– Саламатсызбы чоң кыз такси келди…
– Саламатчылык… ааа жакшы байке чыгып бара жатам. Бир мүнөт.
Кечинде дос кыздар жолугушуп отурмакпыз. Жумуштан соң үйгө келип, кийинип таранганча кеч болуп кетип, такси чакырдым. Мен үйдөн чыкканча курбу кыздарым бир канча ирет чалышты. Туура, аларды деле түшүнөм. Эртеден кечке үй иштери менен балдарды карап бошобойт. Бүгүн атайын чогулуп чер жазып отурмакпыз. Адатта мындай мезгилде убакыт бат өтөт эмеспи. Алар да күнүмдүк кайталанма жумуштан бир аз арылып, курбулар эс алалы деген ойдо батыраак кел деп чалып жатышат да.
Таксиге отурсам жашы 50гө таяп калган киши экен. Жылуу учурашып жол улады. Бирок байкенин сүйлөгөн сөздөрү, жашоого болгон көз карашы мени таң калтырды. Айткан дарекке жеткенче көп маңыздуу кеп айтты. Кадимкидей муюдум. Акыры чыдабай байкеден ким болуп иштерин сурадым.
– Мен Ош базарда акча алмаштырган жерде иштедим көп жыл. Бир күнү каралар артыман түшүп, курсагымды жыра тартып эле жыртып кетишти. Шок абалда иче-карынымды колум менен бекем кысып Фучиктеги ооруканага өзүм унаа кантип айдап барганымды билбейм. Ошол жактан мен кадимкидей өлдүм. Мени моргго жаткырышыптыр. Түшүмдө чоң атам ыраматалык көп жыл болгон каза болгонуна, жаныма келди да маңдайымдан сылап, “балам эмнеге эрте келдиң, сенин убакытың келе элек” деди да көкүрөгүмө катуу түрттү. Ошондо терең дем алып көзүмдү ачсам айланамда жалаң өлүктөр жатат. Ордуман турсам, курсагым тигилиптир. Эшикке чыксам мөөнөттө отурган бала мени көрүп көзү чоңоюп, жазып жаткан жеринен катып калды. Ага акырын келип суу сурадым. Анан мен тирилип келгенимди айттым. Байкуш бала катуу корккон экен, бир ай сүйлөй албай жүрүп өзүнө араң келди. Көрсө мен бир сутка өлүктөй эле уктаптырмын. Туугандарым келип алып кетмек экен, мага укол сайып иче-карынды тазалап беришмек экен догдурлар, ошол соё турчу врачты күтүп жатышыптыр. А үйдөгүлөр боз үй тигип кадимкидей көмүүгө даярданып жатышкан экен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев