Предыдущая публикация
Каректериң чачып жанга жылуулук.
Кирпигиңе жүрөк кургур чалынды,
Бир мен үчүн ирмелгендей туюлуп.
Ай чырайың талантыңа төп келип,
Акылыңан ар бир сөзүң көрктөнүп.
Аруулугуң аймаласа табынан,
Араң калам кетүүчүдөй өрттөнүп.
Кор кылгансыйт жашаганың алыста,
Кол жетпесе оюм жетип алыска.
Бардык күчүм сарптоодомун , садагам,
Бар дүйнөңдү багындырып алышка.
Жаратканым жардам берсе аябай,
Жарың болуп түбөлүккө калышка.
Автор: Талант Бакбергенов 11-декабрь 2017-жыл Бишкек шаары.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 63
Тилегиңизге жетиңиз , ага.