💎 Тамакты жакшылап чайнап, андан кийин жутуңуз. 💎 Тамактанардан мурун жана кийин колдорду жууңуз. 💎 Табит келгенде гана тамактаныңыз, тойгондон кийин тамак жебеңиз. 💎 Тамактанып жатканда көп суу ичпеңиз. 💎 Кышында майлуу, күчтүү тамактарды, жайкысын жеңилирээк тамактарды жана жашылчаларды жеңиз. 💎 Дасторконуңуздан курма менен зайтун үзүлбөсүн. 💎 Чарчап турган кезде таттуулардан жеңиз. 💎 Сынган идиште же сынган жеринен суу ичпеңиз, тамак да жебеңиз. Ал жери микробдорду сактап калат. 💎 Тамактанып жатканда жакшы маанайда болуңуз, жалгыз тамак жебеңиз. 💎 Сууну бир дем менен (дем албай) ичпеңиз, бул боор оорусун пайда кылат. Жана сууга демиңизди чыгарбаңыз. 💎 Уйдун сүтүн көбүрөөк ичиңиз. Себеби ал ар түрдүү дары чөптөрдү жейт. 💎 Балыкты сүт азыктары менен бирге жебеңиз. Хадистердин биринде: "Сүт ичип жатып балык жебегиле" деп айтылган. 💎 Бал жегиле, анткени ал миң оорунун дабасы. 💎 Ай сайын жок дегенде бир күн орозо кармаңыз, ошондо денеңиз эс алат. Жана бул менен соопторго жетишесиз. - Тамактанып бүткөндөн кийин Аллага мактоо айтыңыз. - Бул маалыматты досторуңуз менен бөлүшүңүз!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 28