Министрлик: «Бала багып алам дегендерге мамлекет ай сайын 18 миң 757 сомдон төлөп берет»
Бүгүн, 14-январда баланы багып алуучу үй-бүлө, анын жол-жоболору тууралуу маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова бала асырап алам дегендерге мамлекет акча төлөп берет экендигин айтты.
«Ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын үй-бүлөдө тарбияны албай калгандыгы балдардын өнүгүүсүнө терс таасир берет. Бул учурда мамлекет баланы үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбияло боюнча камсыз кылуу үчүн балага алтернатива түзүп берүүгө миледттүү. Багып алуучу ата-эненин жашы 35 жаштан 65 жашка чейин болушу керек. Багып алуучу менен асырап алуучу үй-бүлөнүн ортосунда айырма бар. Асырап алган үй-бүлө менен баланын ортосунда туугандык, укуктук байланыш түзүлөт. Алар балага өзүнүн аты-жөнүн берет. Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө бала убактылуу тарбияланууга келет. Бул балдардын абалы мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө айлык төлөнөт. Учурда өлкө боюнча 44 үй-бүлөдө 72 бала тарбияланып жатат.
Алсак, баланы багып алуучу үй-бүлөдө баланы камсыздоого бөлүнгөн акча баланын жаш курагына жараша эки жашоо минимумдун өлчөмүндө акы төлөнөт. багып алуучу ата-эненин эмгек акысы багып алган балдардын жаш курагына, санына жараша төлөнөт. Алардын эмгек акысы келишимге кол койгон убакыттан баштап төлөнө баштайт. Мисалы: азыркы күндө жашоо минимуму 6 миң 237 сом болсо, анын бир жарымын алганда, бир балага 9 миң 355 сом болот. Ал эми балага кете турган каржы 9 миң 402 сом болот. Ошондо бир баланы багып алган үй-бүлөгө балага кеткен каражат жана айлыгын кошкондо 18 миң 757 сомду түзөт. Эгер дагы бала кошулса айлыгы дагы кошула берет. Багып алуучуларга 5 балага чейин багууга уруксат берилет» , — дейт министр
Акчасы ата энеге кереги жокго менинда жашым 35 ашканда буйруса багып алам деген оюм бар акчасы кереги жок андан коро ошол балага щёт ачып банка топтоп чонойгондо озуно керекдегени жакшыго ким эле баласына бакканы учун айлык алгысы келет
Бул проектте баланы жон гана багасынар,фамилиянарды бере албайсынар,ай сайын соц.кызматкерлер козомолдоп турушат. Мисалы балдар уйунон 12 жаштагы орус же озбек баланы силердин уйунорго тарбияга берилет. Мындай проекттер дуйно жузу боюнча практикаланат
акчасы кантип керек болбосун балага жумшалса ар кандай сыноо болот турмушта озунун турмушу тын эмес болсо бир жагынан жардам болмок азыр элде иш жок темселеп жатат окмоттон чон жардам болот эле да
Мен кыз багыпалгам озу билбейт 13ко чыкты озумдун эки балам бар.кызым данек жакшы кором.акылдуу дагы.кызымды окутуп турмушка узатып бактылуу болгонун корсом арманым жок эле.дегиэле балдарыбыз бактылуу болсокен.
Меерим тогуп оз баласындай бакса экен ким алса да ур токмокко албай бей куноо балдар ай ,шартым жок болсо сонун кылып багып алмакмын балама кошуп бир кыз бала
Меерим берип бакса кее бирлер акча учун багып баланы кор кылышат,антпей бакса багам деген адам оз баласындай кылып бала тапкандыкы эмес, баккандыкы дейт го элибизде.
Туура айтасыз, мисалы мен да түшүнөм жалгыздык эмне экенин, мен мисалы кылып айттым себеби бул билдирүүнү фейсбук жана инстаграммдан да окуп көрдүм комментарийлерин, өтө сөздөр талкуулар болуп жатат
Комментарии 58
Ошол жерге баргыла...