19-бөлүм.
КҮТҮЛБӨГӨН БЕЙТААНЫШТАР
Айдоочу машинеде Дианага бир нерселерди айтып келатты.
- Кыскасы, түнү-бою үй-бүлөбүз менен акылдашып-кеңешип уктабай чыктык. Бойго жетип калышкан эки уулум бар. Мен макул болбой жаттым эле аялым баш болуп үчөө үч жактан кулагымдын кужурун алып атышып акыры мени көндүрүштү. Сага эрте келгенимдин себеби да ошол болду. Бир нерсе болуп кетип бул жактагылар мени издеп калышса үй-бүлөмө залакасы тийбесин деп аялымды эки уулум менен төркүнүнө жөнөтүп жибердим. Ким билет, ар кандай болуп кетиши мүмкүн да туурабы. Кудай буюруп акчаларды тапсак, дароо эле арттарынан жетип барам. Анан үй-бүлөбүз менен алыс жакка качып кетип жашай беребиз. Алыскы тоо тарапка качып кетем да күтүрөгөн мал алып, сарай сатып алып, үй- бүлөөм менен тынч ошол жакта жашай берем. Чынын айтканда шаардын ызы-чуусунан аябай тажап кеттим. Эне-атам малчы болчу, мен дагы тоо-ташка, таза абага көнүп калгам. Акча колго тиери менен эле дароо көздөн кайым болом.
"Сарт санаасы менен байыт" болуп тигил бооланган акчалуу болооруна жүз пайызга ишенип, өзүнчө эле кыялданып жатканына Диананын аябай күлкүсү келди. Бирок унчуккан жок. Экөө кандайдыр толук курулуп бүтпөгөн көп кабаттуу үйлөрдүн жанына келип токтошту. Ал Дианага кайрылды.
- Жакшылап эстечи ушул жербеле?
- Билбейм, караңгы болчу, жакшы эстей албай калыптырмын…
- Эсте жакшылап, убакыт тар, шеф эртең келет, ошого чейинакчаларды таап көздөн кайымболуп кетишибиз керек. Кана жүрү тияк жакка, жакын барып, жакшылап эсте… Экөө сырткачыгышып жаңы курулуп жаткан
үйлөрдүн жанына келишти. Диана катуу эстеп жаткан кишидей үйлөрдү бир карап, короо ичин бир карап, көздөрүн жума ойлонуп, анан үйдүн ичине баш бакты. Эптеп ыңгайы келсе качуу керек эле. Артындагы алиги киши эки жагына көз жүгүртө чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыгып, тигиге көрсөтүп койду.
- Качып кутулуп кетем деп ойлобо, мунун глушители бар тапанча, торойто атып салам. Диана үйлөрдү бир сыйра кыдырып, жарым сааттай убараланып анан бул эмес дегендей башын чайкай тигиге карады.
- Анда кеттик башкасына. Экөө дагы ушуга окшогон жаңы салынып жаткан үйлөргө барышты. Ал жерде курулушчулар иштеп жатышыптыр.
- Жок, бул эмес, ал жерде стройка токтоп строителдер түгүл кароолчусу да жок болчу.
- Бая эле ошентпейсиңби анан, - тигил кубанып кетти, - ал деген шаардын чет жакасында да, түш машинеге, кеттик ошол жакка. Машине зуулдап заматта эле кандайдыр толук салынып бүтпөй калган көп кабаттуу үйлөргө жетип барды. Диана аны көрүп жүрөгү бир "болк" деп алды. Тааныш үйлөр экен, ал так эле ушул жерде бир топ күн жашаган. Куугунчулар келишкенде люкка кирип жашынбады беле. Экөө бул үйдү айланта кыдырып текшере башташты. Ошол маалда күтүлбөгөн жерден короого эки чет элдик машине катуу атырылып кирип келишти да ичинен беш-алты адам атып чыгышып Диананы качканга үлгүртпөй кармап калышты. Анын жанындагы кичинекей томолок киши ортого түшүп кийлигишейин деди эле кандайдыр бир темир зат менен башка катуу жеп оңкосунан сайылды. Сыягы булар эртеден бери буларды дүрбү менен аңдып, "сотовый" телефон менен бири-бирине кабарлап коюшса керек. Алар дароо Диананы машинелерине отургузуша кайдадыр зуулдап айдап жөнөштү. Булардын ким экенин Диананын өзү да түшүнбөй калды. Ордунан жулкунуп каршылык көрсөтөйүн деди эле тигилердин бирөөсү анын кыз экенине карабай бир-эки жолу чаап, муштап да жиберди. Катуу соккуга Диананын башы эңгирей, шалдая отуруп калды. "Мага мынчалык орой мамиле жасагандай булар ким болду экен, мен буларга эмне жазык кылдым?"
- Диаа эч нерсеге түшүнбөй кетип баратты эле алдыңкы орундукта отуруп машине айдап бараткан өңү тааныш адамды көрө коюп жүрөгү "болк" эте түштү. Ал Бишкектеги жашыруун аялдар түрмөсүнүн кожоюну Марат Исабековдун кишиси болчу. "Бүттү ишим, өлдүм. Ташкенттен эбакта качып кетиш керек болчу. Эми мени өлтүрүп туруп, мурунку өлгөн кыздардай өлүгүмдү кислотага салып ээритип жиберишет. Мени эч ким билбей калат ушул боюнча" Диананын адегенде эле көзүнө өлүм элестеди. "Булар мени баары бир өлтүрүп, көзүмдү тазалашып, жайлап тынышат. Качпаш керек болчу, качкандан кийин кармалбаш керек болчу. Качкандар кандай жазага туш болушарын эскертип, айтып эле келишпедиби. Аларды кандай жазалашканын бардыгын өз көзүм менен көрбөдүм беле. А мен аларды уккан жокмун, мына өзүмө өзүм өлүм тилеп алдым. Ээ Кудайым, ушинтип Ташкенден узабай эле кайра кармалып калдымбы. Эми эмне кылам, кимден жардам сурайм? Мына ичээр суум бүтүп, жашоомдун акыркы чегине жеттим окшойт. Кой кандай болсо да качыш керек, кандай айла кылсам, жөндөн жөн эле өлүмгө моюн сунуп беремби? Жок, болбойт, көчөдө бараткандардан жардам сураш керек…
Катуу бараткан чет элдик машине светофордун кызыл жарыгы күйгөндө токтоп калды. Күтүлбөгөн жерден Диана ордунан атырыла оң капталында отурганын болгон күчү менен түртүп эшикти ачып жиберди да сыртка атып чыкты. Машинеден асфальт жолго кулап түшкөн киши эсине келе Диананы бутунан кармап калганга үлгүрдү. Ага удаалаш Диана да асфальтка эт-бетинен кулады, бирок ага да болбой тигини экичи буту менен тээп бутун ажыратып алды да ордунан атып тура бет алды чуркап жөнөдү.Анын артынан куушкан үч-төрт эркек бат эле кууп жете келишип, туш-туш жактан жабыла кармап калышты. Диана колдон келишинче каршылык көрсөтүп айланасындагыларга кыйкыра баштады.
- Эмне карап турасыңар жардамга, булар мени өлүмгө алып баратышат!
Ары-бери өткөндөр эч нерсе түшүнүшпөй ооздорун ача мындай күтүлбөгөн окуяга таңгала карап калышты. Лөкүйгөн төрт жигит кызды балыктай туйлата машинеге көтөрүп барып салышты да кайдадын жөнөп кетишти. Арадан болгону эки-үч мүнөттүк да убакыт болгон жок, көз ачып-жумганчалык мезгилде кандай ызы-чуу болсо
ошондой эле тып басылды. Элдердин баардыгы бири-бирин караша, ийиндерин күйшөшүп, эч нерсе кыла алышпай дендароо боло туруп калышты. Ары жакта машинесинин алдын ачып алып бир нерсесин чукулап жаткан бир гана жигит кызга жардам бергени бери жүгүрүп келип үлгүрө албай калды. Тигил машине өтө эле тездик менен ордунан аткан октой жүрүп кетип, заматта көздөн кайым болду. Бул жигит Ибрагим болчу, машинеси бузулуп калып жолдун четине токтото, бир нерсесин карап чукулап жаткан. Күтүлбөгөн жерден эле Дианага окшош кыз өзүнөн жыйырма беш кадамдай алыс жерден машинадан атып чыгып, айланасындагылардан жардам сурап кыйкырганда, эмне болуп кеткенин түшүнбөй таңгала карап калган. Эсине келип чуркап баргыча машие заматта көздөн кайым болуп кетти. Кууп жетип үлгүрө да албай калды, шашатысы кетип жатып "Диана! " деп кыйкырганга да жетишкен жок.Өчөшкөндөй машинесинин да от албай калганын карабайсыңбы. Эмне кылаарын билбей жер тепкилеп, туйлап жиберди. "Диана экен, ооба Диаа… дал эле Диананы көрдүм, жаңылган жокмун. Кара басып, бул жакка алаксып калганымды карачы, бир- эки мүнөт эле мурунураак аларга көңүл бөлгөндө үлгүрүп калмакмын" . Ал машиненин номурун чала-чарпы эстеп, кызыл өзүнүкүнө окшош Мазда машинеси экенин эсине туюп калды. Машиненин сол жагында сүзүшкөндөн калган анча-мынча так бар экен. Ибрагим ошол өзгөчө белгини эстеп калган болчу. Кызыл Мазда машинесинин заматта көздөн кайым болуп кеткен жагын көпкө тиктеп турду, өзүнүн машинесинин от албай жатканына жиндене колунун ооруганына карабай эки-үч жолу чаап-чаап жиберди. "Ташкенттенэле чыгып кетпесе бул машинени жерден чукусам да табам", -Ибрагим ооздон жемин алдырган бүркүттөй болуп ызырына, кимгедир ачуусу келе, өзүнүн жанын коёрго жер таппай турду.
ЖАЗА
Эки-үч жигит машиненин ичинен эле Диананы ур-токмокко алып сабап, эки колун артына кайрып туруп байлап, оозун таңып салышкан болчу. Аны баягы өзүнө тааныш үйгө алып келишти. Короонун ичине киргенде дарбаза дароо бекилип, эки-үч жигит Диананы жулкулдатып машиеден сүйрөп чыгышты. Диана эки колу байлануу болсо да баспай каршылык көрсөтүп жатты. Далдайган жигиттердин бирөөсүнүн ачуусу келип кетти окшойт барскандай болгон колу менен Диананы бет талаштыра катуу чаап калды эле ал оңкосунан сайыла эсин жоготуп койду. Бирөөсү аны ийнине арта сала үйгө көтөрүп кирип кетти. Анан төркү бөлмөгө алып келип тактай полго ыргытып таштады. Ал жерге заматта эле беш-алты эркек чогула калышты.
- Кана, ошол бекенби? Точно эле ошол, кызыл көйнөк кийип болбойт го. Алигиче Ташкенден кете албай жүрүптүрбү?
- Чөнтөгүндө бир тыйын акчасы жок болсо, кеткенде каякка бара алмак эле. Суу алып келип чачып эсине келтирчи…
- Ырас болду, кайра Бишкекке кете электе кармап алганыбызга. Болбосо Марат Исабеков биздин сазайыбызды бермек, качырып жибергендигибиз үчүн.
- Мейли өзүнөн көрсүн өзүнө өзү кылып алды, эми буга кандай чара колдонобуз шеф өзү чечет… Диана жерде жатып ушуларды угуп атты. Бирөөсү келип бетине бир стакан суу чачты эле башын чайкай ичиркене көзүн ачып жиберди. Беш-алты эркек жеп жиберчүдөй карай тегеректеп турушуптур. Бирөөсү аны тапатак көтөрүп туруп столго отургузуп койду. Бардыгынын өңдөрү тааныш. Кыздардын үстүнөн караган толмочунан келген мурутчан такыр баш киши Диананын так бет маңдайына басып келди дагы акшырая үн катты.
- Ии качкын кыз, элдин баарын дүрбөтүп, ызы-чуу кылып андан пайда таптыңбы. Качып кутулуп кетем деп ойлодуңбу? Эсиңде болсун биздин узун укуруктан эч ким бошоп кеткен эмес. Тээ илгертеден эле эскертип какшап келатабыз го качкын кыздар же качууга аракет жасагандар кандай жазаларга татыктуу болуп атышканын, өзүңдүн көзүң менен көрүп жүрбөдүң беле. Же алардыкы сага сабак болгон жокбу. Сабак болбосо, мээңе жетпесе анда бат эле жеткиребиз. Аны өз башыңдан өткөрөсүң. Сенин бул дүйнөдө жашашың, жашабашың аны кожоюнубуз өзү чечет. Кудай буюрса бүгүн кечинде аны менен байланышабыз, - ал жанындагыларга буйрук бере сүйлөдү, - муну тигил жакка алып барып камап салгыла! Бүгүн кечинде кыздардын бардыгын чогулткула, буга кандай жаза колдонуларын бардыгы өз көздөрү менен көрүшсүн. Ары жакта турган жигиттердин бирөөсү Диананы жулкулдатып сүйрөп барып, эшик-терезелери темир менен тордолгон ичи тар бөлмөгө камап салды. "Мага убал жок, атайын качып чыккандан кийин бул жакта темселебей дароо эле көздөн кайым болбоймунбу. Көчөдөн такси кармап эле сураган акчаңды берем деп дароо кетип калбайт белем. Сураган акчасын Бишкекке жетип алгандан кийин деле бермекми да, же пост ГАИ, таможенныйлардан өтө албайт белем? Мени эми эмне кылышат болушту экен? Беркил кыздардай өлтүрүп салышпаса экен. Анча- мынча эркиндикке чыкканым менен кандай гана азап-тозокторду көрдүм. Аз жерден жер алдында калып өлүп кала да жаздадым. Байкуш бул туткун кыздарга кайда барсаң да Мамайдын көрү турбайбы. Милициялардын бардыгы менен байланышта болушса биз кимге арызданып бара алабыз да
кимдерден жардам сурайбыз. Эми меи эмне кылышаар экен? Бүгүн кечинде тигил жак менен байланышабыз дешпедиби, ал чечет да менин тагдырымды эмне кылышса ошол кылышсын. Деги жаманды аман калтырышса экен". Айланага күүгүм киргенде эшиктин кулпулары шыртылдап ачыла баштады. Диананын жүрөгү оозуна тыгыла, бир жамандыкты сезе сырттагыларды күтүп калды. Көп өтпөй эле өзүн бул жакка сүйрөп келген далдайган жигит Диананы колдон кармай кайра сыртка сүйрөп чыгып, кууш коридор менен жетелеп жөнөдү. Каякка алып баратканын Диана сезип турду. Чоң, ичи жарык залга алып кирди, ал жакта өзү менен келген он алты жаштан жыйырма жашка чейинки ар кайсы улуттардын кыздары бир катар болуп тизилише Диананы жалдырай карап тосуп алышты. Эмне кылышаар экен деп чочулаша бир Диананы бир бери жактагы кишилерди карап турушту. Башы тысырайган толмочунан келген мурутчан киши баарын кыдыракей карап алды.
- Мен башынан эле силерге эскертип айтып жүрөм, качпагыла, качууга аракеттенбегиле. Балээнин баарын өзүңөргө үйүп аласыңар деп. Качкан кыздар эч жакка кете алышпайт, жер тоголок, качсаңар айланып келип эле кайра өзүбүздүн колубузга түшүп бересиңер. Мынакей мындан эле өзүңөр пример алгыла, качып кайда кете алды. Качып кайра эле Кыргызстанга барат да, ал жактан кайра эле биздин сыйыртмагыбызга түшөт. Милиция, сот, прокуратура баары тең өзүбүздүн колубузда. Эч кимге жалоб жасай албайсыңар. Качтыңарбы, анын жазасын өзүңөрдүн моюнуңар менен тартасыңар. Бул силер үчүн чоң сабак болот. Кана баштагыла! Ары жакта турушкан далдайган эки-үч жигит бери басып келишип, шапа-шупа Диананы колдон кармай калышты да эки колун калың жип менен бекем байлашып өйдө жактагы илгичке катуу тарттырып асып коюшту. Анан эки бутун да байлашып жипти экинчи учтарын жыгач полдогу чыгып турган казыкка ороп салышты. Диананын эки буту эки колу катуу керилип кыймылдай албай калды. Булар эмне иш кылганы жатканын ал беш колундай эле билип турду. Мындай көрүнүштү далай эле жолу өз көзү менен көргөн.
Далдайган жигит ичке тал чыбык алып келди да "зуу-зуу" эттире үнүн чыгара абага ары-бери шилтеп койду. Анан болгон күчү менен Диананын кечээ жакында ордо жатканда кийген кыпкызыл болгон көйнөктөрүн ары-бери тытмалап айрып жиберди. Эч нерсесин калтырбай энеден туума жыпжылаңач кылып чечип салды. Баарыңар карап тургула дегендей узун ийилчээк тал чыбыкты ары-бери ойноктотуп, анан керилип туруп болгон күчү менен Диананы жамбашка шилтеп калды. Дароо жамбашына кыпкызыл болуп чыбыктын изи түшүп калды. Экинчи жолу чапканда Диана чыдай албай көздөрүн жумуп жиберди, бирок кыйкырган да онтогон да жок. Анын солк этпегенине жини келген жигит ачуулана болгон күчү менен кылыч шилтеп жаткансып ары шилтеп, бери шилтеп сабай берди. "Өзүм күнөө жасадымбы чыдаш керек, кандай болсо да чыдаш керек. "Ал катуу тиштенгендиктен жаак эттери катуу түйүлүп турду. Адатта ичке тал чыбык менен катуу сабай баштаганда эле кыздар ары-бери туйлап, чучуктай ыйлап, сабап аткан кишисине жалынып-жалбарып "экинчи качпайм, сөз берем" деп чыдай албай кетишчү. Диана кыйкырмак турсун онтогон да жок. Буга ачуусу келген алиги жигит болгон күчү менен керилип туруп чапты эле Диананын арты тилинип, кан сызылып ага баштады. Өмүрү мындай кыйноону көрбөгөн Диана тим эле тозоктун отуна кайнап жатты. Айылдасы атасы менен апасы карап, боорлору оорут турушкандай аз-аз жерден озондоп ыйлап жибере жаздап тиштенип турду. Сабап жатып тажаган жигит чыбыкты экинчисине берди. Ал дагы сабай баштады, кыздын артында соо жери калган жок. Тилим-тилим болгон издер калып, кызыл жаян кан каптап кетти.
Ушундай кордуктан көрө өлгүсү келип кетти, жаны мынчалык кыйналбай жай ала түшмөк. Чыбыктын уусуа денеси жалкоотай тарта чапкан сайын жыйрыла түшүп атты. Анын ар бир кыймыл-аракетин сынай карап турган такыр баш киши эркинин күчтүүлүгүнө баа бере башын чайкап койду. Бир кезде Диананын башы айланып, жер айлан-көчөк боло баштады. Өз боюн өзү кармана албай эки колу асылган боюнча салаңдап калды. Алиги такыр баш киши тигини токтотуп койду.
- Болду жетишет, чыбыктын уусу өтүп кетсе өлүп калышы да мүмкүн. Муну жөдөн жөн эле өлтүрө койбош керек. Өз азабын тартып жатып өлүшү тийиш, кыйноого, азапка чыдай алса жашап кетиши да мүмкүн, чыдай албаса өлүп тынат, - ал бери жактагы жарданып карап турган кыздарга кайрылды, - көрдүңөрбү кандай болоорун. Качсаңар силер дагы мунун кейпин кийесиңер. Бул алгачкы эле кыйноосу, дагы көрөсүңөр бул досуңардын кандай кыйналганын. Эсиңерге дагы бир жолу түйүп алгыла, качып эч жакка кете албайсыңар. Момундай болуп жазалангандан башка пайда таппайсыңар. Баргыла, тарагыла. Кечкиге даярдангыла, уставдагылардын ар бирин эсиңерге түйгүлө, окугула, жаттагыла!
Эртеден бери Диананы аянычтуу карап, өздөрүнөн да чочулап турган кыздар акырындап жай жайларына тарай башташты. Алардын бардыгы өз бөлмөлөрүнө кетишкен соң бери жакта турган кишилер өз ара сүйлөшүп киришти.
- Эң башкысы бул өзү кармалды, түрмө жөнүндө бирөөлөргө айтып койбосо эле болду.
- Муну эмне кылалы шеф?
- Эмне кылмак элек кыздардын көзүнчө аябай кыйнап туруп көзүн тазалап таштайбыз. Өлүгүн кислотага салып туруп ээритип, жок кылып салабыз. Бул биринчи эле жолкусу эмес да. Биздин сөздү уккусу, моюн сунгусу келбейби, өзү ушуга татыктуу болду. Эч нерсебиз кемибейт, мындай кыздар көчөдө толуп эле жатпайбы, чекесинен чертип тандап алабыз.
- Муну эмне кылалы, ушинтип асылып тура берсинби же колу- бутун бошотуп бөлмөгө алып барып сыртынан кулпулап камап таштайлыбы?
- Тим жайына кой, бүгүнчө ушул жерде асылып турсун, эртең аркасына ысык темир бастырабыз… анан кыйкырбаганын, чаңырбаганын, жалынып-жалбарбаганын, эркинин күчтүүлүгүн көрөбүз…
Бардыгы Диананы бир сыйра карап коюшту дагы сыртка чыгып кетишти. Залдын эшигиндеги темир торчолор жабылып, сыртынан кулпуланды. Ызы-чуу болуп жаткан зал заматта тынчып, жымжырт боло түштү. Бир аздан кийин эсине келген Диана башын көтөрүп акырын көзүн ачты. Эки колу калың жипке асылган бойдон калыптыр, турайын деп дарманы келбей кайра асылып калды. Жарым сааттай асылып туруп эптеп чымырканып ордунан турду. Полго отурганга мүмкүн эмес экен. Ылдый болсо эле эки колу жипке асылып калат. Чыбыктын уусу от менен жалын болуп аркасын куйкалап, өрттөп жаткан болчу. "Биринчи сыноосуна эптеп чыдадым, экинчисине чыдай аламбы же өлүп каламбы. Ушундан көрөкчө өлүп калганым деле дурус. Эгерде анча-мынча эле колумду бошотушса муунуп өлгөнгө аракет жасайм. Мындай жашоонун мага кереги жок, тойдум баарына". "Диана… Диана…" кандайдыр бир үнгө башын көтөрүп каалганын темир торунун сыртында турган эски таанышы Замираны көрдү.
- Кандайсың Диана, эмне качып кете албай калдыңбы. Эх-х, биз сага ишенип аябай үмүттөнбөдүк беле. Сени бизди куткарат деп ойлогонбуз, көрсө Ташкентте эле жүргөн турбайсыңбы кетпей. Кандай гана өкүнүчтүү. Диана, угуп атасыңбы мени, чыда эптеп. Чыдай албасаң сени өлтүрүп коюшат. Мейли эми, болор иш болуп боёсу канды, кайра арабызга келип кошулганга аракеттен. Диана башын көтөрө сүйлөөгө аракет кылды эле сүйлөй албай койду. Замираны бир аз карап турду анан кайрадан башы шылк дей түштү. Башы тегерене эсин жоготуп койгон болчу.
Уландысы бар..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16