6-бөлүм.
Чынында Таттыгул жаш болсо да мындай көрүнүштөр менен жакшы тааныш. Ал жүргөн чөйрөдө биринчи кетирген оорчунду катага чейин эле жашоого мүмкүн. Эгер бир жолу өлүмгө буйруган болсо, демек аны тирүү калтырышпайт. Ал Перинин жондон жөн эле келип кол сала беришине ишенбейт, буйруксуз мындай кадамга баруу дегени өлүм кагазына кол коюу дегени. Ал сөзсүз жогору жактан буйрук алган. Эгер Мелистин дагы мындан кабары жок болсо демек маселе аны менен байланышы бар экенин да түшүнгөн. Кийинки маселе мындан да күчтүүрөөк болуу. Анын беттегени азыр бир гана багыт, ал бараткан багыт Японияга карай өзү өскөн тоолорго алып барат. Эсен аман жетип алса ал тоолорго булардын колу жетпейт, эгер өз каалоосу менен гана тоодон түшүп кетпесе башкалар күч менен алып кете алышпайт, зыян да жеткире алышпайт.
Ниигатанын тоолорунда өзүнө окшогон миңдеген кыздар тарбияланышат, ал жайдан чыгып кеткенче бир гана устатына баш ийип анын айтканын эки кылбай аткарууга милдеттендирилишет. А устаттар өз жоокерлерине толук коргоо уюштуруп беришет. Эгер бирин коргой албаганын корушсо башкаларынын ишеничин да жоготуп алуу коркунучу бар аларда. Ал миңдеген кыздын ар бири Таттыгулдо бар онорлордун ээлери. Эгер бирөө эле аларга зыян өткөрсө устатынын буйругу менен ал жердеги ошондой онорлуу куралдын эң майдасынан эң чонуна чейин колдоно алчуу жоокер кыздар чыгышса эч бир өлкө туруштук бере албай калышы мүмкүн. Ошондуктан аларга кол салууга эч ким даабайт, кийин ал жайда ар өлкөнүн өкүлдөрү бар, кээлери өкмөткө иштөөгө дайындалып жатса кээ биро дүйнөлүк БУУна кызмат көрсөтүүгө дайындалат, арасында мамлекеттик эмес адамдар үчүн жеке курал катары баш кесерликке дайындалып жаткандары да бар. Бирок алардын баары ал тоодон биротоло түшүп кеткенче бир гана устатка баш ийишет, ал устат эч бир мамлекеттен көз каранды эмес уюмдун мүчөсү.
Таттыгул алдын ала алар менен байланышса деле болмок, бирок жанагы батирде устаты менен болгон окуядан, ага атасынын табышмактуу мамиле жасап көңүл кош болгондугунан кийин анча ишенич арттыра албай турду. Негизгиси ал тоого кирип алуу керек, болбосо сырттан аны сатып бул өлкөдөгү адамдарга кабар берип коюлары мүмкүн.
Бул убакта муштумун бекем түйгөн Мелис кай тарапка басып издээрин билбей турду, жанындагы кыздарга айтуу коркунучтуу атасына маалымат жетип калуусу мүмкүн. А жалгыз өзү шаардын кайсы тарабына барат, атанын жардамысыз шаарды бүт суротко алып туруучу аспабсыз табуу оңой эмес. Кийин Таттыгул бул кадамга барган болсо демек артын жакшы ойлнуштурган, балким бытыранды элдин арасына сунгуп кеткендир. Эмнеси болсо да кыздардын көзүнө илинбесин, алар аны учакта көрүп коюшкан да дароо таанып калышат.
Мелис кийинки кадамын ойлонуштура баштады. Ал азыр Таттыгулго жардам берүүдөн башка жол көрбөй турду. Кандай кылып? Азыр ага керек нерсе бул бир гана убакыт, деди ал. Кандай кылып болсо да убакытты созуп туруу керек, бирок канчага? Анын каалаганы эмне экенин билгенде жеңилирээк болмок, жөнөкөй элге синип жок болууну көздөгөн болсо азыр онтойлуу учур бирок тополоң токтогондо дароо эле ачыкка чыгып калуусу мүмкүн. Андай болсо азыр Мелис үчүн бул бытыранды токтобой турганы оң. А эгер чек арадан чыгып кетүүнү коздосо, азыр ал үчүн да эң ыңгайлуу убак, көп элдин арасында байкалбай калуусу мүмкүн, айрыкча биздин чек ара кызматкерлеринин жүргүзгөн ишин эске алсак алар эч нерсе байкашпайт. Мелис аз ойлонуп бат чечим чыгарууга көнгөн, анда ар дайым убакыт саналуу. Азыр да ошол ыкмада чечим чыгарып бир күн болсо да убакыт созуп, бытырандыны улап турууну туура көрдү. "Бир күн" деди ал өзүн кимдир бирөөнүн алдында күнөөлүү сезгендей, эртең тынчыбаса баарын кырып салууга даяр, бирок бул күн ага керек. Кызык, ал дегеле өзүнөн мындайды кутпоптур, бир инсан үчүн бүтүндөй дүйнөнү картага коём деп. А атасына эмне дейт, андан үмүт кылып отурган өзү кызмат көрсөтчүү өкмөткө жооп берүүгө даярбы? Оюнун ушул жерине келгенде "кийин" деди, баарын кийин ойлонуштурат азыркы маселе Таттыгулдүн эсендигин тилөө. Эгер ал азыр өзүнүн эң жакын адамын коргой албаса анда жашоосунда маныз калбайт. Ушунча жыл күтүп, көкүрөгү дегдеп келген жакындыкты ал Таттыгулдон сезе алган, аз гана төрт күндүк өмүрүндө ошол кичине кыз анын эң алдуу да эң алсыз тарабын өзүнө көргөзө алды. Өзү жөнүндө, атасы экөөнүн мамилеси жөнүндө, дегеле жасап жаткан иштери жашап жаткан өмүрү жөнүндө биринчи ирет ойлонууну баштады. Чындап эле ал да башкалардай эле энеден туулуп, ынаалап алсыз коргоого муктаж чурпо болгон да, ар дайым айтканын аткартуу үчүн темирден жасап албагандыр атасы. Анда эмне үчүн ал өзүн ушул күнгө чейин адам катары сезбеген, а балким жаштайынан ал бир гана жөнөкөй адамдын жашоосу эң оор деген сөздү угуп келгени үчүн аларга кызыкпагандыр, оор жашоого барып эмне кылам дегендир. Аларды бир байкуш ар дайым коргоого муктаж, жашоосу максатсыз өтчү бир жандар катары сүрөттөп, өзүн алардан жогору тутуп алгандыр. Кантсе да Таттыгул аны уктап жаткан ордунан ойготкондой болду. Анткени ал азыр кызды ошондой жашоого кетти деп ойлоп жатпайбы.
Колундагы датчикти аста алган жайына койду да өзү төмөн түшүп ойлогонундай эле элге аралашып жалгандан кыйкырык менен бир түндү өткөрдү. Атасына болгону кыска гана "лаарык роо" деп жөнөтүп койду, анысы кадимки тилге которулганда "кырдаал оор" дегенди билдирет эле.
Таң атып жайдын күнү өз милдетин аткарып аптабын жерге чачып баштаган, ансыз деле ыссык тийген күнгө кошумча ар жерден чыккан өрттүн кара тутундору андан бетер шаарды уп кылып, кечээ эле гүлдөп турган шаар бүгүн көзгө кунаарсыз көрүнөт. Оштун негизги кире бериш тарабында көп үйлөр өрттөнүп кеткен экен, алардын акыркыларын өчүрүп болуп Мелис Сулайман тоого карай жөнөп кетти. Келсе кече өзү коюп кеткен балдардан дайын жок, алар түнү менен тоону кооруп чыгат деп умуттонгон деле эмес өзү. Алар деген кантип эле бир түндүк уйкусун кечип, карды ач болуп болбогон бир тоону кооруп турушмак эле, тоо кайда кетмек дешип өз жашоолорун улап кете беришти да, а балким азык издеп кетишкендир. Андайларга тапшырма деген нерсе түшүнүксүз да, үч төрт күн уктабай оозго наар албай кыл учунда туруп тапшырма аткармай дегенди тушторундо да корушпос. Мына ушундай ойлор менен тоого жүгүрүп чыгып кече коюп кеткен датчик менен мынтыкты өз жайынан таба алды. "Кандай жакшы бул жайга чыгуу балдардын оюна келбегени" деп мынтыкты өз куралдарына кошуп далыга артып датчикти ылдый түшүп көп мүрзөлөрдүн арасына көмүп койду да тоого айландыра дрондорду учуруп коюп кайра шаар аралап кетти. "Бүттү" деди ал, "ар ким өз каалаганын жасай бере турган убакыт соңуна келди, бүгүн тынчыйсынар" .
Ар кай жерде тосук орнотуп кирүү чыгууну көзөмөлдөп туруп алган топтордун үстүнөн көзөмөл жүргүзүп жаткан кыздарына топтолгон адамдарды таратуу жөнүндө буйрук берди. Буйрук аткаруудан башканы ойлобогон кыздар дароо эл арасына ок жаадырып бир саамда топтолгон элди тыптыйпыл жок кылып жиберишти. Өзү болсо жанында ээрчиткен үч кызы менен шаарда болгон кыймылга үстөмдүк кылып жатышты, унаа болобу жөө жүргүнчүбу кыймылдоого мүмкүндүк бербей ок менен жолун тороп турушту. Бул кыймыл кай тараптан болуп жатканын түшүнбөгөн шаар бийлиги эми чындап кийлигишип коменданттык саат белгилеп, аскер кызмат өтөөчулорун шаарга коё беришти. Мелистин каалаганы да, шаар бийлигинин каалаганы да ушул эле. Анткени алар ачык ок атышуу болмоюнча мындай аракет көрө алышмак эмес. Эми чындап Мелистик иш бүттү бул шаарда, армия аралашкан жерде андык кызмат кылбайт. Өзү да араң турган жаны кыздарын учак тарапка чакырып борборду карай жол тартты.
Абада болгон 40 муноттун ичинде эмнелерди гана ойлонбоду, ал эле эмес ушунча узактан Таттыгулдүн караанын көрүп калчуудай кичине терезеден шыкаалап жерден көзүн албайт.
Борборго келип кыздарды үйлөрүнө таратып, саатына карап ар биринин өз жайларына жеткенине ынанганда гана өзү атанын үйүн көздөй жол алды. Ал азыр эмне дээрин да билбейт, эч качан отчёт берүү үчүн даярданып көрбөгөн, ар дайым болгонун болгондой айтып көнгөн же андан мурун эле атанын баарынан кабары боло турган.
"Мен баарына даярмын, ошол эле учурда эч нерсеге даяр эмесмин", деди ал үйдүн босогосунда туруп. "Мекен үчүн баарына каршы турууга даярмын, ошол эле учурда азыркы бар нерсемдин эч бирин ал үчүн курмандыкка чалууга даяр эмесмин", деп үйдүн босогосун аттай берди...
-Кел уулум! Баатырым менин! деп тосуп алды атасы Мелисти каалга алдынан, кудум анын оюн Оштон бери окуп келгенсип. Мелис атадан баарын күтсө да мындай мактоого татырын күтпөгөн. Урушууга себеп бар бир күн уттурганы үчүн, а мактоо үчүн эмне себеп болгонун түшүнө албай турду, ошол себеп ооз ачып жооп кайтарууга чамасы жетпей.
-Канча ирет өлкөнү кыйроодон сактап калганынды санадым бүгүн, деди ата жигиттин эки далысынан аяр кармап көздөрүн кулмундото эркелетип. Азырынча эч бир адам андай кадамдан сенин алдына чыга элек. Сенин мүмкүнчүлүгүн баарынан артыкча. Билесинби эмнеге мынтип жатам? Бүгүн сенин ордунду басчуу адам издеп көрдүм, эч ким! Түшүнүп жатасыңбы эч кимди таппадым.
Мелис суроолуу карап калды.
-Керек болсо менин ордумду басчуу адам чыкты, бирок сенин эмес. Ата табышмактуу сөзүн улай берди андан бетер кызыгууну козгоп. Бирок бул көйгөй эми мендик эмес, менин ордумду басчуу инсандыкы, деп жайбаракат артка бурулуп полду кыйчылдата басып өзүнүн орундугуна отуруп жатып,
-Ошондой эмеспи ээ? деди жигитке сырдуу карап.
Мелис шилекейин жутуп түшүнбөй жаткан тур корсотойун деди, бирок анын жүзүнө анткорлонуу жарашпай койду. Кантип эле сөз өзү жөнүндө кетип жатканын түшүнбөй калсын.
-Сиз кайда? деди араң оозун кыбыратып, бирок бул жасалма эмес чын көңүлдөн берилген суроо эле.
-Билбейм уулум, мен кайда барам билбейм. Бул дүйнөдө, бул өлкөдө эмне болоорун баарын алдындан түгөл билдим, жада калса Таттыгул ушундай кадамга бараарын да сезгем. Бирок аны токтотууга алым келбей калганына караганда өмүрүмдүн соңуна келип калган көрүнөм. Менин өмүр бою ар күн өзүмө берилчү жалгыз суроом болгон, мына ошол суроонун жообун эч качан таба албадым, канча көп ойлонсом ошончолук жообу качып тереңдейт. Оюндун акырында столдон туруп кетесин, согуштун соңунда артка чегинесин, бирок андай учурларда баары бир билесиң бараар жайынды. Мына өмүрдүн соңунда кайда бараарынды биле албайт экенсиң эч, себеби тандоо сенде эмес, артта калган жашооң тандоочуга жактыбы жакпай калдыбы, кай тарапка алып барат аны биле албайсың.
Мелис;
-Сиз... деп бир нерсе сурамакчы болду эле атанын ундобой калганын көрүп, ата ага мүмкүндүк бербей кайра сөзүн улап кетти.
-А балким Таттыгул болоор, а балким ал эмес. Эмнеси болсо да акылы курч, көзү өткүр жан. Ал жагы эми сенин жумушун, деп столду эки-үч жолу таптап коюп ордунан туруп жигитке жай көрсөтүп калды.
Мелис бир аз айбыгып барып ата көрсөткөн орундукка отура кетти.
-Бул сыйкырдуу орундук уулум. Бул орунга олтуруу үчүн сен даяр болуун керек. Биринчи орунда өзүңдү толук коргоодо сез, бир көзүңдү ачып уктап өзүнө сак бол, ичте сыртта душмандарын калбасын. Жанында жүргөндөр эң жакын адамдарын болсун, алардын ишениминде бол. Эң башкысы бийликтин даамын сез, сенин айтканын толук аткарылышы керек мына ушул бийлик. Өз бийлигинден өзүн күмөн кылба, анда отурган тагынды бошотуп аласың. Сен жалгызсын кайда барба эмне кылба, эч качан эч кимге толук ишенип койбо, сен өзүңдү ойлогондой эле башкалар да өздөрүн ойлошоорун андан кийин гана сен болоорунду унутпа. Акылды иштетип бат ойлонуу керектигин айтпасам да болот. Ошондо да алдыда болчуу кырдаалдын баарына даяр болуу мүмкүн эмес, башкысы бара жаткан жолун кайда багытталганын бил! Чыгарган чечимине окунбош үчүн ал чечимди өзүн чыгар, башкалар аралашуусуна жол бербе. Көп жылдан бери сага багыт берип аракетине эркиндик бергендигимдин себеби сени ушул күнгө даярдап келгем.
Ата ундобой туруп калып, бирок бөлмөдөн чыгып кетпегенине караганда айтылган сөздөрдүн орду азыр эмес экенин түшүндү Мелис, андыктан ордунан туруп орундукту кайра атасына бошотуп берди.
-А баса, бир күн келип өкмөт адамдары сенин алдындан чыкса чочулаба, демек убакыт келди дегени, ал күнгө чейин даяр бол. Сен ишене ала турган эмес сага ишене ала турган адам болуусу керек, деп сүйлөгөнчө барып каалгага аста колун тийгизип койду эле оор темирден болгон күч менен туртсо араң ачылчуу эшик буйрукка баш ийгенсип дароо кеңейип ачыла түштү. Бул жансыз темирдин тилин түшүнгөн адамды өзүнүн ичиндегисин билбей калат деп ойлоп алганына күлкүсү келген Мелис баш ийкей коштошуп чыгып кетти.
Бул сапар анын босогодо турбай шыр басып чыгып кеткенин терезеден күзөтүп турган ата өзүнө ыраазы болгондой орундукка барып отура калды. "Көп суроолордон кутулдум, азыр анын ою башка багытта иштей баштайт. Бирок ал акылындагыга кайрылып келбейт деп болбойт, ага чейин Таттыгулго жетүү керек" деп ойлоп койду.
Картан карышкыр дайым эки жолдо жүрүп көнүп калган, эч качан башталган ишти бир тараптуу карабайт дайым экинчи жолу бар анда. Азыр да ошол ыкмасынан жанган жок. Учурда ал да Таттыгулдү тынбай издеп жаткан, эгер эле таба албай калып кыз өзү көздөгөн жайга жетип барса анда өзү ал жерден эми алып чыга албайт, ал тоолордун тартибин жакшы билет. Бирок Мелис муну аткара алышы мүмкүн, ал азыр кыздын ишениминде, ошондуктан анын багытын ошол тарапка буруп жатат.
"Адаштым" деди ал, "биринчи ирет адаштым, а балким жаратылыш күчүн эске албадым. Анын ата энеси жөнөкөй адам болгону менен логикалык ойлонуусу жакшы орчугон адамдарга окшойт, болбосо кайдан жүрүп жаш секелек мени адаштырта алмак, бул укумдан тукумга берилүүчү гана озгочолук" . Ушул жерге келгенде ордунан ыргып турду, эмнеге муну жанатан ойлобогон. Таттыгулдүн оюн окуу үчүн аны төрт жашынан бери билүү жетишсиз экен демек анын ата энесин көзөмөлдөп алардын ой жүгүртүүсүно саякат жасашы керек. Эгер кыз өзү үйрөткөндон да көп акылга ээ болгон болсо бул кандан берилген.
Эми ал өткөн күндөргө саякат алды.
Союз таркап өлкөлөр өз алдынча бөлүнүп баштаары менен жер жерлерде чуулгандуу окуялар көп боло баштаган. Кече эле пириндей тутуп жүргөн орустарды ар өлкөнүн жергиликтүү жашоочулары кууп салуу аракетин көрүп, кече бийликте отургандарды бүгүн тоготпой баш аламандык башталды. Эч бир өлкө мындайга даяр эмес экен, баардык эле жерде ачаарчылык, жада калса кайсы бир өлкөлөрдө бийлик үчүн күрөш да баштап жиберишти. Ошондо ал түшүнгөн эч нерсе түбөлүк эмес жана эч качан баарына даяр болуу мүмкүн эмес экенин. Дайым күчтүү болуу үчүн дайым бийликте болуу керек. Алдындан эле бийликте жүрүп, калктын да бийликте журчуу адамдардын да аң сезимин жакшы түшүнүп калганы анын колуна ойноп берди. Мындан ары калк башында болуп элге жаман көрүнбөйт, башканы отургузат да өзү анын үстүнөн башкарат. Ага толук бийликти тарттырып жибербоо үчүн аткаруучу да ишенимдүү адам болушу керек эле, ойлонуп өзүнөн башка эч кимге ишене албастыгын тушунгондо ушул экинчи жашоону ойлоп тапкан. Ал үчүн өзүндө жетерлуу өнөр бар, жаштайынан Японияда тарбияланып мушташуу курал колдонуу ыкмаларын жакшы оздоштургон, КГБга тынчылыкка даярдалып жатып кийин атасынын чакыруусу менен мекенине кайтып келип жөнөкөй окуу жайга окуп саясатка даярдала баштаган, бирок биринчи үйрөнгөн онорлорун таштаган жок дайым изденуудо болуп жүрдү. Эми аны колдонууга убакыт келгенин түшүнүп, өзүнө ылайыктуу адамдарды тандай баштаган, алардын ичинде мурунку КГБ кызматкерлери да бар эле. Биринчи ою жакшы эле ишке ашып өзү каалаган адамды алып келип бийликке отургузуп үстүртөн башкарууну улап жатканы менен экинчи тарабы аксай берди. Көптү көрүп калган карышкырлар, четтен бийликте ким отурса ошол тарапка ооп, тапшырманы түз алып өзүнүн орду жоголуп баштаганда кырдаалды башка тарапка өзгөрттү. Жаш балдардан жыйып бар күчүн аларга жумшап баарын үйрөтүп мурункулардын ордун алмаштыра баштады чекеден. Бирок бул да көп бийлик бербеди ага, аларда өнөр болгону менен чоңоюп калган балага акылды толук салып улгурбойт экен. Ошол учурда өзүнүн элден жашырып жүргөн экинчи жубайынан болгон 15 жашар уулу Тибетте тарбияланып жаткан. Анын апасы 3 жашында каза таап жалгыз калганда элден жашыруу ниетинде кийин өзүн коргой ала турган болсун үчүн ошол жакка тарбияга берген эле, өзүнүн убактысы да мүмкүнчүлүгү да жок эле кичине баланы тарбиялаганга. Кызыгы ал бала биринчи үй булоосундогу балдарынан айырмаланып өзүнө окшош жактары көп болду, көрүүсү да өзүнүкүндөй тусторду ажыратып тааный албайт. Тибеттик акылмандардын айтымында мындай адамдардын мээси башкача оорчугон, кабыл алуусу тез, ар кандай шартта жашоого жөндөмдүүлүгү күч болот экен. Мунун чындыгы барга окшойт анткени өзү да ар кандай кырдаалда жашоого жөндөмдүү, уулу да ошондой болду. Ал бала азыр чыгып кеткен Мелис эле.
Коп ойлонбой Тибетке сапар улап уулун ал жерден алып толук даяр болсун үчүн Куба мамлекетине жеткирген, ал жерде жашоо оор, тартип күчтүү ар кайсы бурчтарда саясат тынчылары бар. Ушундай абалда тез ойлонууга, буйрукту чын дилинен жанын оозуна тиштеп аткарууга уйронду. Андан ары АКШга алып барды, ал жайга барган максаты эркин ойлонууга, кыймылга чектөө койбоого үйрөтүү эле.
Ал арада уулунун тарбиясын көрүп кызыгына батып калган киши чыныгы тынчыларды бала кезден тарбиялаш керектигин жана алар өздөрүн буйрук аткаруучу гана сезбей жакын адам катары билиштери керектигин түшүнүп балдар үйүнөн дени соо көзү курч кыздар балдарды терип ар өлкөгө жеткирип тарбиялай баштаган. Алардын ар бирине өзүн атасы катары тааныштырып жүрдү.
Ошондой күндөрдүн биринде түштүктө атактуу адамдардын бири өтүп ысымы бир мектепке ыйгарылып ошол аземге катышуу үчүн барып калат. Убакытты куру кетирип конбогон киши калктан бөлүнүп аймак менен таанышып жүрүп төрт көчөдө жайгашкан үйдүн бурчунда ыйлап отурган кичине кызды көрүп калып кыя басып кете албай жанына барып сурап калды.
-Кызым ыйлаба. Апаңды жоготуп алгансын го ээ, айтчы ал кайда кетти эле.
Кыз ыйын токтотуп ундобой көзүн көтөрүп өзүнө караганда кишинин жүрөгү титиреп кеткен ал коздогу курчтуктан. Кыз өзүнүн кичинелигин унутуп калгандай коргонуу үчүн бардыкка даяр эле. Аны биро карап тургандай тайсалдай түшүп кайра "Эмне болуп турам мен" деп өзүн колго ала чонтогунон шириндик сууруп чыгып ага сунуп калды.
-муну көрдүңбу апан сага берип жиберди, кызымды көрүп калсаң ала келчи дебедиби.
-мен эжемди издеп бараткам, деген кыз бир азга кумондуу карап туруп шириндикке колун суна берип дароо эле ачып оозуна салбай туруп жыттап койду.
-Мен мунун жытын билбейт экем, мындай татып корбогом, кычкыл жыттанат экен, деп кайра өзүнө берип койду.
Шириндиктин сыртында кадимки апельсиндин сүрөтү бар эле, демек ал апельсинди татып көрбөгөн. Ооба 1998-жылдары Кыргызстанда кайдагы апельсин, ал эмес андан чондору да татып көрө элек эле. Бирок кишини таң калтырган ал башка балдарчылап татып көрбөй жыттап көргөнү болду.
-Бул апельсиндин шиерсинен жасалган кант, татып көрбөйсүңбу.
Кыз алсамбы жокпу деп ойлонуп турганда,
-карачы сары болуп сүрөтү турат, апельсин сары тоголок болот, сен байкагандай бир аз кычкыл даамы бар, деп берилуу менен түшүндүрүп баштады киши, эмнегедир ал кызга байланып жанынан кете албай.
-анда бул сизге деп этегинде салынган семичкеден кичинекей колдоруна уучтап ага сунуп кишинин колундагы канты кайра алды. Оозуна алып шимип баштаган наристе кыз көздөрүн кулмундотуп көңүлү ачыла түштү.
-апельсин кайда жасалат? Аны эмнеге сары кылып боешот?
Киши шашпай баарын түшүндүрүп өзүнө имергенден кийин сурай баштады.
-Атын ким сенин?
-Таттыгул, деп так сүйлөп жакындай түштү наристе.
-Айтчы эжең кайда кетти эле?
Таттыгул кумсара түштү дароо.
-Апам базарда калды, эжем мени апамдын жанына таштап кеткен да, мен аны издеп жоногом анан адашып калдым. Ал мектепке кеткен.
Киши дароо түшүндү эжеси жаңы өзү чыгып келе жаткан жайда экенин.
-анда мен билем эжендин кайда экенин, жүрү издеп табалы аны. Айтчы ал кандай кийимде, канча жашта?
-эжем чон, юбка кийип алган, деди.
-кандай юбка?
-мен билбейм, менин устумдогудой тусто.
-сенин үстүндөгү кандай тус? деп, кайра сурап калды киши анткени ага боз эле көрүнүп турган.
Кыз түз жооп бербей,
-сиз чоң болуп турбайсызбы, билбейсизби кандай түс экенин. Мен азыр тусторду жакшы билбейм чоңойгондо билем, деп койду.
Ошол тапта кишинин ою башка нукка бурула түштү, мындай акылы тунук кыз тусторду билбегени эмнеси, а балким... деп ойлоно түшүп, алдыда турган акимчиликтин үстүндөгү желекти коргозуп,
-тетиги желекти көрүп турасыңбы ошондой тусто ээ сенин күрмөң ? деди.
-Ооба ошондой, деп койду анча кызыгуусу жок.
Киши андан бетер жанын койбой,
-ал кандай түс билесинби? деп такый берди.
-бозбу? деген кыз кайра өзүнө суроолуу тиктеп а апам мага аны кызыл деген деп койду.
Шилекейин жуткан киши кыздын коруусундо көйгөй бар экенин дароо түшүнүп акылын башкара албай калган. Карачы кандай укмуш төп келүү, көз карашы, көрүүсү, акылынын тунуктугу, баары өзү каалагандай. Жок ал мындай учурду колдон чыгарып жибере албайт, кыздын келечеги башка болушу керек ал келечекти өзүнөн башка эч ким куруп бере албайт ага. Ушундай ойлор менен бараткан багытын өзгөртүп Таттыгулдү борборго алып кете берген.
Ошол учурда Таттыгул унаага отурганына кубанганы менен көбүрөөк убакыт өтүп баратканда тынчсызданып апама барам, апам урушат деп көзүн жашылданткандары күнү бүгүнкүдөй эсинде кишинин. Канчалаган дарыларды берип жүрүп жаш немени көп өтпөй эле артта калган күндөрүн унуттурду. Андан кийин эле Япониядагы жанагы тоолорго алып барып таштаган. Ага түзгөн келечеги өзгөчө эле, өзү дүйнөгө туркук болбогондон кийин, өзүнөн кийинки иштерин уулуна тапшырып уулунун жашоосун ушул кызга тапшыра турган. Ал экөөнү бир тууган кылган. Андан эч ким эч качан шек санабай тургандай чараларды көрдү, жада калса оң түсү да бир бирине окшоп кетчүү. Андай кылуусунун да себеби бар эле, алар бир тууган болгондо гана бир бирин коргоп журушмок, кетирген каталарын кечиришмек, ортолорунда тирешүү болмок эмес. Бирок тагдыр андан күчтүү чыгып, өмүр бою коркуп келген жоромолу орундалып баштады. Уулу ал кызды аял катары жактырып калганын Японияда эле байкаган, андан алдын Мелис эч бир кызга атайылап жеңилип бербеген жана урулган сокууларын жеңилдетпеген, ал эми Таттыгулго сунулган соккулары жеңил болуп талдуу жерлерине багытталбай жатканын көрүп ата шектене тушкон. Андан кийин адаттагыдай ар бир кызды алып кетүүгө барганда аңдып жүргөндөй Ниигатада да алардын артынан жүрүп Таттыгулдүн жоруктарын көргөндө дагы бир ирет тунулуп кеткен. Себеби жакшы билет андай эрктуу кыздарды суйбой кою мүмкүн эмес, эгер кандаш тууганын эле болуп калбаса, болгондо да уулу эгер өзүн тарткан болсо сөзсүз берилип калат. Учакта уйку даары кошулган сууну да өзү бердирген Периден, ал Таттыгул ичпей коюшун билет болчу, болгону азыркыдай учурга даярдык көрүп эгер бир нерсе болуп кетсе Мелис өзүнөн эмес Периден күмөн кыла турган болсун үчүн ошондой жасаган. Себеби Таттыгул Кыргызстанга келгенде өзүн кандай тутаарын билбейт эле, ар дайым анын көздөрүнө караганда кандайдыр кусалыкты боштукту сезчуу, ошол себеп ал бала чагын толук унутту деп ишене албай турган. Ош шаарына жөнөтүп алып чочулаганы да ошондон эле, а балким ал шаар бала чагын эсине түшүрүп жибереби деп. Айтканындай эле Таттыгул шаарга булук салып ок атканда картан киши дароо аңдады, ал калып кеткен келинге эмес анын колундагы балага эзилгенин. Кийин Мелис келип ал жоругун жашырып айтпай койгондо ата чоочулап калган, анткени уулу биринчи ирет атадан сыр жашырып отурган. Азыр ушул аракетке барып жатса, күнү келип анын бир тууганы эмес экенин билип сүйүүсүнө чырмалса анда биротоло бүтөт. Ушунча жылдар жасаган мээнети текке кетет, уулу анын ишин улантпай Таттыгулдүн айтканы менен болуп жайбаракат жашоого көчүп кетүүсү мүмкүн, аз келгенсип өзү уулуна жек көрүндү да болуп калуу ыктымал бар. Ал андайга чыдай албайт, чынында ата үчүн ушул уулунан артык эч нерсе жок, анын жек көрүүсүно чыдай албайт. Өзү айткандай аялдарды сезим башкарат, бирок сүйүп калган эркекти ошол аял гана башкара алат ошон үчүн канча Таттыгулдү кыйбай турса да уулунун келечеги үчүн андан кутулууну көздөп Перини жөнөткөн эле. Чынында Таттыгулдүн эрктуулугунон кабардар болсо да 3-4 күн уктабай ачка болгонунан пайдаланып, кийин Перинин тажрыйбасы көптүгүнө ишенген эле, тагдыр бул ирет да аны адаштырды. Таттыгул жөнөткөн адамын өлтүрүп гана тим болбостон анын максатын да билип койду, 12 жылдык мээнети саамда жокко чыгып эми аны биротоло жоготуп алды. Жөн эле жоготпой өзүнө ажыдаардай жоо арттырып алды. Таттыгулдү датчиги жок таап алуу кыйынга турат, болгондо да ушундай бытырандыда. Эгер Өзбекстан тарапка өтүп кеткен болсо анда издеп табуу кыйын ал өлкөнүн жардамысыз. Мындай кырдаалда алар жардам берет деп үмүт кылуу да кыйын. Ниигата тоолоруна барчуу жолдорду толук бекитип улгурду ошентсе да ал устатына жете алган болсо демек өзү көздөн кайым болуусуна туура келет, анткени ал жердин тартиби боюнча кайтып келген шакирттер аларга кызмат кылышат, эгер андай болсо Таттыгул дүйнөнү башкарчуу адамдарга кызмат кылып өзүнүн ар бир кадамын оңой эле эсептеп тоскоолдук жаратып ал эле эмес каалаган күнү жанын да алып коеру мумкун. Азыр ошол күнгө даярданып жаткан учуру. Бирок мынтип Таттыгулдүн ата энеси жөнүндө ойлонгондо кандайдыр үмүт оту жана түштү...
Таттыгул коп тилди билгени өзүнө пайда алып келди, эч пайдасыз дебей өзбек тилин да үйрөнүп алганы жакшы болгон экен. Чек арада алардын бири болуп өзбек тилинде так сайрап отуруп качкындар катарында чек арадан өтүп кетти. Эми ал ойлонууга мүмкүнчүлүк бар, мында ага азырынча тийише алышпайт. Таттыгул жакшы түшүнүп турган өзү барчуу жолдор азыр тосук экенин, ошондуктан ар бир кадамын жакшылап ойлонуштуруусу керек...
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев