КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 21-БӨЛҮМ.
Караңгы токой арасын акырындык менен, эч нерсе угузбай, билгизбей, бутунун учу менен араң кадам жигит бей тааныш адам. Шытыр эткен үндөн элейе калып, туш тарабын аяр карап, дароо колундагы миздүү жалаңдаган кылычын оңодой кармап, чабуулга даяр турат. Жанагы шытыраган үн акырын барып жок болуп кетти. Бей тааныш жигит да, андан ары дал ошондой абалда жолун улады. Адатынча дагы кулагына шуу эткен үн пайда болуп, кайра жоголду. Эми чындап эле бул үн кулакка тааныш экенин даана билип, кармашууга даяр турат.
Туш тарабын тегерене куюн сымал чыккан дабыштар, күбүр -шыбыр этип, кээде адамдардын үнүнө окшосо, кээ бирде куюн, шамал сыяктуу шуулдайт. Кай тараптан коркунуч келеерин күткөн жигит, туш тараптан карайт.
— Бей тааныш жигит биз тараптарда эмне кылып жүрөт болду экен?
Заматта бет маңдайына келип токтогон жаш сулуу аял көздөрүн жалжылдата акырын жигитти карап суроо узатты.
Турушунан ушунчалык сулуу жан. Кирпиктери төгүлүп, бурала түшкөн тармал чачтары ичке белинен төмөн төгүлүп турат. Узун көйнөгү андан бетер көркүн ачып турду.
Жигит ким экенин дароо билгендей, колундагы кылычын оңдоно кармай салды да, кызга карады.
— Чущщ! Болду ташта куралыңды! Качанга чейин күрөшөсүн, кайсыл убакытка дейре сен бизди жок кылгың келет жаш мергенчи?. Биздин силерге зыяныбыз тийбей эле.
— Канчаңарга чейин күчүм жетсе, ошого чейин силер менен күрөшөм. Жаш кызды алып тындыңар. Кайсыл тийбеген зыянды айтттың?
Жигит да кызга жооп кыла сүйлөдү.
Кыз жаш мергенчи тарапты көздөй кадам басты.
— Мына мен алдыңда турам! Бүгүн мени жок кыласын, эртең башкасын, бирок баарын кырып түгөтө албайсын да... Биз кыска убакыт ичинде канчалык көбөйгөнүбүздү сен элестете да албайсын. Мисалы тиги секелек кыз.
Азыр ал ооруну билбейт. Күчү бар, шамалдай ылдамдыктагы жетүүчү өтө көп күчү бар. Мындай мүмкүнчүлүк силерде жок эмеспи?... Анын эмнесине таарынасыңар?...
Кыз назик сүйлөй, жигиттин алдына басып келип, өзүнө карай сунуп турган кылычына карай, акырын сөөмөйүнүн учу менен кылычты ары түртүп койду.
— Бул менен бизди коркута албайсын. Өлүм бизге келип бүткөн, биз өлгөн жандарбыз го. Ушуну унутпасаңчы...
— Сендей жигиттер бизге керек. Чымыр денелүү, машыккан, бүт тараптан дасыккан, күчтүү, акылдуу. Мени менен кетүүгө кандай карайсын?
Кыз акырындан жигитти арбап, жакындагандан улам, жакындап келе берди.
Кыз жакын калган сайын, түйшөлүп, сөз таба албай, өзүн сырттан тыш, бирөө башкарып, зордоп эле тургузуп койгон сыяктуу, ордунда каткан бойдон тура берди.
— Бирге кетебиз. Сен мага жагып калдың.
Кыздын көздөрү жигитке тигиле, ушунчалык сулуу көрүнүп, колунан эч нерсе келбей ордунда тура берди.
Кыз жигитти бир сыйра айланып өттү да, мойнундагы күрөө тамырдан өткөн кандын жүрүшү, тамырдын согушу кыздын ачка экенин эсине түшүрүп, оозун арсайта ачып, узун тиштерин жигиттин тамагына батырып алды да, кайра эле чоочуй түшүп жигитти ачуу менен тээ тигиндей алысттыкка ыргытты.
Оозун баса калып күйгөн жерлерин карай, оозундагы канды кайра жерге түкүрүп жиберди.
— Эмне бул?
Сүйлөөгө алы келбей ичинде катуу өзгөрүүлөр болуп, жүзү бети бырышып,жанагы сулуу кыздан түк калбай,кебетеси келишкен картаң бирөөгө айланып,жаагынын баары карыша, оозунан кайра -кайра кан кустуруп жиберди.
— Уух ушунчалык бат... Ушунчалык бат,тездик менен жардам берет деп ойлобопмун.
Мойнунан сызылган канды аарчый, басып келген жигит жерде жаткан кылычын колуна ала салды.
— Мени өзүңдүн ыкмаңа салып алдайм дедиң ээ? Көзгө периштедей көрүнүп, жанагы сыйкырың менен байлап, ээрчитип кетүүнү каалаган белең?... Мени ушунчалык акмак көрдүңбү оңбогон жез кемпир.
Жигит үстүнө артынган баштыгын алып чыгып, ичинен бир топ куралдарын кармалап, бир нерсе издеп жатып сүйлөп алды.
Оозунан атып чыккан кандар токтобой, кайра -кайра кустуруп, же качып кете алуу мындай турсун, басып кетүүгө чамасы жок жерге кулады.
— Ушул убакка чейин канча жандын канын жуттуң эле? Баары эми чыгып жатат. Мына ушундай. Аа айтайынбы сага? Менин каным эмнеге андай эмес экенин?
— Анткени силер үчүн канымда кошумча бар. Силерди эмне күйгүзүп жок кылчуу эле? Сен жакшы билсең керек?
— Вербена, чеснок?
Жанагы назик үн жок! Кырылдап токсондогу кемпирдин үнүндөй араң чыккан үн жигитке араң жооп берди.
— Туп туура. Ушундай.
Жигит араң жан жаткан аялдын жанына келди да, көзүнө бир карап алып, учуна күмүштөн капталып, жасалган учтуу куралы менен жүрөк тушка сайып алды.
Заматта чыркыраган аялдын үнү угулуп дароо эле күйүп жок болуп, жерде күлдүн кана изи калып кетти.
Бүтүн куралдарын жыйына, кыңылдап ырдап алган жаш мергенчи ары көздөй сапарын улады.
*********
Таң : Эми жер бетине жарык түшүп, айыл эли бирин серин кыбырап, тиргиликтин тизгинин кармаша, кыймылга келип башташкан.
Ачуу чыккан үндөн улам аял дагы, мергенчи да дароо ордунан ыргып турушту.
— Эмне болуп кетти экен?
Түнү өзү араң уктаган аялдын көзүнө кечееги көрүнгөн Асылдын кызы элестей түштү.
Ачуу чаңырык заматта эле бүтүндөй айылды топтой салган. Акырын басып барып, топту жарып өткөн мергенчи бул кимдин иши экенин толук билип турду ичинен.
— Кызым ай кызым!
Боздогон эне жүзүндө тамтык калбай тытылып, мойнунун жарымынан көбү жок, колунун жарымы тээ тиги жакта жаткан жансыз денени кучактап, ыйлай берди.
Элдин баары чуру чууга түшүп, ачык, айкын эле жасалган бул кылмыш кимге таандык экенин бир гана мерген билбесе, башканын баары үрөй учурган өлүмгө жакасын кармай, коркууга түшүп, бирөө болсо боздогон аялды жубата албай убара болуп жатышты.
— Каап аттигиң ай! Кечее эле бир кызын жерге бербеди беле ии?.. . Байкуш Асыл ай! Эмне деген көргүлүк бул?!
Кейинип -кепчине чыккан үндөр.
— Байкушум ай. Кечееги кызынын өлүмү аз беле? Мынтип экинчи кызын да алып кеткени неси болгондо да мынандай абалда.
— Ии койчу десең, бул кандай жырткыч болду, кимдин иши бул? соо адам мындай кылбайт да, бул адамдын иши эмес .
Ар ким өз божомолдорун божурап айтышып, эл ичи, күбүр -шыбыр боло түштү.
Мергенчи кайра топту жарып, үйүнө көздөй жөнөдү.
— Жамал! Эшикти кеч кирген убакта ачпагын. Үйгө кир деп да кабыл алба эм кимди. Күүгүм убакта сыртка, жакын жерге да чыкпа. Мен келгиче үйдө отур.
Аялына ушуларды айтканча курал жарактарын жыйыштырып салына, кайдадыр камданып жатты.
— Сыртта эмне болуп жатат Мелис?
Аялы көздөрү алая, коркуу жүрөгүн ээлеп терезени тиктеп алды.
— Бул кечееги кыздын иши!
Мелис оор үшкүрүнө отура кетти.
— Аттиң кеч калып келдим. Билгенимде ошол замат жок кылмакмын. Кечее көйнөктөрү кан бойдон эле.Адатта мындай тирилген соң, биринчи олжосу үйү болот. Сиңди, эже, ата -энеси. Анткени алар үйүнө кабыл алат, киргизет. Бүгүн Асылдын экинчи кызы каза болду. Анын эч соо жери калбаган. Жаңы айланган кезинде өзүнүн эммне кылып жатканын биле албайт. Алар өтө ачуулуу болуп, колундагы олжосун каалашынча тытмалайт. Дал ошондой абалда сиңдисине кол салган.
—Эмнее???
Көзү чанагынан чыгып кете жаздап, эшик тарапка бет алды. Кантсе да өз көзү менен көргүсү келди. Бирок Мелис жолун тороду.
— Мен сага муну сунуштабайт элем. Караба, көрбө. Үйдөн чыкпа.
Аялын кайра акырын мештин жанына отургузуп койуп өзү кайрадан камына баштады.
— Сен кайда барасын?
— Мен издеп аны жок кылышым керек. Азыр кабырында уктап жаткан болсо керек. Анткени күндүз аларга чыгууга мүмкүн эмес. А мен аны биротоло жок кылышым керек. Эгер азыр кылбасак, эртең айылда мындайлар көбөйүп кетет.
Шашкалактаган эри баштыгын мойнуна асына аялдын жүзүнөн өөп сыртты көздөй шашып чыгып кетти.
Токой аралап барып, тээ тиги ээн турган бейитти беттей басты. Кечее гана казылып бүтүп, топурагы кургай элек бейиттин жанына келе, шаша -буша топурагын алып, кабырды ачып баштады.
— Уктап тур сен! Түбөлүк уктайсын.
Өзүнчө күбүрөнүп алып сүйлөй берди.
Бирок тилекке каршы кыз жаткан кабырда кыз жок! Сыягы түнү келип жатпаган бейитинде. Демек башка бир жерде жашынып уктап жатат.
Бирок кайда????
Иши оңунан келбеген Мелис ызырынып жерди муштагылап алды. Кичинекей өлгөн кыздын өлүмүнө өзүн күнөөлөп турду.
— Мен акмакмын! Мен акмак! Кечее гана жок кылыш керек эле.
Өзү менен өзү сүйлөнө берди.
Шамалдай сызган кызды кечее изин жоготуп заматта таппай калган эмес беле... Эгер издеп таппача, өзүнө эле эмес, бүтүндөй бир айыл коркунучта калаарын, жана да бул кыз мындай менен токтобосун сезип турду.
*************
— Кызым тээ тигинде дары салынган баштыкты ал.
Шашыла сүйлөгөн ата, Айдынды жер төлөдөгү бир адамдык жатуучу жайга жаткырып жатып сүйлөп алды.
— Макул ата азыр, мына!
Шашкалактаган Сирена, анын артында келген, эки жолу жолугуп тааныш боло түшкөн жигит да жетип келди.
Өзүн жоготуп, эч нерсени билбей жаткан Айдындын денесинен кан токтобой агып жатты.
Дары салынган баштыкты ачкан ата,ары жактагы турган дагы бир баштыкты ача, андан да түрлүү дарылардын алып чыгып бир нерселер даярдап жатты.
— Акыбалы оор жигиттин. Түзөлөбү жокпу билбейм.
Күңк эте сүйлөп алып, өэ ишин уланта берди.
Муздаткычта турган пакетинде турган канды алып, эң алгач, жигитке кан куйуп алды.
Бир аздан соң, Айдынды башка орундукка которду.
— Буту - колун байлагыла.
Оозунан чыккан сөздү дароо түшүнгөн жигит шыпылдай ары жакта турган жиптер менен эки колун, эки бутун кроваттын бутуна бирге таңып жатты.
Эч нерсени түшүнбөй турган Сирена атасын бир карап, жигитти бир карап, эси учу жок жаткан Айдынды бир карап алды.
— Кармагыла. Бекем кармагыла.
Атасы аркы жактан жанатан көп нерсе кошуп аралаштырган суюктукту Айдындын каны токтобой жаткан жараатына куюуп жиберди.
Жанатан үнсүз, эсин билбей жаткан Айдын тек үн, сөзсүз тыбырчылай, жан алы калбай буту-колун үзүп кетүүчүдөй тыбырчылап алды.
— Чууш -чууш жаш бөрү. Азыр баары басылат.
Атасы Айдындын көкүрөгүнөн баса ушундай сүйлөп алды.
Айткандай эле жаны жай ала түшүп, бир аз тыбырчылап кыйналганы аздай түштү. Ошол менен бирге каны да дароо токтоду.
—Тазалап алдык. Жарганаттын тырмактары ууга чыланган экен. Тазалап алдык. Эми жараатына дары сүрсөк болчуудай.
Дары койуп, акырын таза кездеме аркылуу таңып койо, кайра мурдагы орундугуна жаткырып койушту.
—Бизге кызмат барбы кожоюн?
Жаш жигит атага сыпаа көрсөтө сүйлөп алды.
—Экөөңө кызмат, жигитти эсине келгенге чейин жалгыз таштабай көзөмөлдөп тургула.
—Уктум кожоюн.
Башын ийкей турган жигит менен, таң калып, эч нерсе түшүнбөй турган кызын бир карап алып сыртты көздөй басты ата.
—Мага эч нерсе айткың келбей элеби?
Атасы дароо чыгаары менен кыз жигитти ачуулу тиктей, үнүн өктөм чыгарды.
—Эмнени билгиңиз келди бийкеч?
Жигиттин сөзү андан бетер кыжырына тийди.
—Оюнду токтот! Атамды кайдан тааныйсын?
Кызга андан бетер ачуусуна тийген жигит сөздү башкага бурду.
— Менин досторум кайда жүрөт болду экен ээ? Түшүнбөйм! Эми ушул жигитти коруп отурабыз. Бирок кожоюндун сөзүн эки кылбаш керек.
Терезени тиктей адатынча өз-өзү менен күбүрөнүп сүйлөнүп алды.
—Жооп бересинби жокпу?
Кыздын чыдамы кетти.
—Макул суроо бериңиз, кайсыга жооп берейин?
Жигит ары -бери басып, шашпай, жаай сүйлөдү.
—Атамды кайдан тааныйсын?
—А эмнеге мынча кызык болду сага?
Жигит кайра өзүнө суроо узатты.
Экөөнүн көздөрү саамга тиктеше түштү.
—Мен айтып бергим келсе да айтып бере албас нерселер көп Сирена. Балким кожоюндан сурайт чыгаарсын?... Киммин, кайданмын, булар ким, кечееги жан алгычтар ким? Эмнеге бизде болуп жатат деп ээ? Мен тууралуу да билип аласын, эгерде албетте сурасаң. Бирок азыр менден эч нерсе сураба. Сенин суроолоруңа жоопту кожоюндан сура. Буйрук ушундай, миң таарынсаң да!
Жигиттин көздөрү кыздан үзүлбөгөн тейде ушуларды сүйлөп алды.
Кыз мындан майнап чыкпасын билди да, башка унчукпастан сыртты көздөй чыгып кетти.
*******
Түн бою кирпик какпаган Миренанын агасы эшиктин алдында отурду. Коңгуроо чалса албаган, курбулары да жоголуп, түнү менен дайынсыз кеткен карындашын күтүп отурду. Аттиң ушундай отургучка мыкталып, буту баспай калганын карасаңар. Шырп эткен үн чыкса карындашы деген үмүткө жетеленет. Адатта эч качан мындай кечикпеген кызга эмне болду, кайда жүрөт?...
Мээсинде түркүн ойлор. Жамандыкка кыйбай отургучтан баса албай, буту менен жүрө албай калганына жаны ачышып, алысыраак барып карай албагына өзүнө өзү жинденип алды.
Түнү менен курбу кыздарына да чалып чыкты. Бирок эч ким алган жок! Милицияга карындашым үйгө келген жок деп чалса, алар жөн гана мыскылдап,...
—Жок дегенде бир күн күт. Бойдок кыз болсо, балким жигит менен жүргөндүр, кызык болуп жатса керек жаш кыз үчүн. Азыр ошондой убагы эмеспи... Же сен таарынтып койсоң отургандыр таарынып. Болбогон нерсеге эле чалып издете бербей деген жопту укту. Андан кийинки окуя тууралу кабары жок.
Үйүнө кирип, дагы үзүлбөгөн үмүт менен курбуларына байланып көрдү, бирок адаттагыдай жооп жок!
Эми гана кайра дагы милиция кызматкерине байланышууга аракет кылып жатты.
Кечееги окуялар тууралуу таң атпай айтылып жаткан жаңылыкты кулагы чалып, бир орунда катты да калды.
Дал ошол Мирена барган майрамдан үзүндү, андан кийинки абалдан, жарадар болгондорун, көбүнүн өлгөнү, каңырсып кан жыттанган жерден туура түз алып көрсөтүп жаткан.
—Мирена!
Шашылып сыртты көздөй жөнөдү.
Эшикти ача бергенде, эмне дешин билбей, үстү башы канга чыланып, жашы төгүлүп ыйлап турган курбу кыз кездешти.
—Сен? Мирена кайда?
Колундагы кызыл жаян канды, кыздын абалын көргөн ага, оозуна жүрөгү кептелди.
—Мирена кайда айтсаңчы? Кайда? Эмне абал бул?
Кыз энтигип сүйлөй албай ыйлап жиберди.
—Биз жакшы эле жүргөнбүз. Кайдан, жайдан ызы-чуу түшүп белгисиз бирөөлөр келип бизге кол салышты.
Биз качууга үлгүрдүк. Жашындык. Бирок дагы башкасы келип, мени башка, Миренаны башка бөлүп кетти.
Миренаны Айдын жетелеп алып баратканын бир көрдүм болду. Кийин өзүмө келсем бактын арасында ушул абалда ойгондум. Кечириңиз бизди.
Кыз жашын көлдөтүп ыйлай берди.
—Айдын дедиңби?
Кулагына тааныш аттай сезилди.
—Ооба Айдын. Мирена ошол жигит үчүн барган экөө бир -бирин катуу жакшы көрчүү. Мындай окуя болот деп ойлогон эмеспиз, эми кайда калды? Кайдан издейбиз?
Курбу кыз ыйлай бүк түшө босогонун оозуна отура кетти.
—Айдын кана? Ал да жокпу?
Кыз үнсүз жок дегендей башын чайкады.
—Болушу мүмкүн эмес! Мүмкүн эмес!
Көзүнөн жашы куюла түштү.
Өзү издөөнү ойлоп коляскага отурган абалында тээ шаарды көздөй жөнөдү.
—Токтоңуз мен да барам.
Курбу кыз экөө бүт тарапты издешти. Сууга сиңип кеткендей же Айдын жок, же Мирена жок.
Биринчи күн өттү, бүт токой тарапты, баарын эл менен бирге издешти. Жанагы кыйын болгон милиция бөлүмү эми чын эле ооздорунан сөзү түшүп, кызды тек кана тирүү табылуусун ойлоп жатышты. Антпесе кечееги гана ээлеген жаңы кызматтан кол жуушу мындай турсун, такыр эч жерге жумушка орношо албоочудай жаза алуудан коркуп турушту.
Экинчи күн өттү. Бүтүндөй шаардын ичин, анын арасында булуң, бурчтар. Тааныш -билиш, курбу -курдаш бүтүндөй баарынан сурашты. Ал тургай Айдындын достору да кошулду. Бирок жок!Айдын да, кыз да суууга сиңип кеткендей жоголду.
Үчүнчү күн. Бүтүндөй ооруканларды, үмүтү үзүлгөн ага шаар ичиндеги өлүкканадан өйдө карашты. Ал жакта да жок. Дарыя, көл, токой тоо буттары басып, билген жерге чейин барышты. Кыздан дайын жок. Күндө үмүтү үзүлбөгөн ага эшиктин алдында күтөт. Азыр күлүп жайнап,агатайлап чакырып келет деп үмүт кыла, тээ жалгыз аяк жолду карайт. Түн күнү билинбей, баарына өзүн күнөөлүү сезип өксүп-өксүп ыйлап алат.
Ал тургай бөлмөсүнө кирип күтөт. Балким бир нерсе, сыр дептери бар чыгаар дейт, андайы деле жок. Туш тарапта экөөнүн сүрөтүнөн башка нерсе жок. Жигит жандап, же сүрөткө түшүп, же сүйүүсүн билдирип жүргөнүнө деле ишенбейт.
Күндөр зымырайт. Агасынын үмүтү үзүлбөй келет. Дале кыдыруу токтобой өзү кошо издейт.
—Жансыз дене табылган жок! Демек Кудайым буйруп тирүү болсун деген жалгыз үмүт жетелейт.
Ошол изги ниет өмүрүн улантып жаткандай. Карындашы жоголгону бери үйдүн жарыгы кошо өчкөндөй, жалгыз эркетайы жок, үй да ээнсирейт
Таң аткандан, түн бир оокумга дейре эшик астында күтүү адатка айланды да калды.
*******
— Жоомарт! Жигиттерге айт! Алыс кетишпесин. Биримдикте болгула. Жалгыз жүрбөгүлө, абай болгула.
Үнү каргылданып, ойлуу отурган карыя ары жакта топтолуп жүргөн бөрүлөрдүн тобуна карай сүйлөдү.
Баары Айдындын изсиз жоголгонуна ичтери ачыша, талаа кезип канча издешсе да таба алышпай, душманга каны кайнап жатышкан.
Баарынын көздөрү муңдуу.
—Уктум кожоюн.
Жоомар карыянын сөзүнүн бирин-эки кылбай сыртка чыгып баарына кожоюндун сөздөрүн жеткирди.
-—Эх уулум ай уулум! Жалгызымдан калган эки көзүмдү кареги сен элеңго. Эми кайда жүрөсүн? Жарганаттын колуна түштүңбү? Же жарадар болуп, бир жерде жатасынбы алың жок! Кайдасын?
Көзүнүн жашын кылгырта алачыктан чыгып ары токойду көздөй жөнөдү. Токойдун ичине киреер замат, бийик жерден секире, адам иретинен көк жал, чоң бөрүгө айланды да, тээ бийик тоону көздөй жортуп бет алды.
Бул убакта күүгүм кеч кирип, асман толо жылдыздар, анын арасында топтой, бир жеринде кемтиги жок, толуп турган ай жер бетине бүтүн нурун чачып, муңдуу турган бөрүлөрдү аяп турган.
Карт бөрү дал ушул айдын чачкан нуру аркылуу адам буту баспас, бийик тоонун чокусун көздөй бараткан.
Көздөгөн жерине жеткен сыяктуу Аска тоонун бийик чокусуна чыккан көк жал бөрү, тээ төмөн тарапты карап алды.
Бийик тоонун чокусунда шоңшойуп отурган карт бөрүнүн элеси, кең жайылып жаткан талаага, көл - дарыя, анын ичиндеги жайнаган жаныбарларга, ал тургай бийик асманга да, кооз, сулуу көрүнүп, бир чети баары көк жалды аяп тургандай элес калтырат.
Асман менен сырдашып, тумшугун асманга көтөрө, ойлуу отурган көк жал муңдуу уулуп кирди.
Ичиндеги муңду айтып бүтө алгыс эле. Өз баласын жоготкон күйүтү, бактылуу мурунку жашоолору, туулганы жердеген жайыты, айылы, өздөрүнүн саны азайып баратканы жетпегендей жалгызынан калган табериги изсиз, же өлүгү, же тирүүсү билинбей турган Айдындын күйүтү карт көк жал бөрүнү каттуу ыйлатып турду.
Уулуган үндү бир гана табият эмес алардын арасында жашаган жан-жаныбарлар, канаттуулар, ал тургай жырткыч кан ичеерлер да угуп жатышты.
Муңдуу чыккан үндүн артынан, удаа эле ылдыдагы бөрүлөр кошулуп, ал тургай туш тарапта башка бөрүлөрдүн тобу да үндү коштоп жатышты.
Мындай убакта өз ийиндеринен чыкпай, эч ким эч кайда бара албайт. Анткени ай толгон убак кан ичеер жырткычтар үчүн өтө кооптуу. Бул күн бөрүлөр үчүн өзгөчө күн. Алар эми үйрөнчүктөп келе жаткан жаш бөрүлөр адам денесинен бөрүгө айланып, эгер жанында караган жардамчысы жок болсо, дал ушул кан ичеерлердей эле, адамга, да баарына зыяны өтө чоң . Ошондуктан алардын жанында карап, жол көрсөтчүү бирөөсү сөзсүз болот.
Муңдуу көк жалдын үнүн асмандагы толуп турган аппак ай муюп уккан сымал, кайра -кайра бөрүнүн көзүнүн кычыгынан аккан жашты карап аяп кетип жатты.
— Жалгызың тирүү дегендей мелтирейт.
Акыркы уулуган үнгө кошулуп боздогон топтун ыйлаганы бүтүндөй шаарга угулуп, баары сестейе түштү. Кылычы колунан түшпөгөн ата, элейе караган Селина. Ал тургай тээ белгисиз жактарга кеткен Кара көлөкө, анын артынан кууган Жарганатка дейре жүрөктүн үшүн алып, коркуу аралап өттү. Эшиктин алдында карындашын күткөн аганын да кулагына жетти.
Ачуу боздогон ыйдын ичинде, түгөнбөгөн кек, кайра жанып, кайра уланып, бүтүндөй баарын жок кылууга баштарын сайган бөрүлөрдүн сөздөрү жаткан.
Төбөгө тийип , нуру төгүлгөн айдын жарыгынан улам Айдындын көздөрү шак ачылды.
Бет маңдайдагы жарык асмандын бетин толтуруп, толгон ай,
—Тур, өз тобуңа кошул деген сымал болгон нурун жүзүнө сееп, жылмайып тургандай көрүндү.
Эсине биринчи келген сөз
— Мирена!!!
Уландысы бар
Достор чыгарма кандай, кызык болуп жатабы? Мирена кайда жоголду деп ойлойсуздар? Мен негедир карт бөрүнүн бийик чокуда жалгыз отурганын элестетип алып, өзүм кошо жүргөндөй, аяп кеттим. Уландысы мындан да кызыктуу болот.
Автор✍