Киши өзүнө жараша дөөлөттү бай экен. Экөө таттуу-таттуу ынтымакта күн кечиришет. Жети-сегиз жылдан кийин кишинин малын жут алып, байлыгынан ажырайт. Жашоосу начарлап, жакырчылыкка батат. Күндөрдүң биринде аял күйөөсүнүн жүзүн карап отуруп:
— «Амей, сенин көзүң кыйшык экен!» -деген экен аял.
Бул аңгеме менен эмне демекчибиз...Негизи жубайлар кыйын-кысталыш оор күндөрдө сыналат. Жигитти бай экен деп турмушка чыгып, кызды сулуу экен деп аялдыка алат. Байлык түбөлүктүү эмес. Аялдын дагы кыз кезиндеги сулуулугу балалуу болгондон кийин же башка себептер менен кетет. Адамда түбөлүк кала турган касиетти анын жумшак жүрөгү, көзүндөгү мээрими. Бир чатырдын астында жашап жүрүп бири-бирин байкабаган түгөйлөр бар. Алар бир дасторкондо тамактанып, бир жаздыкта уктаганды бирге болуу деп түшүнүшөт. Эки жарым, бир бүтүн болуу бири-биринин оюн угуп, жан дүйнөсүн түшүнүү дегенди билдирет. Мына бул таптакыр башка дүйнө. Сиз сүйүүңүз менен бирге түйшүктөрүңүздү да бөлүшкөн жар болушуңуз керек. Себеби сезимдерди бөлүшүү бир гана сүйүү эмес, кыйынчылыктарды да бирге бөлүшүү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев