебиңе,
Ошол жерден мүрт кетсем деп тиледим ээ!
Конуш таппай коңулдаган сезимдерим,
Колун созду жол аччы деп жүрөгүңө.
Байлап алдың үлбүрөгөн кирпигиңе,
Башым курман шыңгыраган бир күлкүңө.
Эгер эртең көз жумсам да кейибеймин,
Миң мертебе ыраазымын бүгүнкүмө.
Туткундады акылыңдын тунуктугу,
Түгөй болсок болбостур дейм түйшүк муңу.
Түмөндөгөн мээримиң бар түбөлүктүү,
Дал ушунда аялзаттын улуктугу!
Жалжылдаган карегиңден тегеренем,
Жашоом сенсиң ,жан-дүйнөмө азык берген.
Жалынамын ,чечимиңди эрте чыгар,
Жалбырттап тез күйүп кетет жаштык деген!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 115
Ошол жерден мүрт кетсем деп тиледим ээ...
Шедевр!
Демигем,аба жоктой тумчугамын.
Убакытты уттурбай,жообун берчи,
Баткым келет,сезимдин тереңине.
Эргүү коштосун!
ийгилик мындан ары да жакшы ырларды чыгарып журо бериниз!
Банкирликти акындыкка алмашып,Таластын булбулу аталганы калгансың го мине акча төлөйт бекен ыр жазганга?
Өзүңчү, деги по счёту канчанчы почтаң ыя, аяшыман жашынып жүрүп эле чачыңды ак баса турган болду)))
шылдыңдаган почтаңды айтып коём аяшкама)))
айтпадым беле капкачан эле ырларыңды чыгар одного,Фейске,ВКга деп ,эмгиче элге таанылып калмаксың.
Кирчи личкага )))
Акыры жүрүп капканга түшкөн экенсиң
Куттуктайм
Акылымды жоготтум,камалгандай.
Чөгүп кетсем,кайрадан чыга аламбы,
Өзүң берген,сүйүүнүн аралынан
Түбөлүккө чогуу эми,биргемин деп.
Түш сыяктуу,элестер калса дагы,
Ыраазымын,мүрт кетип,калсам деле.
Жарк деп этип,жашоомо нурун чачкан,
Өзүңдөн жылуулукту эчак тапкам.
Чечимимди айтууга бел байладым,
Өзүңсүз келечек жок,бүркөк асман
Эргүүлөр коштосун!Рахмат!
Убакытым аз,адашыптырмын.