( 15- бөлүм.)
Түн: Бир убакта жаны эле үргүлөй уктап кеткен киши уйкусунан чоочуп ойгонуп, жүрөгү бир жамандыкты сезгендей, ордунан атып турду да, дароо сыртка чыгып ал жак, бул жак теребелди кылдаттык менен көз электен өткөрүп карап алды. Ички туюму Кара көлөкөнүн мына -мына жакын калганын сезип,акыркы кездери түн уйкусу төрт бөлүнүп бүткөн. Айрыкча үй бүлөөсүн коопсуз тарапка кетирдим деп,алардын тынчтыгын,аман-соо көздөгөн шаарга жетип алууларын Кудайдан кайра -кайра тилеп жаткан.
Күттүргөн душманы жанында тургандай, бир нерсени сезгенсип шырп эрткен жакты улам дыкаттык менен карап алды. Корккону эле чүрпөлөрү менен аялы болчуу. Эмне болду экен деген ой улам мээсин жеп, алардын аман эсен жетип алышса,өзүнүн маңдайына эмне жазылса ошону көрүүгө бел байлай калды эмеспи... Ананчы башка айласы да жок! Ошондой канкор душмандан качып кетмек беле,баары бир түбүнө жетпестен тынч койбосун жакшы билет.
Ойлору менен алыша бүткөн боюн калтырак басып, маңдайда турган сүрдүү жанагы караңгы токой ичин уламдан - улам көз чаптырып карап алып, кудум эле аны ал жактан бирөө күтүп тургандай сезиле, тынчтана албай ары бери басып алды.
Ооба кишинин алтынчы ички туюму алдабаптыр. Айдын жарыгынан даана көрүнүп, дал өзүн каардуу, сүрдүү көздөр менен тиктеп турган кара көлөкө кою токойдун бир четинде турган душманын көрө койду. Ал өзүн күткөнүн билгендей, эч нерседен тайманбас жүрөгү, кишини жеп алуучудай тиктеген көздөрү жигитке азыр бир гана максаты тек гана өч алуу экенин билдирип турган. Бир аз убактан соң көлөкө кишиге бир карап алып, ары токойдун ичине жай баракат басып кирип кетти.
Шашкалактаган мергенчи куралын камданып, алып артынан жөнөгөн киши өзүн көлөкө кай жерден күтөөрүн ички сезиминде билип турду.
— Оңбогур десе биротоло түбүнө жетем, же мен сени жок кылам,же сен мени! Бул күрөш өмүр бою уланбашы керек! Аягына чыгуу зарыл! Менин каным сенин кегиңди өчүрөөр...же мен сени биротоло жок кылаармын!
Ич ичинен жинденип, ачуусу жүзүнө чыгып көздөрү чанагынан чыгып кетүүчүдөй эле. Ооба чын эле бул кандуу кекке акыры бир күн чекит коюлуусу зарыл эмеспи!
Болгон эркин жыйнап токойдун ичин көздөй жөнөдү. Кара көлөкөнүн багыты кайсыл тарапты көздөй бурулганын айттырбай сезген мергенчи дароо эле ошол кандуу окуя болуп өткөн жерге баратты. Өзүн да дал ошол жерден күтөөрүн билип турган.
Жетип келген киши айланасын айланта көэү менен сыдырып, ары - бери карап алды да үн катты. Айлана тегеректе эч ким жок болсо дагы, анын сөзүн көлөкө сөзсүз угаарын байкап турду.
— Кайда кеттиң? Ушунчалык коркоксунбу? Чык! Алдыма келип күч сынаш! Билем мени угуп турасын! Ушул жерде баарын бүтүрөбүз.
— Бул жер мен үчүн ыйык жер экенин билбейсиңби эмне?
Артынан чыккан Кара көлөкөнүн үнүнөн киши артын шап карай, сунулган куралын так жигиттин көкүрөгүнө мээлеп алды.
— Бул сага жардам бере албашын жакшы билесин го?! Канча кыш, канча жаз өттү. Сени менен мындай жолугууну канча тилек кылып күтүп келдим эле.
Кишиден камаарабаган жигит бирде ойго чөмүлө, бирде ууртунда жылмаю пайда болуп, айтор кишинин кыжырына тийип сүйлөп, анын алдында ары бери баса берди.
— Ооба айтасын да? Эгер ошондо мүмкүнчүлүгүм болгондо сени ошол жерден жайлап салгым келген. Мейли акыры келип жолуктук.
— Ортодо мыйзамга баш ийбей чек арадан өткөн өзүң эмессинби? Ага бирөөнү күнөөлөбө, баарына бир гана өзүң өзүң гана күнөөлүсүн. Бөөдө кан төкпөй ушул жерде чечишип алалы.
Кайра колундагы куралын оңдоп кармай бергенде чапчаңдык менен Кара көлөкө куралды жулуп ыргытып, өзүн жакадан ала бир колу менен учура ыргытты. Шамалдай заматта пайда болгон жигит, кайра киши ордунан тургуча кайра бир колу менен муунтуп кармап ала, жерден өйдө көтөрдү.
— Мен бир гана сүйүктүүмдү алып кетүү үчүн келчүүмүн, бир гана аны деп ал үчүн баарына даяр элем. Жада калса силердин мыйзам баш ийбеске да эрким жетет болчуу. Дагы сүйлө кана сүйлө...
Арсайган азуулуу узун тиштери заматта пайда боло, мына - мына кишинин да тамагын жулуп алчуудай ызырынып сүйлөп бара кайра кишини өзүнөн ыраакка ыргытып жиберди.
— Сүйүү! Сөздөрүм катуу тийдиби? Ооба сен ал кызга татыктуу эмес элең. Унутпа ! Сен кимдин кызына көз салганыңды билбеген акмак белең эмне? сүйүүгө акың жок болчуу. Сен мыйзам бузууга акың жок болчуу. Аягы дал ушуга алып келээрин билгенсин.
Кайра күшүлдөп жөтөлүп ордунан турган мергенчи Кара көлөкөнү карап алды.
— Мен аны сүйгөнмүн! Сүйгөнмүн! Ал дагы мени, бизге эч нерсе кереги жок эле. Болгону бактылуу болушту каалаганбыз. Ал жок эми! Жо-ок!!!
Ачуусу келип,жер сууну жаңырта бакырып, заматта түрү өзгөрө түшкөн Кара көлөкө сүйгөнүн эстеп ала көзүнүн жашы мөлтүрөй түштү.
Жерге тизе бүгө бир аз отурду. Ортону кайрадан жымжырттык каптай түштү.
— Ооба балким сенин кебиң да туурадыр., бирок менде сага бир соонун жаңылыгым бар. Уккуң келеби? Жоок тагыраагы көргүң келеби?
Кара көлөкө кишини кытмыр күлүп карап алды, да бей капар адатынча мергенчини айланып ары - бери басып алды. Ооба сен баары бир айткан менен түшүнбөйсүн, сага жакшысы көрсөтүш керек.
Анын сөзү кишинин денесин титиретип жиберди.
Бул эмнени ойлоду экен балдарым тынч болду бекен деген ой меесин заматта ээлей түштү.
— Эмне кылмакчысын? Менден ал өчүңдү мен күнөөлүү... Сага башка эмне керек?
Бирок мынткенге жигит коймок беле? Дароо ордунан куюн сымал бир саамга жок боло түштү.
— Кайда кеттиң чык бери коркок! Баарын ушул жерде бүтүрүүбүз керек.
Токой ичин жаңырта, алды артына карап, заматта житип кеткен Кара көлөкөнү таппай калып кыйкырып алды мергенчи.
— Чык канасын?
— Анчалык шашпасаңчы! Түн узун эмеспи?...
Кайрадан пайда болгон үндөн киши артын карай, көргөн көзүнө ишене албай көзүнө жаш толо, тиктеп тура кадамдары шилтенбей буту калтырап ордунда катты.
— Жок - жок! Жок!
Кара көлөкө мойнунан каны сызылып агып, чачтары жерге тийип- тийбей сеңселген, апакай назик колдору шалдырап, жүзүндөгү каны жок,коюу кирпиктери жүзү ылдый төгүлүп уктап жаткан аялды колуна так көтөрүп турган жеринен, ордунда жерге таштап жиберди. Апакай сулуу келин эч нерсени байкабай сулк эте жерге кулады.
— Мен тарткан азаптарды бирин да тарта элексин бир аз убакыттан соң, эмне болоорун билесинби? бул сулуу көзүн ачат. Бирок мурункудай эмес,мурункудай таза болбойт. Баарынан кызыгы дагы бир аз убактан кийин ички организмдеги өзгөрүүнү айтпай эле койойун.... Кандай экенин билесинби?
Азап! Менин каным ички организм өзгөртүүгө ээ. Бир аздан кийин ойгонгон соң ачка болгону билинет,жана өтө -өтө катуу канга болгон табити ачылып,каалоосу күчөй баштайт. Сен көз алдында мурунку келишкен,ушунча жыл бирге өмүр сүргөн адамды издеп таппайсын.
— Мен өзүмө окшотуп койдум. Дал өзүмө! Эх.Тагдырдын табышмагын карасаңчы ээ?...
Жубайыңа болгон сүйүүң таза тунук экенин билчүүмүн, бирок кеп бул жакта сен аны ушул абалда сүйө алат бекенсин ээ? Мен үчүн өтө кызык болууда. Бирок ойлон бир бүтүндөй айылыңды талкалоого күчү жетет мында, анткени бул азыр ыссык канды гана ойлойт. Ыссык канды.
Эч нерсени билбей уйкуда жаткан аялдын башын жөлөй, отура кетти да, жүзүнөн сылап алып айласын таппай турган мергенчини — «эмне кылаар экен »дегендей сынай карады.
Жыртайып күлгөн жигитке ачуусу менен, бир тийе муштап муштап алды киши.
—Оо бул нерселер пайда бербешин жакшы билесин да. Андан көрө сулууңду ойло. Силерге бакыт каалайм. Эгерде сен күчүң жетип, карай алсаң, ушундай абалда сүйө алсаң! Эгерде аны ушундайда жоготсоң бир бүтүн айылыңды сактап каласын! Бирок анда сүйүктүүңдү жоготосун.
Ушунчалык ачынарлуу абал ээ мергенчи? Мага кызык, кайсыл жолду тандаар экенсин?... Жубайыңдыбы,же бүтүндөй бир айылдыбы? сага ийгилик каалайм!
Какшыктай сүйлөгөн Кара көлөкө мергенчинин далысынан таптап койду да шашпай басып, кою караңгылыка сиңип кетти.
Жубайынын башын жөлөй кучактап отура берди. Бир канча убакыттай аялдын жанында отурган киши көз жашы көл боло ички дүйнөсү жанчылып жатты. Башка кандай айла кыла алмак эле? Оюу миң түркүн ойлорго кетип жатты. Бир ойу өмүрүн сактап калып, эч кимге көрсөтпөй камап карагысы келсе, бир ойу ал тирүүнүн өлүгүнө айланды, элиңди, бүтүндөй бир коомду сактап кал деп чырылдап жатты.
Эмне кыла алат. Колундагы куралын оңдой кармай, коопсуздук үчүн аялынын качан ойгонушун тиктеп отура берди. Аялы муну каалабашын,мындай кан ичкич өлүү жсрткычка айлануусун каалабаганын жакшы билчүү. Мындан көрө өлүмдү артык көргөн аялынын жанын кыюуга колу барбай турду.
Бирок анткен менен айла жок, эгер колдон чыгарып жиберсе бүткүл калкы үчүн кооптуу болоорун туюп турду.
— Мени кечир жарыгым! Ушул бойдон уктаганың оң!
Баарына чечим кабыл алгандай, бирок аткара албай аялдын жүзүн карап дагы көпкө отурду. Бир саамдан улам аялынын денесинде башталган өзгөрүүнү карап алды да, арткы белине курчанган атайын даярдап келген учтуу жыгач куралды оңдой кармап, даяр турду. Аялдагы өзгөрүү уламдан -улам ылдамдап баратты. Качан гана кыймылга келе баштаган убакта жерге чалкасынан жаткыра койгон мергенчи, аялды ордунан турганга мүмкүнчүлүк бербей дароо жүрөк тушка жыгач учтуу куралды сайып алды.
Буту тыбырай, көздөрү кызарып канга толгон аялдын жүзү тааныбастай өзгөрүп бара бир аздан соң мурунку калыбына түштү да и, үнү чыкпай, эми чындап жансыз денеге айланып, бир башкача болуп күйүп баратты.
— Кечир мени кечир. Өксүп ыйлаган киши эч нерсени капарына алган жок, ызаадан жүүнү бошоп, жер чапчыган колдору менен тизелей жерге отура кетти да чоң муштуму менен жерди муштап - муштап алды.
— Оо! Азаматсын. Өз элиң үчүн өз сүйүктүүңдү өлүмгө кыйдың азамат! Оорудубу? Жүрөгүң ооруду ээ? Кыйналдың ээ? Эми билдиңби чыныгы оору кандай экенин?
Аркы жактан заматта пайда болгон көлөкөнү ушул азыр жүрөгүн теше аткысы келе колуна куралын кармады да, дароо туш келди аткылап жиберди. Бирок так жүрөгүнө тийбей калыптыр, ошентсе да бир кыйла жаракат бергенин көрүп жеңилдеп алды.
— Сен албетте бул үчүн жооп бересин!
Кыжыры кайнай ордунан тура калган киши куралын кайра жигитке мээледи.
— Ооба күмүш ээ! Менин жансыз денемди кайрадан алыш үчүн атайын жасалган күмүш курал.
Камаарабай сүйлөмүш болгон жигит кишинин колундагы өзүнө карай сунулган куралды карай сүйлөп ала, заматта куюн шамалдай жетип келе кишинин куралын алып тээ алыс ыргытты да шашыла сүйлөп алды.
— Бирок билесинби мен эчак өлгөнмүн. Азыр өлтүрүшүм мүмкүн бирок сен ойлогондой эч качан болбойт. Мен байкуш балдарыңды да табам, бул эч кыйынчылык туудурбайт. Тилекке каршы алардын өлүмүн көрө албайт экенсин. Аялыңа менден салам айта бар.
Көздөрү канга толо канталап, турган жигит,
Дароо мыкаачылык менен узун колдорун кишинин так жүрөгүнө матырып ,жүрөгүн сууруп алды да, өзү жансыз денелерди таштай түн ката кайдадыр жоголду.
Үстүндө оор жүктү бирөө алып салгандай жеңилдеп, чөнтөгүнө салып алган ак көйнөктүн тытындысын карап алып көзүнөн мөлтүрөй жаш тама, адатынча жерге отура кетти.
Азыр да ошол көйнөктүн тытындысын кармай Миренаны узактан телмирип тиктегенди адатка айлантты да калды. Кыздын атасын дал ошентип өлтүргөнүн эстеп алды. Кээде кыздын узун тармал чачтарын өзүнүн сүйүктүүсүнө да окшотуп жиберчүү болду да, кайра коркуп кетчүү болду. Тагдырдын тамашасы! Чын эле кыз дагы ошондогу ак көйнөкчөн сулууга куюп койгондой окшоп кетеер эле. Эх аттигиниң дале сүйүктүүсү көктөн өзүн карап тургандай, көзүн жума саамга көктү тиктеп алат да, өзүн күнөөлүүдөй сезип, кайра жолун улап жөнөп кетет.
Үйүнөн чыккан кыз шашыла кубанып эрте менен агасы тарапты көздөй жөнөдү. Бүгүн агасын ооруканадан бошотушмак. Ооба кудайым буйруп, агам келип калса эми коркпой калам деп өзүнчө ичинен кубанып алды. Бир аз өзүнө сактыкты да үйрөнүп калган. Жашоосундагы болуп жаткан окуялар жомок эмес экенине, же жөн гана коркунучтуу түш эмесине эми ишенип бараткандай өзүнө кам көрүүнү үйрөнө баштады. Сумкасына ар кандай өзүн коргоочу нерселерди салып жүрүү адатка айланып бараткан. Ооба кечееги болгон окуялар жомокто гана деп ишенчүү бирок чыныгы көзү менен көрүүнү такыр ойлогон эмес эле. Алардын жашоодо бар экенин анан да апасы тиги китепти бекер калтырбаганын жазып, же жөн гана кызыкканы үчүн жазганы чындыкка дал келишине , өзү да ишене албай турду.
Өзү атасы тууралуу эч нерсе билбейт. Баарын качан тынч жашап калган убагында эсинен чыгартып дарыгерлер жардамында унуткартып койушкан. Болбосо канча күн ыйлап куса болгон күндөрү азыр эсинде жок. Агасы да билсе да билмексен болуп, карындашынын келечеги үчүн апасы атасы тууралуу кеп кылуу кыйынга турчуу. Сагынган менен алардын көз жумуп, кайра келбестигине эчак ынанып эки кызматчысын ата апа ордуна көрүп калышкан. Ананчы? Антташып сөз берген экөө да балдарды куткарууну ойлоп канча азап чегишпеди. Акыры өздөрү качан гана ушул жерге келишип ынанып үй курушуп жашап калышкан. Эч кимге кыз менен агасы тууралуу ооз ачмай жок! Көчөгө көп да чыгаруудан корккон жандары, бир күнү ушул күн келеерин билишкен. Кара көлөкө пайда болоорун алтынчы туюм менен сезип келишчүү. Колдорунан келишинче коргошту. Ал арада же Айдындан же ата энесинен дайын жок эле.
Айдын бой жеткен соң кыз менен агасын издеп бир канча жылдан кийин ошол өзлөрү узаткан жерине келген. Бирок ал жерде каңырсыган кандын жыты мурунга өрдөп сапырылган күлдөн башка эч нерсе калбаган эле. Барын көрүп турса да Айдын буга ишенген эмес. Кыз менен агасынын тирүү экенине ишенип дүйнө түрө кыдырып жүрүп акыры ушул жерден тапты. Кызыктай үй бүлө жашаарын эл кеп кылып айтып калганда гана, ички туюмуна ишенип текшерип көрүүнү туура көргөн. Бирок анда аларды коргогон ата энесинин көзү өткөнүн да уккан . Ошол - ошол кыздын аркасынан карап жүрүп эчен жолу барып жолугайын десе да, жүрөгү даап бара албай канча жүрдү. Дал ошол кара көлөкөнүн чеңгелинен да авто кырсыкта куткарып калган. Кыздын жанына жете берген убакта кара көк жал карышкырдын секирип тап бергенин кара көлөкө дале эсинен кетире албайт. Бирок ички туюм ошондо эле көк жалдын тукуму өзү жанын алган көк жалдын жоголгон жалгыз баласы экенин, жаш көк жалдын көздөрүнөн окуп койгон эле. Бир аз кармашкан менен өзүн алдырып койчудай, анын үстүнө жаш бөрү өзүнөн алда канча күчкө толуп турганын ойлоп, кызды таштай коюп токойго сиңип жок болгон. Артынан издегенге мүмкүн эмес экенин билген Айдын кызды ордунан так көтөрө ал жерден алып кетип оорукананын жанына таштаган да, өэү кызды таап, дарыгерлер ичкери алып кирмейинче көз албай тиктеп турганын Айдын менен Кара көлөкөдөн башка эч ким билбейт. Кыздын төгүлгөн кирпиктерин карап алып бир тал кирпигине байланган жаш көк жал жанынан кыздан жарым карыш кадам жылгысы келбей ар дайым жанында жүргөнүн өзү бакыт деп сезчүү болду
( уландысы бар)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7