Маалыматка ылайык, окуя 12-июнда болуп, 24-июнда полицияга кайрылган.
Акчаны кайтарып берген Шамарбек Матраимов аттуу кыргызстандык «Известия» басылмасына интервью берген. Анын айтымында, акча чүпүрөк баштыкта байпак, жамгырдан сактоочу кийим менен чогуу болгон. Ал акчаны алып, өз алдынча ээсин табууга аракет кылган. Бирок майнап чыкпаган соң полицияга кайрылган.
«Бул бирөөнүн атайын уюштурганы болушу мүмкүн. Акчаны алсам «подстава» кылып көп суммадагы акча талап кылабы деп алгач корктум. Менимче, акчаны үйдү тазалап жатып байкабай буюмдарга кошуп ыргытып алышты окшойт. Бул бирөөнүн ак эмгеги менен тапкан акчасы болушу мүмкүн, жоготкон адам деле сар-санаа болуп жатса керек. Ал акчадан мен байып же кедей болуп кетмек эмесмин. Өзүм акчанын ээсин табууга аракет кылдым. Табылбай калганда полиция кызматкерине алып бардым», — деген Шамарбек Матраимов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 42
А негизи туура кылыптыр деп эсептейим а таап алган акчаны полицияжейби же ээсин табабы аны кудайым билет ак эмгек мн чогулткан акча болсо кандай жол мн болсо да ээсин таап барат