Кармагычы чирип дат басып бараткан жарым кылычты бардыгы кызыгып кармалап жатышты.Аны көпкө кунт коюп тиктеп турган мурутчаны бир нерсени божомолдогондой өзүнчө күңк этти.
-Сыягы бул царский солдаттардын кылычы окшойт,мына сабында орус падышачылыгынын белгиси турат.Бир катуу нерсени чаап сындырып алып ыргытып жиберсе керек.Же бирөөсү каза болуп ушул жерде кылычы менен кошо калган...
Алар шаркыратманын түбүндө жарым сааттай эс алып турушкан соң,ордуларынан туруп шаймандарын алышып,оор баштыктарын асынышып биринин артынан бири ээрчише өйдө карай жылып жөнөштү.
Бул мезгилде тээ коктунун жонунда беш мылтыкчан адам таштын түбүнө жашынып алышып,өрдөктүн балапандарындай бир катар тизилип алышып жай өйдө карай жылып баратышкан адамдарды дүрбү менен кылдат байкап турушкан эле.
-Канчоо экен алар?
-Азыр санайбыз,бир, эки,үч...сегизөө экен.Көпчүлүгүндө автомат,биз мынтык менен аларга теңкеле албайбыз,балким гарнаттары да болуп калышы мүмкүн.Кандайдыр ыңгайлуу кырдаалды күтүп,аңдып жүрүп олтуралы.Анын үстүнө карта да тигилердин колунда эмеспи.
-Ооба,алардын изи менен акырын билгизбей жүрүп отурсак биз дагы ошол жакка барабыз.
-Аларың кайда барышмак эле,кайра эле ушул жол менен келишет да.
Булар төмөн жактагыларды Бишкектен бери "Волга" менен аңдып келатышкан эле.Ал эми төмөн жактагылар болсо,арттарында куйрук ээрчитип келатканын сезишпей эч нерсе менен иштери жок улам жогору карай көтөрүлүп жүрүп олтурушту.Жарым сааттай жол жүрүшкөн соң эки жагы кууш муздуу,жалама өткөөлгө туш келишти.Чарчашкандыктан баары бир аз эс алыша отуруп калышты.Чий калпакчаны муз өкөөлдү текшерип бир сыйра карап чыккан соң,тигилерге кайрылды.
-Кана жигиттер бул жерден жол жасаш керек,өткөөл. Урушта туруш жок баштадык ишти.
Кайрадан баары жабыла туруша өздөрү менен ала келишкен лом,чукулуктарды алып чыгышып,музду чагып,бир кишилик өткөөл жасай башташты.
-Тээтигил жерди көрдүңөрбү, ошол жерге чейин жетишибиз керек.Бул муз өткөөл кеминде эле жүз метрдей экен.
Бир кишилик муз өткөөл жасаш үчүн алар бир сааттан ашык убараланышты. Бир-экөөсү аркы бетине чейин барып келген соң,бардыгы жапатырмак баштыктарын асынышты дабир кишилик өткөөл менен биринин артынан бири ээрчше акырын аяр,кылдат басышып жылып жөнөштү.
#КараПояс
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1