Предыдущая публикация
Ойноктогон көзүңөрдөн ойноктогон,
Жоктур сулуу көргөндөрдү ойлонтпогон.
Жалт карашы жаздым кетпей октой тийип,
Өргүп жаткан сезимдерди ойготпогон.
Мөлтүрөгөн жүзүңөрдөн мөлтүрөгөн,
Барбы сулуу акынга ыр төктүрбөгөн?!
Эриндерин чормойтушуп эркелешсе,
Эргүүлөрдү ташкындаган келтирбеген.
Бардыгыңар сулуусуңар аялзаты,
Бириңерди калтырбастан сүйөм катуу.
Кашты серпип,кылыктанып кылгырсаңар,
Кыялдарга сүңгүй түшкөн кандай таттуу!
Силер менен ар бир күнүм ырахаттуу!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 66
Ырларына абдан комменттен тойоюн
Кыналышып тогулсо эргуулорун
Талант мырза ырларына "5"деген бааны койоюн
..
Аял затын сыйласан абийир табасын
Аялга эле эмес Аллага да абдан жагасын
Акылынан айланып кетсем гана
Акындыкта ырын менен бут аялга жагасын
Терең ыраазычылык билдирем,сулуум.
Коогучконум караанындан кагылайын
Суйбосон сен эмне айтып жагынайын
Мени суйбо кулуп койчу мени карап
Журок чиркин алоолонуп куйуп жанат
Деген ырды ырдап берсем тушосунда жерге ее
Ырларын коколотот тим эле .оноруно таазим
АЯЛЗАТЫН БАРКТАП ДАНКТАГАН ыр.
Ийгилик сизге.