Бейпилдикти беттен ары чапканымды.
Таш боор сулуу, такыр эле сезбейсиң да,
Махабаттан айыкпас дарт тапканымды.
Селдей жылып өзөктү өрт каптаганын,
Сенделип эч жерге-сууга батпаганым.
Мерезим сен, туйсаң кана,билсең кана...
Бир да түнү уйку даамын татпаганым.
Күйүттөргө басынганда күйүп денем,
Күлкүң уксам кубанычка жоктур ченем!
Сага чейин мындай сезим ээлик кылчу,
Эркелетип жылмайганда алтын энем.
Көөдөнүмөн үшкүрүгүм жалын бүркүп,
Келечекти карай албайм көзүм "үркүп".
Кагылайын, качан деги түшүнөсүң?!
Калбаарыбыз биз өмүрдө болуп түркүк...
Жашоо кыска бул мыйзамы Жараткандын,
Жашайлычы, барктап баасын аткан таңдын.
Жадабастан жаза берем жаадырып кат,
Калпып алып "каймактарын" армандардын...
Кыш мезгили кыйноолорду алып кетээр,
Кырс дуйнөңө кымгууттукту салып кетээр.
Жаз айлары муздай тоңгон жүрөгүңө,
Муютуп бүт жылуулугун малып кетээр...
МЕН СЕНСИЗ ЖАШАЙ АЛБАЙМ!
1-ФЕВРАЛЬ 2018-ЖЫЛ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 65
Күйүтүмдү күлкүң менен басып келем.
Кышкы дүйнөм,жадыраган жазга айланат,
Күлүңдөгөн күндөй сулуум сени менен!!
Керемет саптар!!Кыялдагы сулууңа жетип бактылуу бол
Сүрөттөрүн жарыялабаш керек болчу
Сиздин оюңуз мен үчүн баалуу.