(Эркектерге тамашалуу ыр)
20 жашта, балалыкты коёсун,
Тоону омкорчуу, күч кубатка толосуң.
Шилекейиң агып жүрүп кыздарга,
Бирөөсүнө эптеп жигит болосун.
30 жашта, тириликке байланып,
Үй-бүлөөңдүн төрөсүнө айланып.
Жубайыңдын жылуу сөзүн угуу үчүн,
Бергиң келет керек болсо "Айды" алып.
40 жашыңда, турмуш ыгын табасын,
Кышка тоңбой, оттой болуп жанасын.
Катыныңа качан эле баш ийип,
Калганыңды өзүң сезбей каласын.
50 жашта мандатыңды алдырып,
Эх жаштык деп, үшкүрүнө кайгырып.
Эмне десе "аял" -деген начальник,
Таап бересиң жоктон дагы бар кылып.
60 та, кыз-келиндер карашпай,
Же причёскаң, же кийимиң жарашпай.
Отурасын телевизор алдында,
Тээ төр жакта, шефтин оордун талашпай.
Кудай буйруп 70ке барганда,
Бубак басып, сакал-мурут, карыганда.
Кулак укпай он кайталап айттырып,
Жаман эле көрүнөсүн балдарга.
80 жашта кемпирге да жарабай,
Шарт уктайсын, бир кызыгып карабай.
Каруу кетип билегиңден, жалдырап,
Талтаңдайсын эми баскан баладай.
Автор: Дамир Кадыр уулу
23.08.2024ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 46
Токсонбай кайдан жаралат.
Токолду эгиз төрөтүп,
Ойноштору жүрөбү маралап,
Алтымыштан ашканда,
Аял болот башкарма,.
Капыстан чыкса алдыңдан,
Апа дейсиң шашканда.
Ар бир пендени 80жаштан
Ашыра гор чебере кыбыраны
Коройн деп тилейли
Токсонго дагы баралы.
Кошо карып чал кемпир,
Кучакташып жыым жаталы.
Жөн жатпаска барбы арга.
Эч нерсе менен ишиң жок,
Кемпириң жаныңда жатса да
Ооба поляны гүлдөтүп беде оруп жүрөм .
Мектеп башталганча үй жумушту жеңилдетип койоюун деп.
Конулун енсейт кучун жок
Козун кызарат каруу жок
Кайран кана жаштыгым
Кайрылып келсе замата
Деп
Кемпирим бар п..т. п..т жок.
Айласыз үйдө олтурам,
Алма жегенге тишим жок.
( деппи?)
Апам менен иши жок.
Апамды баса калууга,
Атамдын аттиң алы жок.
Ырыскын ошол бейишин
Ата енен бар бактылуусун
Аларга дале бпласын,