Турдалы, ушул жашка келени мынчалык сүйүүгө кабылып көргөн эмес. Таңсулууну көргөндө эле биринчи көз караштан аны берилип сүйүп калды. Сүйгөнү менен башы менен кете турчу өзүнө дагы жакпаган адаты жалжаңкелиги, сөздү аңдабай сүйлөгөнү Таңсулууга жакпай калганын жүрөгү менен сезди. Канчалык өзүн теңтуштарынын алдында баатыр сезип, оюн ачык айтканы менен Таңсулуунун алдына келгенде мокок болуп, ага жарытылуу жакшы сөз айта албай, жаман адаты кармап, оозуна алы келбей, сөздөн жаңылып, катуу уят болгонун өзү дагы моюнга алып, анын өзүнө карата сезими жок экенин сезген үчүн күч колдонуп, ала качып болсо дагы алууну алдына максат кылып коюп, анан балдары менен бул маселени кеминде эки жума талкууга алышты. Акыры минтип ойлогон ою ордунан чыкпай, жада калса кызды ала качуу дагы колунан келбесин билип, башын мыкчып олтурган учуру. Марат келгенде ал жердегилерге жан кирди. Марат канчалык Турдалыны жаман көрүп турса дагы сыр бербей аны менен учурашкан соң, алардан сөз күттү. Сөздү Эрмек баштады; -Марат, эми бир эрдик кылып кызды колго салып бер. Болбосо иш чатагына айланды. Ал кыз чынында эле сулуу анан жогорку деңгээлдеги кыз-деп, андан ары сөзүн таппай калды. Марат сөз кезеги келгенде;
-Силер ал кызды бекер чочутуп алгансыңар. Эгер аны милиция кызматкерлери салып кетсе, иш чатак. Андан көрө менде бир кыз бар, окууну бүткөн. Ошол кыз менен жолугуп, байкап көрөлү. Балким силерге жагып калышы мүмкүн. Бирок аны ала качпай, машинаны жасап, эл сыяктуу эле алып кетиш керек. Бул сунуш, баарына жага түштү. Бирок бир гана Турдалыга жаккан жок.
-Жок, мага Таңсулуудан башка кыздын кереги жок. Алсам Таңсулууну гана алышым керек!-деди эле, Марат өзүн сабырлуу кармап;
-Ал эми сенин колуңдагы иш эмес да. Кыз буйруган жердин бүлөсү, ал эми тиги мен тааныштырган кызды көрүп көргүлө. Балким экөөңөрдүн мамилеңер келишип калар. Таңсулуу сени каалабаса, аны менен кантип жашайсың. Айткандай биз бүгүнкү күн менен эмес, эртеңки күн менен жашашыбыз керек да. Макул сен Таңсулууну ала качып алдың. Ал олтурбай чыр салса кандай болот? Тигинтип аны эмтеден эле милиция кайтарып калыптыр, аны ала качабыз деп, сот жообуна тартылып жүргөн кимге жакшы болсун. Маанилүү айтылган сөз кантсе дагы Турдалыны сездентип койду. Учурдан пайдаланып, Марат;
-Сен ал кыз менен жакындан таанышсыңбы? Деги ал кызга жок дегенде гүл берип көңүлүн алдың беле? Аял алган оюнчук эмес, азыр илгерки заман жок, ала качып алса олтуруп калган. Биринчиден ал олтурбай койсо өзүң эле айыл-апага уят болосуң. Экинчиден сот жообуна тартыласың. Андан көрө мен азыр сени бир кыз менен тааныштырам, жакса аны менен сүйлөшүп көр. Мен дагы аны эпке келтиргенге аракет кылам.
Классташтар ары кетип, бери кетип жатышып акыры Мараттын сунушун тура көрүштү. Мараттын алиги тааныштыра турган кызы, өзү менен чогу окуган Назми деген кыз болучу. Назми, жетим өскөн, үй оокатына тың, мектепте мугалим болуп иштеген, кара торунун сулуусу, сөз баккан, сөз көтөрүмдүү, башы оор кыз. Ал окууну бүткөндөн бери эле "Эптеп турмушка чыгып алсам болот эле, карадалы болбой"-деп айткан сөздөрүн көп жолу эшиткен үчүн аны, Турдалыга алып берүүнү туура көргөн. Турдалы Назмини көргөндө анча жактыра берген жок. Бирок анын ачык мүнөзү өзүнө тартып турду. Бир аз сүйлөшкөндөн кийин эле Марат, сунуш айтты;
-Жүрүгүлө, таанышканыбыз үчүн бир кафеге кирип, олтуралы. Калган сөздү ошол жерден сүйлөшөбүз- деди. Бул сунуш баарына жакты. Жакын жердеги кафеге келишкенде күн уясына батып баратты "Бүгүнкү сапарым да карыды"дегенсип. Негизги сөздү Марат баштады;
-Назми, кыскасы мындай. Сени карадалы болуп кетпесин деп, классташ балама алып берсемби деген оюм бар. Сен бул сунушту кандай карайсың? Назми, шаңк эткисе күлүп;
-"Күйөө келсе кыз даяр"-деп тамашага салып, күлүп жооп берди да, анан ;
-Тамаша, биринчиден дароо эле макул тийем деп айтууга менин жеке "кыз" деген намысым жол бербейт. Экинчиден мен ал бала менен жакындан таанышып, анын баш терисин билейин. Аны менен жашап кеткенге көзүм жетеби, мен да сынап көрөйүн. Ал жөнүндө ойлонуп, аз да болсо түйшүк тартсам жакшы болот эле. Түйшүгү жок иштин келечеги тайыз деп айтылган кеп бар эмеспи. Турдалыга бул айтылган сөз абдан жакты. Марат учуру келгенде;
-Сени ала турган мырза бул. Өзү оокатка тың, беттегинин бербеген өжөр, мектепте окуп жүргөндө атаман болучу. Техниканы чагат. Иштин көзүн билген айылда фермасы бар-деп мактап келе жатканда эле Назми, Турдалына уурдана карап алды. Ушул саам экөөнүн көздөрү чагылыш түштү да, алгач Назми көзүн тартып алды. Баятан бери анча көңүл бурбай олтурган Турдалы эмнегедир Назмиден кандайдыр бир сырды байкап, аны кызыгуусу арта сүрдөтө карап, жүдөтүп жиберди. Кыз балага уялган кандай жакшы жарашат. Назми уялган сайын Турдалынын көзүнө сулуу көрүнүп, ага карата ою оңолуп, андан жакшы сөз күттү. Ортодо эмне сөздөр сүйлөндү аны уккан да жок. Болгон дити, ой тилеги Назмиге арналды да калды. Анткени анын дагы өзүнө карата ою түз экенин, кылыктана караган көз карашынан улам билип, таттуу кыялга жетеленип кетти. Аңгыча берилген заказ келип, тамакка карашты. Тамак ичилип жатканда сөзгө чечен Таалай өзүнүн тамаш сөзүн агытты;
-Я, Назми, эмне Турдалынын атын атаганда эле баштагыдай сөзүң чыкпай калды. Баамымда "любов первого взгляда"болуп калдыңар го. Экөөңөр тең эле момпосуйдай болуп эле момурап калдыңар. Марат сөзгө аралашты;
-Таалай, сен али жаш турбайсыңбы. Адамга алгач сүйүү келгенде айта турган сөз дагы ооздон чыкпай калат. Мен дагы баятан бери байкап жатам. Экөө бири-бирине жакканын. Бул айтылган сөз тамаша ирээтинде айтылганы менен ортодо чындыктын бир үзүмү бар эле. Айткандай Турдалы сыр алдырып албайын деп. оозуна сак болуп, сүйлөбөгөнгө аракети күч болду. Мыйыгынан жылмайып;
-Бизди сүрдөтпөгүлөчү, жок дегенде тамак желип бүткөнчө-деди, ыңгайсыз абалдан чыгыш үчүн. Чынында эле Назми кара тору болгону менен анын жылдыздуу көз карашы, ачык мүнөзү акырындык менен Турдалынын жүрөгүн жибитип, өзүнө баш ийдирип баратты. Ал эми Турдалыны, Назми улам-улам сын көз менен карап, анын сүрдүү караган көз карашына көңүлү толуп, аны адам катарына кошуп кетүүгө көзү жетип турган үчүн өткүр мүнөзү мокоп, баштагыдай тамашадан алыстап, уяң тарта түштү.
Чоң апасы дайыма;
-Көзүндө сүрү бар эркек аял затынын кадырына жете алат. Аял заты күйөөдөн жазганып турганы жакшы. Аялдын эркек менен тең айтышканга эмне себеп. Биринчиден күйөөнүн эркектик сүрүнүн жоктугу, экинчиден кайратынын боштугу, үчүнчүдөн сабырсыздыгы аялдын каяша сөз айтканга түрткү берет. Жаш кезинде көпчүлүк эркектер оозуна алы келбей, тилден көп жаңылышыт. Ал оңолучу нерсе. Эң негизгиси, аял киши күйөөсүнөн коркуп, сестенип турганы жакшы жышаан -деген эле. Назми ошол себептен Турдалынын көз карашынан кандайдыр бир сырды байкап, аны менен жашап кетишинен эч күмөн санаган жок. Чоң апасынын айткан сөздөрү, берген тарбиясы, акыл кеңеши Назмини сынчы дагы кылып салды. Бир жолу шаарда туулуп өскөн Нурлан деген бала менен таанышып, аны менен бир жумадай кыз-жигит болуп жүрүп, акыры жактырбай койгон.
Анда эч кандай эркектик касиет жок эле. Керек болсо көзүн жалтаңдатып, тик карай албай, оюн ачык айтмак турсун жер караганы көңүлүн кирдетип, аны менен жолукпай калган "кийин сен мени бакпай эле, мен сени багып калышым мүмкүн"-деп. Бир учурда сөз улансын үчүн Таалай;
- Назми сага эркектин кайсы сапаты жакпайт?-деди эле, Назми жагымдуу карап;
-Менин эң жаман көргөнүм, эркектин ичимдикке берилип кеткени анан байлык кубалап, сараң болгону. Сараңдык бул адамды чүлүктөп жетелеп алган төө сымал. Анткени байлыкты дагы пайдалана билүү чоң өнөр. Кээ бир адамдар акчасы туруп ачка жүрүшөт. Мисалы мага кытай эли анча жакпайт, алар сараң келишет. Андан көрө орустар берекелүү анан калыс, эмгекти баалай билет. Эмгекти баалаган адам эч качан жерде калбайт. Аны бирде болбосо бирде бирөө сыйлап алат. Ал эми бирөөнүн эмгегин жеген адам каргыштын үстүндө жүрөт. Мага элет жериндеги келиндердин эмгегинин бааланбаганы абдан түйшөлтөт. Келин дагы бирөөнүн алпештеп өстүргөн кызы да. Ал бала төрөп берип, тукумду өстүргөнү үчүн күнөөлүбү. "Келин жаман эмес, келген жер жаман"-деген сөз бекер жерден чыккан эмес. Мен дагы жакшы жерге турмушка чыгып, алгач кайын ата менен кайын энеге кызмат кылгым келет. Бирок, келиндин таза оюн, баалуу тилегин кээ бир ата-энелер барктай алышпайт. Менин бир курбу кызым дайыма тилек кылчу "кайын энем менен кайын атамдын батасын алсам"-деп. Анын ойлогон ою ишке ашпай калды. Анткени тийген күйөөсү жакшы бала болгону менен кайын энеси ичкиликке жакын экен да, чагымчыл ана ушак айткандан канагат алган аял экен. Ичкилик ичкен аял заты кантип келиндин баркын билмек эле. Сөз- сөзгө уланып, Назминин маанилүү айткан сөздөрү тигилердин көңүлүнүн төрүнөн орун алып, кеминде эки сааттан ашык убакыт олтурушту. Турдаалы улам барган сайын Назминин уккулуктуу айткан сөздөрүнө баа берип, ага карата болгон ою оң жагына ооп "ушул эле кызды алып алсам эмне болот"деп дагы ойлогонго үлгүрдү. Сөз учугу уланып Назми;
-Тээ илгери бир кедейдин кызы болгон экен. Ал кыз дайыма кечинде жаздыкка баш койгондо тилек кылчу экен "Мен эмес, мени сүйгөн бала турмушка чыксам"-деп. Анткени кыз баланын сүйүүсү алсыз жана келечексиз экени баарыбызга маалым эмеспи. Кыз бала алгач сүйүүсүн билдиргени, анын баркынын кеткени. Эгер кыз бала өзү сүйбөй, өзүн сүйгөн балага турмушка чыкса, бала баары бир кыздын жүрөгүн жибитип алат. Эгер жибите албаса андан төрөлгөн бала жибитет. Ортодо бала турган соң эне болгон кыз баласы үчүн, кантип күйөөсүнө жүрөгүн арнабайт. Ал эми кыз сүйүп, бала сүйбөсө бала баары бир өзүнүн сүйгөнүнө барып, никени булгайт. Же ортодо мамиле муздак бойдон калат. Андыктан балдар кыздардын жүрөгүнүн ачкычын ачканды биле жүргүлө. Сөздү Марат алды;
-Назми сен абдан жакшы сөз айттың. Бирок азыр заман өзгөрүлүп, кыздар менен балдардын орду алмашып калды өңдөнөт. Назми көзүн Турдалыдан тартып алып;
-Ооба, азыр батыш элинин салты кулачын жайып кетпедиби. Ошон үчүн ажырашуулар көбөйүп баратат. Эмне болгон күндө дагы кыздын сүйүүсү алсыз.
Бул айтылган сөз Турдалыга жага бербей калды. Ушул жерден эмне болсо дагы Таңсулууну алыш керек деген ойду чукул ойлоп жиберди эле, анын оюн билгенсип Марат тамаша ирээтинде;
-Турдалы, эмне Назми сага жакпай калдыбы?-деп сөз жаңыртты. Баятан бери үнсүз олтурган Турдалы;
-Жанатан бери абдан жакшы сөздөр айтылды. Мен Назмини жакпай калды деген сөздөн алысмын. Бирок биз өз алдынча дагы сүйлөшүп алсак болот эле...-деп, айтып алып, уялып кетти. Ушул эле сөз керек белем. Балдар ордуларынан тура калышты "туура айттың"-дешип. Экөө жалгыз калганда Турдалы;
-Назми, мен, сен жөнүндө Мараттан жакшы маалымат алдым. Чынын айтсам үйлөнөйүн деген элем. Бирок сүйлөшкөн кызым жок болучу. Мен чынын айтсам кыздардан алысмын. Менин мүнөзүм мектепте окуп жүргөндө эле чоң балдар менен аралашып калып, кыздардан алыс өстүм. Ошол себептен ала турган кызым жок, минтип сага келип турган кербезибиз. Назми уялыңкы жүз менен карап;
-Турдалы, мен сени чангандан алысмын. Бирок, турмуш куру деген оюнчук эмес да. Эгер макул көрсөң бир ай убакыт бири-бирибизди сынап көрсөк кандай болот? Мен сенин абалыңды түшүнүп турам-деп дагы бир жолу уурдана уяң көз караш менен караганда, Назмиден, Таңсулуунун окшош сапатын көрүп;
-Назми, мен дагы сага туура түшүнөм. Кыз бала дароо эле макул деп, бир көргөн бала менен жетелешип кете бергени да одоно иш. Бирок мени үйдөгүлөр күтүп жатат. Ал жагын кандай кылыш керек, өзүң бир жакшы ой ойлоп тапчы-деди. Чынын айтканда Турдалы биринчи жолу кыз менен маңдай тескей олтуруп, оолутуу сөз козгоп, өзүн кадыр эсе салабаттуу тутуп, жашоого туура көз караш менен карап турган учуру. Ушул жерден атасынын " жакшы аял затынан, келечектүү акыл чыгат"-деп айткан сөзүн эстеп, андан дагы кыз менен биринчи жолу маанилүү сөз сүйлөшүп жатканына ишене албай, Назмиден жакшы сөз күттү. Назми эмне деп кеңеш айтууну билбей, ойлуу бир жерди теше тиктеп туруп;
-Сени тааныган классташ кыздарың жок беле. Ошолордун бирин ала кычып алсаң кандай болот. Бир эл, бир жер болгондон кийин олтуруп калар. Турдалы ушул жерден классташы Айнашты эстеди. Айнаш экөө бир кезде жакшы мамиледе жүрүшкөн. Аны эмнеге ушуга чейин эстеген жок. Чын эле ага балалык ууз сүйүүсүн арнабады беле. Мына кызык тамаша. Назминин айткан кеңеши майдай жакты, бирок аны дагы таба албай калса эмне болот. Ушул жерден Турдалы;
-Назми, сен абдан жакшы кеңеш айттың. Бирок, менин сага көңүлүм имерилип калды. Сен эртеңкиге чейин ойлонуп көрчү. Мен сага убада берем, эркекче. Сени эч нерседен кем карычы жок, бөпөлөп багып алганга. Назми кабагы салыңкы;
-Турдалы, айттым го. Биз азыр бири-бирибиздин жакындан тааныбаган соң, үйлөнүп бекер. Андан көрө шашылбай күтө тур. Убакыт баарын дарылап, баарын өз ордуна коёт. Турдалы, ушул саам Назминин олутту айткан сөздөрүнөн, анын чын ниетинен кам көрө жасаган мамилесинен өзүнө кайрат-күч алып,ушунчалык өзүн жеңил сезип кетти. "Жакшы адамдын оозунан жакшы сөз чыгат"-демекчи, туура жана маанилүү айтылган кеп кеңеш, Турдалыны бир топ жеңилдетип койду. Экөө кеминде чай кайнам убакыт сүйлөшүп олтурушту да. Акыры бир кеңешке келише албай олтурушканда сыртта күтүп тургандар тажап кетиштиби, айтор чыдамдары кетип кирип келишти. Таалай куудулдана;
-Эмне болдуңар деги?! Жогорку кеңештин депутаттары дагы силердей кеңешпейт. Алар бир өлкөнүн тагдыры жөнүндө кеңеш курушса, силер бир үй-бүлөнүн маселесин чече албай койдуңар го...-деди тамашалагансып. Анда Марат;
-Бир өлкөнүн тагдырынын чечилиши оңой, ал эми үй-бүлөөнүн тагдырын чечүү чоң азап, деги силердин маегиңер оң жагына чечилчүүдөйбү? -деди. Турдалы жаш баладай башын тырмам.
-Биз али бир чечимге келе албай койдук. Аны коюп баягы биздин классташ Айнаш кайда болду экен?-деп, ойдо жок сөздү айтты эле Эрмек;
-Аны эмне кыласың, ал деген бир ай болбодубу турмушка чыкканына. Деги сен каяктагы сөздү айтып жатасың, биз Назмини көндүрө албай жатканда. Турдалы чочуп, ашыкча сөз сүйлөп алганына өкүнүп;
-Мен аны кайдан билип коюптурмун. Кыскасы Назми сен, эртеңкиге чейин ойлонуп көр. Болбосо сени ала качып кетебиз деп, дагы ашыкча сөздү балп эткизе айтып салды. Назми мыйыгынан күлүп;
-Эртең менен азыркынын кандай айрымасы бар. Андан көрө жок дегенде бир апта күт. Мен кабыргам менен кеңешип, өз каалом менен баргандай болоюн. Марат чыдап тура албай, андан дагы чогуу окугандык кылып;
-Назми, сен бизди эми дагы бир апта кыйнагың келип турабы. Анан сен башка жакка качып кетип, биз дагы башка кыздын эшигин сагалап баргыча, азыр эле алакачып кетебиз. Олтурбасаң мына мен олтургузам. Сени менен беш жыл бекер окуптурмунбу. Буларды го тааныбайт экенсиң, мына мени тааныйсың да.Назми күлүп, сөз келгенде;
-Эмне мени сен алганы жатасыңбы. Эгер сен алсаң азыр деле макул болмокмун. Анткени мен сени жакшы тааныйм, сенин кылык жоругуңду билем. Ал эми Турдалы кандай бала экенин мен кайдан билем, жаңы көрүп жатсам. Талаш бир топко узарды. Акыры баары кафеден сыртка чыкканда, Назмини жеткизип коёлу деген шылтоо менен машинага алдып салышты да, анан ала качып жөнөштү. Алар, айылды көздөй кеткенде гана Марат, оор жүктөн кутулганына сүйүнүп үйүнө келди да, алдынан тосуп чыккан Таңсулууга;
-Сүйүнчү, ал бала эми сага эч тийишпейт. Менин бир группалаш кызым бар болучу. Ошол кызды эптеп салып бердим, ала качып кетишти. Таңсулуу кабагын бүркөп, таарынган түр менен;
-Бекер кылгансың. Эми ал кыздын убалы кимге. Тиги бала аял сыйлай турган түрү жок эле. Марат, Таңсулууну кучактап;
-Андан башка жол жок болуп калды. Ал бала бир гана сени "бир ай болсо дагы аңдып жүрүп ала качам"- деп туруп алган соң, ошол ишке бардым. Алгач мен тиги кызды тааныштырдым. Ал кыз "эптеп турмушка чыгып алсам болот эле"-деп, жүргөн. Кыскасы экөөнүн жылдыздар келишти. Назми айтып жатпайбы, бир апта убакыт бергиле, анан тийем-деп. Бир апта менен бүгүнкү күндүн кандай айрымасы бар. Эң негизгиси сени алып калганым мага олжо болду. Аны коюп мен эми, сени ала качам. Болбосо дагы бир классташымдын сага көзү түшүп калыптыр. Кыскасы эмки аптада сени ала качуунун жолун ойлонуштуруп, анан алып кетүү керек болуп жатат. Ал жагын экөөбүз пландаштырыбыз керек, тигилер шекшип калбас үчүн. Таңсулуу ушул жолу дагы кыз болуп жаралып калганына өкүнүп, жакында келин болорун эстегенде, жаш кези артта калганына нак ишенди. Бир чети Маратка эле тийгени дурус болгону турат. Болбосо бешинчи курстта окуган Темир деген бала дагы ала качам деп, тамаша чыны аралаш айткан дагы ойго салып;
-Марат, мени дагы бир бала жакында ала качканы даярданып жатат. Ал бала бешинчи курстта окуган бала. Чынын айтсам сесиянын бүтөрүн эле күтүп жатат болуш керек. Марат кабагы салыңкы;
-Таңсулуу, мен чынын айтсам жашоомду сенсиз элестете албайм. Ишенесиңби, мен сага арнаган ак сезимимдин өтөсүнө чыгам. Сага кийин баарын түшүндүрүп берем. Мен сени менен гана бактылуу боло алам. Жакшы сөз, жакшы мамиле, жакшы маанай тартуулайт эмеспи, Таңсулуу эле эмес, болгон аял заты үчүн көңүл көтөргөн сөз угуу эмне деген бакыт. Кээ бир аялдар тийген күйөөсүнүн жылуу сөзүнө кандай муктаж. Аны түркөй эркектер кайдан түшүнсүн. Таңсулуу, кабагы ачык Маратты аппак, назик колдору менен мойнунан кучактап:
-Марат, анан сен мени алдабайсыңбы? -деди. Кыска жана маанилүү айтылган сөздүн күчү Мараттын ички жарасын козгоду. Ушул жерден дагы өзүнүн кандай адам экенин жана сөз менен жеткизип айта алгыс жүзүн байкады. Марат ойдон алаксыш үчүн;
-Эртең мен ажонун аялы менен жолугушам, бүрсүгүнү экөөбүз үйлөнүп айылга кетпейлиби. Сен, мени аябай санаага салып салдың. И, баса, сен кандай акыл кошо аласың, Турдалы күмөн санабагандай. Таңсулуу ойлуу жер тиктеп:
-Билбейм, чынын айтсам мен, сени алиги досуңдан куткарганың үчүн гана кечирдим. Ишенесиңби, мени кандай гана санаага салып, эмне деген гана ойду ойлонтконуңду. Дагы жакшы Гүлайым деген курбу кызым мага жакшы кеңешин берди. Ал турмушка чыкканга чейин эле жолдошу ар ким менен ойном жүргөнүн билим, аны оң жолго салуу үчүн, ага теңелбей баарына көз жумуп, тийип алганы мага чоң сабак болду.
-Таңсулуу, суранам сенден, андан көрө баарын унутуп, кел артка кылчайып карабайбыз. Айткандай сен эртең дагы үйдөн чыкпа. Болгон сабактарыңды мен өзүм бүтүрөм. Болбосо мени менен бирге болосуң. Таңсулуу бул сунушту четке кагып, өз оюн айтты:
-Жок, Марат. Аны коюп сен мени Фрунзе совхозундагы таяэжемдикине жеткизип кой. Сенин иштериң бүткөнчө мен ал жакта болуп турайын, балдарына каралашып. Ал жак мага абдан ыйгайлуу. Кечке мен бул жерден эринип, жалгыз олтуруп жинди болуп кетпейминби. Менин зачётторум ушул аптанын аягында бүтөт. Ага чейин шаарда эле болуп турганым оң. Марат бул сунушту туура кабыл алып, үйлөнүүнү аптанын аягына калтырмай болушту.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5